Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-мартындагы № 199 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 токтомуна) |
Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү интернат тибиндеги балдар мекемелерин аккредитациялоонун негизги принциптерин, милдеттерин, талаптарын, тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
интернат тибиндеги балдар мекемелери - менчигинин формасына карабастан турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү жана балдардын сутка бою болуусу үчүн арналган мекемелер.
аккредитациялоо субъекти - турмуштук оор кырдаалда турган балдарды багуучу жана сутка бою болуусу үчүн кызмат көрсөтүүчү, менчиктин баардык формаларындагы интернат тибиндеги балдар мекемелери;
аккредитация - жыйынтыгы боюнча аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк берилүүчү, аккредиттелген субъект белгиленген талаптарга ылайык келгенин күбөлөндүргөн, аккредитация субъектисин баалоонун жол-жоболору;
аккредиттелген уюм - ыйгарым укуктуу орган тарабынан турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүгө компетенттүү деп табылган жана белгиленген тартипте аккредитация жөнүндө күбөлүк алган уюм;
ыйгарым укуктуу орган - аккредитациялоону жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан балдарды коргоо боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган;
аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк - аккредитация субъектисине турмуштук оор кырдаалда турган балдарды сутка бою багуу жана сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү документ;
баалоо - аккредитация субъектисинин көрсөтүүчү кызматтарынын белгиленген талаптарга сапаттык жана сандык жактан ылайык келүүсүн аныктоо боюнча иш;
баалоо жөнүндө отчет - аккредитация субъектисинин балдарды багуу боюнча кесиптик ишин ырастоо үчүн ыйгарым укуктуу органга эксперттик топ тарабынан берилген баалоонун жыйынтыктары тууралуу расмий документ;
3. Аккредитациянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуу;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу;
- аккредитацияланган уюмдардын иштеринин квалификациясынын деңгээлин аныктоо;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызматтарды көрсөтүү жагында атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүү.
4. Аккредитациялоо төмөнкү принциптерге негизденет:
- аккредитациялоонун жол-жоболору, критерийлери жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
- аккредитациялоону өткөрүүнүн ачык-айкындыгы;
- аккредитациялоону өткөрүүдө дискриминацияга жол бербөө;
- аккредитациялоо тутумунун биримдиги жана бүтүндүгү.
5. Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөтүүчү жана балдардын сутка бою болуусу үчүн арналган интернат тибиндеги балдар мекемелери менчигинин формасына карабастан аккредитациялоого жатат.
6. Аккредитациялоо аккредитация субъектилери балдарга кызмат көрсөтүүнү баштаганга чейинки жана үч жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлүүчү кайталап аккредитациялоо болуп бөлүнөт.
7. Аккредитация субъектилеринин арызын кароонун жана алар боюнча чечим кабыл алуунун жалпы мөөнөтү 30 иш күн.
8. Аккредитация субъектилерине коюлуучу негизги талаптар:
- аккредитациялоо жол-жобосунан милдеттүү түрдө өтүү;
- аккредитациялоо субъектилерине балдарды кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 691 "Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттарга ылайык сутка бою балдарды багуу жана тейлөө боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү;
- аккредитация субъектилериндеги балдардын коопсуздугун камсыз кылуу.
2-глава. Ыйгарым укуктуу органдын жана аккредитация субъектилеринин укуктары жана милдеттери
9. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
- юридикалык жактардан жана жеке адамдардан аккредитация субъектилеринин иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- аккредитация субъектисине баалоо жүргүзүүгө;
- аккредитацияланган аккредитация субъектилерине мониторинг жүргүзүүгө;
- мамлекеттик жана сот органдарына, ошондой эле коомчулукка аккредитация субъектилери аккредитациялангандыгы тууралуу маалымдоого.
10. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү милдеттерди аткарат:
- аккредитация субъектилерине аккредитация жүргүзөт;
- аккредитациялангандыгы же аккредитациялоодон баш тартылгандыгы, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүгүнүн мөөнөтүнүн токтотулушу же кайрадан иштетүүгө берилиши тууралуу чечим кабыл алат.
- аккредитацияланган уюмдарга аккредитациялоо жөнүндө сертификатын жана ыйгарым укуктуу органдын актысынын көчүрмөсүн берет;
- Аккредитация боюнча комиссиянын курамын бекитет;
- эксперттик топтун курамын бекитет;
- Аккредитация боюнча комиссиянын жыйынын уюштурат;
11. Аккредитация субъектиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- аккредитация жол-жоболору жөнүндө толук жана так маалымат алууга;
- баалоо отчетунун жана эксперттик топтун корутундусунун көчүрмөсүн алууга;
- аккредитациялангандыгы же аккредитациялоодон баш тартылгандыгы, ошондой эле аккредитациялоо жөнүндө күбөлүгүнүн жарактуулугу токтотулганы же кайрадан жаңыртылганы тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсүн алууга.
12. Аккредитация субъектисинин милдеттери:
- балдарды сутка бою багуу жана колдоо боюнча кызмат көрсөтө баштаганга чейин аккредитацияланган болушу керек;
- баалоо, жүргүзүү үчүн эксперттик топко тоскоолдук кылбоо;
- сутка бою болуу үчүн балдарды кабыл алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоо.
3-глава. Аккредитациялоодон өткөрүү тартиби
13. Ыйгарым укуктуу орган аккредитация субъектилеринен аккредитациялоо жөнүндө арызын туруктуу негизде кабыл алат.
14. Аккредитациядан өтүү үчүн аккредитация субъектиси ыйгарым укуктуу органга төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген формада аккредитациялоо жөнүндө арызды;
2) аккредитация субъектисинин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрүн;
3) салык төлөөчүнүн идентификациялык номурун көрсөтүү менен статистика жана салык органдарында, социалдык камсыздандыруу органында арыз берүүчүнү каттоого коюу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн;
4) турмуштук оор кырдаалда турган балдарга багуу жана тейлөө боюнча сутка бою кызматтарды көрсөтүү үчүн жайларды пайдаланууга укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн;
5) аккредитация субъектисинин жетекчиси жана кызматкерлери жөнүндө маалыматты (паспортунун көчүрмөсү, билими жөнүндө документ, соттолбогондугу жөнүндө маалымкат, психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерлерден маалымкат);
6) өрткө каршы кызматтын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык мамлекеттик органдарынын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды сутка бою багуу жана кызмат көрсөтүү үчүн жайлар жөнүндө корутундуларынын көчүрмөлөрүн;
7) аккредитация субъектилери тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин;
8) турмуштук оор кырдаалда турган балдарды сутка бою багуу жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты (тейлөөдөгү балдардын саны жөнүндө, багууга жумшалган чыгымдар жөнүндө).
Ушул пункттун 5-8-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып 12 айдын ичинде күчүндө болот.
15. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 14-пунктунда каралган арызды жана документтерди алган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде аккредитация субъектисине документтердин кароого кабыл алынганы жөнүндө кабарлайт.
Ушул жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн, аккредитациялоо үчүн керектүү документтер (документ) тапшырылбаган учурда, ыйгарым укуктуу орган аккредитация субъектисине документтерди (документти) берүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
Эгерде, аккредитациялоо жөнүндө арыз кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде аккредитация субъектиси керектүү документтерди (документти) бербесе, аккредитациялоо жөнүндө арыз кароосуз калтырылат жана ал жөнүндө аккредитация субъектисине жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүлөт.
16. Аккредитациялоо Аккредитация боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
17. Аккредитация субъектилерине баалоо жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган аккредитация субъектилери иштеп жаткан аймакта эксперттик топторду түзөт жана алардын курамын бекитет.
Эксперттик топтор балдарды коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо, санитардык-эпидемилогиялык көзөмөлдөө, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик аймактык органдардын кызматкерлеринен, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
18. Эксперттик топтор көрсөтүлүүчү кызматтардын белгиленген талаптарга ылайык келишин баалашат, аныкташат жана ыйгарым укуктуу органга аккредитация субъектисин баалоо жөнүндө отчет беришет.
Бир аккредитация субъектисин баалоо убактысы (отчетту түзүү менен) жети иш күндөн ашпоого тийиш.
19. Ыйгарым укуктуу орган арыздын, берилген документтердин, эксперттик топтун отчетунун жана анын сунуштарынын, аккредитация субъектиси даярдаган өзүн-өзү баалоо отчетунун негизинде корутунду даярдайт жана комиссиянын кароосуна киргизет.
20. Ыйгарым укуктуу орган аккредитация субъектисин баалоонун жыйынтыгы боюнча жети иш күндүн ичинде материалдарды (иштерди) аккредитациялоо боюнча комиссиянын кароосуна киргизет.
Аккредитация боюнча комиссия аккредитация субъектиси көрсөтүүчү кызматтардын сапатын баалоону жана ылайыктыгы жөнүндө корутундуну карап чыгат жана алар алынган күндөн тартып он иш күндөн ашпаган мөөнөттө аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу, же кошумча баалоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Аккредитация боюнча комиссия баалоонун жыйынтыгын жана аккредитация субъектиси көрсөтүүчү кызматтардын ылайыктыгы жөнүндө корутундуну кароодо эксперттик топту ишке тарта алат.
21. Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси жети иш күндүн ичинде аккредитациялоо же аккредитациядан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
22. Ыйгарым укуктуу орган кабыл алынган чечимдин негизинде үч иш күндүн ичинде аккредитация субъектисинин жетекчисине аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү үч жылдык мөөнөткө берет.
23. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк так отчеттуулуктагы документ болуп эсептелет, эсептик номуру бар болот жана ушул Жобонун тиркемесине ылайык формада толтурулат.
Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн бланктарын алуу, эсепке алуу жана сактоо ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.
24. Аккредитацияланган аккредитация субъектиси жайгашкан жери же аты өзгөртүлгөнүнө байланыштуу мамлекеттик каттоодон кайрадан өткөн учурда, 14 календардык күндүн ичинде аккредитациялоо жөнүндө күбөлүгүн кайрадан тариздөө үчүн юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон кайра өткөнү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тиркөө менен ыйгарым укуктуу органга аккредитациялоо жөнүндө күбөлүгүн кайрадан тариздөө жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
25. Кайрадан аккредитациялоо ушул главада белгиленген тартипте жана мөөнөттө, аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин эки айдан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
26. Аккредитациялоодон баш тартуу тууралуу чечимдин үстүнөн административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык кызыкдар жактар тарабынан даттанылышы мүмкүн.
4-глава. Эксперттик топтун ишин уюштуруу
27. Аккредитация субъектилерине баалоо жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган эксперттик топко методикалык көрсөтмөлөрдү түзүп жана бекитип берет.
28. Эксперттик топтун төрагасы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет.
Эксперттик топтун төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
- эксперттик топтун ишинин графигин бекитет;
- аккредитация субъектилерин баалоо үчүн эксперттик топтун ишин уюштурат;
- эксперттик топтун ишин уюштуруу жана аккредитация субъектилеринин ишин баалоо жөнүндө берилүүчү отчеттордун тууралыгы үчүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликте болот.
29. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде эксперттик топтун мүчөлөрү баалоонун корутундусун эксперттик топтун төрагасына беришет.
Эксперттик топтун мүчөлөрүнүн корутундуларынын негизинде эксперттик топтун төрагасы көрсөтүлүүчү кызматтардын талапка ылайыктыгы жөнүндө отчетун жана корутундусун даярдайт.
30. Аккредитация субъектисин баалоо жөнүндө отчетко жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын ылайыктыгы жөнүндө корутундуга эксперттик топтун төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
5-глава. Аккредитация боюнча комиссиянын ишин уюштуруу
31. Аккредитация боюнча комиссиянын курамын ыйгарым укуктуу орган балдарды коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо, ички иштер, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, этностор аралык мамиле жана дин иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринен, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн бекитет. Аккредитация боюнча комиссиянын курамы он үч мүчөдөн турат.
32. Аккредитация боюнча комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин балдарды коргоо маселесин тейлеген орун басары эсептелет.
Комиссиянын төрагасы төмөнкү функцияларды аткарат:
- Аккредитация боюнча комиссиянын ишине жетекчилик кылат;
- Аккредитация боюнча комиссиянын жыйындарында төрагалык кылат жана анын ишин уюштурат;
- Аккредитация боюнча комиссиянын жыйындарынын күн тартибин бекитет;
- Аккредитация боюнча комиссиянын жыйындарында чечүүчү добуш укугу менен добуш берет;
- Аккредитация боюнча комиссиянын жыйыны болуучу күндү белгилейт;
- Аккредитация боюнча комиссиянын жыйынынын протоколуна кол коёт.
33. Комиссиянын төрагасынын эки орун басары болот. Биринчи орун басары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси болот, экинчи орун басары коммерциялык эмес уюмдун өкүлү болот.
- Комиссиясынын төрагасынын биринчи орун басары:
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдеттерин аткарат;
- Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт.
Комиссиянын төрагасынын экинчи орун басары:
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын жыйынында кароо үчүн материалдардын өз убагында даярдалышын контролдойт.
34. Комиссиянын иши балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүндө туруктуу иштеген катчы тарабынан уюштурулат. Комиссиянын катчысы добуш берүү укугуна ээ эмес.
Комиссиянын катчысы төмөнкү функцияларды аткарат:
- Комиссиянын жыйынында кароо үчүн материалдарды даярдайт;
- жыйынга үч күн калганга чейин Комиссиянын кароосуна коюлуучу маселелер боюнча материалдар менен тааныштыруу үчүн Комиссия мүчөлөрүнө күн тартибин, эксперттик топтун баалоосун жана корутундуларын жиберет, жыйындын датасы жөнүндө материалдары каралуучу адамдарга кабарлайт;
- Комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарларынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүгө жоопкерчиликтүү болот;
- Комиссиянын жыйынынын протоколун жазат жана тариздейт, протоколдук чечимдин көчүрмөсүн даярдайт.
35. Коммерциялык эмес уюмдун өкүлдөрү Комиссиянын мүчөлүгүнөн өз каалоосу менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылып, Комиссиянын курамынан чыга алышат.
36. Комиссиянын курамындагы мамлекеттик органдын жана коммерциялык эмес уюмдун мүчөлөрү Комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
- жүйөлүү себепсиз (жүйөлүү себеп болуп төмөнкүлөр эсептелет: ишке жарамсыздык мезгили, иш сапарында болуу, эмгек өргүүсү, окуу) катары менен үч жолу Комиссиянын жыйындарына катышпаганда;
- Комиссиянын жыйынында жүрүм-турумдун моралдык-этикалык ченемдерин сактабаганда.
37. Эгерде жыйынга Комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышса, Комиссиянын жыйыны мыйзамдуу болуп саналат. Комиссиянын мүчөлөрү жыйынга бөлөк бирөөгө алмаштыруу укугусуз катышат.
38. Комиссиянын кворуму жок болсо, Комиссиянын төрагасы ишти кароо мөөнөтүн беш иш күндөн ашпаган мөөнөткө узартуу тууралуу чечим кабыл алат.
39. Комиссиянын чечими кворум болгон учурда, Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен ачык добуш берүүдө кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
Комиссия мүчөлөрүнүн добуштары тең чыккан учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Комиссиянын жыйынынын протоколуна төрагалык кылуучу жана Комиссиянын катчысы кол коёт.
40. Протокол каралып жаткан маселенин датасын жана жыйын өткөрүлгөн ордун, каралган ишке катышуучу адамдардын келгендиги тууралуу маалыматтарды көрсөтүү, алардын түшүндүрүүлөрүн кыскача жазуу менен, ошондой эле арызды кароонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимди жана ага даттануу тартибин түшүндүрүү менен түзүлөт.
6-глава. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугун токтотуп туруу, кайра калыбына келтирүү, токтотуу
41. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү төмөнкү учурда ыйгарым укуктуу органдын чечими менен токтотулат:
- аккредитация субъектиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу маалымат белгиленген тартипте алынганда;
- аккредитация субъектисинин ишине мониторинг өткөрүүнүн жыйынтыгынын негизинде тартип бузуулар аныкталганда;
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын же ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугун токтото туруу зарылдыгы жөнүндө көрсөтмөсү болгондо.
Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактулуугун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган аккредитация субъектисине аныкталган эреже бузууларды бир айдын ичинде жоюу зарылдыгы жөнүндө билдирет.
42. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн убактылуу токтотулган жарактуулук мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн же укук коргоо органынын аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү колдонуу мөөнөтүн токтото турууга алып келген себептер жоюлганын тастыктаган тиешелүү корутундусу алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жаңыртылат.
43. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- аккредитация субъектиси тиешелүү укуктук документтерди көрсөтүү менен мекемесинин токтотулганы жөнүндө арызын бергенде;
- аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүнүн токтотулушуна алып келген эреже бузуулар жана себептер (жагдайлар) жоюлбаган учурда;
- аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктаганда;
- соттун актысы мыйзамдуу күчүнө киргенде.
44. Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн токтотуу жөнүндө чечим ушул Жобонун 39-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып он төрт иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
45. Ыйгарым укуктуу орган аккредитация субъектисине аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн токтотуунун себептерин көрсөтүү менен, чечим кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде билдирет.
46. Аккредитациялоо же аккредитациядан баш тартуу, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктү берүү, жарактуулук мөөнөтүн токтото туруу, токтотуу, калыбына келтирүү, мөөнөтүн узартуу, аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечими беш иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланат.
47. Аккредитациялоодон баш тартылган же аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулугу токтотулган учурда ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул уюмда камкорчулукка алынгандарды башка аккредиттелген уюмга белгиленген тартипте которот.
7-глава. Аккредитацияланган аккредитация субъектилерине мониторинг жүргүзүүнүн тартиби
48. Ыйгарым укуктуу орган жана ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү аккредитацияланган аккредитация субъектилерине жыл сайын мониторинг жүргүзүшөт.
49. Аккредитацияланган аккредитация субъектилерине мониторинг турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо максатында жүзөгө ашырылат.
50. Ыйгарым укуктуу орган мониторинг жүргүзүү үчүн отчеттун формасын жана мониторинг жүргүзүү графигин бекитет.
51. Ыйгарым укуктуу орган мониторингдин жыйынтыгынын негизинде жазуу түрүндө отчетун түзөт жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырат.
|
| Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобого тиркеме |
Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк № __________
Аккредитациялоо жөнүндө ушул күбөлүк аккредитация боюнча комиссиянын
20__-жылдын "___" ________________ чечиминин жана ____________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
20_-жылдын "___" ________________ № буйругунун негизинде берилди.
Бул аккредитациялоо жөнүндө күбөлүк
____________________________________________________________________________________
(аккредитация субъектисинин аталышы, юридикалык дареги)
____________________________________________________________________________________
(мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн датасы жана номери)
турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды сутка бою багуу жана тейлөө боюнча кызмат
көрсөтүүгө укук берет.
Аккредитациялоо жөнүндө күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү:
____________________________________________________________________________________
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси | _________________________________________ |
|
| (аты-жөнү, колу) |
|
Датасы: 20___-жылдын "___" ________________