Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы № 478 токтомуна |
2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү СТРАТЕГИЯСЫ
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын 2018-2023-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы жазаларды аткаруу системасын модернизациялоону, анын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууну, жаңы жазык-аткаруу мыйзамдарына, соттолгондорго мамиле кылуу боюнча эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык соттолгондорду түзөтүү механизмдерин жана каражаттарын аныктоону карайт.
1-глава. Жазык-аткаруу системасынын ишиндеги актуалдуу проблемалар
Жазаларды аткаруу мамлекеттин ички саясатынын негизги түзүүчүлөрүнүн бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши, Өкмөтү тарабынан жазык-аткаруу системасын реформалоо маселелери боюнча бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынган.
Алсак, 2012-жылдан тартып жазык-аткаруу чөйрөсүндө 34 ченемдик укуктук акты кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн жазаларды аткаруу системасынын ишине байланышкан бир катар стратегиялык мыйзам долбоорлору, анын ичинде жаңы Жазык-аткаруу кодексинин жана "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлору иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасында 2012-жылдын 15-майында "Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы" кабыл алынган, аны ишке ашыруунун натыйжалары жазык-аткаруу системасынын ишинде белгилүү бир оң динамика болгонун көрсөттү.
Алсак, эл аралык уюмдардын колдоосу менен № 31 мекеменин алдындагы кургак учукту-өпкөнү дарылоочу оорукана ишке берилген, ал эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган. № 27 мекемеде соттолгон - соттун жана укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлерин өзүнчө кармоону көздөгөн реконструкция иштери бүткөрүлдү. Кылмыш жасоого шектүү жана айыпталган жашы жете электерди жана аялдарды кармоо үчүн Жалал-Абад шаарындагы № 53 мекеме пайдаланууга берилди. № 47 мекеменин алдында психикалык жактан жабыркаган соттолгондорду кармоо үчүн психикалык-неврологиялык бөлүм ачылган.
№ 19 мекеменин базасында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду кармоо үчүн биринчи режимдик корпус пайдаланууга берилген.
Муну менен бирге, айрым жакшы жыйынтыктарга карабастан Кыргыз Республикасынын 2012-2016-жылдарга Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган айрым иш-чаралар республикалык бюджетте финансы каражаттарынын жоктугунан улам аткарылган эмес.
Азыркы учурга чейин эркиндигинен ажыратуу жерлеринде соттолгондорду кармоо Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин ченемдерине ылайык келбейт - жалпы режимдеги түзөтүү мекемелери жок. Алсак, соттолгон аялдар жана жашы жете элек кыздар, мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөндөр, ошондой эле биринчи жолу соттолгондор бир түзөтүү колониясында кармалышат. Жашы жете элек балдар, мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазасын өтөгөндөр, ошондой эле биринчи жолу соттолгондор бир тарбиялоо колониясында жаза өтөшөт.
№ 19 мекемедеги өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор үчүн биринчи режимдик корпусту пайдаланууга берүү аларды өзүнчө кармоо проблемасын жарым-жартылай гана чечүүгө (30%га жакын) мүмкүндүк берет, ал эми экинчи кезектеги курулушту бүткөрүү көп финансылык ресурстарды талап кылат. Мында бул тобокелдик категориясындагы соттолгондордун жылына 15 кишиге чейин туруктуу өсүү тенденциясы белгиленүүдө. Бул категориядагы соттолгондордун калган бөлүгү катуу режимдеги түзөтүү мекемелеринде жана республиканын бардык региондорундагы тергөө изоляторлорунда кармалышат, бул мекемелердеги абалга таасирин тийгизет. Азыркы учурда өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун саны 310дон ашуун адамды түзөт.
Жылдын башына карата өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун саны
Диаграмманын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасында соттолгондордун санынын турукташканына карабастан, мурда эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөгөн соттолгондордун саны көбөйүүдө, бул жазык-аткаруу системасында соттолгондордун арасындагы рецидив жөнүндө билдирет.
Түрмөдөгү адамдардын саны
Диаграмманын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Жазык-аткаруу системасынын ишиндеги актуалдуу проблемалардын бири террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондорду кармоо болуп саналат, алардын саны туруктуу өсүүдө.
Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгондордун санынын динамикасы
Диаграмманын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Бул категориядагы соттолгондорду түзөтүү мекемелеринде кармоо персоналдын жана калган категориядагы соттолгондордун коопсуздугун камсыздоо системасы үчүн өзгөчө тобокелдиктерди жаратат, анткени жазык-аткаруу системасында алар менен иштөө үчүн атайын даярдалган кадрлар, зарыл болгон ченемдик-укуктук жана методикалык база жок.
ICPS (Түрмө изилдөөлөрүнүн эл аралык борбору) изилдөөлөрүнө ылайык "чет өлкөлөрдүн көбүндө кармоодогу соттолгондорго карата түрмө персоналынын санынын катышы орточо 1-1 түзөт, ал эми Кыргыз Республикасында кармоодогу соттолгондорго карата персоналдын катышы 1-6", бул иштин натыйжалуулугунун жетишсиздигин билдирет. Мындай катышта ата мекендик жазык-аткаруу системасы соттолгондорду, анын ичинде жогорку тобокелдик топтордогу соттолгондорду көзөмөлдөөнүн жана аларды кайра социалдаштыруунун тиешелүү деңгээлин камсыз кыла албайт. Жабык типтеги түзөтүү колонияларында кармалган 5743 соттолгон адамга 449 контролер көзөмөл жүргүзөт, ал эми саны 1000 адамга чейин болгон айрым түзөтүү мекемелеринде түнкү мезгилде болгону 6-7 контролер кызмат өтөйт. Жазык-аткаруу системасында контролердук курамдын санынын жетишсиздиги көзөмөлдөөнүн сапатына жана соттолгондор тарабынан режимдик иш-чаралардын аткарылышынын деңгээлине түздөн-түз таасирин тийгизет. Жазык-аткаруу системасынын, анын ичинде коопсуздук секторунун инфраструктурасынын өтө эскиргендигин, соттолгондорду кармоо шарттары боюнча (жеңилдетилген, жалпы, катуу) обочолонгон турак зоналарынын жоктугун, кайтаруунун, көзөмөлдүн жана контролдоонун заманбап инженердик-техникалык каражаттарынын жоктугун эске алуу менен түзөтүү мекемелеринин администрациясы коопсуздукту камсыздоо маселелерин компромисс издөө жолдору менен чечүүгө мажбур болууда.
Түзөтүү мекемелерин кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттары, соттолгондорду конвой менен коштоп жүрүү үчүн атайын автомобилдердин паркы 90-жылдары эле эскирип, иштен чыга баштаган. Түзөтүү мекемелерин кайтаруучу төрт коргоо чегинин ичинен режимдик объекттердин коопсуздугун камсыздоонун заманбап талаптарына ылайык келбеген экөөсү гана иштейт.
Жазык-аткаруу системасында соттолгондордун ооруга чалдыгуу деңгээли жарандык саламаттык сактоого салыштырмалуу өтө жогору бойдон калууда.
1000 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жайларындагы адамдардын жалпы ооруга чалдыгуулары
Диаграмманын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Соттолгондордун баңгиликке жана алкоголго көз карандылыгына байланышкан кырдаал канааттандырбаган бойдон калууда. Ушуга байланыштуу эркиндигинен ажыратуу жайларындагы баңгиликке, алкоголго жана химиялык көз карандылыктардын зыянын азайтуу боюнча долбоорлордун туруктуулугу жана аларды мамлекеттик каржылоого өткөрүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу зарыл.
Жазык-аткаруу системасынын мекемелериндеги соттолгондордун ичинен баңги колдонгондордун саны
Диаграмманын графикалык көчүрмөсүн караңыз.
Жазык-аткаруу системасында түзөтүү мекемелеринин жалпы инфраструктурасына байланышкан оор кырдаал түзүлүп турат. Турак жай сектору, коммуналдык-тиричилик чөйрөсү, энергетика чарбасы кармоо жана пайдалануу бөлүгүндөгү жалпы талаптарга, жашоо тирчилигин камсыздоо ченемдерине жооп бербейт. Түзөтүү колонияларынын имараттарынын жана курулмаларынын орточо жашы 50 жылды, тергөө изоляторлорунуку - 80 жылды түзөт, мында 2015-жылга чейин куруу жана капиталдык оңдоо иштерине финансы каражаттарын бөлүү керектөө эсебинин 8,9%ын түзгөн.
Адистештирилген окуу жайынын жоктугунан кадрларды комплекттөө жалпы жарандык окуу жайларын бүтүргөн, жогорку моралдык-кайраттуу жана кесиптик сапаттарды көрсөтүүнү талап кылган ишке даяр эмес адамдардын ичинен жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда жазык-аткаруу системасында жазык-аткаруу системасында иштөө үчүн адистештирилген билими бар 148 эле кызматкер кызмат өтөп жатат, бул персоналдын жалпы санынан 6,3%ды түзөт. Жазык-аткаруу системасына социалдык мүнөздү берүү зарылдыгын эске алуу менен, ал кызматка квалификациялуу психологдорду, социалдык кызматкерлерди, педагогдорду тартууга жана алардын штатын көбөйтүүгө муктаж. Жазык-аткаруу системасында кармалган 8162 соттолгонго болгону 17 психолог иштейт, анын ичинен бирөөнүн гана адистештирилген психологиялык билими бар.
Түзөтүү мекемелеринин кесиптик-техникалык окуу жайларынын инфраструктурасын жакшыртуу, аларды зарыл болгон окуу инвентарлары жана жабдуулар менен комплекттөө, ошондой эле соттолгон чоң кишилер жана жашы жете электер үчүн жалпы орто билим берүү системасынын билим берүү процессин уюштуруу проблемалары чечилбеген бойдон калууда.
Ушул чөйрөдө ыйгарым укуктуу жана иштеген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана башка уюмдардын тыгыз жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү зарылдыгын шарттаган соттолгондордун кайра социалдаштыруу процессинде чечилүүчү маселелердин ар кылдыгын эске алуу менен, муктаж болгон адамдарга социалдык, психологиялык колдоо жана башка кызматтарды көрсөтүү механизмдерин бекемдөө жана ишке ашыруу бөлүгүндө мыйзам чыгаруучулук да, практикалык да деңгээлдерде олуттуу кемчиликтер бар. Буга карата "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде каралган жаза өтөө жайларынан бошотулган адамдардын социалдык адаптациясына жана алардын ишке орношуусуна жардам көрсөтүү милдети аткарылган жок жана практикада кеңири пайдаланылган жок.
Мындан тышкары, жаза өтөп жаткан, анын ичинде шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонгон адам менен жаза аткаруу мекемелеринде кандайдыр бир тарбиялык иштер жүргүзүлсө жана социалдык, укуктук колдоо көрсөтүлсө, анда саны 4300гө жакын адамды түзгөн (жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган соттолгондордун жалпы санынын 40%нан жогору) шарттуу соттолгондорду кайра социалдаштыруу жана социалдык адаптациялоо жазык-аткаруу инспекцияларынын жана ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнөн өз ара аракеттенүүлөрү аркылуу жана контролдоо түрүндө гана өз алдынча жүрүүдө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөгөн жана өтөп жаткан жарандарды паспорттор менен камсыз кылуу маселеси чечилбеген бойдон калууда, бул өз кезегинде алардын конституциялык укуктарын жана эркиндигинин бузулушуна жана чектелишине алып келет.
Азыркы мезгилге чейин эркиндигинен ажыратуу жайларындагы адамдарга майыптыгы боюнча пенсия чектөө үчүн алардын эмгекке жарамдуулугун жоготуу деңгээлин аныктоо маселеси жөнгө салынбай келет.
Өлкөдө эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдарга, анын ичинен жашы жете электерге зарыл болгон колдоо көрсөтүү, ошондой эле аларга баш калкалаар же убактылуу жашоочу жай берүү боюнча адистештирилген реабилитациялык борборлор же башка уюмдар жок.
Пенитенциардык изилдөөлөрдүн эл аралык борборунун (ICPS) 2017-жылга карата маалыматтары боюнча Кыргызстан түрмөдөгү адамдардын рейтингинде 87 - орунду ээлейт - 100000 адамга 167 камалган адам. Мында Европанын өнүккөн өлкөлөрүндө бул көрсөткүч бир кыйла аз экенин белгилей кетүү керек. Мисалы, Германия 166 - орунду ээлейт - 100000 адамга 78 камалган адам; Норвегия 173 - орунда - 100000 адамга 70 камалган адам; Нидерланды 175 - орунда - 100000 адамга 69 камалган адам; Швеция - 194-орунда - 100000 адамга 53 камалган адам. Түрмөдөгүлөрдүн мындай аз сандары пробациянын өнүккөн системасынын жана эркиндигинен ажыратуу жайларында психодиагностикалык жана терапевттик мүнөздөгү программаларды киргизүүнүн, ошондой эле негизги милдеттеринин бири соттолгон адамдарга карата куугунтуктоону азайтуу болгон жазык саясаттарынын гумандуулугунун жана адекваттуу либералдуулугунун натыйжасында жетишилди.
Өз кезегинде Кыргызстанда өкмөттүк эмес жана мамлекеттик секторлордун деңгээлинде соттолгондорго карата куугунтуктоону жоюуга кыргыз коомчулугунун кызыкдарлыгынын төмөндүгү байкалат. Бул биринчи кезекте жазык-укуктук мамилелер чөйрөсүндө репрессивдик саясат орун алган советтик мураска байланыштуу.
Анын натыйжасында бүгүнкү күндө рецидивде жана өзгөчө оор рецидивде кылмыш жасаган соттолгондордун саны биринчи жолу соттолгондордун санынан бир кыйла көп болгон кырдаалга туш болуудабыз. Мында эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдардын 40%ы кайрадан кылмыш жасай беришет.
Бул топтогу соттолгондордун 70%ынан көбү жеке менчикке каршы кылмыштарды жасашкан, бул жумушсуздуктун, жашоо деңгээлинин төмөндүгүнүн, социалдык байланыштардын, тиешелүү билиминин жана эмгек көндүмдөрүнүн, укуктук билиминин жоктугунун жана бошотулгандан кийин социалдык жактан начар адаптациялануунун кесепети болууда.
Мындан тышкары, эркиндигинен ажыратуу жайларында жыл сайын 6 миңден ашык кармоо режимин бузуулар, ошондой эле соттолгондор тарабынан жасалган 300дөн ашуун кылмыш катталган, алардын ичинен жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерине карата зомбулук жана өлтүрүү менен байланышкан өзгөчө оор кылмыштар өтө тынчсыздандырат. Бул тенденция соттолгондордун иш менен камсыз болушунун төмөн деңгээли менен байланыштуу.
Алсак, 2017-жылдын экинчи кварталына карата эмгекке жарамдуу соттолгондордун жалпы санынан (5900гө жакын адам) 1679 адам иш менен камсыз кылынган, башкача айтканда 28,4%, алардын 694ү жатак-абактарда жаза өтөгөндөр, мында жабык типтеги мекемелерде 985 соттолгон адам же эмгекке жарамдуулардын жалпы санынын 16,7%ына жакыны иш менен камсыз кылынган.
Баяндалгандарды эске алуу менен, бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын негизинде ишке ашырылууга тийиш болгон соттолгондордун, анын ичинен жашы жете электрдин жаза аткаруу жана аларды кайра социалдаштыруу механизмин модернизациялоо жаатында башталган реформаларды пландуу өркүндөтүү жана тереңдетүү зарылчылыгы бар.
2-глава. 2018-2020-жылдарга жазык-аткаруу системасындагы болжолдолуучу абал
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы жазык мыйзамдарынын алкагында түрмөдөгү адамдардын санынын анын жалпы санынан жылына орточо 0,3-1%га өсүү тенденциясынын сакталышы болжолдонууда. Азыркы учурда соттолгондордун санынын өсүшүн кармап туруу мамлекет тарабынан мунапыс берүү актыларын кабыл алуунун эсебинен мүмкүн болууда.
2023-жылга өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун санынын 430 адамга чейин көбөйүшү болжолдонууда.
Террористтик мүнөздөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгондор 500гө чейин жана андан көп болушу болжолдонууда. Жазык-аткаруу мыйзамдарынын (анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-аткаруу кодексинин) аларды кармоо шарттарынын түрүн өзгөртүү жана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу укуктарынан ажыратуу бөлүгүндөгү ченемдерин ишке ашыруу алардын санынын өсүшүнө гана эмес, штаттык бирдиктерди көбөйтүү зарылдыгына да алып келет. Мында бул категориядагы соттолгондордун ичинен айрым адамдардын өзүнүн экстремисттик идеяларынан расмий түрдө баш тартуу ниеттерин эске алуу керек.
Аларга карата шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу, жалпы жана жеңилдетилген шарттар түрүндөгү жазанын прогрессивдүү системасы сыяктуу кайра социалдаштыруу чараларын колдонууну калыбына келтирүү боюнча шашылыш чаралар көрүлбөгөн учурда, түзөтүү колонияларында мындай санды кармоо системадагы жалпы режимдик абалга терс таасирин тийгизет.
Азыркы учурда соттолгондорду түзөтүү жана тарбиялоо, колонияларда режимди кармоо, ченемдик укуктук актыларды даярдоо ж.б. боюнча маселелерди чечүүгө илимий мамиленин жоктугу жазык-аткаруу системасы үчүн олуттуу проблема болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында илимий бөлүмдү уюштурууга карата көрүлбөгөн чаралар эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза аткарууда социалдык, психологиялык, педагогикалык мамиле жаатындагы системаны өнүктүрүүнүн концептуалдык багыттарын жана жазык-укуктук өз ара аракеттенүүнүн башка чараларын сапатсыз иштеп чыгууга алып келет.
Каржылоонун жетишсиздиги жазык-аткаруу системасынын ишине терс таасирин тийгизүүдө. Инфраструктуранын өтө эскиргендиги жаңы түзөтүү мекемелерин ишке киргизүү, же болбосо башка алдын-алуу чараларын көрүү зарыл экендиги жөнүндө күбөлөндүрөт. Антпесе жалпысынан коопсуздук чөйрөсүндө тобокелдиктердин жана коркунучтардын көбөйүшү күтүлүүдө.
3-глава. Артыкчылыктуу багыттар
Алдыдагы мезгилге төмөнкү бир катар артыкчылыктуу стратегиялык багыттар белгиленген:
- жазык-аткаруу системасынын түзүмүн өркүндөтүү;
- жазык-аткаруу системасынын кадр саясатын өркүндөтүү;
- коопсуздук системасын өркүндөтүү;
- соттолгон жана камакка алынган адамдарды, анын ичинен жашы жете электерди кармоо шарттарын жакшыртуу;
- соттолгондорго, анын ичинен жашы жете электерге карата түзөтүү таасиринин жана кайра социалдаштыруу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- жазалардын альтернативдүү чараларынын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларынын институтун өркүндөтүү;
- өндүрүштү өркүндөтүү аркылуу соттолгондорду иш менен камсыз кылууну кеңейтүү;
- коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган чараларды колдонуу;
- өз ара аракеттенүүнү жана социалдык өнөктөштүктү күчөтүү.
4-глава. Негизги милдеттер жана багыттар боюнча иш-аракеттердин чаралары
§ 1. Стратегия төмөнкүдөй негизги милдеттерди көздөйт:
- камалгандарга, анын ичинен жашы жете электерге мамиле кылуунун эл аралык ченемдеринин жана стандарттарынын талаптарын эске алуу менен узак мөөнөттүү келечекке мамлекеттин пенитенциардык саясатын иштеп чыгуу;
- жазык-аткаруу системасын системалуу кайра түзүү, жазык-аткаруу системасынын мекемелерине туруктуу жана башкарылуучу абалды камсыз кылуучу натыйжалуу коопсуздук системасын түзүү;
- кармоонун ар кандай режимдери жана түрлөрү бар жаңы инфраструктураны куруу аркылуу соттолгондорду дифференциялуу кармоону камсыздоо, ошондой эле колдонуудагы мекемелерди оптималдаштыруу жана модернизациялоо;
- жазык-аткаруу системасында коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү жоюу;
- соттолгондорду түзөтүүгө, кайра социалдаштырууга жана тарбиялоого багытталган жазаны аткаруунун натыйжалуу механизмдерин түзүү;
- соттолгон жана камакка алынган адамдардын укуктарынын сакталышына кепилдик берген кармоо шарттарын камсыз кылуу;
- пробация институтун түзүү жана жазалардын альтернативдүү түрлөрүн аткаруу системасын өнүктүрүү;
- натыйжалуу кадр саясатын камсыз кылуу;
- жазык-аткаруу системасында өндүрүштү өркүндөтүү жолу менен соттолгондорду иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу;
- соттолгондорду, анын ичинен жашы жете электерди кайра социалдаштыруу жана реабилитациялоо, эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөгөн соттолгондорду бошотууга даярдоо программаларын өнүктүрүү.
§ 2. Стратегиянын багыттары боюнча иш-аракеттердин чаралары
Стратегиянын негизги багыттары боюнча пландалуучу иш-чаралар:
1) жазык-аткаруу системасынын түзүмүн өркүндөтүүнүн алкагында төмөнкүлөр пландалууда:
- түзөтүү мекемелеринин жана тарбиялоо абактарынын жетекчилеринин андагы кырдаал үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу жана мекемелердин жашоо-тиричилик маселелери боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алуусу;
- түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн начальниктеринин өз карамагындагыларга карата тартиптик укуктарын жогорулатуу;
- жазык-аткаруу системасынын соттолгондорду кайра социалдаштыруу чөйрөсүндөгү ишин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзүмүнө илимий бөлүмдү киргизүү;
- жазык-аткаруу системасынын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин аткарган иштерине мониторинг, инспекциялоо жүргүзүүнү жана отчеттуулугун күчөтүү боюнча натыйжалуу механизм түзүү.
Индикаторлор:
- мекемелердин начальниктеринин мекемелердин жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алуусу;
- мекемелердин начальниктеринин аларга жүктөлгөн функциялык милдеттердин аткарылышы үчүн отчеттуулугун күчөтүү;
2) жазык-аткаруу системасынын кадр саясатын өркүндөтүүнүн алкагында төмөнкүлөр пландалууда:
- жазык-аткаруу системасынын персоналын милдеттүү түрдө алгачкы жана кайра даярдоо системасын иштеп чыгуу жана киргизүү, андан ийгиликтүү өтпөгөндөр жазык-аткаруу системасынын кадрларына кабыл алынбайт;
- жазык-аткаруу системасынын соттолгондор менен социалдык-психологиялык аспекттерде иштеген кызматкерлеринин беделин жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
Индикаторлор:
- натыйжалуу кадр саясатын жүргүзүү;
- жогорку квалификациялуу персоналды даярдоо системасын түзүү;
3) коопсуздук системасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын өркүндөтүүнүн алкагында төмөнкүлөр пландалууда:
- соттолгондордун айрым категорияларын лагердик типтен камералык типте кармоого өткөрүү;
- соттолгондордун жүрүм-турумуна, курагына жана жынысына жараша жаза өтөөнүн дифференцияланган шарттарын түзүү;
- түзөтүү мекемелерин жана тарбиялоо абактарын реконструкциялоо жана заманбап коопсуздук системалары, инженердик-техникалык кайтаруу, көзөмөлдөө жана контролдоо каражаттары менен жабдуу.
Индикаторлор:
- жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин персоналы жана камактагылар үчүн тобокелдиктерди жана коркунучтарды азайтуу боюнча ишке ашырылган укуктук жана администрациялык механизмдердин саны;
- жазык-аткаруу системасынын коопсуздук чөйрөсүнө байланышкан терс фактылардын санын азайтуу;
4) соттолгон жана камакка алынган адамдарды кармоо шарттарын жакшыртуу максатында төмөнкүлөр пландалууда:
- коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттерди реконструкциялоо жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;
- түзөтүү мекемелериндеги жана тарбиялоо абактарындагы соттолгондор үчүн колдонуудагы маданий, ден соолукту чыңдоочу жана спорттук объекттерди калыбына келтирүү жана жаңы объекттерди куруу.
Индикаторлор:
- улуттук жана эл аралык органдар тарабынан берилген баалоонун терс жыйынтыктарын азайтуу;
- соттолгондорго, анын ичинен жашы жете электтерге сапаттуу маданий эс алууну уюштуруп берүү аркылуу аларды түзөтүү таасирин күчөтүү;
5) медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында төмөнкүлөр пландалууда:
- жазык-аткаруу системасынын саламаттык сактоо системасынын ишин уюштурууну жана камсыздоону Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына акырындык менен өткөрүп берүү планын иштеп чыгуу;
- баңгиден, алкоголдук жана химиялык көз карандылыктардын зыяндуулугун азайтуу боюнча программаларды мамлекеттен каржылоого өткөрүү жана бул долбоорлордун туруктуулугу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу.
Индикаторлор:
- жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде ооруга чалдыгуу жана өлүмгө учуроо көрсөткүчтөрүн жакшыртуу;
- медициналык багыттагы инфраструктуранын шарттарын улуттук мыйзамдардын жана эл аралык стандарттардын талаптарына шайкеш келтирүү;
- камалгандардын арасында баңгиге көз карандуулук күрсөткүчүн азайтуу;
6) соттолгондорго, анын ичинен жашы жете электерге карата түзөтүү таасиринин жана кайра социалдаштыруу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында төмөнкүлөр пландалууда:
- соттолгондордун жалпы, орто жана кесиптик-техникалык билим алууларын камсыз кылуу;
- соттолгондордун агрессивдик, девианттык-сексуалдык, суициддик жүрүм-турумун, экстремисттик адатын жана башка четтөөлөрүн түзөтүүчү терапевттик программаларды киргизүү;
- эркиндигинен ажыратуу жайларындагы соттолгондордун эмгекке жарамсыздыгын аныктоо боюнча экспертизаларды социалдык коргоо чөйрөсүндөгү органдар тарабынан жүргүзүлүшү боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгон адамдарды түзөтүү таасиринин методун киргизүү;
- соттолгондордун тышкы дүйнө менен социалдык-пайдалуу байланышын өнүктүрүү;
- кылмыш жасаган адам менен жабырлануучу адамды элдештирүүнү, жолуктурууну, жаза өтөп жатканда, ошондой эле жаза өтөөдөн бошотулганда жабырлануучуга келтирген зыяндын ордун толтурууну камтыган калыбына келтирүүчү сот адилеттигинин технологияларын колдонуу;
- тобокелдик деңгээли төмөн болгон эксперименталдык обочолонгон участокту түзүү;
- психологиялык жана социалдык кызматтардын ишинин квалификациясын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук кеңешинин иши аркылуу пенитенциардык системага системалуу түрдө көз карандысыз коомдук мониторинг жүргүзүү системасын чыңдоо;
- соттолгондорду кайра социалдаштыруу проблемаларын жалпыга түшүнүктүү кылуу, анын ичинен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу.
Индикаторлор:
- бошотулгандан кийин бир жылдын ичинде жасаган кылмышы үчүн кайрадан соттолгон адамдардын санын азайтуу;
- реабилитациялоо жана социалдык адаптациялоо программаларына тартылган камактагылардын, анын ичинен жашы жете электердин пайыздык көрсөткүчүн жогорулатуу;
- жазык-аткаруу системасына донордук жардамдын жана гранттык колдоонун көлөмүн көбөйтүү;
- соттолгон жана эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган адамдарга карата куугунтуктоону азайтуу;
7) жазалардын альтернативдүү чараларынын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларынын институтун өнүктүрүүнүн алкагында төмөнкүлөр пландалууда:
- жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү;
- пробация органдарын адистер (психологдор, социалдык кызматкерлер) менен комплекттөө.
Индикаторлор:
- пробация органдарынын иштеши;
- соттолгондордун кайрадан кылмыш жасоо пайызын азайтуу;
- жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгондордун санына карата коомдон бөлбөстөн жазалоого соттолгондордун пайыздык катышын жогорулатуу;
8) соттолгондорду иш менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында төмөнкүлөр пландалууда:
- пенитенциардык системанын өндүрүштүк кубаттуулугун өстүрүү максатында жаза аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдындагы мамлекеттик ишкананы уюштуруучулук өзгөртүү;
- жаңы жазык-аткаруу мыйзамдарына соттолгондорду иш менен камсыз кылуунун жеке формаларын колдонуу менен байланышкан ченемдерди киргизүү;
- кол өнөрчүлүк өндүрүштөрүн (карапачылык, устачылык, булгаарычылык, жыгачты, ташты көркөм иштетүү ж.б.) киргизүү;
- жазык-аткаруу системасынын ишканаларынын өндүрүштүк потенциалын кеңейтүү;
- кесиптик багыт маселелери боюнча калкты иш менен камсыз кылуу кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу.
Индикаторлор:
- эмгек терапиясы колдонулган соттолгондордун пайыздык көрсөткүчүн жогорулатуу;
- жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин киреше алып келүүчү ишин көбөйтүүнүн эсебинен соттолгондорду иш менен камсыз кылууну кеңейтүү;
9) коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган чараларды көрүүнүн алкагында төмөнкүлөр пландалууда:
- инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө тоскоол болуучу коррупциялык факторлорду жоюу;
- мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо системасын жакшыртуу;
- ведомстволук бөлүмдөрдүн кадр кызматтарынын коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иштеринин сапатын жогорулатуу;
- коррупциянын абалын жана коррупцияны түзүүчү жана алып келүүчү шарттарды жана себептерди алдын алуу жана жоюу боюнча көрүлүүчү чаралардын натыйжалуулугун изилдөө.
Индикаторлор:
- жазык-аткаруу системасында коррупциялык көрүнүштөрдүн деңгээлин анын чыгышынын себептерин жана шарттарын жоюу жолу менен минималдаштыруу.
5-глава. Ишке ашыруу механизми
Стратегияны ишке ашыруу механизмдери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ченем жаратуу иши - жазык-аткаруу системасын модернизациялоо боюнча негизги иш-чараларды укуктук коштоо үчүн ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- финансы-экономикалык иш - соттук - укуктук реформалоону ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен каражат тартуу, мекемелердин киреше алып келүүчү ишинен пайда алуу, ошондой эле башка уюмдардан, анын ичинде эл аралык кызматташтыктын алкагында инвестицияларды жана донордук жардам тартуу;
- уюштуруу иши - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкаруу системасын модернизациялоо, борбордон ажыратуу жана кайра уюштуруу.
6-глава. Күтүлүүчү натыйжаларды божомолдоо, жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
2018-2013-жылдарга Стратегияны аткаруу боюнча "Жол картасында" каралган иш-чараларды натыйжалуу ишке ашырууда төмөнкүлөр күтүлөт:
- соттук жана укук колдонуу практикасында жазалардын альтернативдүү түрлөрүн колдонуу, пробация институтун түзүү;
- коопсуздукту камсыздоонун заманбап системасын түзүү жана иштетүү;
- жеке мамиле кылууну эске алуу менен соттолгондорду дифференциялуу кармоо;
- соттолгондорду түзөтүү таасиринин чараларын күчөтүү;
- соттолгондордун социалдык коштоо системасын иштетүү;
- кылмыштардын рецидивин азайтуу;
- соттолгондорду кармоо, аларды коммуналдык-тиричилик жана медициналык камсыздоо шарттарын жакшыртуу;
- жазык-аткаруу системасынын мекемелеринде соттолгондорду иш менен камсыз кылууну жогорулатуу;
- соттолгондорго билим берүү, кесипке даярдоо, реабилитациялоо программаларын ишке ашыруу;
- натыйжалуу кадр саясатын ишке ашыруу, жогорку квалификациялуу персоналды даярдоо жана кайра даярдоо системасын түзүү;
- жазык-аткаруу системасында коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү төмөндөтүү механизмдерин түзүү.
Жагымдуу өбөлгөлөр:
- мамлекет тарабынан саясий, мыйзамдык жана административдик деңгээлдерде колдоо көрсөтүлүшү;
- жазык-аткаруу системасынын өз ишине берилген жана позитивдүү өзгөрүүлөргө умтулган кадрлар курамы;
- эл аралык стандарттарга шайкеш келген жана адекваттуу Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдары;
- жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес жана башка уюмдар менен кызматташууга даяр болуусу жана жактоо.
Тобокелдиктер:
- жазык-аткаруу системасын республикалык бюджеттен чектүү каржылоо;
- камактагыларды кармоонун жетишсиз материалдык жана инфраструктуралык шарттары, жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин коопсуздук системасынын жетиле электиги;
- өндүрүштү өнүктүрүү жолу менен камактагыларды толук иш менен камсыз кылууну уюштуруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;
- педагогика, социалдык психология жаатында билими бар, кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги.