Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-августу № 395
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- катар тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын;
- көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө киргенден кийин көрсөтүлгөн Макулдашууну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда (ИКАО) каттоодон өткөрсүн.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 395 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуунун долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин чечими бар, аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-декабрындагы № 550-б буйругу менен жактырылган.
Жогоруда аталган Макулдашууга 2018-жылдын 21-январында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж.Калилов кол койгон.
Бул Макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты динамикалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашына мүмкүндүк берилет.
Макулдашууга кол коюу чечиминин негизине Кыргыз Республикасы менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн ортосунда учуулардын географиясын кеңейтүү жана аба ташууларын көбөйтүү боюнча кызыкчылыктар коюлган.
Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык, финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.