Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 419 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелери (мындан ары - Эрежелер) шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды гауптвахтада кармоо тартибинин жана шарттарынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин камсыздоо маселелерин жөнгө салат.
2. Ушул Эрежелердин укуктук негизи болуп, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставы, ошондой эле коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары эсептелинет.
3. Эрежелер гауптвахтада кармоо режимин камсыздоого багытталган жана кароолдун курамында нөөмөт өткөргөн өздүк курам, аскер кызматчылары, шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар, ошондой эле гаупвахталарга келген башка адамдар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
2-глава. Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды гауптвахтага кабыл алуунун жана кармоонун тартиби
4. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар гаупвахтанын начальниги, ал жок учурда кароолдун начальниги тарабынан (аскер комендантына кабарлоо менен) кабыл алынат, ал камоо жайына аларды жайгаштыруу үчүн негиздердин болушун текшерет, жеткирилгендерди суракка алат жана алардын жоопторун кармоо протоколундагы (соттун токтомундагы, аныктамасындагы, өкүмүндөгү) жана башка документтердеги маалыматтар менен салыштырат, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды каттоо китебине каттайт.
Гауптвахтага бир топ адам келип түшкөндө алар убактылуу кармалгандар камерасына, жеке тинтүү жүргүзүү үчүн жабдылган бөлмөлөргө эки сааттан ашык эмес мөөнөткө жайгаштырылат.
Штатта кароол боюнча нөөмөтчүнүн кызмат орду жок болсо, анын милдетин кароолдун начальниги аткарат.
5. Гауптвахтага камоо үчүн жеткирилген адамдар калыс-күбөлөрдүн катышуусунда жеке тинтүүгө алынат, дактилоскопияланат, алардын жанындагы буюмдар текшерилет. Жеке тинтүү бирдей жыныстагы адамдар тарабынан жана ошол эле жыныстагы күбөлөрдүн катышуусу менен гана жүргүзүлөт. Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды жеке тинтүү, дактилоскопиялоо, ошондой эле буюмдарын текшерүү кароол боюнча нөөмөтчү тарабынан жүргүзүлөт.
Жеке тинтүү жана текшерүү аяктагандан кийин протокол түзүлөт, ага тинтүү жүргүзгөн адам, калыс-күбөлөр жана тинтүүгө алынган адам кол коёт. Шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана камакка алынгандардын кол коюудан баш тартышы жана бул учурда айтылган дооматтары тинтүү протоколунда чагылдырылат (ушул Эрежелерге 1-тиркеме).
6. Гауптвахтага жеткирилген адамдарга жанына алууга жана камерада сактоого уруксат берилген гана предметтер, буюмдар, тамак-аш продуктулары ушул Эрежелерде аныкталган санда жана ассортиментте калтырылат.
Шектүүлөрдөн, айыпталуучулардан жана камакка алынгандардан алынган тыюу салынган предметтер, буюмдар жана тамак-аш продуктулары сактоого өткөрүлөт же гауптвахтанын администрациясынын жүйөлүү чечиминин негизинде жок кылынат, ал туурасында тиешелүү акт түзүлүп, прокурорго билдирилет.
Шектүүлөрдөн, айыпталуучулардан жана камакка алынгандардан жеке тинтүү учурунда алынган акча, баалуу кагаздар жана буюмдар (ордендер, медалдар жана аларга документтер) тергөөчүнүн чечими боюнча туугандарына же гауптвахтанын администрациясына, ал эми жеке буюмдар
- гауптвахтанын сактоо камерасына өткөрүлөт.
7. Жеке тинтүү учурунда алынган акча, кымбат баалуу зер буюмдары, баалуу кагаздар, предметтер, буюмдар жана тамак-аш продуктулары тергөөчүнүн, прокурордун же соттун уруксаты менен гана туугандарына же башка адамдарга берилиши же салып жиберилиши мүмкүн.
8. Гауптвахтага жеткирилгендерди медициналык кароо жана аларды камераларга жайгаштыруунун алдында санитардык тазалоодон өткөрүү тартиби ушул Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Жеке тинтүүдөн, сурактан, медициналык күбөлөндүрүүдөн жана санитардык тазалоодон кийин кароол боюнча нөөмөтчү (кароолдун начальниги) аларды Гауптвахтанын ички эрежелери менен тааныштырат жана "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган, айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жаңы келгендерди камераларга жайгаштырат.
10. Кармоо протоколу, камакка алуу жөнүндө токтомдор жана башка тийиштүү документтер Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жана "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен таризделген адамдар гауптвахтага кабыл алынбайт.
11. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган, айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 29 жана 31-статьяларында каралган бөлүп жайгаштыруу талаптарына ылайык жалпы же жалгыз орундуу камераларга жайгаштырылат.
Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды жалгыз орундуу камераларга бир суткадан ашык убакытка жайгаштыруу гауптвахтанын начальнигинин жүйөлүү чечиминин негизинде аскер прокурорунун макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат (ушул Эрежелерге 2-тиркеме).
Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды жалгыз орундуу камераларга жайгаштыруу үчүн төмөнкү учурларда аскер прокурорунун макулдугу талап кылынбайт:
- шектүүнүн, айыпталуучунун жана камакка алынгандын жалгыз кармоо тууралуу жазуу жүзүндөгү арызы болгондо;
- шектүүнүн, айыпталуучунун жана камакка алынгандын же башка шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана камакка алынгандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында;
- "Кылмыштарды жасоо жагынын шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-статьясында каралган бөлүп жайгаштыруу жөнүндө талаптарды камсыздоого башка мүмкүнчүлүк болбогондо.
Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга башка камералардагы башка адамдар менен сүйлөшүүгө, кандайдыр бир предметтерди беришүүгө жана кат алышууга тыюу салынат.
Шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана камакка алынгандардын эркиндиктеги адамдар менен сүйлөшүүсү, кандайдыр бир предметтерди беришүүсү жана кат алышуусу "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
12. Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды жайгаштыруу үчүн ылайыкташтырылбаган жерлерге кармоого тыюу салынат. Аларды камераларга жайгаштыруу төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:
- инсандыгын;
- психологиялык жактан шайкештигин.
13. Башка шектүүлөрдөн, айыпталуучулардан жана камакка алынгандардан төмөнкүлөр бөлөк кармалышат:
- өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик кылмыш жасоого шектүүлөр жана айыпталуучулар;
- уюшкан кылмыштуу топтун курамында жасалган оор кылмышка шектүүлөр жана айыпталуучулар;
- төмөнкүдөй кылмыштарды жасоого шектүүлөр жана айыпталуучулар: адам өлтүрүү, ден соолукка оор зыян келтирүү, зордуктоо, сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер, киши уурдоо, адамдарды сатуу, каракчылык, терроризм актысы, барымтага алуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү уюштуруу же ага катышуу;
- офицерлер, прапорщиктер жана катардагы жана сержант курамдарынын кызматтарындагы аскер кызматчылары болгон жана болуп эсептелген шектүүлөр жана айыпталуучулар;
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, эгерде аларды башка шектүүлөрдөн жана айыпталуучулардан өзүнчө бөлүп кармоо үчүн шарттар бар болсо;
- башка шектүүлөр жана айыпталуучулар тарабынан өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурулган шектүүлөр жана айыпталуучулар, - гауптвахтанын начальнигинин чечими же жазык иши өндүрүшүндө болгон адамдын же органдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү боюнча;
- жугуштуу оорулар менен ооругандар же өзгөчө медициналык кароого жана байкоого муктаж болгондор;
- камакка алуу түрүндөгү жазага соттолгон мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчылары.
14. Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды жайгаштырууда 30 жашка чейинки эркектер бөлөк кармалышат.
Жашы 30дан жогору, оор жана өзгөчө оор болуп эсептелбеген кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилигине биринчи ирет тартылуучу эркектер аскер прокурорунун уруксаты менен 30 жашка чейинки эркектер кармалган камераларга жайгаштырылышы мүмкүн.
Чылым чегүүчүлөр мүмкүнчүлүккө жараша чылым чекпегендерден өзүнчө жайгаштырылат.
15. Ушул бөлүмдө аталган бөлөк кармоонун эрежелери гауптвахтада кармалган адамдарды бардык которууда (алардын коридорлордо жана аймакта басышы, серүүндөп жүрүүдө, санитардык тазалоодо жана башка иш-чараларда) сакталышы керек.
16. Айыпталуучулар жалгыз орундуу камерага төмөнкү учурларда киргизилиши мүмкүн:
- башка айыпталуучуларды кордогон жана кысымга алган аракеттери үчүн;
- кароолдун өздүк курамынын же башка адамдардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбегендиги же аларды мазактагандыгы үчүн;
- бөлөк кармоонун эрежелерин бир нече жолу бузгандыгы үчүн;
- майда ээнбаштык үчүн.
Жалгыз орундуу камерада кармалган айыпталуучулар күн сайын отуз минутага созулган серүүндөө укугуна ээ.
17. Гауптвахтада кармалган адамдар өздөрүнүн каалоосу боюнча гауптвахтанын аймагында аскер прокурорунун макулдугу менен гауптвахтанын командачылыгы тарабынан аныкталган эмгекке тартылышы мүмкүн. Эмгек мыйзамдары менен белгиленген эмгекти коргоо, коопсуздук техникаларынын жана өндүрүштүк санитария эрежелерин сактоо менен эмгек уюштурулат.
3-глава. Материалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу
18. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар жеке пайдалануу үчүн төмөнкүлөр менен камсыз болушат:
- уктоочу орун;
- жууркан-төшөк, шейшептер;
- тамактануу учурундагы идиш аяк.
Гауптвахтада кармалган учурда аталган буюмдар убактылуу пайдаланууга акысыз берилет.
Кармалган шектүүлөрдүн жана айыпталуучулардын санына жараша камерада жалпы пайдаланууга белгиленген ченемдерге ылайык төмөнкүлөр берилет:
- кир жуучу каражаттар жана предметтер (атыр самын жана кир самын, кир жуучу порошок, гигиеналык максаттар үчүн кагаз, камераларды тазалоо үчүн предметтер);
- инвентардык эмеректер (жуунуп-тарануучу шаймандар үчүн тумбочка, стол, таштанды үчүн урна, сырткы кийимдер үчүн илгич);
- эс алуу үчүн буюмдар (стол оюндары: дойбу, шахмат, домино, гезиттер);
- ичүүчү суу үчүн челек.
Тигүүчү ийне, кайчы жана тиричиликте колдонулуучу башка саюучу-кесүүчү предметтер шектүүлөргө жана айыпталуучуларга кароолдун начальнигинин көзөмөлүндө берилет. Аталган буюмдар пайдаланылгандан кийин кайра алынат.
Шектүүгө, айыпталуучуга жана камакка алынганга жумасына бир жолу узактыгы 15 минутадан аз эмес душка түшүү мүмкүнчүлүгү берилет.
Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга устара буюмдары белгиленген мөөнөттө жумасына эки жолудан аз эмес алардын өтүнүчү боюнча кароолдун начальнигинин көзөмөлүндө берилет.
19. Ар бир адамга камерадагы санитардык аянттын ченеми 3,25 чарчы метр өлчөмүндө белгиленет.
20. Ар бир гауптвахта суракка алуу бөлмөлөрү (тергөө кабинеттери), ошондой эле тамакты жылытуу үчүн электроплитасы, суу кайнаткычы, шкафы бар бөлмө, ошондой эле шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга камераларда кармоого уруксат берилбеген төшөнчүлөрүн жана жеке буюмдарын сактоо үчүн бөлмө; душ жана пароформалиндүү дезинфекциялоочу камерасы бар санитардык тазалоочу жай, ошондой эле кызматтык жана башка көмөкчү жайлар менен жабдылат.
21. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык материалдык жоопкерчилик тартышат.
4-глава. Гауптвахтада кармалгандардын укуктары жана милдеттери
22. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар төмөнкүлөргө укуктуу:
- өздөрүнүн укуктары жана милдеттери, гауптвахтада кармоонун режими, тартиптик талаптар, сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды берүүнүн тартиби тууралуу маалыматтарды алууга;
- өздүк коопсуздукка;
- "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясына ылайык жактоочусу, туугандары жана башка адамдар менен жолугушууга;
- укукка каршы максаттарда пайдаланууга мүмкүн болгон же мамлекеттик, кызматтык же мыйзам менен коргоого алынган башка сырды түзгөн маалыматтарды камтыган документтерден жана жазуулардан сырткары, жазык ишине тиешелүү болгон же өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашыруу маселелерине тиешелүү документтерди жана жазууларды өзүндө сактоого;
- өздөрүн гауптвахтада кармоонун мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана мыйзамдуу укуктарынын жана кызыкчылыктарынын бузулушу боюнча инстанцияларга, анын ичинде сотко жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылууга. Гауптвахтада кармалган адамдардын Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) жиберген арыздары, даттануулары жана каттары жашыруун болуп эсептелет жана аларды ачууга жана цензурага тыюу салынат; алар токтоосуз Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) берилүүгө тийиш;
- аскер комендантынын, анын орун басарынын же гауптвахтанын начальнигинин жеке кабыл алуусуна;
- кат алышууга жана жазуучу шаймандарды пайдаланууга;
- камсыздоонун белгиленген ченемдерине ылайык акысыз тамак алууга, материалдык-тиричилик жана медициналык-санитардык камсыз болууга, анын ичинде тергөө аракеттерине жана сот жыйындарына катышуу мезгилинде;
- түнкү мезгилде сегиз сааттык уктоого, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган учурлардан сырткары, ал убакта аларды процесстик жана башка аракеттерге тартууга тыюу салынат;
- узактыгы бир сааттан аз болбогон күндөлүк серүүндөөгө;
- жеке менчик укугуна тиешелүү болгон буюмдарды жана предметтерди пайдаланууга, алардын тизмеси жана саны ушул Эрежелер менен аныкталат;
- адабияттарды жана мезгилдүү басылмаларды, ошондой эле стол оюндарын пайдаланууга;
- гауптвахтада диний ырым-жырымдарды аткарууга, классикалык диний адабияттарды, диний ырым-жырым предметтерин алып жүрүүгө.
Жогоруда аталган аракеттер бөлөк шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана камакка алынгандардын укуктарын бузбашы керек.
Эскертүү: классикалык диний адабиятка улуттук, расалык же диний кастыкты козгобогон диний адабияттар кирет.
- өз билимин жогорулатууга, ал үчүн атайын адабияттарды, анын ичинде жеке менчик укугунда тиешелүү болгон адабияттарды пайдаланууга;
- посылкаларды, аманаттарды жана бандеролдорду алууга;
- кароолдун өздүк курамынын сылык мамилесине;
- соттун токтому болгон учурда жарандык-укуктук бүтүмдөргө катышууга.
23. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Эрежелерде белгиленген гауптвахтада кармоонун тартибин сактоого;
- гигиена жана санитариянын талаптарын сактоого;
- өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого;
- белгиленген күн тартибин сактоого;
- сырткы көрүнүшү тыкан болууга;
- камераларда дайыма тазалыкты кармоого;
- кароолдун өздүк курамынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;
- кароолдун өздүк курамына, ошондой эле гауптвахтада кармоонун тартибин камсыз кылган башка адамдарга кызматтык милдеттерин аткарууда тоскоолдук кылбоого;
- өз өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратуучу атайын аракеттерди жасабоого;
- гауптвахтанын инвентарына, жабдууларына жана башка мүлкүнө аяр мамиле жасоого;
- тынчтыкты сактоого;
- кезеги менен камераны жана гауптвахтанын башка жайларын жыйнаштырууга;
- кароолдун өздүк курамы кирген учурда өзүнүн ким экендигин айтууга;
- камерадагы жабдуулардын жана башка мүлктүн сакталышына көз салууга;
- камеранын тазалыгына көз салууга, полду иш шыпырууга жана жууга;
- табигый муктаждыктар үчүн колдонгон бачокту сыртка чыгарууга жана аны жууп тазалоого.
24. Гауптвахтада кармалгандарга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- тынчтыкты бузууга, өз ара сүйлөшүүгө, башка камераларда кармалган жана серүүндөөчү короодо жүргөн адамдар менен тыкылдатып сүйлөшүүгө жана кат жазышууга;
- серүүндөөчү короонун чегинен сырткары кандайдыр бир нерселерди ыргытууга жана анын аймагынан табылган предметтерди жыйнап алууга;
- кароолдун өздүк курамы менен талашып-тартышууга, анын буйруктарын аткаруудан баш тартууга же четтөөгө;
- камеранын эшигинин көрүүчү тешигине (көзчөгө) өтө жакын келүүгө жана аны жабууга, камерада кармалган адамдардын жүрүм-турумун байкоого тоскоолдук жараткан башка аракеттерди жасоого;
- камераларга жана серүүндөөчү короодо орнотулган жабдууну бузууга, дубалдарга жана пайдаланууга берилген буюмдарга кандайдыр бир жазууларды жазууга жана белгилерди коюуга, ошондой эле дубалга жана инвентарга фотосүрөттөрдү, сүрөттөрдү, гезиттердин жана журналдардын кесиндилерин жабыштырууга;
- камераларда сактоого тыюу салынган предметтерди жана буюмдарды жасоого, ээ болууга жана сактоого;
- спирт ичимдиктерин жана баңги заттарды пайдаланууга, карта жана башка кумар оюндарын ойноого, өзүнө жана башкаларга татуировка түшүрүүгө;
- акча, баалуу буюмдарды жана уюлдук телефонду жанында сактоого;
- башка адамдардын пайдасы үчүн жеке пайдаланууга колдонулган предметтерди жана буюмдарды сатууга, белек кылууга, алмашууга же ар кандай жолдор менен ээлик кылуудан ажыратууга;
- кароолдун начальнигинин уруксаты жок жеке уктоочу орундарды алмаштырууга;
- каттарды, даттанууларды жана арыздарды жиберүүнүн белгиленген тартибин бузууга.
5-глава. Гауптвахтада кармалган адамдардын укугун ишке ашыруунун тартиби
25. Даттануу жана арыздарды кароонун тартиби
Гауптвахтанын начальниги күн сайын камераларды карап чыгат жана шектүүлөрдөн, айыпталуучулардан жана камакка алынгандардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кабыл алат. Оозеки айтылган сунуштар, арыздар жана даттануулар журналга жазылып, аларды чечүү үчүн жооптуу адамга билдирилет. Жетекчиликке даректелген жазуу жүзүндөгү сунуштар, арыздар жана даттануулар журналга катталып, алардын каралышына чара көрүү үчүн аскер комендантына же анын орун басарына билдирилет.
26. Шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана камакка алынгандардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге жана эл аралык уюмдарга даректелген сунуштары, арыздары жана даттануулары почта аркылуу дарегине жиберилет.
27. Прокурорго, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине), сотко даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар, чапталган конвертте кабыл алынып, токтоосуз дарегине жиберилет.
28. Мамлекеттик бийликтин башка органдарына, коомдук бирикмелерге, ошондой эле жактоочуга даректелген сунуштар, арыздар жана даттануулар жетекчилик тарабынан каралып, берилген күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбей дареги боюнча жиберилүүгө тийиш.
29. Соттун, тергөөчүнүн, прокурордун аракеттерине жана чечимдерине даттануулар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган тартипте жиберилет.
30. Сунуштарга, арыздарга жана даттанууларга келген жооптор шектүүгө, айыпталуучуга жана камакка алынганга кол койдуруп билдирилет жана алардын өздүк делолоруна тиркелет.
31. Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды өздөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна байланыштуу сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кайрылгандыгы үчүн кандай формада болбосун куугунтуктоого жол берилбейт. Камакта кармоо жайларынын мындай куугунтуктоого жол берген кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
32. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жиберүү боюнча чыгымдар камакка алынган адамдын өз эсебинен төлөнөт.
33. Туугандар жана башка адамдар менен кат алышуу тартиби.
Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга туугандары жана башка адамдар менен чек коюлбаган санда телеграмма жана кат алышууга уруксат берилет.
34. Шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана камакка алынгандардын кат алышуулары кароолдун начальниги аркылуу гана жүзөгө ашырылат жана цензурага алынат. Цензура жетекчилик, зарыл учурда жазык иши өндүрүшүндө болгон адам же орган тарабынан жүргүзүлөт.
35. Жазык иши боюнча чындыкты аныктоого тоскоолдук кылган, же шрифттерди колдонуп, кылмыш жасоого түрткү берген жашыруун жазуу менен жазылган каттар, ошондой эле мамлекеттик же мыйзам менен коргоого алынган башка сырды камтыган каттар дарегине жөнөтүлбөйт, шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга кайтарылбайт жана жазык иши өндүрүшүндө болгон адамга же органга тапшырылат.
36. Цензурага алуу максатында катты мамлекеттик тилден расмий тилге же расмий тилден мамлекеттик тилге которуу зарыл болгон учурда, катты берүүнүн мөөнөтү которуу үчүн керектүү болгон убакытка узартылат.
37. Жакын тууганынын өлүмү же катуу ооруп калгандыгы тууралуу маалымат алынары менен шектүүгө, айыпталуучуга жана камакка алынганга билдирилет.
38. Шектүүнүн, айыпталуучунун жана камакка алынгандын атына ал гауптвахтадан кеткенден кийин келген каттар, аларды алгандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен ал кеткен жакка жиберилет.
39. Жолугушууну берүүнүн жана өткөрүүнүн тартиби.
Кылмыш же жорук жасоого шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды биринчи суракка алган же иш жүзүндө кармалган учурдан баштап анын жактоочусу менен жекече жолугушууга уруксат берилет. Жолугушуулардын саны жана узактыгы чектелбейт.
Эскертүү: жактоочунун жазык ишине катышууга уруксаты тууралуу каты жана анын ким экендигин күбөлөгөн документи болгондо ага жолугушуу берилет, аталган кат жактоочуну алмаштыруу учурунан тышкары тергөөнүн жана соттук териштирүүнүн бардык мезгилинде колдонулат жана жазык иши өндүрүшүндө болгон адам же орган тарабынан жазык-процесстик мыйзамдарга ылайык берилет.
40. Гауптвахтанын начальниги жана кароол боюнча нөөмөтчү шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга жактоочулары менен жекеме жеке, саны, узактыгы чектелбеген, кароол аларды көрө алгыдай, бирок сөздөрүн уга албагандай жолугушууларды беришет.
Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга жактоочулары менен гауптвахтада жолугушуу дем алыш күндөрүндө да (жетекчиликке кабарлоо менен) берилет.
Жазык иши өндүрүшүндө болгон адамдын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга туугандары жана башкалар менен ар бири 30 минутадан үч саатка чейинки убакыттагы, айына экиден ашпаган жолугушуу берилиши мүмкүн (ушул Эрежелерге 3-тиркеме).
41. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар кармалган жерге атайын уруксаты жок кирүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Президенти;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана депутаттары;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана көзөмөлдөөчү прокурор;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
- Республикалык жоокерлердин энелери комитетинин өкүлдөрү;
- Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлери;
- сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу соттордун судьялары;
- аскер комендатурасынын жогору турган жетекчилиги.
42. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилигинен уруксат алгандан кийин шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар кармалган жерлерге кире алышат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү киного, сүрөткө жана видеого тартуу аппаратураларын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилигинин жазуу жүзүндөгү уруксаты боюнча колдоно алышат (уруксаттын формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет, ошондой эле уруксатта кино-сүрөт жана видеого тартуу өндүрүшүнүн формасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт).
Шектүүнү, айыпталуучуну жана камакка алынганды аудио-видеотехника каражаттарын колдонуу менен кино-сүрөт-видеого тартууга жана алардан интервью алууга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилигинин, ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун жана камакка алынгандын өзүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты менен көзөмөлдөөчү прокурордун макулдугу боюнча уруксат берилет.
43. Жогоруда аталган адамдар барган учурда, алардын коопсуздугун камсыздоо аскер комендатурасынын жетекчилигине жүктөлөт.
44. Туугандары жана башка адамдар менен жолугушуу кароолдун өздүк курамынын көзөмөлүндө ишке ашырылат; шектүүгө, айыпталуучуга же камакка алынганга тыюу салынган буюмдарды, заттарды жана тамак-аш продуктуларын же жазык иши боюнча чындыкты тактоого тоскоол болуучу же кылмыш жасоого түрткү берүүчү маалыматтарды берүүгө аракет жасалган учурда жолугушуу мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Бул жөнүндө көзөмөлдөөчү прокурорго же тергөөчүгө билдирилет.
45. Жолугушууга келген адамдарга, ошондой эле гауптвахтада кармалгандарга жолугушуу учурундагы жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлөт. Аларга бири-бирине кандайдыр бир предметтерди, буюмдарды, документтерди берүүгө тыюу салынат. Ошондой эле ушул Эрежелер бузулган учурда жолугушуу токтотулары жөнүндө аларга эскертилет.
Жолугушуу учурунда белгиленген жүрүм-турум эрежелери бузулган учурда, коштоп жүрүүчү тартип бузуучуларга эскертүү берет, анын талаптары аткарылбаса, жолугушууну токтотуп, бул туурасында кароолдун начальнигине жана кароол боюнча нөөмөтчүгө билдирет.
46. Уруксат бир жолугушууга гана берилет. Анда кимге берилгени жана кайсы адам менен канча убакытка жолугаары көрсөтүлүшү керек.
Гауптвахтада кармалган адамга, 16 жашка жете элек балдарды эсепке албаганда эки адам менен жолугушууга уруксат берилет.
47. Жолугушууга келген адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документи жок болсо, же жолугушууга берилген уруксатта көрсөтүлбөгөн адамга жолугушуу берилбейт.
48. Жолугушуу үчүн атайын бөлмө жабдылат. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар жолугушуу бөлмөсүнө бирден киргизилет.
49. Жактоочу менен жолугушуу суракка алуу бөлмөлөрүндө же жолугушуу бөлмөлөрүндө өткөрүлөт.
50. Өткөрүлүп жаткан карантиндик иш-чараларга же абалдын татаалдашуусуна байланыштуу жолугушууларга убактылуу тыюу салынган учурда, гауптвахта начальниги бул туурасында аскер прокуроруна, тийиштүү тергөө жана сот органдарына билдирет.
51. Жолугушууга чыгарылуучу адамдардын тышкы көрүнүшү тыкан болууга тийиш. Жолугушуунун алдында жана аяктагандан кийин алар тинтүүдөн өткөрүлүп, буюмдары текшерилет. Камактагыларга жолугушуу берилгендиги жөнүндө гауптвахта начальниги өздүк делосунун атайын баракчасына белги коюп, жолуккан күнүн, ким менен жолугушууга жана ким уруксат бергенин жазат.
52. Аманаттарды кабыл алуунун, тамак-аш продуктуларын, күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатып алуунун жана аларды тапшыруунун тартиби.
Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга почта эрежелеринде каралган ченемге туура келген салмактагы, саны чектелбеген, жалпы салмагы айына 100 килограммга чейинки посылкаларды жана аманаттарды алууга уруксат берилет.
53. Аманаттар ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада жазылган арыздын негизинде кабыл алынат.
Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар өзүнүн жанында алып жүрүүгө, сактоого, ошондой эле посылкалардан жана аманаттардан алууга же накталай эмес эсептешүү боюнча сатып ала турган тамак-аш продуктуларынын, күнүмдүк керектелүүчү буюмдардын, бут кийимдин, кийимдердин жана башка өнөр жай товарларынын тизмеси жана саны ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык аныкталат.
54. Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган предметтерди, заттарды жана тамак-аш продуктуларын, техникалык каражаттарды тинтүүдөн жашырып калуу же берүү, ошондой эле аларга белгиленген эрежелерге карабастан ар кандай предметтерди, заттарды жана тамак-аш продуктуларын, техникалык каражаттарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет.
55. Посылкалар гауптвахтанын начальниги жана кароолдун өздүк курамынан турган комиссиянын текшерүүсүнөн өткөрүлөт, бул туурасында протокол (акт) түзүлөт. Анда буюмдардын жана продуктулардын аталышы жана тизмеси, алардын сырткы белгилери жана сапаты көрсөтүлүп, алардын ичинен конкреттүү эмне алынганы же сактоочу камерага өткөрүлгөнү жазылат. Актыга комиссиянын мүчөлөрүнүн колу коюлуп, камактагы адамга кол койдуруу менен билдирилет жана анын өздүк делосуна тиркелет.
56. Пайдаланууга жараксыз же шектүүлөрдүн, айыпталуучулардын жана камакка алынгандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келүүчү тамак-аш продуктулары камакта кармоо жеринин медицина кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү корутундусу боюнча алып салынат жана аны алып келген адамдын катышуусунда жок кылынып, бул туурасында акт түзүлөт.
57. Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар ден соолугун жана күчүн сактоо үчүн жетиштүү болгон акысыз тамак-аш менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ченемдер боюнча камсыз болушат.
Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга тамак-ашты кароолдун начальниги жеткирет. Гауптвахтада кармалган адамдар камераларда тамактанышат.
Тамак-аш продуктуларын, күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууну каалаган шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча арыздын бланкы берилет, ал толтурулгандан кийин гауптвахтанын начальнигине тапшырылат. Күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатып алуу жана кабыл алуу-өткөрүп берүү аяктагандан кийин акт түзүлөт, ал шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга кол койдурулуп берилет.
Камактагылардын күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатып алуусуна чыгымдалган акчасынын суммасы жөнүндө (датасын көрсөтүү менен) гауптвахтанын начальниги өздүк делонун атайын баракчасына белги коёт.
Келүүлөр жана жолугушуулар иш күндөрү (дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 09-00дөн 17-00гө чейин) ишке ашырылат. Өзгөчө учурларда келүүлөр жана жолугушуулар дем алыш күндөрү да болушу мүмкүн (саат 09-00дөн 12-00гө чейин).
58. Серүүндөөгө чыгаруунун тартиби.
Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар серүүндөөгө чыгарылат. Дарыгер же фельдшер сунуштабаса, серүүндөөгө оорулуулар чыгарылбайт.
59. Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды серүүндөөгө чыгаруу ар кандай категориядагы шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды обочолонтуу эрежеси бузулбагыдай кылып, күндүзгү убакытта гауптвахтанын начальниги түзгөн график боюнча жүзөгө ашырылат.
60. Гауптвахтанын кайтарылуучу аймагында серүүндөө үчүн атайын серүүндөөчү короолор (короо) жабдылат, алардын саны гауптвахтада кармалгандардын баарысын күндүзгү учурда серүүндөөгө чыгаруу зарылдыгын эске алуу менен аныкталат.
61. Аба ырайынын шартына байланыштуу, ошондой эле өзгөчө учурларды жоюу мезгилинде (качуу, өзүн-өзү өлтүрүү ж.б.), кырдаал курчуганда жана өзгөчө шарттарда (табигый кырсык, өрт ж.б.у.с.) болгон учурларда гауптвахтанын начальнигинин буйругу менен серүүндөө токтотулушу же кыскартылышы мүмкүн.
62. Серүүндөө учурунда жүрүм-турум эрежелерин бузган шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар кароолдун начальнигинин буйругу менен камерага кайра жиберилет, андан кийин жетекчиликке билдирме жасалат.
6-глава. Медициналык-санитардык камсыздоо
63. Гауптвахтада дарылоо-алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык иш гауптвахтанын жетекчилиги аткарууга милдеттүү болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
64. Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга медициналык, анын ичинде психиатриялык жардам көрсөтүүнүн тартиби, ошондой эле аларды медициналык мекемелерде кармоонун жана аларды тейлөөгө ушул мекемелердин кызматкерлерин тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
65. Гауптвахтада кармоо үчүн жеткирилгендерди камераларга жайгаштыруунун алдында шашылыш жардам көрсөтүүгө муктаждарын аныктоо максатында, кароолдун начальниги жана кароол боюнча нөөмөтчү алардын ден соолугун сурамжылап билет. Алардын кимдир бирөөсү ден соолугунун начардыгына даттанса же оорунун белгилери даана байкалса кароол боюнча нөөмөтчү же кароолдун начальниги кечиктирбестен нөөмөтчү медициналык кызматкерди, ал эми зарыл болгондо - тез жардам бригадасын чакырууга милдеттүү.
Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды сурамжылоонун натыйжасы, ден соолугуна даттануулар, муктаждарга көрсөтүлгөн медициналык жардамдын мүнөзү жөнүндө кароол боюнча нөөмөтчүдө туруктуу сакталуучу атайын журналга (ушул Эрежелердин 7-тиркемеси) тийиштүү жазуулар жазылат.
66. Шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга медициналык шашылыш жардам саламаттык сактоонун аймактык органдарынын кечиктирилгис тез жардам бригадасы тарабынан көрсөтүлөт.
67. Гауптвахтада катуу кармаган психикалык, жугуштуу оорусу бар жана кечиктирилгис медициналык жардамды талап кылуучу башка катуу оорулуу адамдарды кармоого уруксат берилбейт.
68. Эгерде медицина кызматкеринин же медициналык тез жардам бригадасынын корутундусу боюнча шектүү, айыпталуучу же камакка алынган стационарда дарыланууга муктаж болсо, ал саламаттык сактоонун аймактык тиешелүү дарылоо-алдын алуучу мекемесине жиберилет. Аларды кайтаруу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызматтарынын уставына ылайык уюштурулат.
69. Шектүү, айыпталуучу же камакка алынган катуу ооруп же каза болгон учурда кароол боюнча нөөмөтчү аскер комендантына жана аскер прокуроруна кечиктирбестен билдирет, прокурор өз демилгеси же туугандарынын арызы менен бул факты боюнча текшерүү жүргүзөт. Каза болгон адамдын сөөгү патологоанатомиялык же соттук-медициналык изилдөөлөрдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде каралган аракеттер жүргүзүлгөндөн кийин, аны сураган адамдарга берилет. Өлүктү көмүү үчүн сураган адамдар чыкпаган учурда, ал мамлекеттин эсебинен көмүлөт.
70. Медициналык кызматкерлер же медициналык тез жардам бригадасы дайындаган медикаменттер кароолдун начальнигинде сакталат жана бейтаптар дарыны кароолдун начальнигинин көз алдында гана кабыл алышат.
71. Ар бир гауптвахтада универсалдуу медициналык аптечка болууга тийиш. Андагы медициналык препараттардын курамын медициналык кызмат аныктайт жана чыгымдалышына жараша кайрадан толукталып турат (ушул Эрежелердин 8-тиркемеси).
Тийиштүү шарттар болгондо гауптвахтанын администрациясы шектүүлөргө, айыпталуучуларга жана камакка алынгандарга кошумча медициналык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде ушул Эрежелер менен тизмеси аныкталган медикаменттерди сатып алууну камсыздайт.
72. Гауптвахтада кармалган адамдарды дарыгер, фельдшер, медициналык кызматкер катары пайдаланууга тыюу салынат.
73. Гауптвахтага кармоого алып келгендердин баардыгы санитардык тазалануудан өткөрүлөт. Камактагыларды мындан кийинки санитардык тазалоо жети күндө бир жолудан кем эмес өткөрүлүп турат.
74. Гауптвахтада санитардык көзөмөлдү камсыздоо коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын медициналык кызматына жүктөлөт.
75. Гауптвахтада кармалган адамдардан педикулез табылган учурда, гауптвахтанын начальниги (кароолдун начальниги) дароо бул туурасында коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын медициналык кызматына билдирип, андан кийин аларга тийиштүү санитардык-дезинфекциялык иш-чараларды жүргүзүү үчүн жардам берүүгө милдеттүү.
76. Гауптвахтада күн сайын камералар жана башка бөлмөлөр дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен жууп-тазаланып турат.
77. Идиш аяктарды жууп-тазалоо жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды сөзсүз пайдалануу менен тамак ысытуучу бөлмөдө жүргүзүлөт.
78. Гауптвахтанын санитардык абалын текшерүүнүн жыйынтыктары атайын журналда белгиленет (ушул Эрежелердин 9-тиркемеси).
7-глава. Гауптвахтада кармалган адамдарга дарыгерге чейинки шашылыш жардамды көрсөтүү эрежелери
79. Жаракат алган учурда жабыркаган адамга биринчи жардамды тез көрсөтүү жана аны кечиктирбестен дарылоо мекемесине жөнөтүү талап кылынат. Окуя болгон жерде төмөнкүдөй жардам көрсөтүлүүгө тийиш: жаракат факторунун таасирин токтотуу, кан агууну убактылуу токтотуу, асептикалык таңуу, транспорттук иммобилизация, ошондон кийин аны этияттык менен дарылоо мекемесине жеткирүү уюштурулушу керек. Жабыркаган адам өзү дем ала албаган учурда жана жүрөгүнүн кагышы начарлап (токтоп) калганы байкалганда жасалма дем алдыруу жүргүзүлүп, жүрөккө сырттан массаж жасалат.
80. Жаракат алууда алгачкы жардам көрсөтүүнүн негизи болуп кан агууну убактылуу токтотуу (жгут, таңуу) жана инфекцияны жуктурбоо (таңуунун алдында жараттын четтерине йод эритмесин сүйкөө) принциби эсептелет. Жгут 1,5-2 сааттан көп эмес коюлат. Анын коюлган так убагы кагазга жазылып, коюлган жгутка кошо тиркелет. Жаратты таңуунун алдында дененин ошол жериндеги кийим-кечени чечүү керек.
Кийимди этияттап, кошумча жаралантпай чечүү керек. Аларды тигишинен сөгүп жиберген жакшы.
81. Жанчылган жаракатта дененин ошол бөлүгүн тынчтантып, бийик койгон жакшы. Катуураак тартып таңышат. Урунган жерге муздак суу куюлган же муз салынган нерсе коюшат. Булчуң, тарамыштар чоюлуп же үзүлгөн учурларда буту-колду кыймылдатпай, ал эми муунга катуу таңуу салуу керек. Сөөктөр чыгып кеткенде шакшак коюу жолу менен буту-колдун мүмкүн болушунча кыймылсыздыгын камсыздоо талап кылынат.
Сынык болгон учурда алгачкы жардам сынган сөөккө эки-үч муунду бирдей камтыган, кыймылдатпоочу шакшак коюу керек. Эгерде сынганы ачык болсо, анда жарат адегенде асептикалык таңуу менен таңылат.
82. Күйүк болгон учурда, күйгүзүүчү фактордун таасирин токтотуу зарыл: ысык сууну, бууну токтотуу, кийим күйсө отту өчүрүү үчүн жабыркаганды жууркан же кандай кийимге болсо да катуу ороо керек. Күйүктөн кийин кийимди чечпейт, кесип жиберип, асептикалык таңуу коюлат, дененин күйүккө чалдыккан бөлүгүн таңып, оорулууну жылуулап ороп дарылоо мекемесине жеткиришет.
83. Үшүккө алдырган учурда оорулууну жылуу жайга жаткырышат. Ага ысык чай берип, жүрөктүн дарыларын беришет. Теринин үшүк алган жерлерин кар менен сүртүү сунуш кылынбайт.
84. Эсин жоготкон учурда буттарын бийиктетип, башын жапыс коюп жаткырышат, кыскан кийимдерин бошотуп, бетине муздак суу себишип, кебезге сиңирилген нашатыр спиртин жыттатышат.
85. Өзүн-өзү асып салган учурда ошол замат дем алуусуна тоскоол болгон нерседен бошотуп (асылган адамды сыйыртмактан бошотуу), жасалма дем алдыруу, жүрөккө сырттан массаж жасалат, ысык чай же кофе, 20-25 тамчы валериана настойкасын ичирет.
86. Ууланган учурда ууктурган затты ашказандан жууп кетирүү, суюктукту арбын ичирип, жасалма дем алдыруу керек (көрсөткүчтөр боюнча).
87. Өмүрүн өзү кыюуга аракеттенип, жаракат алган адамдарга (асылуу, тамырын кесүү, уу ичүү ж.б.) дарыгерге чейинки алгачкы жардамды көрсөтүү үчүн төмөнкүлөрдүн болушу зарыл: кан агууну токтотуу максатында колу-бутка коюлуучу каражаттар (жгут), жасалма дем алдыруу үчүн түтүк, термометр, муз салынуучу резина идиш, транспорттук иммобилизациялык шина, күйүккө жардам көрсөтүү үчүн таңгыч.
88. Дарыгерге чейинки биринчи жардамды көрсөтүү менен катар кечиктирилгис медициналык тез жардамдын бригадасы чакырылат.
8-глава. Кароол боюнча нөөмөтчүнүн жазык-процесстик мыйзамдарынын жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым ченемдерин аткаруу боюнча милдеттери
89. Кароол боюнча нөөмөтчү аскер комендантына билдирүү менен төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жазык иши өндүрүшүндө болгон тергөөчүнүн, ошондой эле көзөмөлдөөчү прокурордун жазуу жүзүндөгү талабы боюнча саат 6дан 22ге чейинки убакытта гауптвахтада кармалган адамды суракка же башка тергөө аракеттери үчүн камерадан чыгарууга, ал эми кийинкиге жылдырууга болбогон учурларда - түн ичинде да чыгарууга;
- соттун талабына ылайык камалгандарды сот жыйынына конвой менен жеткирүү үчүн конвойго тапшырууну камсыз кылууга;
- соттон өкүмдүн көчүрмөсү алынган күнү гауптвахтада кармалган адамдан тилкат алуу менен көчүрмөнү тапшырууга, тилкатты болсо сотко кайтарып берүүгө;
- гауптвахтада кармалган адамды Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), анын орун басарлары же алар жөнөткөн адамдар менен жашыруун сүйлөштүрүү максатында жекече жолуктурууну, аларга камакта кармоонун шарттары жөнүндө маалыматтарды алууну жана камоонун мыйзамдуулугун тастыктаган документтерди текшерүү максатында жолугушууну сутканын каалаган убагында камсыздоого;
- эгерде кызматка же териштирүүнүн предметине тиешеси болсо, администрациялык мүнөздөгү кандайдыр бир документ, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары аныктаган тартипте кызматтык жана башка сырларга байланышкан маалымат менен таанышууну камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өтүнүчү боюнча көрсөтүлгөн документтердин тууралыгын текшерүү максатында кошумча маалыматтардын берилишине көмөктөшүүгө.
90. Коштоо документтеринин көчүрмөсү, айыптоо корутундусунун көчүрмөсүн тапшыруу тууралуу тил кат жана алелляциялык даттануунун жолдомосу гауптвахтада кармалган адамдын өздүк делосуна тиркелет.
9-глава. Гауптвахтада кармалган адамдар тамак ичүүдөн баш тарткан учурда көрүлүүчү чаралар
91. Шектүү, айыпталуучу же камакка алынган адам тамак ичүүдөн баш тарткан учурда гауптвахтанын начальниги же кароолдун начальниги тамак ичпей жаткан себептерин аныктап, бул туурасында жазык иши өндүрүшүндө болгон адамга же органга, ошондой эле гауптвахтада мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү прокурорго билдирүүгө милдеттүү.
92. Шектүүнүн, айыпталуучунун же камакка алынгандын тамак ичүүдөн баш тартуусу негиздүү болгон учурда, гауптвахтанын начальниги коюлган талаптарды аткарууга чара көрөт. Талаптарды дароо аткарууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда, тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларды канааттандыруу чаралары көрүлөт.
93. Тамак ичүүдөн баш тарткан шектүү, айыпталуучу же камакка алынган адам гауптвахтада башка адамдардан мүмкүн болушунча бөлөк кармалууга жана нөөмөттөгү медицина кызматкеринин көзөмөлүндө болууга тийиш. Тамак ичүүдөн баш тарткан шектүү, айыпталуучу же камакка алынган адамдын ден соолугуна көмөктөшүү багытында көрүлгөн чаралар, анын ичинде мажбурлоо мүнөзүндөгү чаралар, эгерде анын ден соолугуна коркунуч келсе, дарыгердин жазуу жүзүндөгү корутундусунун негизинде жана анын катышуусунда ишке ашырылат.
94. Шектүүнүн, айыпталуучунун же камакка алынгандын тамактан баш тартышы аны камакка кармоонун башка жерине этап менен жөнөтүүгө же коштоп жеткирүүгө тоскоол болбойт, зарылчылык болгондо медицина кызматкеринин коштоосу менен которулушу мүмкүн.
10-глава. Шектүүнү, айыпталуучуну жана камакка алынганды гауптвахтадан бошотуунун негиздери жана тартиби
95. Шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана камакка алынгандарды гауптвахтадан бошотууга төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарылган соттун чечими;
- тергөөчүнүн токтому;
- гауптвахтада мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү прокурордун токтому;
- гаупвахтада ошол жазык иши боюнча териштирүү жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөөчү прокурордун токтому.
96. Шектүүлөр, айыпталуучулар же камакка алынгандар камактан гауптвахтанын начальниги же кароолдун начальниги тарабынан соттун токтомун (аныктамасын) же прокурордун же тергөөчүнүн токтомун алганда бошотулат.
97. Гауптвахтанын начальниги шектүүнү, айыпталуучуну жана камакка алынганды камакта кармоо мөөнөтү бүткөнгө чейин жыйырма төрт сааттан кечиктирбей бул тууралуу гауптвахтага көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго билдирүүгө милдеттүү (ушул Эрежелердин 10-тиркемеси).
98. Камактан сот залынан бошотуу соттун өкүмүнө (аныктамасына) ылайык ошол замат ишке ашырылат. Бошотулган адамдын кармалганда же камакка алынганда алынган документтери, буюмдары жана баалуулуктары, ошондой эле сакталып турган акчасы гауптвахтанын начальниги тарабынан кайтарылып берилет.
99. Камактан бошотуу жөнүндө гауптвахтага келип түшкөн токтом, өкүм же аныктама дароо аткарылууга тийиш.
100. Аталган адамдарды бошотуунун алдында гауптвахтанын начальниги же кароол боюнча нөөмөтчү бошотуу жөнүндө токтомду (соттун өкүмүн, аныктамасын), камалган адамды гауптвахтага жайгаштырууга негиз болгон документтер менен салыштырып, бошотулуучунун ким экендигин тактоого милдеттүү.
101. Гауптвахтадан бошотулган шектүүгө, айыпталуучуга же камакка алынганга анын жеке документтери, буюмдары, акчасы жана сактоодо турган башка баалуулуктары, ошондой эле ушул Эрежелердин 11-тиркемесине ылайык форма боюнча анын гауптвахтада кармалган мөөнөтү жана бошотуунун негизи көрсөтүлгөн маалымкат берилет. Бул жөнүндө анын аскердик кызмат өтөгөн бөлүгүнүн командачылыгы, ошондой эле туугандары маалымдалат.
102. Эгерде шектүү, айыпталуучу же камакка алынган адам гауптвахтадан бошонгон убакта оорулуу болсо, ал туугандарынын колуна тапшырылат же саламаттык сактоо органдарынын дарылоочу мекемесине жиберилет.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 1-тиркеме |
№ 1 форма
Шектүүнү, айыпталуучуну же камакка алынганды жеке тинтүүнүн жана анын буюмдарын текшерүүнүн ПРОТОКОЛУ
_______________________________________________________________________________________
(протокол түзгөн адамдын кызматы, аты-жөнү)
20___-ж. "___" _________________ "____" саат "____" мин. __________________
____________________________________________________________________________ имаратында
(имараттын аталышы)
Калыс-күбө катары чакырылгандардын катышуусу менен
1. _____________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, жашаган жери)
2. _____________________________________________________________________________________,
(аты-жөнү, жашаган жери)
алардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү,
________________________________________________________________________________________
(кылмыш жасоого шектүү деп кармалган адамдын аты-жөнү)
жеке тинтүү жүргүздүм, ошондой эле анын буюмдарын текшердим.
Тинтүү жүргүзүлгөн адамдын кийген кийимдери _____________________________________________
________________________________________________________________________________________
(кийимдери жана бут кийими көрсөтүлөт)
Натыйжалары
Тинтүүдө жана кароодо төмөнкүлөр табылды жана алынды:
________________________________________________________________________________________
(жеке белгилерин, зарыл болгон учурда табылган жерин жана табуунун
________________________________________________________________________________________
башка шарттарын көрсөтүү менен алынган предметтердин, буюмдардын
________________________________________________________________________________________
документтердин жана баалуулуктардын тизмеси көрсөтүлсүн
Тинтүү жана текшерүү учурунда айтылган билдирүүлөр жана сын пикирлер _____________________
________________________________________________________________________________________
(тинтүү жүргүзүлгөн адамдын жана калыс-күбөлөрдүн)
(Протоколдун арткы бети)
Протокол угузулуп окулду жана туура жазылган.
Колдору:
Калыс-күбөлөр:
1. ______________________________________________________________________________________
2. ______________________________________________________________________________________
Шектүү, айыпталуучу же камакка алынган ___________________________________________________
Тинтүүнү, текшерүүнү жүргүзгөн жана протокол түзгөн адамдар ________________________________
Тинтүү жана текшерүү учурунда алынган предметтер, документтер жана баалуу буюмдар _________
_________________________________________________________________________________________
(кайсылар экендиги көрсөтүлөт)
_________________________________________________________________________________________
(кылмыш ишине тиркелди, жок кылынды, шектүүнүн, айыпталуучунун же
_________________________________________________________________________________________
камакка алынгандын суранычы боюнча туугандарына өткөрүлүп берилди,
_________________________________________________________________________________________
сактоого өткөрүлдү, кайда, квитанциянын №)
_________________________________________________________________________________________
(протокол түзгөн кишинин колу)
Сактоого кабыл алынган акча жана баалуу буюмдар үчүн берилген квитанциянын көчүрмөсүн алдым
_________________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпталуучунун же камакка алынгандын колу)
Тинтүү жана текшерүү учурунда алынган предметтерди, буюмдарды, документтерди жана
баалуу буюмдарды алдым
_________________________________________________________________________________________
(кайсылар экендиги көрсөтүлсүн)
_________________________________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпталуучунун же камакка алынгандын колу)
20__-ж. "___" ___________________
Эскертүү: Протокол 3 нускада түзүлөт: биринчи нускасы - кылмыш ишине (кармоо жөнүндө материалга)
тиркелет, экинчиси нускасы - камакка алынгандын өздүк делосуна, үчүнчү нускасы - алынган предметтер,
буюмдар, документтер жана баалуу буюмдар менен бирге сакталат.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 2-тиркеме |
№ 2 форма
"Макулдашылды"
Прокурор _________________________________
(колу, аты-жөнү)
20__-ж. "___" ___________________
Гауптвахтада кармалган адамды жалгыз орундуу камерага которуу жөнүндө ЧЕЧИМ
Шектүү, айыпталуучу, камакка алынган
__________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
__________________________________________________________________________________________
(жалгыз орундуу камерада кармоо үчүн негиз болуучу жагдай жазылат)
Чечим кабыл алдым:
Шектүү, айыпталуучу, камакка алынган
__________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
мындан ары жалгыз орундуу камерага которулсун.
Гауптвахтанын начальниги
__________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу)
20__-ж. "___" ___________________
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 3-тиркеме |
№ 3 форма
Гауптвахтанын начальнигине
_______________________________
_______________________________
(мекеменин аталышы)
__________________________________________________________________________________________
(кылмыш же жорук жасоого шектүүнүн, айыпталуучунун
__________________________________________________________________________________________
же камакка алынгандын аты-жөнү)
кайда кармалып турат ______________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(тергөө бөлүмүнүн, алгачкы текшерүү органынын ж.б. аталышы)
____________________________________________________________________________________ менен
(аты-жөнү, туулган жылы
_________________________________________________________________ жолугушууга уруксат берем.
(жашаган жери, иштеген иши)
20__-ж. "___" ___________________
________________________________________
(жолугушууга уруксат берген адамдын колу)
(Арткы бети)
Жолугушуу болгондугу жөнүндө белги (кароол боюнча нөөмөтчү толтурат).
Жолугушуу ________________________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпталуучунун же камакка алынгандын аты-жөнү)
20___-ж. "___" _________________ "____" саат "____" мин. тартып "____" саат "____" мин. чейин
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, иштеген иши)
ким экенин билдирүүчү документин көрсөткөн адам _____________________________________________
_____________________________________________________________________________ менен берилди
(кандай документ, номери, сериясы, ким тарабынан, качан берилген)
Начальник (нөөмөтчү) _______________________________________________________________________
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 4-тиркеме |
№ 4 форма
АРЫЗ
Жарандан _________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
жашаган жери ______________________________________________________________________________
(жашаган жеринин так дареги)
___________________________________________________________________________________________
(гауптвахтада кармалган кишиге кандай тиешеси бар)
Аманатта ________________________________________________________ үчүн кабыл алууңузду өтүнөм
(аты-жөнү)
Аманаттын предметтеринин тизмеси
№ | Продуктулардын же буюмдардын аталыштары | Салмагы | Саны | Эскертүү | |
кг | гр. | ||||
Арыз ээсинин колу _______________________
20___-ж. "___" ___________________________
Арыз ээси __________________________________________________________________________________
(колу)
Аманатка уруксат бердим _____________________________________________________________________
(адистин аты-жөнү, кызматы)
Аманатты алдым ____________________________________________________________________________
(аманатты алган адамдын колу)
20__-ж. "___" ___________________
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 5-тиркеме |
№ 5 форма
Шектүүлөр, айыпталуучулар жана камакка алынгандар жанында алып жүрүүгө, сактоого, посылкаларда, аманаттарда алууга, накталай эсептешүүгө сатып алууга уруксат берилген күндөлүк керектүү буюмдардын, бут кийиминин, кийимдин жана башка өнөр жай товарларынын ТИЗМЕСИ
1. Кружка, кашык (мекемеден тамак ичүү учурунда берилет).
2. Кийим, баш кийим, сезонго жараша бир комплекттеги бут кийим.
3. Ич кийим - экиден ашпаган комплектте, байпак - эки жуптан ашык эмес, мээлей (колкап), бет аарчылар.
4. Бөлмөдө кийүүчү же спорттук тапочка - бир жуп.
5. Механикалык устара (кароол начальнигинин ыктыяры боюнча).
6. Тазалык буюмдары (атыр самын, кир самын, шампунь, тиш щёткасы жана тиш пастасы, пластмассадан жасалган самын салгыч, тиш щётка салгыч, тарак).
7. Көз айнек, ошондой эле врачтын уруксаты боюнча балдак (протездер).
8. Гезиттер жана журналдар.
9. Кагаз жана окуу куралдары бирден.
10. Китепканадан китептер (бир-эки нускадан).
11. Кылмыш ишине тиешелүү документтер жана жазуулар.
12. Тапшырылган акча, баалуу буюмдар жана буюмдар үчүн квитанция.
13. Чылым (тамеки, папирос, сигареттер).
14. Даарат кагаз.
15. Ширеңке (от алгычка тыюу салынат).
16. Врачтын камерада кармоого жана колдонууга уруксат берген медикаменттери.
17. Стол оюндары (дойбу, шахмат, домино, нард).
18. Тамак-аш продуктулары (жылытууну талап кылуучу, тез бузулуучу, сактоо мөөнөтү өтүшүп кеткен азыктардан башка).
Эскертүү: Шымдын курун, галстукту, моюн орогучту, түрдүү боолорду камерада сактоого тыюу салынат.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 6-тиркеме |
№ 6 форма
Жеке эсебинде |
| Камера № ____________________________ |
_____ сом _____ тыйын бар |
| квит. № ______________________________ |
|
|
|
Бухгалтер ______________________ |
| _____________________________________ |
20__-ж. "___" ___________________ |
| (шектүүнүн, айыпталуучунун же камакка алынгандын аты-жөнү) |
АРЫЗ
Төмөнкү тамак-аш азыктарын жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды сатып берүүңүздү өтүнөм:
Кат. № | Тамак-аштын же буюмдардын аталыштары | Саны | Берилген баасы |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
| сом __________________ тыйын ________________ |
|
| _________________________ |
|
| Бардыгы: |
Эскертүү: Шектүү, айыпталуучу жана камакка алынгандар 2, 3-графаларды гана толтурууга, б.а. ал сатып алгысы келген ар бир тамак-аштын же буюмдун аталышы менен санын гана көрсөтүүгө тийиш.
Шектүүнүн, айыпталуучунун жана камакка алынгандын колу _____________________________
Алгандыгы тууралуу тил кат
Төмөнкү суммага күнүмдүк керектелүүчү буюмдар менен тамак-ашты алдым:
_______________________________________________________________________________________________________
(сумма сөз менен жазылат)
Бул сумманы менин жеке эсебимден чыгарып коюшуңузду суранам
_______________________________________________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпталуучунун же камакка алынгандын колу)
20__-ж. "___" ___________________
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 7-тиркеме |
№ 7 форма
Гауптвахтага кармоо үчүн алын келинген адамдарды алгачкы сурамжылоо жана медициналык жардам көрсөтүлгөнүн каттоо ЖУРНАЛЫ
№ | Аты-жөнү | Курагы | Келген күнү | Даттануусу | Келгенде аныкталды | Көрүлгөн чаралар | Кароолдор боюнча нөмөөтчүнүн колу | Эскертүү | |||
Чакырган жана келген убактысы | Көрсөтүлгөн медициналык жардам мүнөзү | Дарылоо мекемесине жаткырылды | Кароолдун өздүк курамына берилген сунуш | ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 8-тиркеме |
№ 8 форма
Гауптвахта башчысынын жеке кабыл алышынын ЖУРНАЛЫ
№ | Кабыл алган күнү | Аты-жөнү | Кандай суроолор каралган | Кароонун жыйынтыгы | Эскертме |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 9-тиркеме |
№ 9 форма
Гауптвахтада кармалган адамдардын сунуштарын, кайрылууларын жана даттанууларын каттоо ЖУРНАЛЫ
№ | Кайрылган күнү | Аты-жөнү | Сунуштарынын, кайрылууларынын жана даттанууларынын мазмуну | Көрүлгөн чаралар | Эскертме |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 10-тиркеме |
Универсалдуу медициналык аптечканын ИЧИНДЕГИСИ
1. Валидол - таблеткалар, капсулалар.
2. Валокордин, корвалол, кардиовален - флакондор.
3. Нитроглицерин - таблеткалар, капсулалар.
4. Парацетамол - 0,5 таблеткалар.
5. Валериана настойкасы - флакондор.
6. Нашатырь спирти - флакондор, ампулалар.
7. Бриллиант жашылы - флакондогу 0,2% эритме.
8. Йод настойкасы - флакондогу 5% эритме.
9. Кычкыл марганецтүү калий.
10. Суутек өтө кычкылы - флакондогу 3% эритме.
11. Бор спирти - флакондогу 3% эритме.
12. Бинттер.
13. Кебез.
14. Лейкопластырь.
15. Жгут.
16. Байлап-таңуучу өздүк пакет.
17. Термометр.
18. Транспорттук иммобилизациялык шакшактар.
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 11-тиркеме |
№ 10 форма
Гауптвахтанын ЖУРНАЛЫ
_____________________________________
(мекеменин аталышы)
№ | Текшерүү күнү | Ким текшерди | Гауптвахтанын санитардык абалы боюнча пикирлер, табылган мүчүлүштүктөр | Аларды жоюу боюнча сунушталган иш-чаралар, жоюунун мөөнөтү | Мурда берилген сунуштар аткарылгандыгы тууралуу белги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 12-тиркеме |
№ 11 форма
______________________________
(кимге)
______________________________
БИЛДИРҮҮ
____________________________________________________________________ гауптвахтада кармалган
(мекеменин аталышы)
__________________________________________________________________________________________
(шектүүнүн, айыпталуучунун жана камакка алынгандын аты-жөнү)
_____________________________________________________________________ негизинде кармалууда,
(документтин аталышы)
кармалуу мөөнөтү 20__-ж. "___" _____________ саат ______ минутада аяктайт.
гауптвахтанын башчысы
______________________________
______________________________
|
| Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарындагы ички тартиптин эрежелерине 13-тиркеме |
№ 12 форма
Мекеменин штампы
МААЛЫМКАТ
________________________________________________________________________ берилет, анткени ал
(аты-жөнү)
кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу адамдар үчүн
_______________________________________________________________________________ гауптвахтада
(мекеменин аталышы)
20__-ж. "___" _____________ 20__-ж. "___" _____________ чейин камакта кармалды.
Башчы ________________________________
______________________________________
20__-ж. "___" _____________