Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-октябры № 490
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Г.Мадеминов тарабынан демилгеленген “Расмий статистика жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 19 октябрындагы №490
токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Г.Мадеминов тарабынан демилгеленген “Расмий статистика жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
1. 1-беренесинде:
- 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы “чагылдырган” деген сөздү “мүнөздөгөн” деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз;
- 3-пункту “статистикалык программаларда” деген сөздөрдөн кийин “расмий статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу, өндүрүү жана жайылтуу үчүн пайдаланылуучу” деген сөздөр менен толукталсын.
4-беренесинин 9-пунктундагы “мамлекеттик бийлик органдары” деген сөздөрдү “мамлекеттик органдар” деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
2. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети расмий статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, улуттук статистика системасында расмий статистиканы иштетүү, өндүрүү жана жайылтуу боюнча ишмердикти координациялоону камсыз кылуучу расмий статистиканын алдыңкы өндүрүүчүсү болуп саналары белгиленген.
Бирок бул редакциянын контекстинен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ыйгарым укуктар ким тарабынан бериле тургандыгы ачык көрсөтүлгөн эмес.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле Мыйзамдын долбоору жалпысынан улуттук статистика системасын уюштурууну жана иштетүүнү жөнгө салууга, расмий статистиканы иштеп чыгуу, өндүрүү жана жайылтуу үчүн укуктук негизди аныктоого багытталгандыгын эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү “ыйгарым укуктуу” деген сөздү алып салууну максатка ылайыктуу деп ойлойбуз.
3. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 51-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы статистика боюнча мамлекеттик органдар менен бирге төлөм балансын түзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык инвестициялык көз карашын аныктайт.
Мында төлөм балансын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан төлөм балансын түзүүнүн эл аралык методологиясы, анын ичинде төлөм балансы жана эл аралык инвестициялык көз караш боюнча колдонмо, ошондой эле акча-кредиттик жана финансылык статистика боюнча колдонмо пайдаланылат.
Демек, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен өз ара тыгыз иштөө жолу менен расмий статистика жаатындагы негизги багыттардын бири үчүн жооп берет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн тизмегине кошуу жолу менен ага Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасында расмий статистиканы өндүрүүчү деген өзгөчө статусту мыйзам чыгаруу деңгээлинде берүү зарыл деп эсептейбиз. Ушундан улам “Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 6-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
“6-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасы
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика системасы өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган төмөнкүдөй расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдөн турат:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
3) расмий статистиканын башка өндүрүүчүлөрү.”.
4. “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык иштер маселелеринде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарын координациялоону жана алардын өз ара аракеттенүүсүн ишке ашырат. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 34-беренесинин 4-пунктун алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү бар экендигин белгилөө сунушталат. Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн мекемелерди, ишканаларды жана борборлорду түзө алат.
Мында “мыйзамдар” деген түшүнүк жалпыланган түшүнүк болуп саналарын жана кеңири чечмелөөнү талап кылуучу так эмес мүнөздү алып жүргөн түшүнүк экендигин белгилеп кетебиз. Демек, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар – бул коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт – бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, белгиленген формадагы расмий документ. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда шилтеме берилип жаткан ченемдик укуктук актыларды талдоо жана алардын жөнгө салуу тармагын же чөйрөсүн көрсөтүү зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзамдын 7-беренесинин 3-бөлүгүн толук иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгү, 32-беренесинин 2-бөлүгү, 33-беренесинин 2-бөлүгү боюнча ушундай эле пикирлер сунушталат.
6. Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 1-бөлүгүндө расмий статистиканын башка өндүрүүчүлөрү статистикалык программаларга ылайык расмий статистиканы иштеп чыгуу, өндүрүү жана жайылтуу үчүн жоопкерчилик тартыша тургандыгын белгилөө сунушталат.
Бул редакциянын мазмунунан жоопкерчилик статистикалык программаларга ылайык карала тургандыгын билүүгө болот, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык статистика чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган.
Ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актынын долбоорунун текстин логикалык жактан туура баяндоо максатында бул ченемди жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен кайра карап чыгуу максатка ылайыктуу деп ойлойбуз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесине ылайык Статистика боюнча кеңештин жобосун жана курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Ушуга байланыштуу уюмдун статусу, анын милдеттери жана функциялары, укуктары, жоопкерчилиги, ишинин тартиби анын Жобосу менен аныкталгандыктан, Мыйзамдын долбоорунун 11-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
8. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесин эске алып, долбоордун бардык текстинде терминдердин бирдиктүү туюндурмасын колдонуу максатында “Улуттук статистика комитети” деген сөздөрдөн мурда “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
9. Мыйзамдын долбоорунун 17-беренесинин 3-бөлүгүндө статистикалык текшерүүнүн алкагында берилүүчү маалыматтар анык экендиги жана белгиленген мөөнөттө, талап кылынган форматта жана акысыз негизде бериле тургандыгы белгиленет.
Бул бөлүктүн мазмунунан аталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу белгилүү бир форматты бекитүүнү сунуш кылат деп ойлойбуз. Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоорунда аны бекитүүнүн формасы каралган эмес.
10. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 130 жана 131-беренелеринде коммерциялык банк банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө укуктуу болгон жактардын чөйрөсү жана банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талаптын талаптары каралган. Баяндалгандарды эске алып, статистикалык маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болгон статистикалык маалыматтар катары банктык сырды түзгөн маалыматты да камтышы мүмкүн, мында кооптуулуктун пайда болушу мүмкүн экендигин белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 21-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун “сыр” деген сөздөн кийин “жана банктык сыр”, “сырларын” деген сөздөн кийин “жана банк ишин” деген сөздөр менен, 3-пунктун “сырга” деген сөздөн кийин “жана банктык сырга” деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
11. “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинде жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды мындай маалыматтардын субъектинин макулдугусуз, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча, эгерде суралып жаткан жеке маалыматтардын тизмеги сурап жаткан органдын ыйгарым укуктарына ылайык келсе, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде берүүгө укуктуу экендиги каралган.
Ушуга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” жана “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында маалыматтардын чыгышын токтотуу жана жеке маалыматтардын субъектине карата ыкчам кызыкчылыкты чечмелөө боюнча алдын ала чараларды көрүү үчүн төмөнкүлөрдү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз:
- долбоордун 5-беренесинин 6-пункту “мындай маалыматтарды” деген сөздөрдөн кийин “ушул Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 4-бөлүгүн кошпогондо,” деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-берене төмөнкүдөй редакциядагы 4-бөлүк менен толукталсын:
“4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен алардын компетенциясына ылайык статистикалык бирдиктердин индикаторлору кошулбаган жашыруун жеке/персоналдык маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө укуктуу.”;
- жеке маалыматтар изин суутпай издөө ишинин, белгилүү бир жеке жактардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын күнөөсүн аныктоо үчүн толук маалыматтарды алуу боюнча сотко чейинки өндүрүш же соттук териштирүүнүн алкагында абдан зарыл болгон тийиштүү статистикалык бирдикти идентификациялоого мүмкүндүк түзөт, ушуга байланыштуу 22-берененин 2-бөлүгүн толук иштеп чыгуу талап кылынат деп эсептейбиз;
- 37-берененин 4-бөлүгүн “жайылтылбайт” деген сөздөн кийин “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинде каралган учурлардан башка” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
12. Долбоордун 20-беренесинде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети статистикалык реестрлерди түзө жана ишке киргизе тургандыгы көрсөтүлгөн. Бирок 37-беренеде юридикалык жактар жөнүндө статистикалык реестрлерди ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү каралган. Ушуга байланыштуу долбоордун негиздеме-маалымкатында статистикалык реестрлерди жана тийиштүү реестрлерди жүргүзүүчү мамлекеттик мекемелердин болжолдуу тизмегин көрсөтүүнү сунуш кылабыз.
13. Ошону менен бирге долбоорду абдан жакшы түшүнүү жана аны ишке ашыруу үчүн “расмий статистиканын башка өндүрүүчүлөрү” статусуна ээ боло турган мамлекеттик органдардын, ошондой эле “расмий статистика” статусуна ээ боло турган көрсөткүчтөрдүн болжолдуу тизмегин долбоордун негиздеме-маалымкатында көрсөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
14. Мыйзамдын долбоору тийиштүү жактардын расмий статистикалык маалыматтарды алуу мүмкүндүгүнө таандык жоболорду караштырат. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун айрым жоболорунун (мисалы, 21, 27, 33-беренелери) редакциясын купуя маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен кайра иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 16-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “21-26” деген цифралар “21-27” деген цифралар менен алмаштырууну кошумча сунуштайбыз, ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 6-главасы статистикалык купуялуулук менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Ошону менен бирге долбоордун статистиканы өндүрүүнү үчүнчү жактарга өткөрүп берүү маселелерин козгогон 27-беренеси расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы маалыматтарды алмашуу маселелеринде эске алынган эмес.
15. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 37-беренесин Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 28-июнундагы № 88 “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын (“Эркин Тоо” гезити, 2018-жылдын 17-августу, № 69) 13-беренеси менен толуктоону сунуш кылабыз.
16. Ушуну менен бирге “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускамага ылайык сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболору жалпысынан стилистикалык жана редакциялык толук иштеп чыгууга муктаж экендигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.
“Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
1. “Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жекече детективдик ишмердик менен иштөөгө талапкер жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарында жекече ишкер катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү.
Бирок салык мыйзамдарына ылайык ишкердик менен иштеген субъекттер салык каттоосу жөнүндө салык органына арыз берүүгө милдеттүү.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
“4-берененин 4-бөлүмүндөгү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарындагы жеке ишкер” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке ишкер” деген сөздөр менен алмаштырылсын.”
2. “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору 2018-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2018-жылдын 6-августунда кол коюлгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 8-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
3. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 294-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды, отчетторду бербөө, өз учурунда бербөө же анык эмес маалыматтарды берүү 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Мында аталган беренеде каралган бузуулар жөнүндө иштер талаптагыдай аткарылбаган же алар инспекциялык ыйгарым укуктарды аткарууда тоскоолдуктарды жараткан чечимдер, аныктамалар, буйруктар же талаптар ыйгарым укуктуу органдар тарабынан каралат.
Демек, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети “Расмий статистика жөнүндө” мыйзамдын долбоорунда каралган өзүнүн максаттарына жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин жогоруда аталган беренесин толугу менен пайдалана алат. Ушуга байланыштуу сунуш кылынган мыйзамдын долбоорунун 26-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
4. “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам жазуу техникасы боюнча нускамага ылайык сунушталган Мыйзамдын долбоорунун жоболору жалпысынан стилистикалык жана редакциялык толук иштеп чыгууга муктаж экендигин белгилеп кетебиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен ушул Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга болот деп эсептейт.