Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 токтомунун 2- тиркемеси |
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26 августундагы № 152, 2023-жылдын 22-мартындагы № 151, 2024-жылдын 15-августундагы N 475 , 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) сөөк коюуну уюштурууда тарткан чыгымдардын ордун жарым-жартылай толтуруу үчүн жарандарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоонун жана төлөөнүн тартибин регламенттейт.
Ушул Жобо төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар тутумунун аскер кызматчыларына, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт, буга жогоруда аталган ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлери кирбейт;
- кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген башка зыянга байланыштуу каза болгон кызматкерлерге. Эмгек мыйзамдарына ылайык жабыркаган адамдын өлүмүнө байланыштуу зыян келтиргендиги үчүн жооптуу иш берүүчү сөөк коюуга чыгым тарткан адамдын зарыл чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү. Чыгымдардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тарабынан аныкталат;
- сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган жана каза болду деп жарыяланган жарандарга.
2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
жумушсуздар - эмгекке жарамдуу курактагы, жумушу же орношуп иштеген ишмердикке теңештирилген иши жок, эмгек акысы (кирешеси) жок, ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана анда иштөөгө даяр жарандар;
арыз ээси - каза болгон адамдын сөөгүн иш жүзүндө койгон адам (үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар);
жеке ишкер - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жеке адам;
дыйкан (фермердик) чарба (мындан ары - дыйкан чарба) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, же өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзүүчү, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын чогуу өндүргөн бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандардын жана башка адамдардын эмгегине негизделген өз алдынча чарбалык субъект, ал дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогунан жана башка мүлктөн турат;
расмий жумушсуздар - эмгекке жарамдуу курактагы, калкты ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик кызмат органдарында жумушу же иштеген жумушка барабар болгон иши жок катары катталган, эмгек акысы (кирешеси) жок, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана анда иштөөгө даяр жарандар;
ведомстволук бөлүм - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдындагы калктын социалдык жактан аялуу катмарларына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону ишке ашырууга чакырылган ведомстволук бөлүм (Социалдык коргоо департаменти);
кызматкер - иш берүүчү менен эмгектик келишим түзгөн жеке адам;
иш берүүчү - кызматкер менен эмгектик мамилеге кирген жеке жак же юридикалык жак (уюм);
расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул - сөөк коюуну уюштурууда тарткан чыгымдардын айрым бөлүгүн толуктоо үчүн төлөнүүчү жөлөкпул;
расымдык кызматтар - каза болгонду көмүүгө байланыштуу кызматтар;
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
дыйкан чарбанын мүчөлөрү - чарбаны чогуу жүргүзгөн жубайлар, балдар, ата-энелер, туугандар жана башка адамдар. Дыйкан чарба менен түзүлгөн эмгектик мамилеси Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамы менен жөнгө салынуучу дыйкан чарбасында жалданып иштеген жарандар дыйкан чарбанын курамына кирбейт. Дыйкан чарба бир адамдан турушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3.Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же эгерде арыз ээси каза болгондугу жөнүндө күбөлүктү белгиленген 3 жумуш күндүк мөөнөттө ала элек болсо, адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген медициналык маалымкат эсептелет.
Чет мамлекеттер тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындоо үчүн негиз болуп эсептелбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоого укук
4. Арыз ээси Кыргыз Республикасында жашап жана иштеген, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашуулардын катышуучулары болгон өлкөлөрдүн жарандарынын төмөнкү категорияларына кирген адамдар каза болгон учурда тастыктоочу документтерди тапшырганда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алууга укуктуу:
- кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- жеке ишкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- социалдык жөлөкпул алган адам (мындан ары - социалдык жөлөкпулду алуучу) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.
Мында расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн арыздарды/өтүнмөлөрдү кабыл алуу өзгөчө абал режими киргизилген белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдикте калкты тейлеген эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттин аймактык бөлүмдөрүндө (мындан ары - аймактык бөлүм), өзгөчө абал режими алынганга чейин токтотула турат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Багуусунда турган эмгекке жарамсыз адамдар деп төмөнкүлөр эсептелет:
- он сегиз жашка чыга элек жашы жете электер, анын ичинде эмчектеги ымыркайлар, туулган учурдан тартып (асырап алган балдар, өгөй уул жана өгөй кыздар), ошондой эле окутуунун күндүзгү формасындагы кесиптик баштапкы, орто жана/же жогорку билим берүүчү уюмдарда окуган, он сегиз жаштагы жана андан уулу, бирок жыйырма үч жаштан ашпаган курактагы окугандар;
- он сегиз жашка чыга элек эже-сиңдилер, ага-инилер, неберелер, эгерде алардын жумушка жарамдуу ата-энелери жок болсо;
- эгерде адам каза болгон учурда ата-энеси, күйөөсү, аялы ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп эсептелсе.
Эгерде каза болгон багуучунун үй-бүлө мүчөлөрү анын толук багуусунда турушкан болсо (эгерде каза болгон адамдын таап берген каражаты бул адамдар үчүн жашоонун негизги жана туруктуу булагы болуп эсептелген болсо) анын багуусунда тургандар деп таанылат.
6. Эмгек акыга кошумча коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.
3-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн зарыл болгон документтер
7. Кызматкер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн арыз ээси иш берүүчүгө эркин формадагы арызды, каза болгон адамдын идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН) жана адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген медициналык маалымкаттын көчүрмөсүн же каза болгондугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген күбөлүктүн көчүрмөсүн берет.
Ушул Жобонун 4-пунктунун үчүнчү-жетинчи абзацтарында көрсөтүлгөн адамдар каза болгон учурларда арыз ээлери аймактык бөлүмгө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген формадагы расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоого арыз менен кайрылышат.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган адамдарда каза болгон жарандын ИЖН жана арыз ээсинин паспорту болушу керек.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн төмөнкү маалыматтар кол коюлган жана күчүнө кирген Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тийиштүү макулдашуулардын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдардан электрондук форматта суратылат:
- арыз берүүчүнүн жеке маалыматтары;
- каза болгондугу жөнүндө актыдагы жазуулардын маалыматтары/адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкаттын маалыматтары;
- жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматтар;
- патенттин негизинде иштеген жактар үчүн патенттин маалыматтары;
- эгерде дыйкан чарба өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзсө, жеке ишкердин мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматы;
- жер участогун (үлүшүн) пайдаланууга/менчикке алуу укугу же ижарага алуу келишиминен маалымат;
- никеси тууралуу маалымат (арыз ээси фамилиясын өзгөрткөн учурда).
Социалдык жөлөкпул алуучу же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учур боюнча аймактык бөлүм тарабынан өздүк делого кошумча социалдык жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалымкат тиркелет. Социалдык жөлөкпул алуучунун статусу Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) алкагында ички Ведомстволук электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу аныкталат.
Расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда, жумушсуздун же анын багуусундагынын каза болгон учурга карата жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга анын укугун ырастаган аймактык бөлүмдүн маалымкаты талап кылынбайт. Аны расмий жумушсуз катары эсепке алууда арыз ээсинин маалыматтары Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизилет, алар автономдуу режимде СЖКМТта көчүрүлөт.
Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана ички Ведомстволук маалыматтык алмашуу тутуму аркылуу алынуучу маалыматтар түзүлгөн макулдашууларга ылайык анык, туура болуп саналат жана документтердин кагаз түрүндөгү версияларына теңештирилет.
Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суратылган, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтар, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, акысыз берилет.
Электрондук маалымкаттарды Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу тутуму аркылуу суроо алуу мүмкүн болбогон учурда, жарандардан расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн маалымкаттар кагаз жүзүндө талап кылынат.
СЖКМТ ишинде техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, дело кийин СЖКМТта маалыматтарды киргизүү жана каттоо журналдарын түзүү менен кагаз жүзүндө түзүлөт.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоого арызды берүү арыз ээлеринде квалификациялуу электрондук кол тамгасы болсо жана Идентификациянын бирдиктүү тутумунда катталган болсо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу дагы жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151, 2024-жылдын 15-августундагы N 475 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жөнүндө документтерди каттоо жана сактоо
8. СЖКМТ базасында электрондук анкета-арызды толтурууда арыз ээси автоматтык режимде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формалар боюнча Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөлөрүн каттоо журналында жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөгө жеке жактардын арыздарын каттоо журналында катталат.
Каттоо журналдары ар бир беттин толтурулганына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес басып чыгарылат. Журналдын басып чыгарылган беттеринде аты-жөнүн жана басып чыгарылган датасын көрсөтүү менен аймактык бөлүмдүн жооптуу адисинин колу коюлат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн маалыматтар СЖКМТта киргизилет. СЖКМТда идентификациялоо "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Идентификациянын бирдиктүү тутуму аркылуу жүргүзүлөт.
5-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү жана каржылоо булактары
10. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) 120 эсептик көрсөткүч – иштеген адам каза болгон учурда;
2) 80 эсептик көрсөткүч – төмөнкүлөр каза болгон учурда:
– жеке ишкер;
– дыйкан чарбанын башчысы же жашы жеткен мүчөсү;
– расмий жумушсуз;
– иштеген адамдын багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– социалдык жөлөкпул алуучу;
3) 50 эсептик көрсөткүч – төмөнкүлөр каза болгон учурда:
– жеке ишкердин багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– дыйкан чарбанын башчысынын же жашы жеткен мүчөсүнүн багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– расмий жумушсуздун багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– социалдык жөлөкпул алуучунун багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
– жумушсуз адам же анын багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Шаарлардын мэриялары расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:
– 80 эсептик көрсөткүч – социалдык жөлөкпул алуучу каза болгон учурда;
– 50 эсептик көрсөткүч – төмөнкүлөр каза болгон учурда:
социалдык жөлөкпул алуучунун багуусунда турган үй-бүлө мүчөсү;
жумушсуз адам же багууда турган үй-бүлө мүчөсү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Сөөктү койгон адамдарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө жана жеткирүү менен байланышкан чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 273 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо тартиби
1-§. Расымдык жөлөкпулду (сөөк коюуга) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дайындоо тартиби
13. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду бир нече негиздер боюнча алууга укугу бар арыз ээлерине алардын тандоосуна жараша бир гана негиз боюнча жөлөкпул дайындалат жана төленөт.
Иштеген эки адамдын же башка категориялардын (атасы жана энеси) багуусундагы адам каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алардын тандоосу боюнча бирөөнүн иштеген жеринен же аймактык бөлүм аркылуу төлөнөт.
14. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз/өтүнмө аймактык бөлүм тарабынан каралат. Расымдык жөлөкпулдун эсептелген суммасы СЖКМТ аркылуу бекитилет жана төлөө үчүн ведомстволук бөлүмгө электрондук түрдө күн сайын жөнөтүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алуу үчүн каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же адамдын каза болгондугун констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кайрылса, ал дайындалат жана төлөнөт.
Эгерде каза болгондугу жөнүндө күбөлүк же каза болгондугун констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкат берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде арыз ээси/иш берүүчү аймактык бөлүмгө жүйөлүү себептер менен (катуу оору, аракетке жөндөмсүздүк, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал, күбөлүк берүүнү кечиктирүү, соттук териштирүүлөр, камкорчулукту/көзөмөлчүлүктү белгилөө, жашаган жерин алмаштыруу, каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү) кайрыла албаса, анда өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими жокко чыгарылгандан кийин алты айдан кечиктирбестен кайрылганда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындалат жана төлөнөт.
Ошол эле учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жөнүндө чечим төлөмдү каржылоочу орган - эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Айрым учурларда, эгерде каза болгон адамды көмүү Кыргыз Республикасынын башка регионунда жүргүзүлгөн болсо, анда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул арыз ээсинин жашаган жери боюнча аймактык бөлүм тарабынан дайындалышы мүмкүн (эгерде каза болгон адамдын жашаган жери шаарда болбосо).
17. Бир региондон башка регионго көчүп келген дыйкан чарбанын мүчөсү, социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул аймактык бөлүм тарабынан арыз ээсинин жашаган жери боюнча төлөнөт.
18. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуучу башка адамга жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык (ооруган, аракетке жөндөмсүз учурларда же арыз ээсинин башка жакка чыгып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурларда) таризделген ишеним каттын негизинде ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
2-§. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө тартиби
19. Кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек келишимин түзгөн иш берүүчү тарабынан негизги иштеген жери боюнча дайындалат.
Кызматкер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө үчүн иш берүүчү эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөнү (мындан ары - Өтүнмө) эсептелген расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмүн көрсөтүү менен аймактык бөлүмгө эки нускада берет.
(Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин аймактык бөлүм күбөлөндүргөн бир нускасы иш берүүчүгө кайра берилет.
Иш берүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнгөн расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулга аймактык бөлүмгө өтүнмө бербөөгө укугу бар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Жеке ишкер, дыйкан чарбанын мүчөсү, расмий жумушсуз, жумушсуз адам жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул ведомстволук бөлүм тарабынан төлөнөт.
21. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө келип түшкөн ведомосттордун негизинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктын ортосундагы келишимде бекитилген форма боюнча ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акчалай каражаттарды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
3-§. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо тартиби
22. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алуу үчүн арыз ээлери арыз менен аймактык бөлүмгө каза болгон адамдын ИЖНин көрсөтүү менен кайрылышат.
23. Эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларга катышуучу өлкөлөрдүн чет өлкөлүк жаранынын өлгөндүгүнүн фактысы чет өлкөдөн катталса, анда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындалбайт.
24. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул каза болгон адамдын категориясына жараша 10, 11-пункттар менен белгиленген өлчөмдөрдө аймактык бөлүмдөр тарабынан дайындалат.
4-§. Социалдык стационардык мекемеде же түзөтүү мекемесинде жүргөн социалдык жөлөкпул алуучу каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартиби
25. Эгерде социалдык стационардык мекемеде жашаган жаран социалдык жөлөкпул алуучу болсо, анда анын каза болгондугу боюнча расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул аймактык бөлүм тарабынан дайындалат. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ведомстволук бөлүм же шаардык аймактык башкармалыгынан төлөнөт.
26. Эгерде социалдык жөлөкпул алуучунун сөөгү республикалык бюджеттен каржылануучу социалдык стационардык мекеме тарабынан коюлса, анда сөөк коюуну уюштурууга чыгымдардын булагы мекеменин бюджетинин чыгымдар сметасында каралган каражаттар болуп саналат.
Социалдык стационардык мекемелерде жашаган, пенсия же социалдык жөлөкпул алганга укугу жок жарандардын сөөгүн коюу (эгерде каза болгон жарандын туугандары анын сөөгүн өздөрү көмүүнү каалашпаса) социалдык стационардык мекемелер тарабынан ишке ашырылат.
Бул максаттарга сарпталуучу чыгымдар социалдык стационардык мекемелердин бюджетинде (чыгымдар сметасында) республикалык бюджеттин каражаттарынан каралышы керек.
27. Эгерде түзөтүү мекемесинде жүргөн социалдык жөлөкпул алуучунун сөөгү жазаны аткаруу мекемеси тарабынан коюлса, бул мекемеге расымдык жөлөкпулду (сөөк коюуга) дайындоо аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
5-§. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен дайындоонун, төлөөнүн жана каржылоонун тартиби
28. Шаарларда жашаган социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам, ошондой эле алардын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан дайындоо, төлөө жана каржылоо төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) арыз ээси социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн каза болгон адамдын жашаган жериндеги шаардык аймактык бөлүмгө каза болгон адамдын ИЖН жана арыз ээсинин паспортун тиркөө менен арыз берет;
2) шаардык аймактык бөлүм жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө үчүн керектүү суммага өтүнмө даярдайт жана мамлекеттик финансыны башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шаардык аймактык органына (мындан ары - финансыны башкаруу тармагындагы шаардык аймактык орган) тапшырат;
3) шаардын мэриясы шаардык аймактык бөлүмдүн расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөсү жөнүндө чечим чыгарат жана финансыны башкаруу тармагындагы шаардык аймактык органга зарыл болгон каражатты шаардык аймактык бөлүмдүн Казыналыктын региондук бөлүмүндө ачылган алыш-бериш эсебине которууга тапшырма берет;
4) Казыналыктын региондук бөлүмү финансылык каражатты шаардык аймактык бөлүмдүн алыш-бериш эсебине которот;
5) шаардык аймактык бөлүм банктагы алыш-бериш эсебинен акча каражатын алып, аны кассага кириштейт, андан кийин расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду арыз ээсине берет;
6) эгерде шаардык аймактык бөлүмдүн бюджетинде жарандарга берилүүчү расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулга каражат каралган болсо, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул шаарлардын мэрияларынын чечимин кабыл албастан эле, жергиликтүү бюджеттин чыгымдар сметасынын даректүү социалдык жардамга жумшалуучу беренесинин эсебинен төлөнөт.
29. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуучу башка адамга жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул банкка которулуп же байланыш филиалдары аркылуу (анын ичинде убактылуу жашаган жери боюнча) жөнөтүлүп, төлөнсө болот.
7-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана берүү үчүн жоопкерчилик жана аны контролдоо
30. Иштеген адамдар жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура дайындалышы, өз убагында төлөнүшү жана ушул максатка жумшалышы үчүн жоопкерчиликти иш берүүчү, ведомстволук бөлүм тартат, мында коомдук контроль кесиптик бирликтерге же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына (мындан ары - кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары) жүктөлөт.
31. Эгерде расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду эсептөөдө жаңылуудан же расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду эсептеген кызматкер тарабынан кыянаттык менен пайдалануунун (документтерди оңдоп коюу, кырып өчүрүү) натыйжасында ашыкча төлөнгөн болсо, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасы кармалып калат.
32. Иш берүүчүнүн же аймактык бөлүмдүн эсептөөдөгү жаңылуусунан улам ашыкча төлөнгөн каражатты кайра алуу жөнүндө чечими расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындалган күндөн баштап үч айдан кечиктирбестен чыгарылышы мүмкүн, ал эми кыянаттык кылуунун натыйжасында ашыкча төлөнгөндү кайра алуунун мөөнөтү чектелбейт.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасы күнөөлүү адамдын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке өндүрүлүүгө тийиш.
Эгерде кызматкер ал ишканада, уюмда, мекемеде иштебей калса, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасы сот тартибинде өндүрүлөт.
33. Өндүрүү кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын чечиминин негизинде күнөөлүү адамдын айлык акысынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө кармалат.
Иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча ага ашыкча төлөнгөн сумманын ордун толтуруу жөнүндө өкүлчүлүктүү органдын чечимине күнөөлүү адам макул болбогон учурда, ашыкча төлөнгөн сумманы иш берүүчү өзү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке төгүүгө тийиш.
34. Иш берүүчү тарабынан колдонуудагы ченемдерди бузуу менен төлөнүп жана республикалык бюджетке зыян келтирген расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдар боюнча чыгымдарды аймактык бөлүм эсепке кабыл албайт жана иш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен жабылат.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөөгө бөлүнгөн каражаттарды негизсиз коромжу кылган, ошондой эле аны дайындоодо кыянаттык жасаган адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик чаралары колдонулат.
35. Башка категориялардагы адамдар каза болгон учурда (кызматкер жана анын багуусундагылар каза болгондон башка учурларда) расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура дайындалышы, өз убагында төлөнүшү жана бул максаттарга жумшалышы үчүн жоопкерчиликти аймактык бөлүмдөр тартышат.
36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам, ошондой эле алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура дайындалышы, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдарды төлөөнүн өз убагында каржыланышы үчүн жоопкерчиликте болушат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдошот.
37. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура дайындалышы жана өз убагында төлөнүшү төмөнкүдөй контролдонот:
- иштеген адамдар каза болгон учурда - иш берүүчү, ведомстволук бөлүм, аймактык бөлүмдөр тарабынан;
- жеке ишкер, дыйкан чарбанын мүчөсү, расмий жумушсуз жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда - ведомстволук бөлүм, аймактык бөлүмдөр тарабынан;
- социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда - ведомстволук бөлүм, аймактык бөлүмдөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан.
38. Иштеген жарандар расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоонун жана төлөөнүн шарттары менен макул болбогон, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду каржылоо кечиктирилген учурда салыштырып текшерүү жүргүзүлгөндө аймактык бөлүмдүн талабы боюнча иш берүүчү контролдоо үчүн төмөнкүдөй документтерди берет:
- расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө боюнча;
- эсептик-кассалык операциялар боюнча;
- буйруктарды;
- эмгектик келишимдерди.
39. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура эмес дайындалганы же дайындалган жөлөкпулду төлөө кечиктирилгени боюнча жарандардын кайрылуулары эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 151 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Жарандардын расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө маселелери боюнча кайрылуулары, арыздары жана даттануулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.".