Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-августу № 391
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 391 токтому менен жактырылган |
2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын ченемдерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келери жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбей тургандыгы белгиленди.
Протоколдун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 25-декабрындагы № 21 буйругу менен жактырылган, Протоколго 2018-жылдын 15-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарында мамлекет башчылары кол коюшкан.
Протокол менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 10-беренесинин 2-пунктуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин курамына мүчө мамлекеттин башчысы гана эмес, өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу ыйгарым укуктары берилген мүчө мамлекеттин өкмөт башчысынын дагы кирүү мүмкүндүгүн белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Ушул Протоколду ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча чыгымдарга алып келбейт.