Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 9-октябры № 691
Үй-бүлөлөрдү жана балдарды социалдык
тейлөө чөйрөсүндөгү, ошондой эле оор турмуштук кырдаалга
кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелердин
социалдык стандарттарынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомунун редакциясына ылайык)
"Гарантияланган мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандардын аялуу категорияларын социалдык коргоону ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча минималдык стандарттар 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 184 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |