Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-октябры № 478
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасын андан ары реформалоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- 2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясы, 1-тиркемеге ылайык;
- 2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча "Жол картасы" (мындан ары - "Жол картасы"), 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору:
- "Жол картасын" белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен "Жол картасынын" аткарылышы боюнча маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы "Жол картасынын" ишке ашырылышын камсыз кылсын жана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен ушул токтомдун 2-пунктунда аталган мамлекеттик органдар тарабынан "Жол картасынын" аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
4. "Жол картасынын" 5, 8-10, 13-пункттары жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджетте каралган каражаттардан каржылоого жараша аткарылат.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
2-тиркеме
2018-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча "ЖОЛ КАРТАСЫ"
№ | Милдеттер/чаралар | Индикатор/күтүлүүчү натыйжа | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1. ЖАТ түзүмүн жакшыртуу | |||||
1 | Башкаруу системасынын натыйжалуулугун, түзөтүү мекемелеринин жетекчилеринин мекемелердеги кырдаал жана жашоо-тиричилигинин маселелери боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алуу үчүн жоопкерчиликтерин жогорулатуу | Түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун начальниктеринин ишин баалоонун так критерийлерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын чечимдери менен бекитилген түзөтүү мекемелери жана тергөө изоляторлору жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2019-жылдын 29-мартына чейин | ЖАМК | Каржылоо талап кылынбайт |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзүмүнө илимий бөлүмдү киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын илим-изилдөө борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" чечимдин кабыл алынышы | 2020-жылдын 1-апрелине чейин | ЖАМК, УИА, БИМ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадр саясатын өркүндөтүү | |||||
3 | Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын кызматкерлерин башка өлкөлөрдө окутуу, квалификациясын жогорулатуу, стажировкадан өткөрүү (тажрыйба алмашуу) | Жылына окутуудан, квалификациясын жогорулатуудан, стажировкадан өткөн 2ден кем эмес кызматкер | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК | Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
4 | Кармалган соттолгондордун түрмөдөгү персоналдын санына карата катышы чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга, түзүлүүчү пробация кызматынын натыйжалуу иштешине жетишүү максатында Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын штаттарын этап-этап менен көбөйтүү | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын чектүү штаттык саны жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү | 2019-жылдын 30-мартына чейин | ЖАМК, ФМ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде |
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тарбиялоо кызматын кайра түзүү. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын социалдык-психологиялык аспектте соттолгондор менен иштеген кызматкерлеринин натыйжалуулугун жана беделин жогорулатуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин тарбиялоо кызматтары жөнүндө жобого, уюштуруучулук-штаттык жайгашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу | 2018-жылдын 1-декабрына чейин
| ЖАМК | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде |
3. Коопсуздук системасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын өркүндөтүү | |||||
6 | Соттолгондорду лагердиктен камералык кармоо тибине этап-этабы менен өтүү. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор үчүн атайын комплекстин экинчи режимдик корпусунун курулушун бүткөрүү | № 19 түзөтүү мекемесинин базасында өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондор үчүн атайын комплекстин экинчи режимдик корпусун эксплуатациялоого берүү | 2020-жылдын 22-декабрына чейин | ЖАМК, ФМ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
7 | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык соттолгондорду кармоо шарттарын градациялоо, соттолгондорду кайра социалдаштыруунун прогрессивдүү системасына ылайык эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөө шарттарына жетишүү | Соттолгондорду катуу шарттарда кармоону камсыз кылуу үчүн жазык-аткаруу системасынын объектилерин камера тибиндеги жайлар катары куруу жана кайра жабдуу, кармоонун жалпы жана жеңилдетилген шарттары үчүн жайларды уюштуруу: - 9 мекемедеги, анын ичинен тарбиялоо абагында курулуш жана реконструкциялоо иштеринин жалпы көлөмүнүн 20%ынан кем эмес | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК, Курулуш агенттиги, ФМ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
8 | Түзөтүү мекемелерин жана тергөө изоляторлорунун реконструкциялоо жана заманбап инженердик-техникалык кайтаруу каражаттары менен жабдуу. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун коопсуздугун жогорулатуу | 1. Түзөтүү мекемелеринин жана тергөө изоляторлорунун заманбап инженердик-техникалык кайтаруу каражаттары (радио-нур датчиктери, видеобайкоо каражаттары ж.б.) менен жабдылуусу: - 17 мекеменин 40%дан кем эмес жабдылуусу | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК, ФМ, МТБМК | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
4. Соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кармоо шарттарын жакшыртуу | |||||
9 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик багыттагы объектилерин куруу жана реконструкциялоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик багыттагы жаңы объектилерин эксплуатациялоого берүү жана колдонулуудагы объектилеринин иштеши | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК, ФМ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
5. Медициналык камсыздоону жакшыртуу | |||||
10 | Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын саламаттык сактоо системасын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына этап-этап менен өткөрүп берүү | "Жазык-аткаруу системасынын саламаттык сактоосун Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына акырындык менен өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуучу жумушчу топту түзүү жөнүндө" ведомстволор аралык чечимди кабыл алуу | 2019-жылдын 30-июнуна чейин | ЖАМК, ССМ | Каржылоо талап кылынбайт |
11 | Эркиндигинен ажыратуу жайларында баңгиден, алкоголдук жана химиялык көз карандылыктын зыянын төмөндөтүү, ошондой эле кургак учукка каршы дарылоо боюнча программаларды мамлекеттик каржылоого этап-этабы менен өткөрүү | "Эркиндигинен ажыратуу жайларында баңгиден, алкоголдук жана химиялык көз карандылыктын зыянын төмөндөтүү, ошондой эле кургак учукка каршы дарылоо боюнча долбоорлордун туруктуулугуна жетишүү программаларын бекитүү жөнүндө" ведомстволор аралык чечимди кабыл алуу | 2018-жылдын 30-декабрына чейин | ЖАМК, ММКФ, ССМ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
6. Соттолгондорго карата түзөтүү таасиринин жана кайра социалдаштыруу чараларынын натыйжалуулугун жогорулатуу | |||||
12 | Соттолгондорду негизги: жалпы, орто жана кесиптик-техникалык билим менен камсыз кылуу | 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде соттолгондор үчүн билим берүү багытындагы объекттерди куруу, реконструкциялоо, материалдык-техникалык жабдуу: - 11 мекемеде, анын ичинен тарбиялоо абагында 20%дан кем эмес объект | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
13 | Соттолгондордун, анын ичинен жашы жете электердин арасында агрессивдик, девианттык-сексуалдык, суициддик жүрүм-турумдарды, экстремисттик адатты жана башка социалдык жана психикалык четтөөлөрдү түзөтүүчү терапевттик программаларды киргизүү жана ишке ашыруу | Программалардын алкагында жардам көрсөтүлгөн соттолгондордун саны: - жылына 20дан кем эмес адам | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК, ССМ, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес сектор (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
14 | Эркиндигинен ажыратуу жайларындагы соттолгондордун эмгекке жарамсыздыгын аныктоо боюнча экспертизаларды жүргүзүү | "Соттолгондорду социалдык коштоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү | 2019-жылдын 1-декабрына чейин | ЖАМК, ССМ, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
15 | Террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыш үчүн соттолгон адамдарды түзөтүү таасири программаларын киргизүү. Террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыш үчүн соттолгондордун жүрүм-туруму жакшы болгон учурда төмөнкү укуктарга ээ болушу: - кармоонун жалпы жана жеңилдетилген шарттарына которулуу; - аларга карата жаза өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу | "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү | 2023-жылдын 1-сентябрына чейин | ЖАМК | Каржылоо талап кылынбайт |
16 | Соттолгондорду ишке орноштурууда аларга карата куугунтуктоону азайтуу. Ишке орноштурууда талапкердин соттуулугунун болушу жөнүндө маалыматтар менен таанышууга укуктуу адамдардын (жумуш берүүчүлөрдүн) чөйрөсүн чектөө | "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү | 2019-жылдын 20-декабрына чейин | ЖАМК | Каржылоо талап кылынбайт |
17 | Соттолгондордун сырткы дүйнө менен социалдык-пайдалуу байланыштарын өнүктүрүү. Төмөнкүлөр аркылуу соттолгондордун, анын ичинен жашы жете электердин социалдашуусун кеңейтүү: - үй-бүлөсү менен жолугушуунун санын көбөйтүү, алардын кайра социалдашуусуна оң таасирин тийгизүүчү коомдук, чыгармачылык бирикмелердин өкүлдөрү менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн берүү; - соттолгондордун дифференциациясын эске алуу менен аларга телефондук сүйлөшүүлөрдү берүүгө, жөнөтмөлөрдү, бандеролдорду жибермелерди алууга болгон чектөөлөрдү азайтуу | "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү | 2023-жылдын 1-сентябрына чейин | ЖАМК | Каржылоо талап кылынбайт |
18 | Кылмыш жасаган адам менен жабырлануучу адамды элдештирүүнү, жолуктурууну, жаза өтөп жатканда, ошондой эле жаза өтөөдөн бошотулганда жабырлануучуга келтирген зыяндын ордун толтурууну камтыган калыбына келтирүүчү сот адилеттигинин технологияларын колдонуу. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин шарттарында "Медиация жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу | Элдештирүү жол-жоболору жана медитация колдонулган соттолгондордун жана жабырлануучулардын саны:- жылына 10дон кем эмес адам | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
19 | Тобокелдик деңгээли төмөн болгон эксперименталдык обочолонгон участок түзүү. Камералык кармоо шарттарында биринчи жолу эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды кайра социалдаштыруунун жаңы методдорунун (дүйнөлүк тажрыйбадан) таасирин изилдөө | Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин биринде обочолонгон участоктун типтүү моделин иштеп чыгуу | 2022-жылдын 20-декабрына чейин | ЖАМК, эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес сектор (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
20 | Коом тарабынан соттолгондорду куугунтуктоону жана басмырлоону кыскартуу жана аларга карата толеранттуу мамилени өнүктүрүү максатында аларды кайра социалдаштыруу проблемаларын жалпыга түшүнүктүү кылуу, анын ичинен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу | "Соттолгондорду куугунтуктоону жоюу боюнча иш планын бекитүү жөнүндө" ведомстволор аралык чечимди кабыл алуу | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК, ММТМ эл аралык уюмдар жана өкмөттүк эмес сектор (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
7. Жазалардын альтернативдүү чараларынын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоо чараларынын институтун өнүктүрүү | |||||
21 | Жазык-аткаруу ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү | "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү | 2019-жылдын 28-сентябрына чейин | ЖАМК | Каржылоо талап кылынбайт |
8. Соттолгондорду иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү | |||||
22 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасында соттолгондордун көпчүлүгүн эмгекке тартуу максатында өндүрүштөрдү уюштурууда кадрларды жайгаштырууну оптималдаштырууга багытталган уюштуруучулук өзгөртүүлөрдү жүргүзүү | "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 778 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү | 2019-жылдын 29-июнуна чейин | ЖАМК | Каржылоо талап кылынбайт |
23 | Жазык-аткаруу мыйзамдарына соттолгондордун иш менен камсыз болуусунун жеке формаларын белгилеген ченемдерди киргизүү | "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизүү | 2023-жылдын 1-сентябрына чейин | ЖАМК | Каржылоо талап кылынбайт |
24. | Кол өнөрчүлүк мүнөздөгү өндүрүштөрдү (карапачылык, устачылык, жыгачты, ташты көркөм иштетүү ж.б.) киргизүү | "Кол өнөрчүлүк мүнөздөгү өндүрүштөрдү түзүү жөнүндө" "Келечек" мамлекеттик ишканасы жана түзөтүү мекемелери тарабынан чечимдердин кабыл алынышы | 2019-жылдын 20-декабрына чейин | ЖАМК, "Келечек" МИ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
25 | Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын ишканаларынын өндүрүштүк потенциалын кеңейтүү | Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринен продукцияларды жеткирүүгө мамлекеттик органдар менен келишимдерди түзүү | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК, "Келечек" МИ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
26 | Кесиптик багыт маселелери боюнча калкты иш менен камсыз кылуу кызматтары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу | Бошотууга даярданып жаткан соттолгондор үчүн түзөтүү мекемелеринде жумушчу орундарынын жарманкелерин өткөрүү: - жылына 2 жолудан кем эмес | 2019-2023-жылдардын 5-июлунан жана 25-декабрынан кеч эмес | ЖАМК, ЭСӨМ | Республикалык бюджетте ЖАМКга каралган каражаттардын чегинде. Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
9. Коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга багытталган чараларды колдонуу | |||||
27 | Кадр саясатын ишке ашыруунун алкагында коррупцияга каршы механизмдерди киргизүү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын "жазык-аткаруу системасынын кызматкерлеринин кызматтык ишинде коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө" буйругу | 2020-жылдын 20-декабрына чейин | ЖАМК | Каржылоо талап кылынбайт |
28 | Коомчулукту коррупцияга каршы чараларды (тематикалык пландар ж.б.) иштеп чыгууга жана алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө тартуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Коомдук кеңешинин жана анын алдындагы Координациялык кеңештин жыйыны: - жылына 2 жолудан кем эмес | Жыл сайын 2019-2023-жылдар | ЖАМК, ЖАМКнын Коомдук кеңеши, ЖАМКнын алдындагы Координациялык кеңеш | Донордук каражаттар жана мыйзамдар менен тыюу салынбаган башка каржылоо булактары |
Кыскартуулардын тизмеси:
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги; |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети; |
"Келечек" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасы; |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭСӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы; |
ЖАТ | - | Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасы; |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду. |