Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-ноябры № 530
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кытай тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 530 токтому менен жактырылган |
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2018-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Протокол (мындан ары - Протокол) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине шайкеш келет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Протоколдун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети - 2018-жылдын 25-апрелиндеги чечими, Бюджет жана финансы боюнча комитети - 2018-жылдын 7-майындагы чечими, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети -2018-жылдын 8-майындагы чечими, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети - 2018-жылдын 8-майындагы чечими) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 166-б буйругу менен жактырылган.
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ түтүгүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Протоколго кол коюлган.
Транзиттик газдын булагындагы жаратылыш газынын кенин иштетүү боюнча жагдайды жана газ түтүгүнүн бүткүл трассасы боюнча транзиттик өлкөлөрдө болуп жаткан учурдагы иштерди, ошондой эле башка факторлорду эске алуу менен кытай тарап кыргыз тарапка газ түтүгүнүн линиялык бөлүгүнүн курулушун 2016-жылы баштоого мүмкүндүктүн жоктугу, ошондой эле объекттердин жана газ түтүгүнүн линиялык бөлүгүнүн курулушу 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүлө тургандыгы тууралуу маалымдаган.
Газ түтүгүн куруунун мөөнөтүнүн жылып келүүсүнүн себептери:
- "Борбордук Азия - Кытай" газ түтүгүнүн "D" тарамынын курулуш мөөнөтү Түркмөнстанда жаратылыш газын өндүрүү планына көз каранды. Түркмөнстанда 2016-жылы жаратылыш газын өндүрүүнүн биротоло бүткөн планы жана жаратылыш газын экспорттоо үчүн газ түтүгүн куруунун планы кабыл алынбагандыгына байланыштуу, "Борбордук Азия - Кытай" газ түтүгүнүн "D" тарамын куруу планы оңдолууга тийиш болгон;
- "D" тарамынын тажик участкасы боюнча геологиялык шарттары татаал болгондуктан, бул участокто жалпы узундугу 76 км болгон 43 тоо туннелин куруу пландалууда, алардын ичинен эң узун туннель - 5535 м. 41 жерде ири жана орто дарыллар аркылуу өтмөктөр каралган, дарыя аркылуу эң узун өтмөк - 2770 м. Тажикстандын аймагындагы участоктордун көпчүлүгү деңиз деңгээлинен өтө эле бийиктикте турат, кыш мезгилинде климаттык шарттары катаал, социалдык жактан камсыздалышы начар жана курулуш иштерин жүргүзүү үчүн чоң кыйынчылыктары бар тоолуу райондордо жайгашкан. Ушуларга байланыштуу газ түтүгүнүн "D" тарамын куруу мөөнөттөрү өзгөрүүгө учурады;
- Кытай Эл Республикасынын экономикасынын өсүү темптеринин төмөндөшүнө, мунайга болгон дүйнөлүк баалардын кескин түшүшүнө байланыштуу жаратылыш газынын баасы өз артыкчылыгын жоготууда, бул болсо жаратылыш газына болгон суроо-талаптын төмөндөшүнө жана кытай рыногундагы жаратылыш газынын талап жана сунуш балансынын бузулушуна алып келди.
Ушуга байланыштуу Долбоорду андан ары ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн курулушту аяктоо мөөнөтүн 2022-жылдын аягына чейин узартуу бөлүгүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Мындан сырткары Долбоордун алкагында кызматкерлердин иштери алардын ден-соолугу жана айлана-чөйрө үчүн кооптуулугунун белгилүү бир деңгээли менен байланыштуу экендигин көңүлгө алып, өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда Долбоордук компаниянын филиалы же туундуу юридикалык жак штаттан сырткары кырдаал же авария болгон жерге газ түтүгүнө жанаша жаткан жер участоктору аркылуу зарыл болгон күчтөрдү жана каражаттарды (авариялык-техникалык персоналды жана атайын техниканы) тоскоолсуз алып кирүүгө укуктуу, андан ары аймагы аркылуу зарыл болгон күчтөр жана каражаттар киргизилген жер участогунун менчик ээсине (колдонуучусуна) келтирилген зыянды төлөп берет. Бул укукту Долбоорлук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жак өтө зарыл болгондо, башкача айтканда авария же өзгөчө кырдаалдын реалдуу коркунучу болгон учурда жана авариянын кесепетин жоюуда колдонушаарын белгилөө керек. Бул жобо Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын ири магистралдык газ түтүктөрүн куруу жана аларды ишке берүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган. Анткени азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында буга окшогон ченемдик укуктук актылар болбогондуктан, бул жобону өкмөттөр аралык макулдашууга киргизүү зарылчылыгы пайда болду.
Газ түтүгүн курууну аяктоо мөөнөтүн жылдыруу боюнча жогоруда айтылган себептерге байланыштуу өкмөттөр аралык макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү 6 жылга, башкача айтканда 41 жылдык мезгилге узартылат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана Протоколдун 2-беренесине ылайык ал ратификацияланууга тийиш.
Протоколду ратификациялоо кандайдыр бир терс финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле республикалык бюджеттен каржылоону талап кылбайт.