Загрузка документа…
|
| 4-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 токтомуна |
Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестринин (мындан ары - Мамлекеттик реестр) максатын, аны түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик реестр соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикалары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
3. Мамлекеттик реестр соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикалары жөнүндө маалыматтар менен камсыздоо максатында түзүлөт.
2-глава. Мамлекеттик реестрди түзүү тартиби
4. Мамлекеттик реестрди жүргүзүү соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө саясатты ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик реестрге төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- методиканын шифри;
- методиканын аталышы;
- методика иштелип чыккан жыл;
- методика бекитилген күн;
- методиканын автору (түзүүчү).
6. Мамлекеттик реестр кагаз сактагычта жана электрондук түрдө, мамлекеттик жана расмий тилдерде, ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формада жүргүзүлөт.
7. Мамлекеттик реестрдин кагаз варианты боо менен көктөлөт, ар бир барагы номерленет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү менен бекитилет. Беттерди номерлөө өтмө болот. Карандаш менен жазууга, чийип оңдоого, кырып өчүрүүгө, оңдоого, барактарды алып коюуга болбойт.
8. Мамлекеттик реестрдин электрондук варианты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
3-глава. Мамлекеттик реестрди пайдалануунун тартиби
9. Соттук эксперттер сот экспертизасын жүргүзүүдө Мамлекеттик реестрге киргизилген методикалар жөнүндө маалыматтарды пайдаланышат.
10. Методикалар жөнүндө маалымат алыш үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине жазуу жүзүндө сураныч жиберилет.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сураныч келип түшкөн күндөн баштап беш иш күндүн ичинде Мамлекеттик реестрден көчүрмөнү жазуу жүзүндө, жетекчинин же аны алмаштыруучу адамдын кол тамгасы менен күбөлөндүрүп берет.
12. Ал көчүрмө суранычты тариздеген адамдын дарегине жиберилет.
|
| Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
№ | Методиканын шифри | Методиканын аталышы | Методика иштелип чыккан жыл | Методика бекитилген күн | Методиканын автору (түзүүчү) | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|