Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-ноябры № 532
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү жана тиешелүү мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө бюджеттик кирешелердин болжолун жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун үчүнчү абзацындагы жана 14-пунктунун онунчу абзацындагы түрдүү жөндөмөдөгү "кирешелеринин тескөөчүлөрү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктунда:
"пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
"башкы" деген сөз алып салынсын;
"иштеп чыгууга укуктуу" деген сөздөр "иштеп чыгышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-пунктундагы "Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "мамлекеттик бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун", "кирешелердин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "кирешелеринин администраторлору" жана "кирешелеринин тескөөчүлөрү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна жана орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча берилген маалыматтардын негизинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзөт жана бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен болжолдуу көрсөткүчтөрдү макулдашууну уюштурат.";
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджетти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткенден кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кирешелердин бюджеттик классификациясынын коддоруна ылайык мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алуу жана аткаруу үчүн бюджеттик ресурстардын администраторлоруна жеткирет.";
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын учурдагы айдан кийинки айдын 1ине чейинки мөөнөттө кассалык планды түзүү жана бекитүү үчүн пландалган айга мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн планын түзөт. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн бекитилген планы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин администраторлоруна билдирилет.";
- 31-пунктундагы "10унан" деген цифра "акыркы күнүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пунктундагы "учурдагы айдын 15инен" деген сөздөр "учурдагы айдан кийинки айдын 5инен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пунктундагы "кирешелери (ресурстары) боюнча" деген сөздөр "ресурстары боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде:
- бардык текст боюнча "бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "киреше (ресурс) администраторлору" деген сөздөр "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 22-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Отчёттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен жана" деген сөздөр алып салынсын;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |