Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры № 435
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
1-берене
2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Убактылуу макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 18 сентябрындагы
№ 435 токтому менен
жактырылган
Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуу (мындан ары – Убактылуу макулдашуу) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Убактылуу макулдашууга 2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Убактылуу макулдашуунун долбоору ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-апрелиндеги №153-б буйругу менен жактырылган.
Убактылуу макулдашуунун максаты Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен Ирандын ортосунда соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды туудурган тармактарда тараптардын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Убактылуу макулдашуу - бул ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда андан ары соода-экономикалык интеграциялоо жолундагы биринчи кадам, анын негизги максаты ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер менен Иран Ислам Республикасынын ортосунда толук кандуу эркин соода зонасын түзүү болуп саналат.
Убактылуу макулдашуу тараптардын ортосунда кыйла ыңгайлуу режимди орнотууну жана бардык товарларга карата улуттук режимди өз ара берүүнү карайт.
Мында бардык сатылуучу товарларды импорттоого жана экспорттоого байланышкан бардык жыйымдар өзүнүн чоңдугу боюнча көрсөтүлгөн кызматтардын наркы менен чектелет жана ата мекендик товарлар үчүн кыйыр коргоочу же фискалдык максаттарда импортко же экспортко салык салуу каражаты болуп саналбай тургандыгы белгиленет.
Дүйнөлүк соода уюмунун (мындан ары - ДСУ) колдонулуучу эрежелерине ылайык негизсиз сандык чектөөлөр алып салынат жана тарифтик милдеттенмелер колдонулган товарларга карата Убактылуу макулдашуунун жарактуулук мөөнөтүндө колдонулбайт.
Ошондой эле, Тарифтер жана соода боюнча башкы макулдашууда (ТСБМ) камтылгандарга окшош, эксклюзивдүү же артыкчылыктуу укуктар берилген компаниялар (мамлекеттик соода ишканалары, монополиялар) тарабынан өзүнүн абалын кыянаттык менен пайдаланууга жол бербеген милдеттенмелер каралган.
Техникалык жөнгө салуу жана санитардык жана фитосанитардык чаралар жаатында Убактылуу макулдашуу тийиштүү чараларды кабыл алуунун жана колдонуунун транспаренттүүлүгүн жогорулатууга багытталган жоболорду камтыйт. Бул тармактардагы ДСУнукуна окшош талаптар тарифтик милдеттенмелер колдонулуучу товарларга карата колдонулушу менен чектелген.
Убактылуу макулдашууда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жана Ирандын бажы кызматтарынын ортосунда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар чаралар жана механизмдер каралган.
Убактылуу макулдашуу демпингге каршы, компенсациялык жана атайын коргоо чараларын колдонууга тоскоолдук жаратпайт, ошондой эле эки тараптуу коргоо чараларын колдонуунун кошумча мүмкүндүгүн карайт. Талаштарды чечүү жана арбитраждык органдын чечимдерин сактоону камсыз кылуу боюнча заманбап механизм каралган.
Убактылуу макулдашуунун концепциясына ылайык тарифтерди төмөндөтүү боюнча өз ара жеңилдиктер товардык номенклатуранын бир бөлүгүн гана камтыйт. Тараптар экспорттук кызыкчылыктын бардык негизги билдирилген товарлары боюнча эки жакка бирдей тарифтик жеңилдиктерди бере алышты.
ЕАЭБ үчүн Ирандын жеңилдиктеринин жыйынтык пакетин экспорттук жабуу 1 021 млн АКШ долларын (411 млн АКШ доллары айыл чарба товарларына жана 610 млн АКШ доллары өнөр жай товарларына туура келет) түзгөн. ЕАЭБ тарабынан жеңилдиктер Ирандан 271,8 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү импорттун көлөмүн жабат (240,8 млн АКШ доллары айыл чарба товарларына, 31 млн АКШ доллары өнөр жай товарларына туура келет). Жалпысынан жеңилдиктер өз ара экспорттун 50 пайызын камтыйт.
Убактылуу макулдашуу менен эки категориядагы жеңилдиктер - тарифтик жеңилдиктер же азыркы учурда республика үчүн Ирандын алгылыктуу тарифтерин (эреже катары 5 пайыз өлчөмүндө) жогорулатпоого кепилдик берген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ар биринин артыкчылыктуу экспорттук кызыкчылыгына карата тарифтерди “тоңдуруу” жана аларга карата тыюу салууларды колдонбоо каралган.
Убактылуу макулдашуу жеңилдик берилген соода режимин гана эмес, интеллектуалдык менчикке укуктарды башкаруу маселелерин жана бир катар башка багыттарды камтыйт.
Убактылуу макулдашууну ратификациялоо башка ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү зарылдыгына алып келбейт.
Бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс кесепеттерге алып келбейт.
Ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу кандайдыр бир терс финансы-экономикалык кесепеттерди алып келбейт жана республикалык бюджеттен кошумча финансылык каражаттарды талап кылбайт.