Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-марты № 151
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, жарандарды кепилденген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун он алтынчы абзацындагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "эмгекке жарамсыздык баракчасынын бири боюнча" деген сөздөр "бир негиз боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттун экинчи абзацындагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пункттун экинчи абзацындагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-24-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы жөнүндө маалыматтар кол коюлган жана күчүнө кирген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү макулдашуулардын негизинде электрондук форматта суралат.
Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу суроодо эмгекке жарамсыздык баракчасы жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда жөлөкпул дайындоо үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы кагаз түрүндө берилет.
23. Жалпы иш стажы сегиз жылдан кем болгон кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн ушул Жобонун тиркемесине ылайык Тизмеде көрсөтүлгөн документтер берилет.
24. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн документтерди кабыл алууда иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасын электрондук каттоо журналына жазат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: катар номери, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасын иш берүүчүгө тапшырган датасы, кызматкердин фамилиясы, аты-жөнү, идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН), кызматы (кесиби, адистиги), жумуштун түрү, түзүмдүк бөлүмү, саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынын номери жана датасы, эмгекке жарамсыздык баракчасын берген саламаттык сактоо уюмунун аталышы, жумуштан бошотулган мезгил (канчанчы күндөн канчасына чейин), эмгекке жарамсыз күндөрүнүн саны. Журналда кошумча эки бош графа болот, аларды иш берүүчү өз ыктыяры менен керек болгон учурда толтурушу мүмкүн.";
- 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду төлөө үчүн документтер иш берүүчүнүн бухгалтериясында 6 жыл бою өзүнчө папкада сакталат.";
- 28-пункттагы "эмгекке жарамсыздык баракчасынын" деген сөздөр "эмгекке жарамсыздык баракчасынын болушу жөнүндө маалыматтын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 32-пункттун биринчи абзацындагы "баракчасын тапшырганда" деген сөздөр "баракчасы жөнүндө маалыматтар болсо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 37-пунктта:
1, 2-пунктчалардагы "50" деген цифралар "100" деген цифраларга алмаштырылсын;
1-пунктчанын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
46-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 53-пункттагы "жана эмгекке жарамсыздык баракчасынын түп нускасын" деген сөздөр алып салынсын;
- 54-пунктта:
биринчи абзацтагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- эмгекке жарамсыздык баракчасынын болушу жөнүндө маалыматтар;";
он биринчи абзацтагы "техникалык бузууларга байланыштуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 57-пункттун биринчи абзацындагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 60-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз/өтүнмө аймактык бөлүм тарабынан каралат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун эсептелген суммасы СЖКМТ аркылуу бекитилет жана электрондук түрдө төлөөгө күн сайын ведомстволук бөлүмгө жөнөтүлөт.";
- 63-пункттун 1, 2, 3-пунктчаларындагы "10" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 65-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "10" деген цифралар "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 77-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"77. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктардын ортосундагы келишимдер менен бекитилген форма боюнча келип түшкөн ведомосттордун негизинде күн сайын ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акча каражаттарын которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.";
- 78-пунктта:
биринчи абзацтагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинин экинчи абзацындагы "в течение" деген сөздөн кийин "от" деген сөз алып салынсын;
- 79-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"79. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу эмгекке жарамсыздык баракчасынын болушу жөнүндө маалыматтарды алуу мүмкүн болбогон учурда өтүнмөгө эмгекке жарамсыздык баракчасы кагаз түрүндө тиркелет.";
- 90-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аймактык бөлүм - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күндөн тартып туура дайындоо, өлчөмүн аныктоо үчүн;";
- төмөнкүдөй редакциядагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- ведомстволук бөлүм - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күндөн тартып өз убагында төлөө үчүн.";
- 91-пункттагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда Жалпы иш стажы сегиз жылдан кем болгон кызматкерге убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө үчүн документтердин тизмеси менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун жетинчи абзацындагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттун сегизинчи абзацындагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
экинчи абзацтагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он алтынчы абзацтагы "техникалык кемчиликтерге байланыштуу" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункттун биринчи абзацындагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз/өтүнмө аймактык бөлүм тарабынан каралат. Расымдык жөлөкпулдун эсептелген суммасы СЖКМТ аркылуу бекитилет жана төлөө үчүн ведомстволук бөлүмгө электрондук түрдө күн сайын жөнөтүлөт.";
- 15-пункттун үчүнчү абзацындагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 19-пунктта:
экинчи абзацтагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө келип түшкөн ведомосттордун негизинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктын ортосундагы келишимде бекитилген форма боюнча ведомстволук бөлүм тарабынан борборлоштурулуп, алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акчалай каражаттарды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.";
- 39-пункттагы "социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом ушул токтомдун 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 1-пунктунун 1-пунктчасынын жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-мартындагы № 22-23 (3471-3472) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |