Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 4-сентябры № 414
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 414 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ( "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жобо менен толуктоо сунушталган, ал жобого ылайык ченемдик эмес (казуалдык) чечмелөө - конкреттүү субъективдүү укуктарды жана укук мамилелеринин субъекттеринин юридикалык милдеттерин түшүндүрүү менен ченемдик укуктук актыдагы ченемдерди түшүндүргөн жазуу жүзүндөгү расмий документ.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун "а)" пунктчасында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине түзөтүүлөр сунушталган, ага ылайык расмий чечмелөө ченемдик жана ченемдик эмес чечмелөө түрүндө жүзөгө ашырылат.
Сунушталган түзөтүүлөрдүн негизинде ченемдик жана ченемдик эмес чечмелөөнүн ортосундагы айырма мындай чечмелөөлөрдү тариздөө түрүндө болот (ченемдик укуктук акт түрүндө же кат түрүндө).
Ушуга байланыштуу чечмелөөнү тариздөөнүн түрүнө (ченемдик же ченемдик эмес) карата чечим кандай критерийлердин негизинде кабыл алынаары түшүнүксүз экендигин белгилейбиз.
Мында Мыйзамдын долбоорунда ченемдик эмес (казуалдык) чечмелөө мамлекеттик органдар же кызмат адамдары менен алардын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгилөө сунушталган.
Мыйзамдын долбоорунда кайсы мамлекеттик органдар мындай ыйгарым укуктарга ээ экендиги каралган эмес.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында казуалдык чечмелөө деп уруксат берилгенде гана формалдуу түрдө милдеттүү болуп саналган конкреттүү ишти кароо менен байланышкан жана ошол себеп боюнча кандай гана болбосун компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан берилиши мүмкүн болгон укуктук ченемдин маанисин түшүндүрүү аталат. Казуалдык чечмелөө конкреттүү укуктук мамилелердин алкагында укук субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Башкача айтканда, казуалдык чечмелөө белгилүү бир субъекттердин ортосунда конкреттүү мамилелер келип чыкканда колдонулат.
Казуалдык чечмелөө конкреттүү кырдаал менен байланышкандыктан, мындай чечмелөө конкреттүү ченемдин укук пайдалануучулары менен түздөн-түз берилиши керек.
Буга ылайык казуалдык чечмелөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик органдар чечмеленип жаткан ченемдин укук колдонуучулары болуп саналышы керек.
Мындан тышкары, казуалдык чечмелөөнүн сунушталып жаткан түрү соттордун ишинде колдонулат, анткени соттор белгилүү бир субъекттердин ортосундагы конкреттүү иштер боюнча талаштарды карашат жана конкреттүү укук ченемдерин колдонуу менен чечим чыгарышат.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 199-беренесине ылайык, чечим процесстик укуктун ченемин сактоо менен жана ушул укук мамилесине карата колдонулууга тийиш болгон материалдык укуктун ченемдерине ылайык чыгарылганда мыйзамдуу болуп саналат.
Башкача айтканда, чечим чыгарууда соттор казуалдык чечмелөө принцибин колдонушат.
Бирок "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган түзөтүү жогоруда аталган маселени чечмелебейт.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында ченемдик укуктук актыларды чечмелөө практикасы ченемдерди тактоого, анын маанисин толук көлөмдө белгилөөгө, чечмеленип жаткан ченем өзүнүн аракетин кимге жайылтаарын түшүндүрүүгө өбөлгө түзөт, ошентип реалдуу жашоодо укуктук ченемдердин туура ишке ашырылышына түрткү берет деп көрсөтүлгөн.
Мамлекеттик органдар тарабынан ченемдик укуктук актыларды чечмелөө мүмкүндүгү коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна алып келе тургандыгын белгилей кетүү керек.
Алсак, ченемдик укуктук актыларды чечмелөөнүн мыйзамдарда так бекитилген механизмдери жана критерийлери болбогондуктан, мамлекеттик органдар ченемдик укуктук актыларды өздөрү туура көргөндөй чечмелешет.
Ошондой эле бул маселе боюнча төмөнкүнү белгилей кетүү керек.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилет. Ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек. Ченем чыгаруу техникасынын эрежелери аталган Мыйзамдын 3-главасында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 313 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамада белгиленген.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында ченем чыгаруунун принциптери белгиленген. Мыйзамдуулук, негиздүүлүк, адилеттүүлүк жана ченемдик укуктук актынын жеткиликтүү жазылгандыгы сыяктуу принциптер ченемдик укуктук актыларды колдонуунун бирдиктүү тажрыйбасын камсыздоого багытталган.
Аталган Мыйзамга ылайык ченемдик укуктук актылардын долбоорлору:
- экспертизанын адистештирилген түрлөрүнөн өтүүгө (укуктук, укук коргоочулук, коррупцияга каршы, гендердик, экологиялык);
- жөндөө таасирин талдоого (ишкердикти жөнгө салуучу учурларда);
- коомдук талкуулоодон өтүүгө тийиш.
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна негиздеме-маалымкат тиркелет, ага болгон талаптар аталган Мыйзамдын 25-беренесинде белгиленген.
Жогоруда аталган жол-жоболор кабыл алынып жаткан актынын укуктук тобокелдиктерин жана кесепеттерин табуунун механизмдери болуп саналат.
Аталган талаптарды сактоо негизинен ченемдик укуктук актыларды колдонуу тажрыйбасындагы так эместиктерди же карама-каршылыктарды аныктоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.
Башкача айтканда, ченем чыгаруу ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ченемдик укуктук актыларды колдонуунун бир түрдүүлүгүн камсыздайт.
Мында казуалдык чечмелөө институтунун болушу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу сапатына багытталган жогоруда аталган механизмдерди жокко чыгарат.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык сот ченемдик укуктук актыны конституциялык эмес же жараксыз деп таанышы мүмкүн. Аталган Мыйзамдын 35-беренесинин негизинде прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келген ченемдик укуктук актыларга прокурордук чара керүү актысын киргизүүгө укуктуу.
Аталган механизмдер ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугун жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын коргоону камсыздоонун ыкмалары болуп саналат.
Ошол эле учурда мыйзамдардагы кандай гана болбосун так эместиктер жана карама-каршылыктар ченемдик укуктук актыларга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жолу менен жоюлушу зарыл.
Мында тигил же бул ченемди колдонуу маселеси боюнча тараптардын ортосундагы келип чыккан талаштар да соттук тартипте чечилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жогоруда аталган негиздер боюнча ченемдик укуктук актыларды чечмелөө институтун алып салууну караштырган жаңы редакциядагы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 9-январындагы № 11 токтому менен жактырылган (кийинчерээк жеткире иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-майындагы № 231 токтому менен кайрадан чакырылган). Мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана аны андан ары илгерилетүү боюнча иштер уланууда.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренеси менен "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөр сунушталууда, ага ылайык мыйзамды же анын түзүмдүк элементин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) мыйзам менен кабыл алынат. Мыйзамды расмий чечмелөө мыйзамдын өзүнө, колдонулуп жаткан мыйзамдарга каршы келбеши жана жаңы укуктук мамилелерди түзбөшү керек.
Мыйзамды же анын түзүмдүк элементин расмий чечмелөөнүн аракети мыйзамды же анын түзүмдүк элементин расмий чечмелөө жөнүндө мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып келип чыккан коомдук мамилелерге жайылтылат.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык чечмелөө функциясы жок болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзамдарды чечмелей албайт деген пикирге шилтеме берилген. Бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу талдоого алынышы зарыл.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренеси менен белгиленген, анын катарына мыйзамдарды чечмелөө боюнча ыйгарым укуктар кирген эмес.
Мындан тышкары. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык мыйзам - белгиленген тартипте Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана Тиешелүү чөйрөдөгү абдан маанилүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акты болуп эсептелет.
Аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык укук ченеми - адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери деп белгиленген.
Ошентип, конкреттүү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук акты мыйзам түрүндө таризделет.
Мыйзамды расмий чечмелөө аракети тууралуу белгилей кетүүчү нерсе, чечмелөө жол-жобосу ченемди колдонуудагы карама-каршылыктар болгон учурда колдонулат, демек карама-каршы ченемдин негизинде пайда болгон талаш кырдаалдарды чечүү чечмелөөнүн максаты болуп саналат.
Ушуга байланыштуу, мыйзам кабыл алынгандан кийин келип чыккан мамилелерге чечмелөөнү жайылтуу чечмелөө жөнүндө мыйзам кабыл алынганга чейин пайда болгон талаш кырдаалдарды чечпейт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган өзгөртүүлөр коомдук угууларды өткөрүү аркылуу жана ченем чыгаруу ишинин бардык субъекттеринин катышуусу менен талдоого алынууга тийиш деп эсептейт.