Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры № 503
Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-октябрындагы № 201, 2023-жылдын 29-майындагы № 289, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 659 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасында белгиленген тарифтик жеңилдикти колдонуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасында белгиленген тарифтик жеңилдик колдонулган иштин төмөнкүдөй артыкчылыктуу түрлөрү (экономиканын секторлору) белгиленсин:
1) инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүштөрү;
2) жеңил өнөр жайы;
3) тамак-аш өнөр жайы;
4) энергетика;
5) айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү;
6) чогултуу өндүрүшү;
7) туризм;
8) экспортко багытталган өндүрүш;
9) байланыш тармактары жана коммутация системалары;
10) автомобиль транспорту, анын ичинен электробустар, автобустар;
11) банк жана төлөм иши;
12) саламаттыкты сактоо (медицина жабдуулары, мунун ичинде алардын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрү, ошондой эле медицина багытындагы буюмдар);
13) аба транспорту (жарандык жүргүнчүлөр учактары).
14) курулуш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасында белгиленген тарифтик жеңилдик төмөнкүдөй шарттар сакталганда колдонула тургандыгы белгиленсин:
1) инвестициялык долбоор, аны ишке ашыруунун алкагында инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизилген технологиялык жабдуу, анын запастык бөлүктөрү, чийки зат жана (же) материалдар ташып киргизилсе;
2) чийки зат жана (же) материалдар инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизилген товарларга, Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын кодуна, санына, ошондой эле инвестициялык долбоорлордун реестринде көрсөтүлгөн башка маалыматтарга шайкеш келсе;
3) технологиялык жабдуу, анын запастык бөлүктөрү, чийки зат жана (же) материалдар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып киргизилсе жана ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылса;
4) технологиялык жабдуу, анын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрү, даяр продукциянын курамындагы чийки зат жана (же) материалдар эркин бажы зонасы жана эркин кампа бажы жол-жоболору аяктаганда, ошондой эле ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылса.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-октябрындагы № 201 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасы менен белгиленген тарифтик жеңилдиктер 2018-жылдын 26-октябрынан тартып ушул токтомдун 11-пунктунда белгиленген шарттарды сактоодо юридикалык жана жеке жактарга, инвестициялык долбоорлордун, иштин тиешелүү артыкчылыктуу түрлөрүнүн (экономика секторлору) реестрине киргизилген эркин экономикалык зоналардын субъекттерине колдонулат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 659 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик:
- Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасынын экинчи абзацында белгиленген критерийлерге ылайык иштин артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) шайкеш келген инвестициялык долбоорлордун реестрин ушул токтомдун тиркемесине ылайык форма боюнча түзсүн;
- инвестициялык долбоорлордун реестрин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жиберсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-октябрындагы № 201, 2023-жылдын 29-майындагы № 289 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы № 289 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | М. Абылгазиев |
| Тиркеме |
Иштин артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) шайкеш келген инвестициялык долбоорлордун реестри
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-октябрындагы № 201, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 659 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Инвестициялык долбоор | Товарлар | ||||||||||
№ | Аталышы | Келишимдердин (контракттардын, макулдашуулардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин) реквизиттери | Ишке ашыруу башталган дата | Ишке ашыруу аяктаган дата | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду (коддук белгилөөнүн 10 разрядынын деңгээлинде) | Билдирилди | |||||
Саны | Өлчөө бирдиги | Наркы, (АКШ долл.) | Салмагы (кг) | Ташып киргизилүүчү товарды өндүргөн өлкө | Ташып киргизүүдөгү бажы алымдарынын суммасы, шарттуу түрдө эсептелген (АКШ долл.) | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
| ||||||||||
Эскертүү.
1. 3-графада Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин (мындан ары - мүчө мамлекет) инвестициялык долбоору ишке ашырылып жаткан документтин реквизиттери көрсөтүлөт.
2. 7 жана 8-графаларда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товардын саны жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
3. 9-12-графаларда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды иш жүзүндө ташып киргизүүдө таризделген товарларга карата декларациялардагы маалыматтар көрсөтүлөт.
4. 9-графада Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген Товарларга карата декларацияларды толтуруунун тартиби жөнүндө нускамага (мындан ары - Нускама) ылайык товарларга карата декларациянын 46-графасында көрсөтүлгөн товардын статистикалык наркы көрсөтүлөт.
5. 10-графада Нускамага ылайык товарларга карата декларациянын 38-графасында көрсөтүлгөн нетто салмагы көрсөтүлөт.
6. 12-графаны толтурууда товарга карата декларацияны каттоо күнүндө мүчө мамлекеттин улуттук (борбордук) банкы белгилеген, мүчө мамлекеттин валютасына карата чет өлкөлүк валютанын курсу колдонулат.
7. Бекитилген реестр инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жаңы товардык позициялар менен толукталышы мүмкүн.
8. Инвестициялык долбоорлорду реестрге киргизүү Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын коддору (коддук белгилөөнүн 10 разрядынын деңгээлинде) каралгандан жана жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлөт.