Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында аныкталган түшүнүктөр колдонулат.
2. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн катышуучулары
3. Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмонун 1-тиркемесинде аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин ресурстарынын администраторлору мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн катышуучулары болуп саналышат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн принциптери
4. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн катышуучулары төмөнкү принциптерди жетекчиликке алышат:
- маалыматтын мезгилдүүлүгү;
- маалыматтын өз учурунда берилишин;
- маалыматтын толуктугун, тактыгын жана ишенимдүүлүгүн;
- купуя маалыматтарды жайылтпоону;
- катышуучулардын өз ара жоопкерчилигин.
4. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн максаттары
5. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүнүн катышуучуларынын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо үчүн зарыл болгон, баштапкы көрсөткүчтөрдү эсепке алуунун туруктуу системасын жүргүзүүнү камсыздоо;
- мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн жетишээрлик ишенимдүүлүк деңгээлин аныктоо;
- мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына үзгүлтүксүз бюджеттик мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоо.
5. Өз ара аракеттенүүнүн жана маалымат алмашуунун негизги формалары
6. Мамлекеттик бюджеттин кирешелер бөлүгүн түзө турган катышуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу төмөнкүлөр аркылуу камсыздалат:
- бюджеттик мыйзамдарга жана ушул Тартипке ылайык электрондук жана кагаз түрүндөгү алып жүрүүчүлөр аркылуу маалыматтарды алмашуунун макулдашылган форматынын негизинде ишке ашырылуучу үзгүлтүксүз маалыматтык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана колдоо;
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү жана аткаруу маселелери боюнча долбоорлоонун жана чечүүнүн түрдүү варианттарын макулдашуу;
- өз ара аракеттенүүнүн кыйла маанилүү маселелери боюнча коллегиялык жана кеңеш берүү иш-чараларын уюштуруу;
- мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбай калуу коркунучуна жана башка бюджеттик коркунучтарга алып келүүчү себептер менен шарттарды четтетүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу менен учурдагы кырдаалды биргелешип талдоо, ошондой эле кошумча ресурстарды табуу боюнча сунуштамаларды биргелешип иштеп чыгуу.
6. Өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуунун объектиси
7. Өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуу объектиси болуп ушул Тартип менен аныкталган мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө керек болгон маалымат саналат.
7. Өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашуунун катышуучуларынын жалпы укуктары жана милдеттери
8. Укуктар жана милдеттер ушул Тартиптин алкагында өз ара аракеттенүүнүн жана маалымат алмашуунун катышуучуларынын баарына жайылат.
9. Өз ара аракеттенүүнүн жана маалымат алмашуунун катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
- башка катышуучудан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү жана аткаруу үчүн керектүү маалыматтарды сурап алууга, эгер аны берүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана ушул Тартипте каралса;
- берилген маалыматтарда жана эсептөөлөрдү камтылган маалыматтарды тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн сурап алууга;
- ушул Тартипти жана маалыматты берүүнүн форматтарын өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка укуктарды ишке ашырууга.
10. Өз ара аракеттенүүнүн жана маалымат алмашуунун катышуучулары ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү жана аткаруу процессинде зарыл болгон маалыматты берүүгө милдеттүү.
8. Кирешелердин орточо мөөнөттүү болжолун жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү процессинде өз ара аракеттенүү жана маалымат алмашууну уюштуруу
11. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун жана кирешелердин орточо мөөнөттүү болжолун түзүү процессинде өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну уюштуруу, эгер ушул Тартипте башкалар белгиленбесе, белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик бюджеттин долбоорун даярдоо боюнча календардык планда аныкталган мөөнөттөргө ылайык ишке ашырылат.
12. Өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда маалыматтардын тизмеги жана маалымат алмашуулардын мөөнөтү ушул Тартиптин тиркемесине ылайык аныкталат.
13. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу жана бул тууралуу 3 (үч) жумуш күндүн аралыгында кызыкдар катышуучуларга кабарлоого милдеттүү.
14. Маалыматтарды берүүнүн формалары (кагаз, электрондук түрдө алып жүрүүчүлөрдө, маалыматтар базасына жеткиликтүүлүк ж.б.) тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.
15. Мамлекеттик бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун жана киреше бөлүгүнүн долбоорун иштеп чыгууда өз ара аракеттенүүнүн жана маалымат алмашуунун катышуучуларынын ишине методологиялык жетекчилик кылуу жана координациялоо мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
16. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүдөй маалыматтарды даярдоону жана таркатууну камсыз кылат:
- кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге мамлекеттик бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун жана мамлекеттик бюджеттин долбоорун даярдоонун бекитилген календардык планын;
- ушул Тартиптин тиркемесинде аныкталган маалымат берүүнүн форматы жана түзүмүн;
- мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча болжолдорду макулдашуу графигин.
17. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар тараптарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартиби менен бекитилген көрсөткүчтөр тизмегине ылайык Кыргыз Республикасын жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун белгиленген мөөнөттөрдө берет. Социалдык-экономикалык өнүгүү божомолунун көрсөткүчүнүн тизмеги өзгөргөн учурда, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 5 (беш) жылдан кем эмес убакытты түзгөн мезгилде маалыматтарды ретроспективдик эсептөө жолу менен берилген маалыматтын салыштырмалуулугун камсыздайт.
18. Салык саясатын иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган орточо мөөнөттүү мезгилге салык саясатынын стратегиясын жана салык мыйзамдарынын өзгөрүү мониторингинин жыйынтыгын белгиленген мөөнөттөрдө кызыкдар тараптарга берет.
19. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жер казынасын иштетүү, этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Тартиптин тиркемесинде аныкталган маалыматты белгиленген мөөнөттөрдө кызыкдар тараптарга берет.
20. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин администратору белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкү маалыматтарды берет:
- мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган формат жана түзүм боюнча тиешелүү мезгилге мамлекеттик бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун жана/же мамлекеттик бюджеттин долбоорун түзүү үчүн керектүү маалыматтарды;
- кабыл алынган мамлекеттик программалардын, тармактык (сектордук) стратегияны өнүктүрүү жана мамлекеттик органдын башка иш-аракеттеринин программалары алкагында мурдагы жана учурдагы мезгил үчүн көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча аналитикалык материалдары болжолдуу көрсөткүчтөргө эсептөөлөрдү, негиздемелерди;
- кабыл алынган мамлекеттик программаларга, өнүктүрүүнүн тармактык (сектордук) стратегиясына жана мамлекеттик органдын башка иш-аракеттеринин программаларына ылайык пландуу мезгилге мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүн камсыздоо саясатын;
- кезектеги бюджеттик жылга мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн алдын ала графигин (кварталдык, ар айлык).
21. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору тарабынан берилген маалымат, эң аз дегенде, учурдагы бюджеттик жылдын алдындагы 3 (үч) жылдын иш жүзүндөгү маалыматтарын, учурдагы жылды баалоону жана кийинки бюджеттик 3 (үч) жыл үчүн болжолду камтууга тийиш.
22. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна жана орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча берилген маалыматтардын негизинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзөт жана бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен болжолдуу көрсөткүчтөрдү макулдашууну уюштурат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Мамлекеттик бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн долбоорунун айрым көрсөткүчтөрү боюнча чечилбеген кайчы пикирлер болгон учурда, мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн эсептөөлөрүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн долбоорун түзөт жана ушундай кайчы пикирлердин ар бирине корутунду берүү менен мамлекеттик бюджеттин кирешелер боюнча чечилбеген кайчы пикирлерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык демилгелөөдө орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана мамлекеттик бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн долбоорун түзүү процессинде ушул Тартипте белгиленген талаптар сакталат.
25. Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү процессинде мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тактоого алып келген факторлорду изилдөөгө жана киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү так эсептөө үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтарды мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунан суроого жана алууга укуктуу.
9. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн планын түзүү процессинде өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну уюштуруу
26. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджетти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткенден кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кирешелердин бюджеттик классификациясынын коддоруна ылайык мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алуу жана аткаруу үчүн бюджеттик ресурстардын администраторлоруна жеткирет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген мамлекеттик бюджеттин параметрлеринин негизинде мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору мамлекеттик бюджеттин бекитилген көрсөткүчтөрүн алгандан кийин 5 (беш) жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө бюджеттик жазууларды түзүү үчүн мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү маалыматтарды берет:
- мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнүн (квартал сайын, ай сайын, макулдашуу боюнча) такталган графигин;
- түшүүлөр графигине негиздемени, түшүндүрмө катты;
- ар айлык план-болжолдоону түзүү жана жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.
28. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүдөй учурларда алдын ала макулдашуусуз бюджеттик жылдын биринчи айына мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнүн планынын көрсөткүчтөрүн аныктайт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин айрым администраторлоруна карата мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнүн графигин өз алдынча аныктоо укугуна ээ:
- ушул Тартипте аныкталган жана бюджеттик жазууну түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар берилбесе;
- ушул Тартипте аныкталган жана бюджеттик жазууну түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар өз учурунда берилбесе;
- ушул Тартипте аныкталган жана бюджеттик жазууну түзүү үчүн зарыл болгон сапатсыз (негизделбеген) маалыматтар берилсе;
- ушул Тартипте аныкталган жана бюджеттик жазууну түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар толук эмес көлөмдө берилсе.
29. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын учурдагы айдан кийинки айдын 1ине чейинки мөөнөттө кассалык планды түзүү жана бекитүү үчүн пландалган айга мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн планын түзөт. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн бекитилген планы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин администраторлоруна билдирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Ушул Тартиптин максатында мамлекеттик бюджеттин бекитилген параметрлерин жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнүн пландарын мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору алган күнү болуп, кыйла мурда болгон окуянын шарттарына таянуу менен төмөнкүлөр эсептелет:
- мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий каты мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору тарабынан катталган күн;
- электрондук байланыш каражаттарынын жардамы менен мамлекеттик бюджеттин кирешелер классификациясынын коддоруна ылайык, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген параметрлерин мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жиберген күн.
31. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын кошпогондо, мамлекеттик бюджетке кирешелердин түшүүсүнүн ар айлык планына оңдоо киргизүүнүн себептерин негиздөө менен, бирок мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин белгиленген түрү боюнча жылына 4 (төрт) жолудан көп эмес жана учурдагы айдын акыркы күнүнөн кечиктирбестен тактоо (оңдоо) боюнча сунуштарды киргизүүгө укуктуу. Мында бюджеттик жылдын ичинде бир мезгилдин түшүүлөрүнүн планына ылайык белгиленген көрсөткүчтү төмөндөтүү (жогорулатуу) жөнүндө сунуш, ошол эле мезгилде бюджеттик жылдын ичиндеги башка келерки мезгилде ошол эле көрсөткүчтү тийиштүү түрдө жогорулатуу (төмөндөтүү) жөнүндө сунуш менен коштолууга тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө укугу болуп саналган башкарылуучу кирешелердин (ресурстардын) ар айлык планын тактоо боюнча сунуштарды учурдагы айдын 25инен кечиктирбестен киргизүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
32. Учурдагы айдан кийинки айдын 5инен кеч эмес мөөнөттө, бекитилген мамлекеттик бюджеттин жылдык көрсөткүчтөрүнүн чегинде берилген негиздемелердин натыйжасында, мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кирешелердин түшүүсүнүн ар айлык планын оңдоо боюнча чечим кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик жылдын отчеттук кварталынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетти аткаруунун жыйынтыгын жана бюджеттик жылдын кийинки кварталынын планын талкуулоо боюнча биргелешкен кеңешме уюштурууга укуктуу.
10. Бюджеттик мониторинг жана бюджеттик кирешелерди талдоо процессинде өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну уюштуруу
34. Мамлекеттик бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптары боюнча өз ара аракеттенүүнүн жана маалымат алмашуунун катышуучулары 7 (жети) жумуш күндүн ичинде бюджеттик мониторинг жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерин талдоону жүргүзүү үчүн талап кылынган маалыматты берет.
11. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүсү боюнча эсеп жана отчеттуулук
35. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүсүн эсепке алуу жана бюджеттик отчетту түзүү бюджеттик классификацияга ылайык жүргүзүлөт.
36. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартип жана формалар боюнча мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүсү боюнча эсепти жүргүзүшөт жана отчет түзүшөт, бюджеттик отчетту түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды беришет.
37. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору берилген отчеттун тактыгы жана өз убагында болгондугу үчүн жоопкерчилик тартат.
12. Мамлекеттик бюджетти кирешелерин түзүү жана аткаруу процессинин айкындыгы
38. Салык жана бажы төлөмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан тышкары, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин башкы администраторлору айкындуулукту камсыз кылуу максатында мамлекеттик бюджеттин башкарылуучу кирешелерин болжолдоо методикасын иштеп чыгышат жана ведомстволук акт менен бекитишет. Мамлекеттик бюджеттин башкарылуучу кирешелерин болжолдоонун бекитилген методикасы жана мамлекеттик кирешелер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын иши боюнча отчет мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин башкы администраторлорунун расмий сайттарында жайгаштырылат.
39. Мамлекеттик бюджеттин резервдерин табуу, мамлекеттик бюджеттин ресурстары боюнча көз карандысыз баалоону камсыздоо максатында өз ара аракеттенүүнүн катышуучулары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өкмөттүк эмес уюмдардын эксперттерин тарта алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибине тиркеме |
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү процессинде маалымат алмашууга тийиштүү маалыматтардын ТИЗМЕГИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Отчеттордун, маалыматтардын аталышы, маалыматтардын мазмуну | Жооптуу аткаруучу | Мезгилдүүлүгү | Берүү мөөнөтү | Маалыматты алуучу |
1 | Кирешелерди жана операцияларды финансылык эмес, финансылык активдер жана милдеттенмелер менен бюджеттик классификациялоо, Бюджеттик классификацияны колдонуу боюнча нускама | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Бюджеттик классификацияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө | Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында (мындан ары - КР ЧУА) башкача белгиленбесе, бекитилген күндөн кийин 2 (эки) күндүн ичинде | Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
2 | Кезектеги бюджеттик жылга жана пландалган мезгилге орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана бюджеттин долбоорун даярдоонун календардык планы (мындан ары - Календардык план) | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык | Белгиленген тартипте бекитилгенден кийин 3 (үч) күндүн ичинде | Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
3 | (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
4 | Бюджеттин кирешелери (ресурстары) боюнча болжолду макулдашуу графиги | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык | Календардык планды бекиткенден кийин 3 (үч) күндүн ичинде | Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
5 | Бюджеттин кирешелери (ресурстары) боюнча көрсөткүчтөрү | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык | Бюджетти бекиткенден кийин 5 (беш) күндүн ичинде | Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
6 | Бюджеттик жылдын (кийинки айына бюджетке киреше (ресурс) түшүүнүн планы | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Ай сайын | План бекитилген күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде | Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
7 | Бюджеттик кирешелердин (ресурстарынын) такталган пландары | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Пландарды тактоого жараша | Учурдагы айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен | Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
8 | Бюджеттик мониторинг үчүн маалымат берүүнүн форматы, түзүмү | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Суроо-талап боюнча | Суроо-талап боюнча | Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
9 | Бекитилген көрсөткүчтөрдүн тизмегине ылайык Кыргыз Республикасын жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү болжолу | Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык | Календардык планга ылайык | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
10 | Бекитилген көрсөткүчтөрдүн тизмегине ылайык Кыргыз Республикасынын жана региондордун социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолу | Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык | Календардык планга ылайык | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
11 | Бекитилген көрсөткүчтөрдүн тизмегине ылайык Кыргыз Республикасын жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн такталган болжолу | Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык | Эгер КР ЧУАда башкача белгиленбесе, 3 (үч) күндүн ичинде | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бюджеттин ресурстарынын администраторлору |
12 | Орто мөөнөттүү мезгилге салык саясатынын стратегиясы (белгиленген тартипте бекитилген салык саясатына ылайык иш-чаралардын комплекси) | Салык саясатын иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык | Календардык планга ылайык | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Салыктарды жана бажы төлөмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
13 | Салык мыйзамдарынын өзгөрүүлөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасы тууралуу маалымат | Салык саясатын иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Календардык планга ылайык жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
14 | Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо системасынын маалыматтары: жер участокторунун аянттары, жердин жана аймактардын түрлөрү боюнча; КР Салык кодексине ылайык 1-топтун мүлк обьекттери боюнча; КР Салык кодексине ылайык 4-топтун мүлк обьекттери боюнча | Кадастр жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Календардык планга ылайык жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
15 | Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасынын маалыматтары: - негизги каражаттардын түрлөрү боюнча мамлекеттик мүлктүн тизмеги; - мамлекеттик мүлк объекттерин менчиктештирүү жөнүндө жана бюджеттик кирешелерди (ресурстарды) алууну пландаган маалымат; - мамлекеттик мүлк объекттерин ижаралоо жөнүндө жана бюджеттик кирешелерди (ресурстарды) алууну пландаган маалымат; | Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Календардык планга ылайык жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
| - акциялардын мамлекеттик пакети менен болгон операциялар жөнүндө жана бюджеттик кирешелерди (ресурстарды) алууну пландаган маалымат; - мамлекеттик ишканалардын ишинин финансылык натыйжалары жөнүндө жана бюджеттик кирешелерди (ресурстарды) . алууну пландаган маалымат; - мамлекеттик мүлктү башкаруунун орто мөөнөтүү стратегиясы | Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
|
|
|
16 | Кендерди жана пайдалуу казылмалардын көрүнүшүн, ошондой эле жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияттарды эсепке алуу системасынын маалыматтары | Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Календардык планга ылайык жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
17 | Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү үчүн эсепке алуу жана контролдоо системасынын маалыматтары: тармактагы ишканалардын ишин талдоо; ишканаларга жана аймактарга карата өндүрүш көлөмүн болжолдоо | Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Кварталдык жана суроо-талап боюнча | суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
18 | Социалдык-экономикалык статистиканын маалыматтары | Статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Статистикалык иштердин планына ылайык жылдык, кварталдык жана айлык жана суроо-талап боюнча | Статистикалык иштердин планына ылайык жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
19 | Салыктардын жана жыйымдардын, салыктык эмес төлөмдөрдүн чегерилген жана төлөнгөн суммалары тууралуу отчет (өлкө жана аймактар боюнча жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Айлык, жылдык | Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин; Отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-январына чейин | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
20 | Маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар): - салыктарга жана жыйымдарга карата салык карызынын (өнбөгөн калдыктын) абалы жана өзгөрүүсү тууралуу; - салыктын эмес төлөмдөр боюнча карыздын абалы жана өзгөрүүсү тууралуу | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Айлык, жылдык | Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин; Отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-январына чейин | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
21 | Салыктарын жана жыйымдардын, салыктык эмес төлөмдөрдүн ашыкча төлөнгөн суммалары (ашыкча төлөө) тууралуу маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Айлык, жылдык | Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин; Отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-январына чейин | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
22 | (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||||
23 | Ири салык төлөөчүлөргө карата салыктардын жана жыйымдардын чегерилген жана төлөнгөн суммалары тууралуу маалыматтар | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Айлык, жылдык | Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин; Отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-январына чейин | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
24 | Сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНСтин суммасын оңдоону эсепке алуу менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин берилген КНС отчеттору боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин, жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
25 | Сатуудан түшкөн кирешенин жана чегерилген салыктын көлөмү тууралуу маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талаптар боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин, жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
26 | Уюмдардын жана жеке ишкерлердин пайдага салык боюнча берилген декларациялары боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
27 | Пайдага салыктын алдын ала суммасы боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1 -апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
28 | Чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата алтын камтыган кенди, алтын камтыган концентратты, алтын куймасын жана аффинаждалган алтынды казып алуу жана сатуу иштерин жүргүзгөн ишканалардын киреше салыгы боюнча маалыматтар | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
29 | Жеке жактар берген салык декларациялары боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
30 | Салык агенттери кармап кала турган киреше салыгы боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
31 | Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасындагы булактан алынган чет өлкөлүк уюмдун киреше салыгы боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
32 | Пайдалуу казылмалар кендерин геологиялык изилдөө жана иштетүү боюнча бонустун эсептелген жана төлөнгөн суммалары жөнүндө маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
33 | Роялтинин эсептелген жана төлөнгөн суммалары жөнүндө маалыматтар (өлкө жана аймактар боюнча жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин, жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
34 | Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1 -апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
35 | Калктуу конуштардагы жана айыл чарбасына багытталбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы тууралуу маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
36 | Үй жанындагы, короо жанындагы жана бак-чарбак жер участокторун пайдалануу укугуна жер салыгы тууралуу маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
37 | 1-4-топтогу мүлк объекттерине карата мүлккө салык тууралуу маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
38 | Чакан ишкердик субъекттеринин бирдиктүү салыгы боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
39 | Базарлар жана чакан базарлар боюнча салынган салыктардан жана берилген патенттерден түшүүчү суммалар жөнүндө маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
40 | Ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген ишкерлердин иши жана ишкердик чөйрөсү боюнча берилген патенттер жөнүндө маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
41 | Ишкердик чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга берилген патенттер жөнүндө маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
42 | Милдеттүү патенттин негизинде иштеген ишкерлердин иши жана ишкердик чөйрөсү боюнча берилген патенттер жөнүндө маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
43 | Чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата акциздик товарлардын топтору боюнча акциздик салыкты эсептөө жана түшүүсү жөнүндө маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
44 | Салык контрагынын негизинде салыктарды төлөгөн салык төлөөчүлөр, аларга эсептелген жана алар тарабынан төлөнгөн салыктар жөнүндө маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды) | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
45 | Салыктарды, жыйымдарды жана салыктык эмес төлөмдөрдү башкаруу боюнча маалыматтар (өлкө боюнча жана аймактарга карата жыйынды маалыматтар), төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды кошо алганда: юридикалык жана жеке жактарды салыктык каттоо (кайра каттоо); салык карыздарынын берилген жана жоюлган, мөөнөтү өтүп кеткен (мөөнөтү узартылган) суммалары; көчмө жана камералык текшерүүлөрдүн, рейддик салык контролунун натыйжасы; салынган жана өндүрүп алынган административдик айыптар; алардын түрлөрү боюнча сот иштери; суроо-талаптар боюнча башка маалыматтар | Салыктарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
46 | Тышкы сооданын бажы статистикасынын маалыматтары (жүктүн бажы декларациясынын маалыматтар базасына ылайык): Өлкөлөр жана ТЭИТН ылайык товарлар боюнча импорттун көлөмү боюнча; бошотулган импорт боюнча; жеке жактардын импорту боюнча; акциздик товарлардын импорту боюнча | Бажы төлөмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Айлык, жылдык | Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин, отчеттук жылдын кийинки жылдын 20-январына чейин | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
47 | Салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн, алардын түрлөрү боюнча эсептелген жана төлөнгөн суммалары жөнүндө отчет | Бажы төлөмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Айлык, жылдык | Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин; Отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-январына чейин | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
48 | Салыктарды жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздардын (өнбөгөн калдык) абалы жана өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматтар | Бажы төлөмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Айлык, жылдык | Отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин; отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-январына чейин | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
49 | Салыктарды жана бажы төлөмдөрүн башкаруу боюнча маалыматтар, төмөнкү маалыматтарды кошо алганда: салык карыздарынын берилген жана жоюлган, мөөнөтү өтүп кеткен (мөөнөтү узартылган) суммалары; салынган жана өндүрүп алынган административдик айыптар; суроо-талап боюнча башка маалыматтар | Бажы төлөмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
50 | Экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүүчү ишканалардын реестри | Бажы төлөмдөрүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган | Жылдык жана суроо-талап боюнча | Отчеттук жылдын кийинки жылдын 1-апрелине чейин жана суроо-талап боюнча | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |
51 | Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана тиешелүү мезгилге бюджеттин долбоорун түзүү үчүн, ошондой эле бюджет мониторингин жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар: бюджеттин башкарылуучу кирешелери (ресурстары) боюнча болжол; болжолдуу көрсөткүчтөргө негизделген эсептер; талдоо материалдары; пландалган мезгилге бюджет кирешелеринин (ресурстарынын) түшүүсүн камсыздоо саясаты; акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар жана сатылган товарлар боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр; бюджет кирешелеринин (ресурстарынын) түшүү графиги | Бюджеттин (ресурстардын) киреше администраторлору | Жылдык жана суроо-талап боюнча, кварталдык | Календардык планга ылайык отчеттук кварталдын акыркы айынан кийинки айдын 20сына чейин, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде башкача белгиленбесе | Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган |