Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-августу № 604
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомдорунун редакцияларына ылайык
Тиешелүү мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө бюджеттик кирешелерди болжолдоону жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасы 1-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Методиканы, Тартипти жана Колдонмону жетекчиликке алуу сунушталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 4-сентябрында № 85 жарыяланды
Премьер-министри |
| Т.Сариев |