Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-ноябры № 521
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги казак тарапка жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2018-жылдын 5-ноябрындагы № 521 токтому менен жактырылган
2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп саналат.
Протокол туристтик сезон учурунда үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүсү, ошондой эле Бишкек-Балыкчы айланма жолунда жайгашкан өткөрүү пункттары аркылуу кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдарга жагымдуу шарттарды түзүү максатында даярдалган.
Ушул Протоколдо “Кең-Булуң-автожол” жана “Токмок-автожол” өткөрүү пункттарынын эки тараптуу статустан көп тараптуу (эл аралык) статуска өзгөртүү жолу менен жогоруда аталаган Макулдашуунун тиркемесинин 2 жана 3-пункттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунда жайгашкан “Нововоскресеновка-автожол” өткөрүү пунктунун аталышын “Сыпатай батыр-автожол” өткөрүү пунктуна өзгөртүү жолу менен Макулдашуунун тиркемесинин 7-пунктуна өзгөртүү киргизүү каралган.
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Протокол кол коюлганга чейин министрликтер жана ведомстволор, 2018-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 231-б буйругу менен жактырылган.
Протоколго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы 2018-жылдын 17-августунда Астана шаарында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык Кеңешинин 7-жыйынынын алкагында кол койгон.
Протокол Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
Протоколду ратификациялоо терс финансы-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт.