Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 26-августу № 152
Убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- расмий тилдеги текстинин 2.2-пунктундагы, 2.4-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы, 4.1, 4.1.1, 4.1.3, 4.2.1, 4.3-пункттарындагы, 4.3.1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацындагы, 4.4 жана 4.4.2-пункттарындагы, 5-главанын аталышындагы, 5.1, 5.1.5.1, 5.1.5.2, 5.1.9-пункттарындагы, 5.1.10-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарындагы, 5.2.2, 5.5.1, 5.5.2, 5.5.6, 6.1-пункттарындагы, 6.1,1-пунктунун биринчи абзацындагы, 6.1.2-пунктунун биринчи абзацындагы "населения" деген сөз алып салынсын;
- 6.1.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6.1.3. Ички аудит бөлүмү тарабынан аймактык бөлүмдөрүндөгү мамлекеттик жөлөкпулдарды, 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөп берүүгө документтердин туура таризделиши жана катталышы боюнча комплекстүү текшерүү жүргүзүлөт. Ички аудит бөлүмүнүн адистери төмөнкүлөрдү текшерет:
- өтүнмөлөрдү каттоо журналын;
- эсеп жүргүзүүнүн жана отчет түзүүнүн тууралыгын;
- төлөмдөрдүн орду толтурулбаган суммалары боюнча жазуу журналын;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды 11-иш күнүнөн тартып жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн эмгекке жарамсыздык баракчаларынын жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктөрдүн болушун;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө боюнча менчиктин ар түрдүү формасындагы уюмдардын жана ишканалардын өтүнмөлөрүн.
Эмгек акы төлөө боюнча китептерди, жумуш убактысын каттоо табелин жана эмгекке жарамсыздык баракчаларын иш берүүчүнүн буйруктар китепчеси менен салыштыруу аркылуу кайчылаш текшерүү жүргүзүлөт";
- расмий тилдеги текстинин 6.1.4-пунктундагы, 6.2.3-пунктунун үчүнчү абзацындагы, 6.2.4, 6.3, 6.3.1, 6.3.2-пункттарындагы, 7-главанын аталышындагы, 7.1, 7.1.3, 7.1.4, 7.2, 7.3-пункттарындагы "населения" деген сөз алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр ушул токтомдун тиркемесине ылайык киргизилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 3-сентябрындагы N 93 жарыяланды
Төрага | У. А. Марипов |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 "Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктта:
расмий тилдеги текстиндеги "индивидуальным предпринимателям, осуществляющим предпринимательскую деятельность без образования юридического лица, членам крестьянских (фермерских) хозяйств," деген сөздөр "индивидуальным предпринимателям и членам крестьянских (фермерских) хозяйств, осуществляющим предпринимательскую деятельность без образования юридического лица," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан жарандарына, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларга катышкан өлкөлөрдүн жарандарына, тарыхый мекенине кайтып келген жана "кайрылман" статусун алган этностук кыргыздарга, ошондой эле менчигинин формасына жана ишинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын ишканаларында, уюмдарында жана мекемелеринде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулат.";
- 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"ведомстволук бөлүм - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдындагы калктын социалдык жактан аялуу катмарларына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону ишке ашырууга чакырылган ведомстволук бөлүм (Социалдык камсыз кылуу департаменти);";
- 4-пунктунун экинчи абзацы "бөлүмүнө" деген сөздөн кийин "(мындан ары - аймактык бөлүм)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдардын өлчөмүн аныктоодо иш күндөрүнүн саны жыл сайын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген иш убактысынын нормасына (өндүрүштүк календарь) ылайык аныкталат";
- 12-пунктундагы "иш жүзүндө иштелген иш күндөрүнүн (иш күн)" деген сөздөр "иш убактысынын нормасына ылайык иш күндөрүнүн (иш күн)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 14-пункту "эсептелген эмгек акыны" деген сөздөрдөн кийин "иш убактысынын нормасына ылайык" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пунктундагы "Убактылуу эмгекке жарамсыздык жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 16-пунктунун экинчи абзацы "кварталдык" деген сөзгө чейин "чегерилген" деген сөз менен толукталсын;
- 17-пунктунун экинчи абзацы "кварталдык" деген сөзгө чейин "чегерилген" деген сөз менен толукталсын;
- 24-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кош бойлуулук жана терет боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн документтерди кабыл алууда иш берүүчү эмгекке жарамсыздык баракчасын каттоо журналына жазат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: катар номери, кызматкер эмгекке жарамсыздык баракчасын иш берүүчүгө тапшырган датасы, кызматкердин фамилиясы, аты-жөнү, идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН), кызматы (кесиби, адистиги), жумуштун түрү, түзүмдүк бөлүмү, саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынын номери жана датасы, эмгекке жарамсыздык баракчасын берген саламаттык сактоо уюмунун аталышы, жумуштан бошотулган мезгил (канчанчы күндөн канчасына чейин), эмгекке жарамсыз күндөрүнүн саны. Журналда кошумча эки бош графа болот, аларды иш берүүчү өз ыктыяры менен керек болгон учурда толтурушу мүмкүн.";
- 39-пунктунун бешинчи абзацындагы "иш берүүчү менен эмгектик мамиледе болгон адамдардын баланы багуу боюнча өргүүдөгү мезгили" деген сөздөр "баланы багуу боюнча өргүүдөгү мезгили" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 47-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кызматкер убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду алууга башка адамга жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним катты берүү менен ага ыйгарым укук берүүгө укуктуу." деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-главасындагы 2, 3-параграфтар жана 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-§. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн зарыл болгон документтер
53. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн кызматкер иш берүүчүгө эркин түрдө жазылган арыз жана эмгекке жарамсыздык баракчасынын түп нускасын тапшырат.
54. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күндөн тартып дайындоо жана төлөө үчүн жеке ишкерлер, дыйкан чарбалардын мүчөлөрү, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга укуктуу расмий жумушсуздар аймактык бөлүмгө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн арыз менен кайрылышат.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуу үчүн кайрылган адамдардын ИЖНи болушу керек.
Арызга эмгекке жарамсыздык баракчасынын түп нускасы тиркелет.
Кол коюлган жана күчүнө кирген Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тиешелүү макулдашуулардын негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн керектүү төмөнкү маалыматтар электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат:
- арыз ээсинин жеке маалыматтары;
- жеке ишкердин мамлекеттик каттоо/кайра каттоосу жөнүндө маалыматы;
- патенттин негизинде иштеген адамдар үчүн патенттин маалыматы;
- эгерде дыйкан чарба өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзсө, жеке ишкердин мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматы;
- жер участогун (үлүшүн) пайдалануу/менчик же ижарага алуу укугу жөнүндө маалымат;
- никеси тууралуу маалымат (арыз ээсинин фамилиясы өзгөртүлгөн учурда).
Электрондук маалымкаттарды Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу тутуму аркылуу суроо техникалык бузууларга байланыштуу алуу мүмкүн болбогон учурда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоо үчүн жарандардан кагаз түрүндө маалымкат талап кылынат.
Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) ишинде техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, дело кийин СЖКМТга маалыматтарды киргизүү жана каттоо журналдарын түзүү менен кагаз жүзүндө түзүлөт.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн расмий жумушсуз кайрылган учурда, жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга анын укугу жөнүндө аймактык бөлүмдүн маалымкаты талап кылынбайт. Аны расмий жумушсуз катары эсепке алууда арыз ээсинин маалыматтары Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизилип, автономдуу режимде СЖКМТга киргизилет.
Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана ички ведомстволук маалыматтык алмашуу тутуму аркылуу алынуучу маалыматтар түзүлгөн макулдашууларга ылайык анык, туура болуп саналат жана документтердин кагаз түрүндөгү версияларына теңештирилет.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоо үчүн ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суратылган зарыл болгон маалыматтар, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, акысыз негизде берилет.
55. Эмгекке жарамсыздык баракчаларын берүү боюнча маалымат базасы түзүлгөнгө чейин, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо арыз ээси тарабынан кагаз жүзүндө берилген эмгекке жарамсыздык баракчасынын негизинде жүргүзүлөт.
56. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоого арызды берүү арыз ээлеринде квалификациялуу электрондук кол тамгасы болсо жана Идентификациянын бирдиктүү тутумунда катталган болсо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу да жүргүзүлөт.
3-§. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө документтерди каттоо жана сактоо
57. СЖКМТ базасында Электрондук анкета-арызды толтурууда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формалар боюнча Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөлөрүн каттоо журналында жана Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө жеке адамдардын арыздарын каттоо журналында автоматтык режимде каттоо жүргүзүлөт.
Каттоо журналдары ар бир беттин толтурулганына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес басып чыгарылат. Журналдын басып чыгарылган беттеринде аты-жөнүн жана басып чыгарылган датасын көрсөтүү менен аймактык бөлүмдүн жооптуу адисинин колу коюлат.
58. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн маалыматтар СЖКМТнын маалыматтар базасына киргизилет. СЖКМТда идентифицикация "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Идентификациянын бирдиктүү тутуму аркылуу жүргүзүлөт.
59. Кагаз түрүндө берилүүчү, б.а. мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүдө жок документтер аймактык бөлүмдөгү иштердин номенклатурасына ылайык 6 жыл сакталат.
Мында берилген эмгекке жарамсыздык баракчалар:
- кызматкерлердики - ишкананын, уюмдун жана мекеменин бухгалтериясында сакталат;
- жеке ишкерлердики, дыйкан чарба мүчөлөрүнүкү, расмий жумушсуздардыкы (түп нускасы) - аймактык бөлүмдө.";
- 60 жана 60-1-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төмөнкүдөй дайындалат:
- биринчи 10 иш күнү үчүн кызматкерге иш берүүчү (эмгек китепчеси анда турган) менен эмгектик келишим түзүлгөн негизги иштеген жери боюнча, ал эми 11-иш күнүнөн тартып иш берүүчүнүн өтүнмөсүнүн негизинде аймактык бөлүмдө;
- жеке ишкерге - катталган жериндеги/иш жүзүндө жашаган жериндеги/экономикалык ишти жүргүзгөн жериндеги аймактык бөлүмдө;
- дыйкан чарбанын мүчөсүнө - катталган/убактылуу жүргөн жериндеги аймактык бөлүмдө;
- расмий жумушсузга - расмий жумушсуз катары жүргөн жериндеги же жашаган жери боюнча аймактык бөлүмүндө.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз/өтүнмө тиешелүү документтер берилгенден кийин аймактык бөлүм тарабынан отчеттук айдын 20сына чейин 3 иш күндүн ичинде каралат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун эсептелген суммасы СЖКМТ аркылуу бекитилет, ал электрондук түрдө төлөөгө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнө (мындан ары - ведомстволук бөлүм) ай сайын отчеттук айдын 25ине чейин жөнөтүлөт.
60-1. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо үчүн өзгөчө абал режими киргизилген, белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдикте калкты тейлеген аймактык бөлүмдө арыздары/өтүнмөлөрдү кабыл алуу өзгөчө абал режими алып салынганга чейин токтотула турат.";
- 63-пунктунун 2-пунтчасындагы мамлекеттик тилдеги тексттеги "100" деген цифра "10" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 64-пунктундагы "убактылуу эмгекке жарамсыздык" деген сөздөр "кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 65-пунктта:
биринчи абзацындагы "жашаган жана" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй редакциядагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Мында бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн жөлөкпулдун өлчөмү райондук коэффициентти эске алуу менен аныкталат.";
- 7-параграфтын аталышы жана 77, 78, 79, 80-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-§. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө тартиби
77. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктардын ортосундагы келишимдер менен бекитилген форма боюнча борборлоштурулган келип түшкөн ведомосттордун негизинде ай сайын 25инен 30уна чейин ведомстволук бөлүм тарабынан ишке ашырылат.
Ведомстволук бөлүм ай сайын 25инен 30уна чейин алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине акча каражаттарын которот.
78. Кызматкерге биринчи он иш күнү үчүн кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул эмгек акы менен бирге иш берүүчүнүн өздүк каражаттарынан төлөнөт, ал эми он биринчи иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул юридикалык жактардын кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун эсептелген өлчөмүн көрсөтүү менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө эки нускадагы өтүнмөлөрдүн (мындан ары - Өтүнмө) негизинде социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча ведомстволук бөлүмдөр тарабынан төлөнөт.
Мында, иш берүүчү кызматкерден эмгекке жарамсыздык баракчасын алгандан кийин кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып өз убагында төлөө үчүн аймактык бөлүмгө 3 иш күндүн ичинде 2 нускада өтүнмөнү тапшырууга тийиш.
79. Өтүнмөгө ишкананын, уюмдун, мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмгекке жарамсыздык баракчасынын көчүрмөсү тиркелет.
Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин аймактык бөлүм тарабынан күбөлөндүрүлгөн бир нускасы иш берүүчүгө кайра берилет.
Иш берүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып төлөө үчүн аймактык бөлүмгө Өтүнмө бербестен эле кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду толук өлчөмүндө өздүк каражаттарынын эсебинен төлөп берүүгө укуктуу.
80. Арыз ээси кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду алууну башка адамга жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык (ооруган, аракетке жөндөмсүз учурларда же арыз ээси башка жакка чыгып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурларда) таризделген ишеним катты берүү менен ага ыйгарым укук берүүгө укуктуу.";
- 85 жана 86-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"85. Эгерде төрөт учурунда/төрөттөн кийин аял каза болуп, ал эми бала тирүү калса, анда кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул толугу менен төлөнөт.
86. Эгерде аял баланы төрөй электе көз жумса, жөлөкпул төрөткө чейинки өргүү мезгилине гана төлөнөт. Эгерде жөлөкпул толугу менен төлөнсө, төлөнгөн жөлөкпул кайтарылбайт.";
- 90 жана 91-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"90. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр жоопкерчилик тартат:
- иш берүүчү - убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмдөрүн туура эсептөө жана өз убагында төлөө, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып төлөөгө Өтүнмөнү өз убагында аймактык бөлүмгө берүү үчүн;
- аймактык бөлүм - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып туура дайындоо, өлчөмүн аныктоо жана өз убагында төлөө үчүн.
91. Кызматкерлерге, жеке ишкерлерге, дыйкан чарбалардын мүчөлөрүнө, расмий жумушсуздарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду он биринчи иш күнүнөн тартып төлөөнү өз убагында каржылоо үчүн жоопкерчиликти социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын ведомстволук бөлүмү тартат.";
- 99-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"99. Кызматкер кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү аяктаганга чейин мөөнөтүнөн мурда жумушка чыккан учурда, эгерде баланын дени сак болсо, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун 11-иш күнүнөн тартып ашыкча төлөнгөн суммасы иш берүүчү тарабынан кызматкердин эмгек акысынан кармап алынат. Кармап алынган сумма кийинки айдын Өтүнмөсүнө кошулат.
Кызматкер мөөнөтүнөн мурда жумушка чыккандыгына байланыштуу кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулга ашыкча төлөнгөн суммаларды кайтаруу боюнча жоопкерчилик иш берүүчүгө жүктөлөт.";
- 103-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"103. Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдарды жана кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды дайындоонун жана төлөөнүн тууралыгын контролдоо ведомстволук жана аймактык бөлүмдөргө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары берилген башка органдарга тапшырылат.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомго 2-тиркеме ушул тиркеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
|
| Тиркеме |
|
| "2-тиркеме |
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) сөөк коюуну уюштурууда тарткан чыгымдардын ордун жарым-жартылай толтуруу үчүн жарандарга расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоонун жана төлөөнүн тартибин регламенттейт.
Ушул Жобо төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
- коргоо, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар тутумунун аскер кызматчыларына, улуттук коопсуздук органдарынын, жазаларды аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин, ички иштер органдарынын, финансылык полициянын, бажы органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт, буга жогоруда аталган ведомстволордун эркин жалданган кызматкерлери кирбейт;
- кызматтык милдеттерин аткаруу учурундагы мертинүүгө, кесиптик ооруга же ден соолугуна келтирилген башка зыянга байланыштуу каза болгон кызматкерлерге. Эмгек мыйзамдарына ылайык жабыркаган адамдын өлүмүнө байланыштуу зыян келтиргендиги үчүн жооптуу иш берүүчү сөөк коюуга чыгым тарткан адамдын зарыл чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү. Чыгымдардын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тарабынан аныкталат;
- сот тарабынан дайынсыз жоголду деп таанылган жана каза болду деп жарыяланган жарандарга.
2. Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат:
жумушсуздар - эмгекке жарамдуу курактагы, жумушу же орношуп иштеген ишмердикке теңештирилген иши жок, эмгек акысы (кирешеси) жок, ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана анда иштөөгө даяр жарандар;
арыз ээси - каза болгон адамдын сөөгүн иш жүзүндө койгон адам (үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же туугандык даражасына карабастан башка адамдар);
жеке ишкер - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жеке адам;
дыйкан (фермердик) чарба (мындан ары - дыйкан чарба) - юридикалык жактын статусуна ээ болгон, же өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзүүчү, иши басымдуу түрдө айыл чарба продукциясын чогуу өндүргөн бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туугандардын жана башка адамдардын эмгегине негизделген өз алдынча чарбалык субъект, ал дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогунан жана башка мүлктөн турат;
расмий жумушсуздар - эмгекке жарамдуу курактагы, калкты ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик кызмат органдарында жумушу же иштеген жумушка барабар болгон иши жок катары катталган, эмгек акысы (кирешеси) жок, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана анда иштөөгө даяр жарандар;
ведомстволук бөлүм - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдындагы калктын социалдык жактан аялуу катмарларына натыйжалуу жана даректүү социалдык коргоону ишке ашырууга чакырылган ведомстволук бөлүм (Социалдык камсыз кылуу департаменти);
кызматкер - иш берүүчү менен эмгектик келишим түзгөн жеке адам;
иш берүүчү - кызматкер менен эмгектик мамилеге кирген жеке жак же юридикалык жак (уюм);
расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул - сөөк коюуну уюштурууда тарткан чыгымдардын айрым бөлүгүн толуктоо үчүн төлөнүүчү жөлөкпул;
расымдык кызматтар - каза болгонду көмүүгө байланыштуу кызматтар;
орточо айлык акы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленүүчү, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду эсептөө үчүн өткөн жылдагы орточо айлык акынын өлчөмү;
дыйкан чарбанын мүчөлөрү - чарбаны чогуу жүргүзгөн жубайлар, балдар, ата-энелер, туугандар жана башка адамдар. Дыйкан чарба менен түзүлгөн эмгектик мамилеси Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамы менен жөнгө салынуучу дыйкан чарбасында жалданып иштеген жарандар дыйкан чарбанын курамына кирбейт. Дыйкан чарба бир адамдан турушу мүмкүн.
3. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк эсептелет.
Чет мамлекеттер тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындоо үчүн негиз болуп эсептелбейт.
2-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоого укук
4. Арыз ээси Кыргыз Республикасында жашап жана иштеген, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашуулардын катышуучулары болгон өлкөлөрдүн жарандарынын төмөнкү категорияларына кирген адамдар каза болгон учурда тастыктоочу документтерди тапшырганда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алууга укуктуу:
- кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- жеке ишкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- дыйкан чарбанын мүчөсү же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- социалдык жөлөкпул алган адам (мындан ары - социалдык жөлөкпулду алуучу) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.
Мында расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн арыздарды/өтүнмөлөрдү кабыл алуу өзгөчө абал режими киргизилген белгилүү бир администрациялык-аймактык бирдикте калкты тейлеген социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттин аймактык бөлүмдөрүндө (мындан ары - аймактык бөлүм), өзгөчө абал режими алынганга чейин токтотула турат.
5. Багуусунда турган эмгекке жарамсыз адамдар деп төмөнкүлөр эсептелет:
- он сегиз жашка чыга элек жашы жете электер, анын ичинде эмчектеги ымыркайлар, туулган учурдан тартып (асырап алган балдар, өгөй уул жана өгөй кыздар), ошондой эле окутуунун күндүзгү формасындагы кесиптик баштапкы, орто жана/же жогорку билим берүүчү уюмдарда окуган, он сегиз жаштагы жана андан уулу, бирок жыйырма үч жаштан ашпаган курактагы окугандар;
- он сегиз жашка чыга элек эже-сиңдилер, ага-инилер, неберелер, эгерде алардын жумушка жарамдуу ата-энелери жок болсо;
- эгерде адам каза болгон учурда ата-энеси, күйөөсү, аялы ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болуп эсептелсе.
Эгерде каза болгон багуучунун үй-бүлө мүчөлөрү анын толук багуусунда турушкан болсо (эгерде каза болгон адамдын таап берген каражаты бул адамдар үчүн жашоонун негизги жана туруктуу булагы болуп эсептелген болсо) анын багуусунда тургандар деп таанылат.
6. Эмгек акыга кошумча коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.
3-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн зарыл болгон документтер
7. Кызматкер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн арыз ээси иш берүүчүгө эркин түрдө жазылган арыз, каза болгон кызматкердин идентификациялык жеке номерин (мындан ары - ИЖН) жана Кыргыз Республикасынын калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн тапшырат.
Ушул Жобонун 4-пунктунун үчүнчү-жетинчи абзацтарында көрсөтүлгөн адамдар каза болгон учурларда арыз ээлери аймактык бөлүмгө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген формадагы расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоого арыз менен кайрылышат.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындоо үчүн кайрылган адамдарда каза болгон жарандын ИЖН жана арыз ээсинин паспорту болушу керек.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн төмөнкү маалыматтар кол коюлган жана күчүнө кирген Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө тийиштүү макулдашуулардын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдардан электрондук форматта суратылат:
- арыз берүүчүнүн жеке маалыматтары;
- каза болгондугу тууралуу акты жазуусунун маалыматтары;
- жеке ишкерди мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматтар;
- патенттин негизинде иштеген жактар үчүн патенттин маалыматтары;
- эгерде дыйкан чарба өзүнүн ишин юридикалык жакты түзбөстөн жүргүзсө, жеке ишкердин мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө маалыматы;
- жер участогун (үлүшүн) пайдаланууга/менчикке алуу укугу же ижарага алуу келишиминен маалымат;
- никеси тууралуу маалымат (арыз ээси фамилиясын өзгөрткөн учурда).
Социалдык жөлөкпул алуучу же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учур боюнча аймактык бөлүм тарабынан өздүк делого кошумча социалдык жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалымкат тиркелет. Социалдык жөлөкпул алуучунун статусу Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун (мындан ары - СЖКМТ) алкагында ички Ведомстволук электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу аныкталат.
Расмий жумушсуз же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда, жумушсуздун же анын багуусундагынын каза болгон учурга карата жумушсуздук боюнча жөлөкпул алууга анын укугун ырастаган аймактык бөлүмдүн маалымкаты талап кылынбайт. Аны расмий жумушсуз катары эсепке алууда арыз ээсинин маалыматтары Эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна киргизилет, алар автономдуу режимде СЖКМТта көчүрүлөт.
Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана ички Ведомстволук маалыматтык алмашуу тутуму аркылуу алынуучу маалыматтар түзүлгөн макулдашууларга ылайык анык, туура болуп саналат жана документтердин кагаз түрүндөгү версияларына теңештирилет.
Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суратылган, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн зарыл болгон маалыматтар, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, акысыз берилет.
Электрондук маалымкаттарды Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу тутуму аркылуу суроо техникалык кемчиликтерге байланыштуу алуу мүмкүн болбогон учурда, жарандардан расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн маалымкаттар кагаз жүзүндө талап кылынат.
СЖКМТ ишинде техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан учурда, дело кийин СЖКМТта маалыматтарды киргизүү жана каттоо журналдарын түзүү менен кагаз жүзүндө түзүлөт.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоого арызды берүү арыз ээлеринде квалификациялуу электрондук кол тамгасы болсо жана Идентификациянын бирдиктүү тутумунда катталган болсо электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу дагы жүргүзүлөт.
4-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жөнүндө документтерди каттоо жана сактоо
8. СЖКМТ базасында электрондук анкета-арызды толтурууда арыз ээси автоматтык режимде социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формалар боюнча Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөлөрүн каттоо журналында жана расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөгө жеке жактардын арыздарын каттоо журналында катталат.
Каттоо журналдары ар бир беттин толтурулганына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес басып чыгарылат. Журналдын басып чыгарылган беттеринде аты-жөнүн жана басып чыгарылган датасын көрсөтүү менен аймактык бөлүмдүн жооптуу адисинин колу коюлат.
9. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо үчүн маалыматтар СЖКМТта киргизилет. СЖКМТда идентификациялоо "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык Идентификациянын бирдиктүү тутуму аркылуу жүргүзүлөт.
5-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү жана каржылоо булактары
10. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 192 "Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык республикалык бюджеттин каражатынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөнөт:
1) орточо айлык эмгек акынын 100 пайыз өлчөмүндө - иштеген адам каза болгон учурда;
2) орточо айлык эмгек акынын 50 пайыз өлчөмүндө - төмөнкүлөр каза болгон учурда:
- жеке ишкер;
- дыйкан чарбанын башчысы же эрезеге жеткен мүчөсү;
- расмий жумушсуз;
- иштеген адамдын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- социалдык жөлөкпул алуучу;
3) орточо айлык эмгек акынын 20 пайыз өлчөмүндө - төмөнкүлөр каза болгон учурда:
- жеке ишкердин багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- дыйкан чарбанын башчысынын же эрезеге жеткен мүчөсүнүн багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- расмий жумушсуздун багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- социалдык жөлөкпул алуучунун багуусундагы үй-бүлө мүчөсү;
- жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү.
11. Шаарлардын мэриялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 192 "Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду эсептөө үчүн орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй төлөшөт:
- орточо айлык эмгек акынын 50 пайыз өлчөмүндө - социалдык жөлөкпул алуучу каза болгон учурда;
- бир айлык орточо эмгек акынын 20 пайыз өлчөмүндө - төмөнкүлөр каза болгон учурда:
социалдык жөлөкпул алуучунун багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү;
жумушсуз адам же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда.
12. Жаңы белгиленген өлчөмдө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акынын жаңы өлчөмү белгиленген учурда жүргүзүлөт.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө жана жеткирүү менен байланышкан чыгымдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо тартиби
1-§. Расымдык жөлөкпулду (сөөк коюуга) республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен дайындоо тартиби
13. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду бир нече негиздер боюнча алууга укугу бар арыз ээлерине алардын тандоосуна жараша бир гана негиз боюнча жөлөкпул дайындалат жана төленөт.
Иштеген эки адамдын же башка категориялардын (атасы жана энеси) багуусундагы адам каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алардын тандоосу боюнча бирөөнүн иштеген жеринен же аймактык бөлүм аркылуу төлөнөт.
14. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жөнүндө арыз/өтүнмө аймактык бөлүм тарабынан отчеттук айдын 20сына чейин 3 иш күндүн ичинде каралат. Чегерилген жөлөкпулдун суммасы СЖКМТ аркылуу бекитилип, ал электрондук түрдө төлөөгө социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнө (мындан ары - ведомстволук бөлүм) ай сайын отчеттук айдын 25ине чейин жөнөтүлөт.
15. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алуу үчүн кайрылуу каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилсе дайындалат жана төлөнүп берилет.
Эгерде каза болгондугу тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде арыз ээси/жумуш берүүчү жүйөлүү себептер боюнча (оору, аракетке жөндөмсүз, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал, күбөлүк берүүнү кечиктирүү, соттук териштирүүлөр, камкорчулукту/көзөмөлчүлүктү белгилөө, жашаган жерин алмаштыруу, каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн дубликатын берүү) аймактык бөлүмгө кайрыла албаса, анда өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынгандан кийин алты айдан кечиктирбестен кайрылуу берилгенде дайындалат жана төлөнөт.
Мында расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жөнүндө чечим төлөмдөрдү каржылаган орган - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кабыл алынат.
16. Айрым учурларда, эгерде каза болгон адамды көмүү Кыргыз Республикасынын башка регионунда жүргүзүлгөн болсо, анда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул арыз ээсинин жашаган жери боюнча аймактык бөлүм тарабынан дайындалышы мүмкүн (эгерде каза болгон адамдын жашаган жери шаарда болбосо).
17. Бир региондон башка регионго көчүп келген дыйкан чарбанын мүчөсү, социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул аймактык бөлүм тарабынан арыз ээсинин жашаган жери боюнча төлөнөт.
18. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуучу башка адамга жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык (ооруган, аракетке жөндөмсүз учурларда же арыз ээсинин башка жакка чыгып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурларда) таризделген ишеним каттын негизинде ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
2-§. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө тартиби
19. Кызматкер же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык эмгек келишимин түзгөн иш берүүчү тарабынан негизги иштеген жери боюнча дайындалат.
Кызматкер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө үчүн иш берүүчү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөгө юридикалык жактардын өтүнмөнү (мындан ары - Өтүнмө) эсептелген расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмүн көрсөтүү менен аймактык бөлүмгө эки нускада берет.
Өтүнмөгө ишкананын, уюмдун, мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү тиркелет.
Өтүнмөнү кабыл алгандан кийин аймактык бөлүм күбөлөндүргөн бир нускасы иш берүүчүгө кайра берилет.
Иш берүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнгөн расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулга аймактык бөлүмгө өтүнмө бербөөгө укугу бар.
20. Жеке ишкер, дыйкан чарбанын мүчөсү, расмий жумушсуз, жумушсуз адам жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул ведомстволук бөлүм тарабынан төлөнөт.
21. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө келип түшкөн ведомосттордун негизинде социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен банктын ортосундагы келишимде бекитилген форма боюнча ведомстволук бөлүм тарабынан борбордоштурулган түрдө жүзөгө ашырылат.
Ведомстволук бөлүм ай сайын 25инен 30уна чейин расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөгө акча каражаттарын алуучулардын банктагы транзиттик эсептерине которот.
3-§. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо тартиби
22. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары каза болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алуу үчүн арыз ээлери арыз менен аймактык бөлүмгө каза болгон адамдын ИЖНин көрсөтүү менен кайрылышат.
23. Эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларга катышуучу өлкөлөрдүн чет өлкөлүк жаранынын өлгөндүгүнүн фактысы чет өлкөдөн катталса, анда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындалбайт.
24. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул каза болгон адамдын категориясына жараша 10, 11-пункттар менен белгиленген өлчөмдөрдө аймактык бөлүмдөр тарабынан дайындалат.
4-§. Социалдык стационардык мекемеде же түзөтүү мекемесинде жүргөн социалдык жөлөкпул алуучу каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө тартиби
25. Эгерде социалдык стационардык мекемеде жашаган жаран социалдык жөлөкпул алуучу болсо, анда анын каза болгондугу боюнча расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул аймактык бөлүм тарабынан дайындалат. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ведомстволук бөлүм же шаардык аймактык башкармалыгынан төлөнөт.
26. Эгерде социалдык жөлөкпул алуучунун сөөгү республикалык бюджеттен каржылануучу социалдык стационардык мекеме тарабынан коюлса, анда сөөк коюуну уюштурууга чыгымдардын булагы мекеменин бюджетинин чыгымдар сметасында каралган каражаттар болуп саналат.
Социалдык стационардык мекемелерде жашаган, пенсия же социалдык жөлөкпул алганга укугу жок жарандардын сөөгүн коюу (эгерде каза болгон жарандын туугандары анын сөөгүн өздөрү көмүүнү каалашпаса) социалдык стационардык мекемелер тарабынан ишке ашырылат.
Бул максаттарга сарпталуучу чыгымдар социалдык стационардык мекемелердин бюджетинде (чыгымдар сметасында) республикалык бюджеттин каражаттарынан каралышы керек.
27. Эгерде түзөтүү мекемесинде жүргөн социалдык жөлөкпул алуучунун сөөгү жазаны аткаруу мекемеси тарабынан коюлса, бул мекемеге расымдык жөлөкпулду (сөөк коюуга) дайындоо аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
5-§. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен дайындоонун, төлөөнүн жана каржылоонун тартиби
28. Шаарларда жашаган социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам, ошондой эле алардын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан дайындоо, төлөө жана каржылоо төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) арыз ээси социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз же алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн каза болгон адамдын жашаган жериндеги шаардык аймактык бөлүмгө каза болгон адамдын ИЖН жана арыз ээсинин паспортун тиркөө менен арыз берет;
2) шаардык аймактык бөлүм жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө үчүн керектүү суммага өтүнмө даярдайт жана мамлекеттик финансыны башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шаардык аймактык органына (мындан ары - финансыны башкаруу тармагындагы шаардык аймактык орган) тапшырат;
3) шаардын мэриясы шаардык аймактык бөлүмдүн расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөөсү жөнүндө чечим чыгарат жана финансыны башкаруу тармагындагы шаардык аймактык органга зарыл болгон каражатты шаардык аймактык бөлүмдүн Казыналыктын региондук бөлүмүндө ачылган алыш-бериш эсебине которууга тапшырма берет;
4) Казыналыктын региондук бөлүмү финансылык каражатты шаардык аймактык бөлүмдүн алыш-бериш эсебине которот;
5) шаардык аймактык бөлүм банктагы алыш-бериш эсебинен акча каражатын алып, аны кассага кириштейт, андан кийин расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду арыз ээсине берет;
6) эгерде шаардык аймактык бөлүмдүн бюджетинде жарандарга берилүүчү расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулга каражат каралган болсо, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул шаарлардын мэрияларынын чечимин кабыл албастан эле, жергиликтүү бюджеттин чыгымдар сметасынын даректүү социалдык жардамга жумшалуучу беренесинин эсебинен төлөнөт.
29. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуучу башка адамга жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним каттын негизинде ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул банкка которулуп же байланыш филиалдары аркылуу (анын ичинде убактылуу жашаган жери боюнча) жөнөтүлүп, төлөнсө болот.
7-глава. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана берүү үчүн жоопкерчилик жана аны контролдоо
30. Иштеген адамдар жана алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура дайындалышы, өз убагында төлөнүшү жана ушул максатка жумшалышы үчүн жоопкерчиликти иш берүүчү, ведомстволук бөлүм тартат, мында коомдук контроль кесиптик бирликтерге же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына (мындан ары - кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары) жүктөлөт.
31. Эгерде расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду эсептөөдө жаңылуудан же расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду эсептеген кызматкер тарабынан кыянаттык менен пайдалануунун (документтерди оңдоп коюу, кырып өчүрүү) натыйжасында ашыкча төлөнгөн болсо, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасы кармалып калат.
32. Иш берүүчүнүн же аймактык бөлүмдүн эсептөөдөгү жаңылуусунан улам ашыкча төлөнгөн каражатты кайра алуу жөнүндө чечими расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул дайындалган күндөн баштап үч айдан кечиктирбестен чыгарылышы мүмкүн, ал эми кыянаттык кылуунун натыйжасында ашыкча төлөнгөндү кайра алуунун мөөнөтү чектелбейт.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасы күнөөлүү адамдын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке өндүрүлүүгө тийиш.
Эгерде кызматкер ал ишканада, уюмда, мекемеде иштебей калса, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасы сот тартибинде өндүрүлөт.
33. Өндүрүү кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын чечиминин негизинде күнөөлүү адамдын айлык акысынын 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө кармалат.
Иш берүүчүнүн күнөөсү боюнча ага ашыкча төлөнгөн сумманын ордун толтуруу жөнүндө өкүлчүлүктүү органдын чечимине күнөөлүү адам макул болбогон учурда, ашыкча төлөнгөн сумманы иш берүүчү өзү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке төгүүгө тийиш.
34. Иш берүүчү тарабынан колдонуудагы ченемдерди бузуу менен төлөнүп жана республикалык бюджетке зыян келтирген расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдар боюнча чыгымдарды аймактык бөлүм эсепке кабыл албайт жана иш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен жабылат.
Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөөгө бөлүнгөн каражаттарды негизсиз коромжу кылган, ошондой эле аны дайындоодо кыянаттык жасаган адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик чаралары колдонулат.
35. Башка категориялардагы адамдар каза болгон учурда (кызматкер жана анын багуусундагылар каза болгондон башка учурларда) расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура дайындалышы, өз убагында төлөнүшү жана бул максаттарга жумшалышы үчүн жоопкерчиликти аймактык бөлүмдөр тартышат.
36. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам, ошондой эле алардын багуусунда турган үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура дайындалышы, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдарды төлөөнүн өз убагында каржыланышы үчүн жоопкерчиликте болушат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдошот.
37. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура дайындалышы жана өз убагында төлөнүшү төмөнкүдөй контролдонот:
- иштеген адамдар каза болгон учурда - иш берүүчү, ведомстволук бөлүм, аймактык бөлүмдөр тарабынан;
- жеке ишкер, дыйкан чарбанын мүчөсү, расмий жумушсуз жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда - ведомстволук бөлүм, аймактык бөлүмдөр тарабынан;
- социалдык жөлөкпул алуучу, жумушсуз адам жана алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон учурда - ведомстволук бөлүм, аймактык бөлүмдөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан.
38. Иштеген жарандар расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоонун жана төлөөнүн шарттары менен макул болбогон, расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду каржылоо кечиктирилген учурда салыштырып текшерүү жүргүзүлгөндө аймактык бөлүмдүн талабы боюнча иш берүүчү контролдоо үчүн төмөнкүдөй документтерди берет:
- расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө боюнча;
- эсептик-кассалык операциялар боюнча;
- буйруктарды;
- эмгектик келишимдерди.
39. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун туура эмес дайындалганы же дайындалган жөлөкпулду төлөө кечиктирилгени боюнча жарандардын кайрылуулары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет.
40. Жарандардын расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду дайындоо жана төлөө маселелери боюнча кайрылуулары, арыздары жана даттануулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.".