Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2004-жылдын 5-февралындагы № 57 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-августундагы № 538 токтому менен бекитилген |
Жер участокторун тоорукта менчикке же
ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө
Типтүү жобо
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Жер, Граждандык кодекстерине жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жерлердин бардык категорияларындагы жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
1.2. Бул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясында каралган учурларда жер участокторун акысыз берүүгө, ошондой эле ушул Жободо каралган учурларга карата колдонулбайт.
1.3. Калган бардык учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясына ылайык жерлерди менчикке жана убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү ушул Жободо аныкталган тартипте тоорукта ишке ашырылат. Мында жер участоктору мөөнөттүү пайдаланууга ижара шарты менен гана берилет.
1.4. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участокторун жана жайыттарды ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тийиштүү жоболор менен жөнгө салынат.
2. Бул Жободо колдонулуучу
түшүнүктөр жана аныктамалар
2.1. Бул Типтүү жободо колдонулуучу тушүнүктөр:
- жерди ижаралоо - менчик ээсинин/жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер участогун ижарачыга тийиштүү акы менен белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши же өткөрүшү;
- аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан жогорку бааны сунуштаган адам жеңүүчү болот;
- гарантиялык взнос - жер участогун алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер кошкон акчанын суммасы;
- жерди мамлекеттик кадастрлык баалоо - баалоо райондорунун жана зоналарынын чек арасындагы жердин нормативдик баасын аныктоого багытталган укуктук жана экономикалык иштердин тобу;
- шаар куруу документтери - региондук жана райондук планировкалоо долбоорлорунун документтери, ар түрдүү функциялык маанидеги зоналардын башкы пландары, деталдык планировкалоонун долбоорлору, калктуу конуштарда кварталдарды куруунун жана башка пландоо элементтеринин долбоорлору;
- барымта - жер участогун алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер тооруктун уюштуруучусуна берген акчанын суммасы;
- конкурс - сатып алуучулардан тооруктун объектисине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талап кылынган учурларда тооруктун объекттерин сатуу;
- лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;
- ак ниет эмес атаандаштык - аукциондун катышуучуларынын ар кандай формада жетишилген жана төмөнкүдөй натыйжаларга алып келиши мүмкүн болгон макулдашылган аракеттери, алар:
аукциондо бааны жасалма кымбаттатуу, арзандатуу же кармап туруу;
лотторду катышуучулардын арасында бөлүштүрүү;
потенциалдуу катышуучулардын аукционго катышуусун чектөө же катышуудан чыгаруу жана башка ак ниет эмес аракеттер.
- кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча кесиптик окуудан өткөнү жөнүндө аныкталган тартипте тийиштүү сертификат алган жана баалоо объектисине уюштуруучу, менчик ээси, акционер же мүлктүк кызыкчылыгы бар болбогон же ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
- жердин нормативдик баасы - тийиштүү сапаттагы жана орундагы жердин наркын өзүн актоо мөөнөтүнүн ичинде жана рыноктук баалардын түзүлгөн деңгээлине ылайык алынуучу потенциалдуу киреше боюнча мүнөздөөчү көрсөткүч;
- жер участогуна менчик укугу - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Жер кодекси жана башка мыйзамдык актылары менен таанылуучу жана корголуучу, өзүнө таандык жер участогун өз каалоосуна жараша ээлөөгө, пайдаланууга жана тескөөгө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде аныкталган чектөөлөр менен берилген укугу;
- жер участогун уруксаттуу пайдалануу - жер участогун жергиликтүү нормативдик укуктук актыга (жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелерине) ылайык жана арналыш максатын, аныкталган тартипте бекитилген жер жайгаштыруу жана шаар куруу документтерин эске алуу менен пайдалануу;
- жер участогунун баштапкы баасы - тоорукта сатууга коюлган жер участогунун адегендеги баасы;
- атайын укуктуу мамлекеттик орган - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, райондук, шаардык, областтык мамлекеттик администрациялар, Бишкек шаарынын мэриясы;
- иш жүзүндөгү чек ара - жер участогунун масштаб менен аткарылган схемаларда көрсөтүлгөн, аныкталган үлгүдөгү чен белгилер менен натурасында белгиленбеген чек арасы;
- белгиленген чек ара - жер участогунун аныкталган үлгүдөгү чен белгилер менен юридикалык документтердин нсгизинде белгиленген, капиталдык имараттарга жана курулуштарга, туруктуу табигый ориентирлерге же геодезиялык пункттарга байланыштырылган, бардык бурулуш чекиттери белгилүү координаттарга ээ натурасындагы чек арасы;
- жердин арналыш максаты - жер участокторун жер участогуна укукту ырастоочу документтерде, келишимде же башка укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу.
3. Тооруктун уюштуруучулары,
катышуучулары жана объектиси
3.1. Жер участокторуна менчик укугун жана ижара шартында убактылуу пайдалануу (мындан ары - ижара) укугун атайын укуктуу мамлекеттик орган тоорукта берет.
Эгер мурда убактылуу пайдаланууга, анын ичинде ижара шарты менен берилген жер участогунда жер участогунун менчик ээсине таандык эмес капиталдык имараттар жана курулуштар бар болсо, жер участогунун ээси ал имараттардын жана курулуштардын менчик ээси менен тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу аркылуу жер участогуна менчик укугун берүүгө укуктуу.
3.2. Атайын укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн юрисдикциясындагы аймакта жер рыногу боюнча жергиликтүү комиссия түзөт (мындан ары - жергиликтүү комиссия).
Комиссиянын курамын атайын укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
3.3. Жергиликтүү комиссия өз компетенциясынын чектеринде жергиликтүү кеңештерде бекитилген Менчиктештирүү программасына ылайык менчик укугу сатылууга, тоорукта же тике сүйлөшүү жолу менен ижарага берилүүгө тийиш болгон жер участокторунун тизмесин аныктайт жана сатуу жөнүндө тике сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн лоттордун баштапкы баасынын же жер участокторунун баштапкы наркынын өлчөмдөрүн белгилейт.
3.4. Торуктар төмөнкүдөй формаларда өткөрүлөт:
3.4.1. Ачык аукциондор.
Аукционду жергиликтүү комиссия дайындачу аукциончу башкарат. Аукциончу тооруктун объектисин, аны сатуунун шарттарын жана тооруктун кадамдарын баяндайт. Объекттин баштапкы баасы жарыяланган учур аукциондогу тооруктун башталышы деп эсептелет. Минималдуу жол берилчү кадамдардын өлчөмүн жана алардын ар бир лот боюнча санын жергиликтүү комиссия аукцион башталганга чейин аныктайт. Кийинки кадамдардын өлчөмдөрү жол берилген кадамдан аз болушу мүмкүн эмес.
Эгер аукциондун жүрүшүндө баштапкы баа үч жолу жарыялангандан кийин объектти алууга даяр кардарлар чыкпаса аукциончу объекттин баасын 10 проценттен ашык эмес арзандатууга укуктуу.
Аукциондун катышуучулары (же алардын ишенимдүү адамдары) тооруктун учурунда катышуучунун номерлүү белетин аукциончуга каратып көтөрүшөт жама өзүнүн баасын айтат.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуштабаса, аукциончу балканы уруу менен объектти акыркы бааны сунуштаган кардар сатып алганын жарыялайт.
3.4.2. Шарттары чапталган конверттерде сунушталган конкурс.
Тоорукка коюлган тигил же бул участокту пайдалануунун кайсы бир шарттарында жергиликтүү комиссия аны пайдалануунун ылайыгына жараша конкурс түрүндө тоорук өткөрүү жөнүндө чечим чыгара алат. Мында конкурстун катышуучуларына коюлчу шарттар мурдатан аныкталат.
Лотко талапкерлер өз шарттарын конверт менен чапталуучу жашырын өтүнмөдө сунуш кылышат. Кардарлар өз шарттарын арыздарды кабыл алуу аяктаганга чейин канча жолу каалашса ошончо жолу сунуштай алышат. Сунуш киргизүүгө белгиленген убакыт бүткөндөн кийин жергиликтүү комиссиянын төрагасы бардык конверттерди ачат жана участок бардыгынан жакшы шартты сунуштаган талапкерге берилет.
3.5. Тооруктун объекттерин сатып алуучулар Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалык жактары болушат.
Айыл чарба багытындагы жер участокторун сатып алуучулар Кыргыз Республикасынын "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 6-статьясынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Калктуу конуштардын жерлерин ижарага берүүдө чет өлкөлүк жактар да ижарачы боло алынат.
3.6. Тооруктун объекттери: жер участогуна менчик укугу жана жер участогун ижаралоо укугу болот.
Мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жердин төмөнкүдөй категорияларына менчик укугу тоорукка коюлушу мүмкүн, алар:
- калктуу конуштардын жерлери;
- айыл чарба багытындагы жерлер (айыл чарба багытындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен жана жайыттардан башкалар), анын ичинде курулуштар, бадалдар турган, айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн өздөштүрүүгө жарактуу башка жерлер;
- ошондой эле жер участогун ижара шартында убактылуу пайдалануу укугу.
Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт, алар жеңилдетилген түрдөгү түзүлүштөрдү жана курулуштарды курууга уруксат менен 5 жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага берилет.
3.7. Шаарларда жана башка калктуу конуштарда тоорукта менчикке сатууга же пайдаланууга, анын ичинде ижарага берүүгө коюлчу жерлердин өлчөмү алардын арналыш максаттарына жана шаарларды жана калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн бекитилген башкы пландарына, планировкалоо жана куруу долбоорлоруна ылайык аныкталат.
3.8. Жер участокторун ижаралоонун мөөнөттөрү кыска - 5 жылга чейин, орто - 15 жылга чейин жана узак - 50 жылга чейин болушу ыктымал.
3.9. Тооруктун ар бир объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мурдатан аныкталууга тийиш. Жер участогунда курулуштар жана түзүлүштөр түрүндөгү жакшыртуулар, ошондой эле аягына чыкпаган өндүрүш бар болсо жакшыртуунун баасы участоктун наркына кошулат.
Калктуу конуштардагы жер участогунун баштапкы (адегендеги) баасын жергиликтүү комиссия аныктайт. Баштапкы баа калктуу конуштардан тышкарыда жер участогунун нарк баасына (нормативдик баасына) жараша аныкталат. Жер участогунун баштапкы (адегендеги) баасын аныктоо үчүн жергиликтүү комиссия көз карандысыз баалоочуларды ишке тартууга укуктуу.
4. Тоорукту өткөрүү үчүн
даярдоо процедуралары
4.1. Жергиликтүү комиссия райондук (шаардык) жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкарманы жана жергиликтүү архитектура жана курулуш органдарын ишке тартат, алар төмөнкүдөй иштерди аткарышат:
- оорукта сатуу үчүн жер участокторун тандоо;
- жер участокторунун менчик ээлери берген материалдар менен документтердин тууралыгын, алардын жарактуулугун, участоктун аянтын, участоктун белгиленген чек аралары бар планын, кыймылсыз мүлктү баалоонун датасын жана жыйынтыгын текшеришет;
- жер участогунун чек араларынын жана аянтынын юридикалык документтерге ылайыктыгын натурасында текшеришет;
- чен белгилердин же айырмалоочу туруктуу чекиттердин бар экендигин текшеришет, аларды чектеш жер пайдалануучулардын жана жер участокторунун менчик ээлеринин чек араларына салыштыруу жолу менен белгиленген чек аралардын иш жүзүндөгү чек арага шайкештигин текшеришет. (Ачык тоорукка коюлчу жер участогунун планына бардык чектеш жер пайдалануучулар, жер участокторунун менчик ээлери кол коюшат жана ал Кыргыз Республикасынын Мамкаттосунун жергиликтүү каттоо органынын мөөрү менен аныкталган тартипте күбөлөндүрүлөт.);
- тапшырылган укук белгилөөчү документтерге ылайык имараттардын, түзүлүштөрдүн жана башка курулуштардын бар экендигин текшеришет;
- сервитуттардын, башка ажыратуулардын бар экенин текшеришет;
- башка жактардын мүлктүк укуктарын текшеришет;
- жер участогунун шаардын, поселоктун башкы планына, башка долбоорлоо-пландоо документтерине жана курулуштук нормалар менен эрежелерге шайкештигин текшеришет;
- инженердик коммуникацияларга кошуу мүмкүндүгүн, участоктун сейсмологиясы боюнча талап кылынган шарттардын бар экендигин, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын жоктугун текшеришет;
- сатылчу участоктун баштапкы (адегендеги) баасын комиссиянын өтүнүчү боюнча аныкташат.
4.2. Тооруктун ар бир объектиси боюнча кыскача мүнөздөмө түзүлөт жана атайын иш ачылат. Ал иш менен талапкерлер тааныша алышат. Толук маалымат буларды камтыйт;
- тооруктун объектисинин аталышы жана жайгашкан орду (шаардын, калктуу конуштун, райондун, кварталдын, көчөнүн аты, участоктун аталышы), жер участогунун аянты жана код номери көрсөтүлгөн тийиштүү масштабдагы топографиялык сүрөт;
- жер участогундагы курулуштардын, инфраструктура, суу ресурстары, инженердик коммуникациялар менен камсыздалышынын кыскача мүнөздөмөсү;
- жер участогунун баштапкы баасы жана төлөөнүн формалары;
- тоорукту өткөрүүнүн түрү, аукциондук кадам (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттары (конкурс өткөрүлгөн учурда);
- жер участогун сатуу-алуу же ижаралоо келишиминин долбоору;
- гарантиялык взностун өлчөмү, тооруктун катышуучуларынын аны төлөөсүнүн мөөнөтү жана тартиби;
- сатуу-алуу же ижаралоо келишимин түзүүнүн мөөнөтү;
- Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун тооруктун объектисине укукту белгилөөчү документтердин тууралыгы, ага чектөөлөр же ажыратуулар бар экени жөнүндө корутундусу.
4.3. Жергиликтүү комиссия тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарына тооруктун объектиси кай жерде экени, тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө маалыматтык билдирүү жарыялоого жана баары көрүшү үчүн аны калктуу конуштун көрүнөө жерлерине илүүгө милдеттүү.
Маалыматтык билдирүүдө төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш, алар: тоорук өткөрүүнүн түрү жана тартиби; тоорук объектилеринин тизмеси; тоорук өткөрүлчү күн, убактысы, орду; гарантиялык взностун жана комиссиялык жыйымдын суммалары которулчу банктын керектүү реквизиттери; арыздарды алуу бүтчү убакыт; толук маалымат алуу үчүн жергиликтүү комиссиянын телефону жана дареги.
5. Тоорукту-аукцион жана конкурс
өткөрүүнүн тартиби
5.1. Аукциондо тооруктун объектиси болгон жер участогу аукциондун баарынан ашык баа сунуштаган катышуучусуна сатылат, мында сатып алуучудан жер участогун жер жайгаштыруу жана шаар куруу документтери менен бекитилген арналыш максатына ылайык жана аныкталган чектөөлөрдү жана ажыратууларды эске алуу менен пайдалануу талап кыланат.
Конкурста тооруктун объектиси болгон жер участогу жергиликтүү комиссия атайын укуктуу орган менен макулдашып мурдатан аныктаган баарынан жакшы шартты сунуштаган аукциондун катышуучусуна берилет.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын талаптарына ылайык керектүү сандагы арыз түшкөн жер участокторуна менчик укугу же ижаралоо укугу аукционго жана конкурска биринчи кезекте коюлат.
5.3. Аукцион же конкурс аркылуу сатылчу бардык тоорук объекттери лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.
5.4. Тоорук өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү ушул Жобонун 12-13-пункттарында аныкталган тартипте жарыяланат.
5.5. Тооруктун уюштуруучусу катышуучулар үчүн документтердин пакетин даярдайт, анда: сатып алуучунун тоорукка катышуучу номери; тоорук объектисинин аталышы; аукцион жана конкурс өткөрүүнүн шарттары айтылат. Тоорукта объекттер бир белет - бир лот схемасы боюнча сатылат.
5.6. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тоорукту уюштуруучуга төмөнкүлөрдү берет, алар:
- кардар укук алууну каалаган жер участогу көрсөтүлгөн аныкталган формадагы жазуу жүзүндөгү арыз;
- ким экендигин билдирүүчү документ (жеке адам үчүн) же юридикалык жактын атынан чыгуу укугуна ишеним кат;
- көрсөтүлгөн жер участогунун баштапкы баасынын 0,5 проценти өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөнүн ырастоочу төлөм документтери.
5.7. Гарантиялык взносту талапкерлер сатуучунун учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же сатуучунун кассасына акчалай төгүү жолу менен беришет. Анын өлчөмүн жергиликтүү комиссия тоорук объектисинин баштапкы баасынын 10 процентинен ашык эмес өлчөмдө белгилейт.
5.8. Эгер талапкер аукционго жана конкурска бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык взнос ар бир объект боюнча төлөнөт. Эгер тоорук ишке ашпай калса катышуучулардын баарына 0,5% өлчөмдөгү комиссиялык жыйым жана гарантиялык взнос кайра берилет. Тоорукта утпаган бардык катышуучуларга гарантиялык взностору эки аптанын ичинде кайра берилет, ал эми жер участогунун 0,5 проценти өлчөмдөгү комиссиялык жыйым жергиликтүү комиссиянын карамагында калат.
5.9. Аукциондун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык взностун суммасы тооруктун объектисинин сатык баасына киргизилет.
5.10. Аукциондун же конкурстун катышуучусу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өзү же өз өкүлдөрү аркылуу тоорукка акысыз катышууга;
- тооруктун объектиси жөнүндө маалыматты акысыз алууга;
- тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок тоорук өткөрүлөөрдөн он күн мурдатан ал жөнүндө тоорукту уюштуруучуга кабарлап жана өзүнүн гарантиялык взносун алат, ал эми көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда гарантиялык взнос кайра берилбейт;
- тооруктун объектисин кароого;
- тооруктун катышуучусу катары укуктары бузулган учурда сотко кайрылууга.
5.11. Аукционго жана тоорукка катышууга арыздар жергиликтүү комиссиянын маалыматтык бюллетенинде көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин алынат. Жергиликтүү комиссия катышуучуларды каттайт жана арыздарды кабыл алуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт. Бир гана арыз түшкөн тоорук объектиси тооруктан алып салынат жана кийинки тооруктарга коюлушу мүмкүн. Талапкерлер комиссиянын төрагасы жана катчысы жергиликтүү комиссиянын кеңешмесинин протоколунун негизинде кол коюшкан жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн (N 2 тиркеме) алган учурдан баштап тоорукка катышуучунун статусун алышат. Тооруктун катышуучуларына номерлер берилет.
5.12. Тоорукка катышуучу болбогон адамдар үчүн кирүү белеттери сатылат. Кирүү белетинин баасын жергиликтүү комиссия аныктайт.
5.13. Жергиликтүү комиссия тигил же бул объектти тоорук башталганга чейин үч күн мурда тооруктан алып коюуга укуктуу. Мындай учурда тооруктун катышуучуларына объектти тооруктан алып коюунун жүйөлүү себеби түшүндүрүлөт жана комиссиялык жыйымдар менен гарантиялык взностор кайра берилет.
6. Өткөрүлгөн аукциондордун жана
конкурстардын жыйынтыктары боюнча
документтерди тариздөө тартиби
6.1. Тооруктун жүрүшүндө объектке акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу же баарынан жакшы шартты сунуштаган конкурстун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат жана ошол эле күнү тооруктун уюштуруучусуна өзүнүн катышуучулук белетин көрсөтүүгө жана тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш (N 3 тиркеме). Протоколго ошондой эле жергиликтүү комиссиянын ыйгарым укуктуу адамы жана аукциончу кол коюшат.
6.2. Протоколдо төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт: сатылган объекттин адегендеги (баштапкы) жана акыркы баасы, комиссиялык жыйымдын өлчөмү, тараптардын тооруктун объектисин сатуу-алуу жөнүндө келишимге кол коюу боюнча милдеттенмелери, ошондой эле атайын укуктуу мамлекеттик органдын эсептик счетунун номери. Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун копиясы сатып алуучуга берилет.
6.3. Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан тооруктун катышуучусу тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат, анын гарантиялык взносу кайра берилбейт. Мындай учурда ал объект боюнча тоорук кайра жүргүзүлөт.
6.4. Ак ниет эмес атаандаштык аныкталган учурда жергиликтүү комиссия коюлган лотту каалаган учурда тооруктан алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
6.5. Жергиликтүү комиссия катышуучунун ак ниет эмес атаандаштыгын аныктаган учурда ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат жана анын гарантиялык взносу кайра берилбейт.
6.6. Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго менчик укугун сатып алуучу кол койгондон кийин анын негизинде атайын укуктуу орган менен сатып алуучунун ортосунда он күндүн ичинде менчик укугун сатуу-алуу келишими түзүлөт (N 4 тиркеме). Жер участогун ижарага берүүдө да атайын укуктуу мамлекеттик орган менен жеңүүчүнүн ортосунда ижара келишими түзүлүп, анда ижаранын мөөнөтү, ижара акысынын өлчөмү, ижаранын шарттары жана келишимдин башка орчундуу шарттары көрсөтүлөт.
6.7. Акы төлөө акчалай же акчалай эмес эсептешүү (которуу) жолу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Тооруктун объектисинин баасын төлөөнүн мөөнөтүн жана түрүн жергиликтүү комиссия атайын укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү макулдашып аныктайт.
6.8. Келишим милдеттүү мамлекеттик каттоого алынышы керек жана нотариустун күбөлөндүрүшүн талап кылбайт. Жер участогуна менчик укугу же жер участогун пайдалануу укугу укук белгилөөчү тийиштүү документтер, анын ичинде атайын укуктуу мамлекеттик органдын жер участогун бөлүп берүү жөнүндө токтому катталгандан кийин күчүнө кирет.
6.9. Жер участогуна менчик укугу Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт менен күбөлөндүрүлөт. Жер участогун ижаралоо укугу Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна күбөлүк менен күбөлөндүрүлөт. Укук белгилөөчү документтер жер участогуна менчик укугун сатуу-алуу келишими же жер участогун ижаралоо келишими түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде толтурулат жана берилет.
6.10. Төлөө мөөнөтү же башка орчундуу шарттар бузулган учурда келишим жергиликтүү комиссиянын демилгеси боюнча бузулушу мүмкүн, мында гарантиялык взнос жана комиссиялык жыйым кайра берилбейт.
6.11. Сатып алуучу менчик укугуна же пайдалануу укугуна киришкен мезгилге карата тооруктун объектисинин абалы реалдуу башкача болсо, жергиликтүү комиссия соттун чечими боюнча жоопкерчилик тартат.
6.12. Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты комиссия аукциондун жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин беш күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
7. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
7.1. Тоорукта кирүү белеттерин сатуудан тушкөн акча, гарантиялык взностордун кайра берилбеген суммасы жана комиссиялык жыйым айылдык, поселоктук кеңештердин, райондук, шаардык, областтык мамлекеттик администрациялардын, Бишкек шаарынын мэриясынын аткаруу органынын эсептерине түшөт жана кийинки реклама берүүгө жана ачык тоорук (конкурс, аукцион) өткөрүүгө, ошондой эле жер рыногун өнүктүрүүгө жумшалат.
7.2. Жерлерди сатуудан түшкөн каражаттар: жергиликтүү атайын укуктуу мамлекеттик органдын карамагына түшөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча чыгымдалат, анын ичинде ишке тартылган уюмдардын: архитектура жана курулуш боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдын, Мамрегистрдин, аукциончунун жана башкалардын кызматтарына акы төлөөгө жумшалат.
7.3. Эгер жер участогунда курулуштар, түзүлүштөр, курулушу бүтпөгөн өндүрүш же мурдакы жылдарда салынган каражаттар болсо, ошондой эле жер участогуна карата карыздык милдеттенмелер салынган болсо, аны сатуудан түшкөн сумма биринчи иретте карыздык милдеттенмелерди жана салынган каражаттарды жабууга жумшалат.
Жер участокторун тоорукта менчикке
же ижарага берүүнүн тартиби
типтүү жөнүндө жобого
№ 1 тиркеме
Ачык тоорукка катышууга арыз берүүчү-талапкердин
ЭСЕПТИК КАРТОЧКАСЫ N _____
Арыздын каттоо N ____ жана катталган күнү ________________________
А. Жеке адамдын же юридикалык жактын өкүлүнүн фамилиясы, атыжөнү __________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Б. N _____ лотко талапкер, бардык жер аянттарынын саны: ______ га, же ___________ кв.м.
1. ____________________________________________________________________ 2. ____________________________________________________________________ 3. ____________________________________________________________________ 4. ____________________________________________________________________ 5. ____________________________________________________________________
Талапкердин жашаган жери же юридикалык дареги:
Району (шаары) ________________________________________________________ айылы ___________________ көчөсү _______________ үй ________________.
Паспорттун сериясы жана № ___________ ким тарабынан берилген __________ _______________________________________________________________________ _________________________________________ ачык тоорукка катышуу укугуна ишеним каттын номери ___________ берилген датасы ______________________ Комиссиялык жыйым ____________________ сом өлчөмүндө төлөндү.
Гарантиялык взнос __________________________ сом.
Комиссиянын талапкердин арызын кабыл алууга жана каттоого жооптуу адамынын фамилиясы, аты-жөнү, кызматы жана колу
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Датасы __________________
Жер участокторун тоорукта менчикке
же ижарага берүүнүн тартиби
типтүү жөнүндө жобого
№ 2 тиркеме
КАБАРЛОО
_________ _______ ______________________
жылы күнү айы
Жеке адам (юридикалык жак) ____________________________________________ _______________________________________________________________________
(фамилиясы, аты-жөнү же аталышы)
____________ жер рыногу боюнча комиссия Сизге жер участогуна менчик укугун сатуу (ижара укугу) боюнча ачык тооруктун ачылышы
_______________________________________________________________________ __________________________________________ дареги боюнча ______________ ____________________________________________ имараттагы N _____________ кабинетте 200__-жылдын "___" ____________ болорун кабарлайт.
Сизге төмөнкүдөй номер ыйгарылды ________________
Комиссиянын жооптуу кызматкери: _______________________________________ _______________________________________________________________________
(колу)
Датасы _________________________
Кабарлоону алдым ____________________
Жер участокторун тоорукта менчикке
же ижарага берүүнүн тартиби
типтүү жөнүндө жобого
№ 3 тиркеме
Жер рыногу боюнча комиссиянын
ачык тооруктарынын жыйынтыгы жөнүндө
ПРОТОКОЛУ № ______
2000-жылдын "___" ____________ Шаар (айыл), район ________________ _______________________________________________________________________ Комиссиянын курамы:
Төрага ___________________________
Катчы ____________________________
Комиссия мүчөлөрү _____________________________________________________ _______________________________________________________________________ Ачык тооруктун аянты ______ га же ________ кв.м № _______ лотко талапкер болгон катышуучулары
1. ____________________________________________________________________ 2. ____________________________________________________________________ 3. ____________________________________________________________________
Комиссия N _______ лотко ___________ сом старттык бааны белгиледи.
Ачык тооруктарды өткөрүүнүн натыйжасында _________________________ _________________________ районунун __________________________ шаарында (айылында) N _______ лоттогу аянты ___________ га, же ____________ кв.м болгон жер участогуна менчик укугун (мөөнөттүү пайдалануу укугун)
_______________________________________________________________________ (субъекттин аталышы же ачык тооруктагы сатып алуучунун фамилиясы, _______________________________________________________________________ аты-жөнү жана анын паспорттук маалыматтары)
_________________________________________________________________ сомго
(суммасы цифра жана жазуу менен)
сатып алды, паспортунун сериясы ________________ № ____________ жашаган дареги: _______________________________________________________________ Сатып алуучу сатып алган толук наркын 2000-жылдын "___" _______________ чейин төлөөгө жана акчалай сумманы сатуучунун эсептик счетуна же кассасына которууга милдеттүү
_______________________________________________________________________
(сатуучунун реквизиттери)
Төлөөнүн мөөнөтү узурган учурда _______________________________________ _______________________________________________________________________ (алынган укукка сатып алуучунун толук сатып алуу наркын төлөө датасы
жана шарттары)
Комиссиянын төрагасы ____________________________________
Комиссия мүчөлөрү _____________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жер участогун сатып алуучу _______________________________________ Эгер Сатып алуучу белгиленген мөөнөттө төлөмдүн бардык суммасын төлөбөсө, Сатуучу бир жактуу тартипте ачык тооруктун жыйынтыктарын жокко чыгарат. Бул учурда Сатуучу төккөн гарантиялык взнос кайтарылып берилбейт.
Жер участокторун тоорукта менчикке
же ижарага берүүнүн тартиби
типтүү жөнүндө жобого
№ 4 тиркеме
Жер участогуна менчик укугун сатып алуу-сатуу
типтүү келишими
200__-жылдын "___" ____________ № _________
Шаар (поселок, айыл) __________________________________________________ Биз, төмөндө кол коюучулар ____________________________________________
(райондук, шаардык, областтык мамлекеттик _______________________________________________________________________ администрация башчысы же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы)
мындан ары "Сатуучу" деп аталуучу, бир тараптан, жана _________________ _______________________________________________________________________
(жеке адамдын фамилиясы, аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы)
мындан ары "Сатып алуучу" деп аталуучу, экинчи тараптан төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түздүк.
Келишимдин предмети
1) Сатуучу сатат, Ал эми Сатып алуучу Келишимге тиркелген жер участогунун планынын чегиндеги ________________ менчигинде болгон жер участогуна жеке менчик укугуна ээ болот, ошондой эле ушул жер участогундагы кыймылсыз мүлккө, атап айтканда _______________________________ менчик укугуна ээ болот.
2) Жер участогунун жайгашкан орду жана анын маалыматтары:
Идентификациялык номери (коду) ________________________________________ Жалпы аянты ___________ га, же ______________ кв.м.
3) _______________________________________________________________
4) _______________________________________________________________
5) Максаттуу багытталышы _________________________________________
6) Пайдалануудагы чектөөлөр жана оорчулуктар _____________________
7) Бөлүнүүчүлүгү (бөлүнбөөчүлүгү) ________________________________
8) Башка шарттар _________________________________________________
Жер участогунун баасы
1. Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча аймактык башкармалык тарабынан аныкталган 200___-жылдын "___" ______________ N ______ баалоо актысы боюнча жер участкасынын нарктык баасы (нормативдик баасы) ____________________________________________________________
(сумма цифра жана жазуу менен)
сомду түзөт.
2) Ушул келишим боюнча жер участкасынын баасы _________________________ _______________________________________________________________________
(сумма цифра жана жазуу менен)
сом болуп белгиленген, аны Сатып алуучу төлөшү керек.
Тараптардын укуктары жана милдеттери
1) Сатып алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2) Сатуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3) Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Сатуучуга _________________________ жер участогуна менчик укугунун наркын 200__-жылдын "___" _____________ чейин _____________________ _________________________________________________ сом төлөөгө,
- Келишимдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участкасын пайдаланууда жана ага оорчулук келтирүүдө белгиленген __ ___________________________________________ шарттарды
(келишимдин башка шарттары)
сактоого.
2.2. Сатуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- жер участогун Келишимдин шарттарына ылайык өткөрүп берүүгө;
- Сатып алуучуга жер участогуна болгон укуктун бардык оорчулуктары жана чектөөлөрү жөнүндө билдирүүгө.
Тараптардын жоопкерчилиги
Тараптар Келишимдин шарттарын аткарбагандыгы же тиешелүү аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
Ушул Келишимдин келип чыккан же ага тийиштүү болгон бардык талаш-тартыштар же талаптар, же аны бузуулар, токтотуулар же жокко чыгаруулар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилиши мүмкүн болбосо, сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
Келишимдин колдонулушу
Келишим Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун жергиликтүү органдарына милдеттүү катталууга тийиш.
Келишим үч нускада түзүлдү, алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ; бир нускасы Сатып алуучуга, экинчиси - Сатуучуга, үчүнчүсү Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосунун жергиликтүү органдарына берилет.
Сатуучу ___________________ Сатып алуучу __________________________ ___________________________ _______________________________________
(фамилиясы, аты-жөнү, паспорттук
маалыматтары)
Дареги ____________________ Дареги ________________________________ ___________________________ _______________________________________ расчеттук эсеби ___________ расчеттук эсеби _______________________ Колу Колу
МО МО
Бул Келишим 200__-жылдын "___" _____________ катталды.
Жер участкасынын каттоо номери (коду) _________________________________ _____________________ областынын ____________________________ районунун (шаарынын) жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги _________________________________________ _______________________________________________________________________
Колу (фамилиясы, аты-жөнү)
М.О.
Жер участокторун тоорукта менчикке
же ижарага берүүнүн тартиби
типтүү жөнүндө жобого
№ 5 тиркеме
Жер участкасын ижаралоонун типтүү келишими
200__-жылдын "___" _____________ айыл (шаар) ___________________
Биз, төмөндө кол коюучулар ____________________________________________
(райондук, шаардык, областтык мамлекеттик _______________________________________________________________________
администрация башчысы же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы)
мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу, бир тараптан, жана _________ _______________________________________________________________________
(жеке адамдын фамилиясы, аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы)
мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу, экинчи тараптан төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түздүк.
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга ижаралык пайдаланууга _________ жыл мөөнөткө аянты _____________ га болгон, 1: ________________ масштабында ушул келишимге тиркелген планда (картада) көрсөтүлгөн чектердеги ______ __________________ дарегинде жайгашкан жер участогун, анын ичинде тиркелген жер эпликациясына ылайык жерлердин түрү боюнча _________________ ____________________________ үчүн (пайдаланылуучу жер участогунун максаттуу багытталышы көрсөтүлсүн) берет.
2. Ижара акысы
2.1. Ижара акысы ижара шартында убактылуу пайдаланууга жер участкасын берүү жөнүндө ___________________________________________________
(райондук, шаардык, областтык мамлекеттик
_______________________________________________________________________
администрациялык же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аталышы)
токтомго кол коюлган күндөн баштап эсептелет.
2.2. Ушул келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын пайдалангандыгы үчүн Ижарачы Ижарага берүүчүнүн атайын эсебине жыл сайын (же башка макулдашылган мөөнөттө) 1-ноябрга чейин ______________ сом өлчөмүндө ижара акысын төлөөгө милдеттенет.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкүлөргө укуктуу:
- райшаароблмамадминистрациялардын токтомдору менен бекитилген максаттарга жана шарттарга ылайык гана ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
- Ижарага берүүчү менен бирдикте белгиленген шарттарда башка адамдардан артыкчылыкка ээ болуп, жаңы мөөнөткө ушул келишимди узартууга;
- белгиленген тартипте жер участкасындагы кеңири тараган пайдалуу казылмаларды өздөрүнүн керектөөлөрү үчүн пайдаланууга;
- белгиленген тартипте сугаруу, кургатуу, маданий-техникалык жана башка мелиорациялык иштерди жүргүзүүгө.
3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттенет:
- натурада чек араларды белгилегенден жана убактылуу пайдалануу укугун ырастоочу документтерди белгиленген тартипте алгандан кийин жер участкасын пайдаланууга киришүүгө;
- ижарага алынган жер участогун максаттуу багытталышына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
- өзүнүн чарбалык иш-аракетинин натыйжасында ижарага алынган участкада жана чектеш аймактарда экологиялык абалдын начарлашына жол бербөөгө;
- жер участкасын пайдалануу жана ижара келишимин мүмкүн болгон узартуу мөөнөтүнүн ичинде, эгерде жер участкасын берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелсе Ижарачы макулдашылган долбоорго ылайык имарат жана курулма курууга, инженердин тармактарды курууга, берилген жер участогун жана чектеш аймакты көрктөндүрүүгө тийиш;
- жерлерди сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо, өндүрүштүн жаратылыш коргоочу технологиялары, топуракты эрозиядан, шор басуудан, суу каптоодон, сазга айлануудан, булгануудан ж.б. сактоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүүгө;
- башка жер пайдалануучулардын жана жаратылыш пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой ж.б. жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;
- Ижарага берүүчүгө, аралаш жер пайдалануучуларга зыянды, өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалынын начарлашы менен байланыштуу алынбай калган пайданы толук көлөмдө кайтарып берүүгө;
- Ижарага берүүчүнүн, мамлекеттик контроль органдарынын жерди пайдалануу жана коргоо үчүн жер участкасына эркин жетишин камсыз кылууга;
- жер участкасын пайдалангандыгы үчүн ажара акысын өз учурунда төлөөгө. Ижара акысын төлөө боюнча милдеттенмесин бузган учурда ал төлөмдүн мөөнөтү өткөн ар бир күнү үчүн мөөнөтүндө которулбаган сумманын __ %и өлчөмүндө айыпка тартылат;
- келишим бүткөндө келишим күчүнө кирген учурдагыдан жаман эмес абалда жер участогун Ижарага берүүчүгө кайта берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ижарачынын жерди пайдалануусуна жана коргоосуна контроль жүргүзүүгө;
- жер участкасына курулган мелиорациялык, рекультивацияланган, жакшыртылган жерлерди, коргоочу отургузулган токойлорду, эрозияга каршы ж.б. объекттерди пайдаланууга кабыл алууга катышууга;
- ижарачынын чарбалык иш-аракетинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык жагдайдын начарлашына алып келген зыяндардын ордун толтурууга;
- Ижарачынын макулдугу менен келишимге колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда зарыл өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
- Ижарачы жер жаратылыш коргоочу мыйзамдарды жана ушул келишимдин шарттарын бузуу менен жүргүзүп жаткан иштерин токтотууга;
- төмөнкү учурларда келишимди бир тараптуу бузууга:
а) жерди максаттуу багытталышы боюнча пайдаланбаганда;
б) жер участкасын кыртыштын күрдүүлүк катмарын бузууга, экологиялык жагдайды начарлатууга алып келүүчү ыкма менен пайдаланганда;
в) келишимде белгиленген мөөнөткө ижара акысын төлөбөгөндө.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Ижарачыга жер участогун катталган учурдан баштап __________ мөөнөттө жана анын багытталышына жана келишимдин шарттарына ылайык келген абалда өткөрүп берүүгө;
- Ижарачынын өз алдынча чарба жүргүзүшү үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө жана жер участкасын натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук кылбоого;
- эгерде келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе Ижарачынын чарбалык иш-аракеттерине кийлигишпөөгө;
- ижаранын мөөнөтү бүтө электе Ижарачы өлүп калган учурда анын мураскерлеринин бири менен кайра келишим түзүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Бул келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин ушул Келишимдин шарттарына ылайык эки тараптын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу менен гана өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.2. Ар бир тарап ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
6.1. Ушул келишим боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө аракеттенишет.
6.2. Эгер макулдашууга жетише алышпаса, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
7. Башка шарттар ________________________________________________ ______________________________________________________________________.
8. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө калат, экинчиси - Ижарачыга, үчүнчүсү Мамкаттоонун жергиликтүү органына берилет.
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери.
Ижарага берүүчүнүкү: Ижарачыныкы:
________________________ _________________________ ________________________ _________________________ ________________________ _________________________
Тараптардын колдору:
Ижарага берүүчүнүкү: Ижарачыныкы:
________________________ _________________________
(колу) (колу)
М.О. М.О.
Бул Келишим 200__-жылдын "___" _______ катталды, жер участогунун каттоо номери (код)_____________________ областынын ___________________ районунун (шаарынын) жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын начальниги
_______________________________________________________________________
(колу) (фамилиясы, аты-жөнү)
М.О.