Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры № 433
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Респуб-ликасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу
1-берене
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө грамотаны Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы болуп эсептелген депозитарийге депонирлесин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 18 сентябрындагы №433
токтому менен жактырылган
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы (мындан ары – Конвенция) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
Конвенциянын негизги максаты Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктарын камсыздоо жана жашоо сапатын жакшыртуу, атап айтканда майыптардын укуктарын жана адамдардын негизги эркиндиктеринин колдоо, коргоо, толук жана бирдей ишке ашырылышын камсыздоо, ошондой эле аларга таандык болгон кадыр-баркын сыйлоону колдоо болуп эсептелет.
Конвенция Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы (мындан ары – БУУнун Башкы Ассамблеясы) тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Конвенция менен кошо Факультативдик протокол кабыл алынып, күчүнө кирген. 2018-жылдын апрелине карата 177 мамлекет жана Европа бирлиги Конвенциянын катышуучулары, ал эми 92 мамлекет Факультативдик протоколдун катышуучулары болуп саналат.
Кыргыз Республикасы Конвенцияга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 66-сессиясынын ишинин алкагында 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча зарыл болгон иш-чараларды келечекте көрүү ниетин билдирген.
Азыркы учурда Конвенцияга КМШнын 10 мамлекети кол койгон, 7 мамлекет Конвенцияны ратификациялаган. Конвенцияны Өзбекстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Кыргыз Республикасы ратификациялашкан эмес.
Конвенцияда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары – ДМЧА) жашоого карата укуктары, мыйзам алдында теңчилиги, сот адилеттиги, эркиндиги жана жеке кол тийбестиги, кыйноолордон жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиледен жана жазанын түрлөрүнөн эркин болуу, эксплуатациялоодон эркин болуу, зомбулуктан жана мазактоодон коргоо, жеке бүтүндүгүн коргоо, ары-бери эркин жүрүү, жарандыкты эркин тандоо, жашоо образын өз алдынча жүргүзүү, жергиликтүү жамаатка аралашуу, көз карашын жана ой-пикирин эркин билдирүү, маалыматты ачык пайдалануу, жеке жашоонун кол тийбестиги, үйдү жана үй-бүлөнү сыйлоо, билим алуу, ден соолукту чыңдоо, реабилитациялоо, эмгектенүү жана иштөө, талаптагыдай жашоо деңгээли жана социалдык коргоо, саясий жана коомдук турмушка катышуу, ошондой эле маданий жашоого катышуу, бош убакыт өткөрүү, эс алуу жана спорт менен машыгуу укуктары бекитилген.
Аталган укуктар жана эркиндиктер Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген, ошондой эле мыйзамдарда, анын ичинде 2008-жылы кабыл алынган “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында регламенттелген жана ДМЧАга Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген Кыргыз Республикасынын башка жарандары менен бирдей укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого, ДМЧАнын жашоо-турмушундагы чектөөлөрдү четтетүүгө, толук кандуу жашоо-турмуш жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий жана маданий турмушуна активдүү катышууга жөндөм берүүчү жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ошондой эле Мыйзам менен ДМЧАга кирип-чыгуу жана пайдалануу үчүн атайын ыңгайлаштырылган жабдыктары бар транспорт каражаттары менен камсыздоо, ден соолугунун абалына жараша жалпы типтеги мектепке чейинки мекемелерге баруу мүмкүндүгүнө ээ болбогон ДМЧ балдарга – атайын мектепке чейинки мекемелерди түзүү сыяктуу тийиштүү чаралар белгиленген.
Кийинки учурда мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ошондой эле жарандык коомдун биргелешкен күч-аракеттеринин натыйжасында ДМЧАнын укуктарын камсыздооо чөйрөсүндөгү абал жакшыра баштады. Бирок, ченемдик укуктук актылардын жана стратегиялардын кабыл алынгандыгына карабастан, ДМЧАнын тең укуктуу мүчө катары коомдун жашоо-турмушуна катышууда айрым тоскоолдуктарга дуушар болушу уланууда.
Конвенция ДМЧАнын укуктарын коргоого жана алардын жарандык, саясий, экономикалык, социалдык жана маданий турмушуна катышуусун кеңейтүүгө, ошондой эле аталган укуктардын жана эркиндиктердин сакталышын контролдоону жогорулатууга жөндөм түзөт.
Мында, Конвенцияга кол коюу менен Кыргыз Республикасы кол коюунун жана ратификациялоонун (макулдук билдирүүнүн) ортосундагы мезгилде Конвенциянын максаттарына жана объектисине карама-каршы келген кандай болбосун аракеттерден алыс болууга милдеттенет.
Конвенцияны ратификациялоодо аны ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарга алып келет, алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде каралган чыгымдардын алкагында, ошондой эле ыктыярдуу салымдардын, кайрымдуулуктардын, донордук каражаттарды, гранттарды, демөөрчүлүк каражаттарды тартуунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен төлөнөт.
Алсак, Конвенцияны ишке ашырууга 6647,8 млрд сом талап кылынат, алардын ичинен Конвенцияга байланыштуу иш-чараларга - 1575,0 млрд сом, инфратүзүмгө – 5072,8 млрд сом керектелет. Бул каражаттар тиешелүү жылдарга республикалык бюджеттин долбоорунда жыл сайын каралып турат. Ошону менен бирге, алгачкы 3 жылда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Конвенциянын ченемдерине шайкеш келтирүү боюнча иштер аткарылат, ошого байланыштуу алгачкы үч жылда мамлекеттик бюджеттен кошумча финансы каражаттары талап кылынбайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2019-жылга республикалык бюджеттин долбооруна майыптарды жолдордун, тротуарлардын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, билим берүү жана саламаттык сактоо органдарынын имараттарына, транспортко жана байланышка, светофорго, жөө адам өткөөлүнө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле балдар бакчаларда, мектептерде жана башка окуу жайларында майыптыгы бар адамдарды окутууда инклюзивдүү билим берүү үчүн каражаттарды кароо, ошондой эле Конвенцияны аткаруу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырмасы берилген.
Конвенция буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 422-б буйругу менен жактырылган жана 2011-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасы тарабынан кол коюлган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 6-декабрындагы № 2058-VI “Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоого карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн даярдыгы тууралуу” токтомуна ылайык даярдалган.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Конвенция ратификацияланууга тийиш.