Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-сентябры № 441
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Жумабеков, Т.А.Масабиров, Т.И.Икрамов, А.А.Арапбаев, Т.Т.Мамытов, У.С.Чолпонбаев, А.Ж.Акматов, А.М.Эргешов, Н.К.Макеев тарабынан демилгеленген "Ишкердик субъекттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 441 токтому менен жактырылган |
"Ишкердик субъекттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Д.А.Жумабеков, Т.А.Масабиров, Т.И.Икрамов, А.А.Арапбаев, Т.Т.Мамытов, У.С.Чолпонбаев, А.Ж.Акматов, А.М.Эргешов, Н.К.Макеев тарабынан демилгеленген "Ишкердик субъекттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүн: прокурор мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөөдө жазык сот өндүрүшүнүн жана укук коргоо органдары изин суутпай издөө ишинин алкагында жана салык кызматынын органдары салык мыйзамдарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыларды каттоого жана эсепке алууга укуктуу деген жобо менен толуктоо сунушталган.
Бул жерде белгилеп кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда аталган беренеси мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын көзөмөлдөөдөгү прокурордун укуктарын аныктайт. Ошентип, иш жүзүндө прокуратура органдарына текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо жана эсепке алуу жөнүндө чечимди алардын кароосуна жараша кабыл алуу же кабыл албоо укугу берилүүдө.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды прокуратура органдарында алдын ала каттоонун милдеттүүлүгүн белгилөө сунушталууда.
Мында Мыйзамдын долбоорунда прокуратура органдары тарабынан текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоодон баш тартуу, ошондой эле баш тартуунун негиздерине жана натыйжаларына байланышкан маселелер жөнгө салынган эмес.
Аталган маселелердин жөнгө салынбашы, ошондой эле прокурорлорго текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо жана эсепке алуу укугун бергенде ушул дискрециялык ыйгарым укуктар прокуратура органдарына каттоого байланыштуу ар кандай жагдайларды өзүнүн каалоосуна жараша чечмелөөгө мүмкүндүк берип калышы мүмкүн.
Мындан тышкары, актыларды каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү жол-жобосу бузулаары же бузулбасы ачык эмес бойдон калууда.
Ошондой эле текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыны каттоодо, текшерүүнү дайындоо жөнүндө актыларды каттоо жана эсепке алуу көзөмөлдөө ыкмаларынын бири боло алабы деген суроодон улам прокурордук көзөмөлдүн предмети жөнүндө маселе пайда болот.
Аталган өксүктөр келечекте укук коргоо жана салык органдарынын өз ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна терс таасирин тийгизип, ыкчам иш-чараларды тез арада жүргүзүү зарыл болгондо бюрократиялык тоскоолдуктарды пайда кылып, ошондой эле прокуратура органдары үчүн коррупциялык шарттардын жаралышына алып келиши мүмкүн.
Жогоруда белгиленгендерге ылайык, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде каттоо тартибин деталдаштыруу, же болбосо баш тартуу укугусуз каттоого милдеттендирүүнү караштыруу керек.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 100-беренесин салыктык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө көрсөтмө кат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте прокуратура органдарында катталат деген жобо менен толуктоо сунушталган.
Бирок, Салык кодексинин 103-беренесине ылайык, көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн салык кызматынын органынын жетекчиси салык органында көрсөтмөнү каттоо датасын жана каттоо номерин камтыган белгиленген формадагы көрсөтмөгө кол коёт.
Салыктык текшерүүлөр көчмө жана камералык текшерүүлөр болуп бөлүнөт. Мында Салык кодексинин 107-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченемге ылайык, камералык текшерүү салык органынын жетекчисинин кандайдыр бир атайын чечимисиз жүргүзүлөт. Демек, салык кызмат органы көрсөтмө катты көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө гана тариздейт.
Мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу ченемдик укуктук актыдагы ички карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн.
Буга байланыштуу, ишкердик субъекттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо максатында, каттоого тиешелүү киргизилип жаткан толуктоолорду салык кызмат органдарында мурда текшерилген салык төлөөчүнүн салыктарды туура эмес чегерген фактысын күбөлөндүргөн, документ менен тастыкталган маалыматтар алынган жана/же бар болгон учурда пландан тышкаркы көчмө текшерүүгө жана кайра текшерүүгө карата гана белгилөө максатка ылайыктуу.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана Салык кодексинин 100-беренесинде салыктык текшерүүлөр жөнүндө түшүнүктөр жана текшерүүлөрдүн түрлөрү аныкталганын, ал эми көчмө текшерүү жүргүзүүгө көрсөтмө кат Салык кодексинин 103-беренесинде каралганын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1) 103-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Салык кызмат органдары алган, мурда текшерилген салык төлөөчүнүн салыктарды туура эмес чегерген фактысын күбөлөндүргөн, документ менен тастыкталган маалыматтардын негизинде дайындалган пландан тышкаркы көчмө текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүү жөнүндө көрсөтмө каттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте прокуратура органдарында катталууга тийиш.
Прокуратура органдарында каттатпастан көчмө текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү администрациялык жоопкерчилик жөнүндө жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.".
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 93-беренесине ылайык, рейддик салык контролу - бул Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышы үчүн салык контролдоонун түрлөрүнүн бири.
Рейддик салык контролун жүргүзүү Салык кодексинин 108-беренеси менен жөнгө салынат, мында бул контролдун чегинде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы текшерилет.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана рейддик салык контролу салыктык текшерүүнүн түрү эмес, салыктык контролдоонун түрлөрүнүн бири гана экенин, ал Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын оперативдүү контролдоо үчүн зарылдыгын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүн алып салуу сунушталат.
3. Мыйзамдын долбоорунун "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган 3-беренеси боюнча, сунушталып жаткан оңдоолор аталган Мыйзамдын 4-беренесинде белгиленген изин суутпай издөө ишинин принциптерине (жашырындык, маалымдуу жана маалымдуу эмес методдорду жана каражаттарды айкалыштыруу) толук жооп бербестигин белгилөө керек.
Мыйзамдын долбоору ишкердик субъекттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында аларды текшерүүнү системалаштырууга жана тартипке келтирүүгө багытталган, ал эми оперативдүү текшерүү кылмыштарга бөгөт болуу жана бетин ачуу, ошондой эле кылмышкерлерди издөө үчүн жүргүзүлөт.
Мисалы, аталган Мыйзамдын 2-беренесинде ыкчам текшерүү деп, - даярдалып жаткан же жасалган (жасалып жаткан) кылмыштардын белгилери жөнүндө негиздүү маалыматтар болгондо кылмыштарга бөгөт коюу же, ошондой эле жашырынып кеткен кылмышкерлерге карата алганда, көрсөтүлгөн максаттарга башка жол менен жетүүгө мүмкүн болбогондо же өтө кыйын болгондо аларды издеп табуу үчүн жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө чараларынын комплексин жүзөгө ашыруу дегенди билдирет.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 7-беренесинде укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү изин суутпай издөө иш-чараларынын 21 түрү каралган.
Мында Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин контекстинен алганда, ар кандай изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү прокуратура органдарында катталууга тийиш болот.
Ыкчам текшерүү болсо, эреже катары, жашыруун жана конспирация эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Антпесе, изин суутпай издөө процессинин актуалдуулугу жана зарылдыгы жоголот.
Буга байланыштуу, түшүнүктөрдү алмаштыруу мүмкүндүгүн болтурбоо үчүн текшерүүнүн эки түрүн (алардын арналышына жараша - финансылык-чарбалык ишти изилдөөгө багытталган текшерүүлөрдү жана кылмыштарды аныктоого/алдын алууга багытталган текшерүүлөрдү) так чектөө зарылдыгы пайда болот, анткени арналыштары боюнча эки башка болгон текшерүүлөргө бирдей мамиле кылууда мыйзамда карама-каршылыктар болушу мүмкүн.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде "рейддик текшерүү" түшүнүгү колдонулган, ал салык мыйзамдарында колдонулат жана "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган эмес.
Айтылгандарды эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесин ыкчам текшерүүнүн чегинде жүргүзүлүүчү баардык изин суутпай издөө иш-чараларын, же иш-чаралардын айрым категориясын каттоо зарылдыгын аныктоо, ошондой эле "рейддик текшерүү" түшүнүгүнө түшүндүрмө берип жана аны "ыкчам текшерүүдөн" айырмалап бөлүү жагынан толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренеси менен "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишкердик субъекттерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү дайындоо жөнүндө актыларды каттоого тийиштүү 19-пункт менен толуктоо сунушталууда.
Ал эми аталган Мыйзамдын 16-беренесинде улуттук коопсуздук органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруудагы укуктарынын аныкталганына көңүлдү бурабыз. Буга байланыштуу, Мыйзамдын долбоору менен сунушталып жаткан толуктоо бул берененин жөнгө салуу предметинен чыгып кетет.
5. Мыйзамдын долбоорунун 6 жана 7-беренелери менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимдерди прокуратура органдарында каттатпастан текшерүү жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчиликти кароо жөнүндө оңдоолорду киргизүү сунушталган.
Мында Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинде белгиленген толуктоолорду Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин байланышты пайдалануу жана телекоммуникация тармактарын эксплуатациялоо эрежелерине тиешелүү администрациялык эреже бузууларды аныктаган 21-главасында караштыруу сунушталууда, ал глава болсо 272-4-берененин сунушталган редакциясына ылайык келбейт.
Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, 272-4-беренесинин сунушталган редакциясына ылайык, укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү эрежени сактабай жүргүзүшкөндүгү үчүн администрациялык жоопкерчилик пайда болот. Аталган берененин текстинен кайсыл эрежелерди бузуу жөнүндө сөз болуп жаткандыгын аныктоо мүмкүн эмес, анткени бул түшүнүк жалпы болгондуктан, практикада кандай гана болбосун эрежени бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунда иштердин ушул категориясын кароо ыйгарым укугу берилүүчү орган аныкталган эмес.
Мында көңүл буруучу нерсе, кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 400-беренесинде каралган.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 556-1-беренесине ылайык, 400-берене боюнча администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду прокуратура органдары түзүшөт, ал эми ушул администрациялык протоколдорду судьялар Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 508-беренесине ылайык карашат.
Ошондой эле, кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303 "Коррупция", 304 "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", 305 "Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" статьялары боюнча кылмыштын курамына жараша квалификацияланышы мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Укук коргоо жана салык органдарынын кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү белгиленген тартипти бузуу менен жүргүзүшүнүн өзү ишкердик субъекттердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын бузуу болуп саналат.
Буга байланыштуу, кызмат адамдарынын администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу учурларын айырмалап бөлүү керек. Так бөлүп, чек коюунун жоктугу дискрециялык ыйгарым укуктарды берет жана коррупцияга мүмкүнчүлүктү түзөт.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоорунун 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жаткан Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси 2019-жылдын 1-январынан тартып юридикалык күчүн жоготооруна көңүлдү бурабыз.
Ушул айтылгандарды эске алуу менен, жогоруда аталган кодекстерге айтылып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын жана актуалдуулугун карап чыгуу керек.
6. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесине ылайык ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ал эми "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык текшерүүлөрдүн жылдык же кварталдык пландары пландык текшерүүлөр жүргүзүлүүчү жылдан мурунку жылдын 1-декабрына чейин же планга киргизилген квартал башталганга чейин 30 календардык күн мурда ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
Буга байланыштуу, укук колдонуу ишинде талаш-тартыш жагдайларды пайда кылбоо үчүн Мыйзамдын долбоорунун айтылып жаткан беренесинде өтмө жоболорду караштыруу максатка ылайыктуу.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Ишкердик субъекттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору ушул корутундуда айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алынууга мүмкүн деп эсептейт.