Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-ноябры № 542
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндөгү макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациалоо жөнүндө
1-берене
2018-жылдын 14- ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашуусу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 жылдын 21 ноябрында № 542 токтому менен жактырылган
|
“2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана мызамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитети мененмакулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 400-б буйругу менен жактырылган.
Дүйнѳлүк банктын “Экономикалык башкаруу чөйрөсүндөгү өнүктүрүү саясатын каржылоо” программасы инклюзивдик өсүү боюнча макрофискалдык негиздер, мамлекеттик сектордо ачык-айкындыкты жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү жана ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу сыяктуу тармактарда мамлекеттик башкарууну жакшыртуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн реформаларын колдоо арналган.
Бул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына 2018-жылы 24,0 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын ичинде 12,0 млн АКШ долларында – гранттык жардам болот жана 12,0 млн АКШ доллары – кредит болот.
Каражат кайра төлөнүүчү негизде жана төмөнкүдөй финансылык шарттарда берилет: кредиттин мөөнөтү – 38 жыл, жеңилдетилген мезгили – 6 жыл, 0,75 жылдык пайыздык ставка менен.
Бюджеттин кредитин төлөө Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн төлөөлөрдүн графигине ылайык, республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды тартуу менен ишке ашырылат.
Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.
Макулдашууну ишке ашыруу финансылык-экономикалык жана башка терс натыйжаларга кириптер кылбайт.
________________________________________________________