Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-ноябры № 531
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Кадыкеев Н.К., Тулендыбаев П.Р., Жапаров А.У., Сурабалдиева Э.Ж., Султанов А.М. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 531 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Кадыкеев Н.К., Тулендыбаев П.Р., Жапаров А.У., Сурабалдиева Э.Ж., Султанов А.М. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Кадыкеев Н.К., Тулендыбаев П.Р., Жапаров А.У., Сурабалдиева Э.Ж., Султанов А.М. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Ушул Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык Мыйзамдын долбоорунун саясаты мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөнү салыктык органына берүү милдетин жокко чыгарууга багытталган, бул салык төлөөчүнүн чыгымдарын жана убактысын гана үнөмдөбөстөн, мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү чогултуу, иштетүү жана сактоо боюнча салык кызматы органдарынын чыгымдарын да төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясын колдойт.
Ошону менен, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "мүлк объектиси катталган же убактылуу катталган жер боюнча" деген сөздөрдү колдонуудагы редакцияда калтыруу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени бул ченем салык төлөөчүнүн 4-топтогу мүлк салыгын төлөөчү ордун так аныктайт.
Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесинин 3-бөлүгүнө 4-топтогу мүлк салыгын төлөөчүлөрдү мүлк объектине иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу мезгили үчүн төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын укуктарды мамлекеттик каттоо күнүнө чейин же каттоо күнү бюджетке төлөөгө милдеттендирген жобону киргизүү сунушталып жатканын белгилей кетүү зарыл.
Мында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесине ылайык 4-топтогу салык салынуучу объекттерге транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер кирет.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык транспорт каражаттарын, ошондой эле түзүлүштөрдү жана жабдууларды мамлекеттик каттоо, кайра каттоо, каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, эсептен чыгаруу деп катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына транспорт каражаттарын жана аларга болгон менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү аркылуу жүргүзүлгөн иш-аракеттер түшүнүлөт.
Ушуга байланыштуу колдонуудагы мыйзамда 4-топтогу салык салынуучу объекттерге ээлик кылуу жана/же пайдалануу укуктарын милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоо зарылдыгы каралбаганын белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222-беренесине ылайык менчик укугу - бул өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесинин 3-бөлүгүн "пайдалануунун" деген сөздөн кийин "жана/же менчигиндеги" деген сөздөр менен толуктоо, ошондой эле алгачкы ээсинин мүлк объектисине салыктык милдеттенме пайда болгон ээлик кылуу мезгилин тактоо максатында "мүлк объектисин өткөрүп берген" деген сөздөрдү "мүлк объектисин өткөрүп берген айдан кийинки" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мүлк объектисинин жаңы ээсинин салыктык милдеттенмелери пайда болгон учурду тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацын "айдын башынан" деген сөздөн мурун "айдан кийинки" деген сөздөр менен толуктоо максатка ылайык деп эсептейбиз.
Маалыматтык эсептөөлөрдү жокко чыгаруу болжолдонуп жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү салыктарды башкаруу максатында салык төлөөчүлөрдө салык төлөнүүчү мүлктүн иш жүзүндө болушун аныктоо механизмин киргизүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтар базасы боюнча эсептөө бүгүнкү күндө кыйын, анткени:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жарандарга автотранспорт каражаттарын ишеним каттын негизинде сатып алууга мүмкүндүк берет, бул иш жүзүндөгү ээсин аныктоодо жана салыкты башкарууда кыйынчылыктарга алып келүүдө;
- каттоо органдары тарабынан 3-топтогу мүлк объекттерин, тактап айтканда контейнерлерди, күркөлөрдү мамлекеттик каттоо ишке ашырылбайт, ушуга байланыштуу 3-топтогу мүлк объекттери боюнча салыкты эсептөө мүмкүн эмес.
Салык төлөө фактысы ошол эле учурда төлөнгөн сумманын өлчөмүндөгү салыктык милдеттенменин суммасын жана ал пайда болгон датаны таанууну ырастоо болуп санала тургандыгы болжолдонууда. Антпесе салыкты эсептөө жүргүзүлбөйт жана салыктын суммасын төмөндөтүү үчүн жоопкерчилик чаралары көрүлбөйт.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексин төмөнкүдөй мазмундагы 332-1 жана 342-1-беренелер менен толуктоону сунуштайбыз:
"332-1-берене. Отчет берүү
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодекске ылайык бирдиктүү салык декларациясын түзүүгө жана берүүгө милдеттүү болгон мүлк салыгын төлөөчү анда өзүнө таандык болгон баардык мүлк объекттери боюнча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:
1) мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмени жана анын отчеттук салык мезгилинде аткарылышын;
2) учурдагы салыктык мезгилге бардык мүлк объекттери боюнча салыктык милдеттенмени.
2. Эгерде, салык төлөөчүдө төмөнкү мезгилдин ичинде мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болсо/өзгөрсө/токтотулса:
1) учурдагы салыктык мезгил башталуучу дата менен мурдагы салыктык мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү датасынын ортосундагы - салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясында бирдиктүү салык декларациясын берүү датасына чейин болгон салыктык милдеттенменин иш жүзүндө пайда болушун/өзгөрүшүн/токтотулушун эске алуу менен учурдагы салыктык мезгилге салыктык милдеттенмелерди көрсөтөт;
2) мурдагы салыктык мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү датасы менен учурдагы салыктык мезгил аяктоочу датанын ортосундагы - субъект мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон/өзгөргөн/токтотулган айдын акыркы числосунан кечиктирбеген мөөнөттө салык органына кабарлоо берет:
а) мүлк объектисинин эсептик катталган жери боюнча;
б) салык төлөөчүнү салыктык катталган жери боюнча - салык төлөөчүнү жана мүлк объектисин Бишкек шаарынын чегинде каттоодо.
3. Кабарлоонун формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
"342-1. Отчет берүү
1. Эгерде, ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодекске ылайык бирдиктүү салык декларациясын түзүүгө жана берүүгө милдеттүү болгон жер салыгын төлөөчү анда өзүнө таандык болгон бардык жер участоктору боюнча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө милдеттүү:
1) жер салыгы боюнча салыктык милдеттенмени жана анын отчеттук салыктык мезгилде аткарылышын;
2) учурдагы салыктык мезгилге бардык жер участоктору боюнча салыктык милдеттенмени.
2. Эгерде, салык төлөөчүдө төмөнкү мезгилдин ичинде жер салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болсо/өзгөрсө/токтотулса:
1) учурдагы салыктык мезгил башталуучу дата менен мурдагы салыктык мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү датасынын ортосундагы - салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясында бирдиктүү салык декларациясын берүү датасына чейин болгон салыктык милдеттенменин иш жүзүндө пайда болушун/өзгөрүшүн/токтотулушун эске алуу менен учурдагы салыктык мезгилге салыктык милдеттенмелерди көрсөтөт;
2) мурдагы салыктык мезгил үчүн бирдиктүү салык декларациясын берүү датасы менен учурдагы салыктык мезгил аяктоочу датанын ортосундагы - субъект жер салыгы боюнча салыктык милдеттенме пайда болгон/өзгөргөн/токтотулган айдын акыркы числосунан кечиктирбеген мөөнөттө салык органына кабарлоо берет.
3. Кабарлоонун формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
Жер салыгын төлөөчүлөрдүн милдеттенмелерин жеңилдетүү жана чыгымдарын кыскартуу максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-беренесинин 7-бөлүгүн күчүн жоготту деп таанууну, ошондой эле учурдагы жылы жер салыгын толук эсептөөнү камсыздоо жана "жасалма ашыкча төлөмдөрдү" жок кылуу максатында ушул Мыйзамдын долбоорунун 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүсүн кароо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каралып жаткан Мыйзамдын долбоорун кабыл алууну колдойт, ошону менен бирге сунушталгандарды карап чыгуу максатка ылайыктуу деп эсептейт.