Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 7-октябры № 201
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тарифтик жеңилдиктерди колдонууну тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 "Инвестициялык долбоорлордун ишинин артыкчылыктуу түрлөрүн (экономика секторлорун) белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечиминин 7-пунктунун 7.1.11-пунктчасында белгиленген тарифтик жеңилдик төмөнкүдөй шарттар сакталганда колдонула тургандыгы белгиленсин:
1) инвестициялык долбоор, аны ишке ашыруунун алкагында инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизилген технологиялык жабдуу, анын запастык бөлүктөрү, чийки зат жана (же) материалдар ташып киргизилсе;
2) чийки зат жана (же) материалдар инвестициялык долбоорлордун реестрине киргизилген товарларга, Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын кодуна, санына, ошондой эле инвестициялык долбоорлордун реестринде көрсөтүлгөн башка маалыматтарга шайкеш келсе;
3) технологиялык жабдуу, анын запастык бөлүктөрү, чийки зат жана (же) материалдар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып киргизилсе жана ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылса;
4) технологиялык жабдуу, анын комплекттөөчү жана запастык бөлүктөрү, даяр продукциянын курамындагы чийки зат жана (же) материалдар эркин бажы зонасы жана эркин кампа бажы жол-жоболору аяктаганда, ошондой эле ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылса.";
2) 2-пунктунда:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги:";
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- инвестициялык долбоорлордун реестрин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жиберсин.";
3) жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-октябрындагы № 105 (3284) жарыяланды
Төрага | У.А.Марипов |
Тиркеме |
Иштин артыкчылыктуу түрлөрүнө (экономиканын секторлоруна) шайкеш келген инвестициялык долбоорлордун реестри
Инвестициялык долбоор | Товарлар | ||||||||||
№ | Аталышы | Келишимдердин (контракттардын, макулдашуулардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин) реквизиттери | Ишке ашыруу башталган дата | Ишке ашыруу аяктаган дата | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду (коддук белгилөөнүн 10 разрядынын деңгээлинде) | Билдирилди | |||||
Саны | Өлчөө бирдиги | Наркы, (АКШ долл.) | Салмагы (кг) | Ташып киргизилүүчү товарды өндүргөн өлкө | Ташып киргизүүдөгү бажы алымдарынын суммасы, шарттуу түрдө эсептелген (АКШ долл.) | ||||||
| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
| ||||||||||
Эскертүү.
1. 3-графада Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттин (мындан ары - мүчө мамлекет) инвестициялык долбоору ишке ашырылып жаткан документтин реквизиттери көрсөтүлөт.
2. 7 жана 8-графаларда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товардын саны жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
3. 9-12-графаларда инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды иш жүзүндө ташып киргизүүдө таризделген товарларга карата декларациялардагы маалыматтар көрсөтүлөт.
4. 9-графада Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-майындагы № 257 чечими менен бекитилген Товарларга карата декларацияларды толтуруунун тартиби жөнүндө нускамага (мындан ары - Нускама) ылайык товарларга карата декларациянын 46-графасында көрсөтүлгөн товардын статистикалык наркы көрсөтүлөт.
5. 10-графада Нускамага ылайык товарларга карата декларациянын 38-графасында көрсөтүлгөн нетто салмагы көрсөтүлөт.
6. 12-графаны толтурууда товарга карата декларацияны каттоо күнүндө мүчө мамлекеттин улуттук (борбордук) банкы белгилеген, мүчө мамлекеттин валютасына карата чет өлкөлүк валютанын курсу колдонулат.
7. Бекитилген реестр инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жаңы товардык позициялар менен толукталышы мүмкүн.".