Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-октябры № 481
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Мавлянова М.Э., Бакиров М.И., Алимбеков Н.К., Акаев Ж.К. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17 октябрындагы № 481 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Нурбаев А.М., Пирматов И.А., Мавлянова М.Э., Бакиров М.И., Алимбеков Н.К., Акаев Ж.К. тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту менен 6-беренени 361-пункт менен толуктоо сунушталууда, анда «абанын бешинчи эркиндик даражасы» укугу – бул чет өлкөлүк аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн же башка чет мамлекеттин аймагына бараткан жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана/же почтаны бортуна кабыл алуу жана /же түшүрүү же болбосо өзүнүн же башка чет мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына жүргүнчүлөрдү, жол жүктү, жүктү жана/же почтаны ташуу боюнча укугу экендиги каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
«ICAO Doc 9713» Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан бекитилген абанын эркиндик даражаларынын аныктамаларына ылайык келтирүү максатында Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«361) «Абанын бешинчи эркиндик даражасы» укугу болуп бир мамлекеттин экинчи мамлекетке үзгүлтүксүз эл аралык аба ташууларына карата үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бараткан жүргүнчүлөрдү, почтаны жана жүктү биринчи мамлекеттин аймагында бортуна кабыл алууга же түшүрүүгө берген укугу же артыкчылыгы саналат.».
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пункту менен 10-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун күчүн жоготту деп таануу, атап айтканда Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүүнү жокко чыгаруу сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык анын конституциялык түзүлүшүнүн негиздеринин бири болуп мамлекеттин эгемендиги аныкталган (7-берене), ал эми анын аба мейкиндиги өзгөчө коргоодо турат (12-берене).
Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 9 жана 10-беренелерине ылайык жарандык авиация органынын компетенциясынын жана ыйгарым укуктарынын чөйрөсүнө учуулардын жана аба кыймылынын коопсуздугуна тиешелүү маселелерди чечүү, аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жарандык авиация жаатындагы жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кирет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 24-беренесинин 6 жана 7-пункттарына ылайык аба кыймылын тейлөө органына аба кемелеринин учууларын жүргүзүүгө уруксаттарды берүү, аталган Кодекстин жана Кыргыз Республикасынын авиация эрежелеринин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга уруксаттарды берүү ыйгарым укуктары берилген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-июнундагы № 349 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу жөнүндө жобонун 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык аба мейкиндигин пайдаланууга аба мейкиндигинде ар түрдүү материалдык объекттерди которуштуруу боюнча аракеттер (аба кемелеринин учуусу, атуулар, ракета атуу, жардыруу иштери ж.б.), ошондой эле иштин абадагы кыймылдын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү башка түрлөрү кирет (бийик курулмаларды куруу же орнотуу, нурлануунун электромагниттик жана башка түрлөрү, учуу учурунда көрүүнү начарлатуучу заттарды атмосферага чыгаруу ж.б.у.с.).
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун толук күчүн жоготту деп таануу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги тарабынан аба мейкиндигине болгон контролдун жоголушуна жана анын натыйжасында Борбордук Азия регионундагы жаралган реалдуу коркунучтарга (терроризм, экстремизм, курал-жарактын жана баңгизаттардын контрабандасы ж.б.у.с) байланыштуу азыркы учурда улуттук кызыкчылыктарга жооп бербеген авиарыноктун либералдашуусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын учууларынын коопсуздугун тийиштүү түрдө камсыздоо мүмкүнчүлүгүнүн жок болушуна алып келет.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пункту менен сунушталган Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 145-беренесинин жаңы редакциясы ички карама-каршылыкты жарата тургандыгын белгилейбиз. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 18-беренесинде Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин түзүмүнө жана квалификациясына ылайык Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануунун уруксат берүүчү же кабарлоочу тартиби белгилене тургандыгы каралган.
Мында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органынын жана (же) коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тиешелүү уруксатысыз Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өткөн аба кемеси, ошондой эле тыюу салынган чөлкөмгө, учуулар чектелген чөлкөмгө учуп кирген же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүнүн эрежесин бузган аба кемеси тартип бузган аба кемеси деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана аба кыймылын тейлөөчү органдарынын талаптарына баш ийбеген учурда конууга мажбур кылынат.
Бирок, Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин жогоруда аталган беренелерине оңдоолорду киргизүү каралган эмес.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«8) ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү;».
Мында, Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пункту менен сунушталган Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 145-беренесин ИКАО эл аралык стандартына жана сунушталган практикага ылайык толуктап иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 141-беренесинин редакциясын толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту менен башка мамлекеттердин аба мейкиндигинде аэронавигациялык маалыматтар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына эмес, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык бериле тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 6-беренесине ылайык аэронавигациялык маалымат - аба кемелеринин учууларын камсыз кылуу, аба кыймылын тейлөө жана аба кыймылдарын башкаруу максаттары үчүн топтоонун, талдоонун жана иштеп чыгуунун натыйжасында алынган маалымат.
Ушундан улам, Кыргыз Республикасы башка мамлекет менен тиешелүү түрдө макулдашпастан бир тараптуу тартипте башка мамлекеттин аба мейкиндигинде аэронавигациялык маалыматты берүү тартибин кантип белгилей тургандыгы түшүнүксүз.
Мында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 33-беренесиндеги “Аэронавигациялык маалымат” деген сөздөрдү “Аэронавигациялык тейлөө” деген сөздөргө “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык көрсөтүлгөн берененин аталышына ылайык келтирүү максатында алмаштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары сунушталган Мыйзамдын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүлүүгө тийиш.
Ошондой эле 2-берененин 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Эл аралык жарандык авиация уюмуна Кыргыз Республикасында «абанын бешинчи эркиндиги» укугун киргизүү жөнүндө кабарласын;
- алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин».
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын долбоорун баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.