Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоонун МЕТОДИКАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика 2018-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан бир окуучуга эсептегенде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктайт.
2. Мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоонун ченемдери (мындан ары - чыгымдардын ченемдери) - бул башталгыч кесиптик билим берүүнүн деңгээлине, мазмунуна жана сапатына карата талаптардын жыйындысы.
2-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын ченемдеринин түзүмү
3. Чыгымдардын ченемдери төмөнкүлөргө жумшалуучу учурдагы чыгымдарды камтыйт:
- персоналдын эмгегине акы төлөөгө;
- окуу учурунда чыгымдалуучу материалдарга;
- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга;
- окуучулардын тамактануусуна;
- стипендияларды төлөөгө;
- жумуштан бошонуу жөлөкпулуна;
- жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө мамлекеттик кесиптик лицейлерге учурдагы оңдоо жүргүзүүгө;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө.
4. Чыгымдоо ченемдери төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
- башталгыч кесиптик билим берүүнүн программалары боюнча окуу мөөнөтү - 10 ай, 2 жыл, 3 жыл;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-июлундагы № 473 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баштапкы кесиптик билим берүү боюнча жумушчу кесиптердин жана адистиктердин (мындан ары - кесип) тизмесине ылайык топтолгон жумушчу кадрларын негизги кесипке даярдоого.
5. Окуу учурунда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченемдеринде негизги кесиби боюнча окуу жана чыгымдоо материалдарын сатып алууга иш жүзүндө түзүлгөн сарптоолор эске алынат.
6. Реабилитациялык топтордун окуучулары жана жетим балдар үчүн чыгымдоо ченемдери окутуучуларга жана өндүрүштүк окутуу устаттарына эмгек акы төлөө өзгөчөлүктөрүн, окуу топторунун толуктугун, стипендиялардын жогорулатылган өлчөмдөрүн жана окуучулардын тамактануу ченемдерин эске алуу менен эсептелет.
3-глава. Чыгымдардын ченемдерин эсептөө
§ 1. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө
7. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө чыгымдардын ченеми билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөгө чыгымдардын ченемдери төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде аныкталат:
- башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жалпы билим берүү жана кесиптик даярдоо боюнча сааттарынын саны;
- окутуучулардын эмгегине саатына акы төлөөнүн орточо наркы;
- топтун иш жүзүндө түзүлгөн орточо толукталышы;
- топтун өндүрүштүк окутуу устатынын ставкасынын ченемдик саны;
- өндүрүштүк окутуу устатынын эмгек акысынын орточо өлчөмү;
- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устатынын негизги эмгек акысына үстөктөрдүн, кошумча төлөөлөрдүн иш жүзүндө түзүлгөн орточо үлүшү;
- мамлекеттик кесиптик лицейлердин жалпы эмгек акы төлөө фондундагы административдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акы төлөө фондунун иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү.
9. Сабактан тышкаркы иштердин сааттык ставкасы төмөндөтүлгөндүгүнө байланыштуу окутуучунун (0,5 коэффициенти менен) сабактан тышкаркы ишинин сааттарынын саны акы төлөнүүчү сааттардын жалпы суммасына киргизилген. 1-таблицада типтүү окуу пландарынын негизинде мамлекеттик кесиптик лицейлердин окуучуларынын бир жылда жалпы билим берүү жана кесиптик даярдоо сааттарынын саны боюнча маалыматтар келтирилген.
1-таблица
Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык бир жылдагы жалпы билим берүү жана кесиптик даярдоо сааттарынын саны
№ | Кесиптин аталышы | 10 ай окуу | 2 жыл окуу | 3 жыл окуу | |||||||||
1 жалпы билим берүүгө даярдоо сааттары | кесиптик даярдоо сааттары | жалпы билим берүүгө даярдоо сааттары | кесиптик даярдоо сааттары | жалпы билим берүүгө даярдоо сааттары | кесиптик даярдоо сааттары | ||||||||
1-курс | 2-курс | 1-курс | 2-курс | 3-курс | 1-курс | 2-курс | 3-курс | ||||||
1 | Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | 170 | 436 |
|
|
|
| 816 | 816 | 414 | 288 | 225 | 140 |
2 | Жеңил өнөр жайы | 145 | 415 |
|
|
|
| 838 | 804 | 388 | 203 | 216 | 217 |
3 | Курулуш | 129 | 577 | 262 | 100 | 640 | 218 | 775 | 778 | 490 | 248 | 190 | 280 |
4 | Транспорт | 117 | 565 | 244 | 142 | 578 | 322 | 836 | 780 | 400 | 269 | 209 | 275 |
5 | Кен казуу өнөр жайы | 138 | 686 |
|
|
|
| 840 | 816 | 364 | 280 | 208 | 218 |
6 | Электр станцияларынын жана тармактардын жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо |
|
|
|
|
|
| 816 | 816 | 386 | 241 | 200 | 262 |
7 | Коомдук тамактануу, тамак-аш азыктарын өндүрүү | 115 | 521 | 164 | 164 | 400 | 558 | 824 | 816 | 393 | 322 | 270 | 298 |
8 | Туризм жана тейлөө чөйрөсү | 143 | 444 |
|
|
|
| 816 | 816 | 444 | 264 | 240 | 419 |
9 | Айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы | 142 | 638 | 244 | 203 | 624 | 444 | 850 | 816 | 340 | 390 | 246 | 398 |
10 | Көркөм жана зер буюмдарын өндүрүү. Элдик кол өнөрчүлүк буюмдары | 114 | 664 | 168 | 94 | 521 | 651 |
|
|
|
|
|
|
11 | Металл иштетүү | 147 | 585 |
|
|
|
| 816 | 816 | 374 | 306 | 276 | 342 |
12 | Полиграфия өндүрүшү | 172 | 514 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
13 | Байланыш жумушчуларынын иштери жана кесиптери | 182 | 451 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
14 | Электр станцияларынын жана тармактардын жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо | 142 | 530 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
10. Окутуучулардын эмгегине акы төлөөгө чыгымдардын ченемдерин эсептөөдө ар кандай окуу мөөнөттөрү менен окуу жана реабилитациялык топтордо мамлекеттик кесиптик лицейлерде топтордун толукталуусунун иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчү пайдаланылат.
2-таблицада лицейлердин жайгашкан жерине жараша иш жүзүндө топтордун орточо толукталган көрсөткүчү келтирилген.
2-таблица
Мамлекеттик кесиптик лицейлердин жайгашкан жери боюнча топтордун иш жүзүндө орточо толукталуусу
Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Жайгашкан жери | Окуу мөөнөтү | |||||
10 ай | 2 жыл окуу | 3 жыл окуу | ||||||
1-курс | 2-курс | 1-курс | 2-курс | 3-курс | ||||
Окуу топторунун орточо иш жүзүндө толукталуусу | Адам | Шаар | 27 | 27 | 25 | 27 | 27 | 25 |
Айыл | 25 | 22 | 20 | 22 | 22 | 20 | ||
Реабилитациялык топтордун иш жүзүндө орточо толукталуусу | Адам | Шаар | 20 | 15 | 15 | 15 | 15 | 15 |
Айыл | 18 | 13 | 13 | 13 | 13 | 13 | ||
11. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемдерин эсептөөдө окутуучулук жана даярдануу иштери үчүн окутуучулардын эмгегине саатына акы төлөөнүн орточо өлчөмү пайдаланылат:
- окуу топторунда - 80,3 сом;
- реабилитациялык топтордо - 97,0 сом.
12. Өндүрүштүк окутуу устаттарына эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемдерин эсептөөдө төмөнкү орточо айлык эмгек акысы пайдаланылат:
- окуу топторунда - 8419 сом;
- реабилитациялык топтордо - 10173 сом.
13. Жатаканасы жана стационардык ашканасы болбогон мамлекеттик кесиптик лицейлердин административдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдарына эмгек акы төлөө чыгымдарынын ченемдерин эсептөөдө эмгек акы төлөөнүн жалпы фондунда административдик, чарбалык жана көмөкчү персоналдарга эмгек акы төлөө фондунун иш жүзүндө түзүлгөн үлүшү жайгашкан жерлери боюнча төмөнкүчө пайдаланылат:
- шаарларда - 35 пайыз;
- айыл жеринде - 41 пайыз.
14. Жатаканасы жана ашканасы, ошондой эле өздүк отканасы жана от жаккан меши бар мамлекеттик кесиптик лицейлерде кошумча штаттарды (жатакана боюнча нөөмөтчү, тарбиячы, кастелянша, шеф-ашпозчу, ашкана кызматкери, откана оператору жана от жагуучу) кармоо менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн эмгек акы төлөө фондуна карата төмөнкүдөй жогорулатылуучу коэффициент колдонулат:
- жатаканасы болсо - 1,06;
- стационардык ашканасы болсо - 1,04;
- менчик отканасы же от жаккан меши болсо - 1,03.
15. Көркөм жана зер буюмдарды жана элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу кадрларды даярдоочу мамлекеттик кесиптик лицейлерде окуу топтору 12-15 окуучу менен толукталат, эмгек акы төлөө фондуна жогорулатылуучу коэффициент 1,3тү түзөт.
16. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын негизги эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн катышы иш жүзүндө түзүлгөн пропорциялардын негизинде төмөнкүдөй белгиленген:
- шаарлардагы мамлекеттик кесиптик лицейлерде - 16 пайыз;
- айыл жериндеги мамлекеттик кесиптик лицейлерде - 28 пайыз.
Бул төлөөлөрдүн суммасына педагогикалык иш стажы, окумуштуулук даражасы, ардак наамы, айыл жеринде иштегени, ошондой эле эмгек шартынын оордугу жана зыяндуулугу үчүн кошумча төлөөлөр жана үстөктөр киргизилди.
17. Эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченемдери кесиби, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча төмөнкүдөй формула менен эсептелет:
мында:
- i-окуу курсу жана мөөнөтү боюнча бир окуучуга эсептегенде эмгек акы төлөөгө чыгымдардын ченеми;
- i-окуу курсу жана мөөнөтү боюнча бир окуучуга эсептегенде окутуучуларга эмгек акы төлөнүүчү сааттарынын саны;
- окутуучуларынын эмгегине саат менен акы төлөөнүн орточо өлчөмү;
- окутуучулардын сааттык эмгек акысына үстөктөрдүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү;
- i-окуу курсу жана мөөнөтү боюнча окуу топторунун иш жүзүндөгү толукталышы;
- өндүрүштүк окутуу устатынын эмгек акысынын орточо өлчөмү;
- өндүрүштүк окутуу устатынын негизги эмгек акысына үстөктүн жана кошумча төлөөлөрдүн үлүшү;
- i-окуу курсу жана мөөнөтү боюнча өндүрүштүк окутуу тобунун иш жүзүндөгү толукталышы;
- j-кесиби боюнча эмгек акы төлөөнүн жалпы фондунда административдик, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгегине акы төлөө фондунун үлүшү;
- j-кесиби боюнча эмгек акы төлөөнүн жалпы фондунда окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устатынын эмгегине акы төлөө фондунун үлүшү;
СФ - жумуш берүүчүдөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдүн тарифи;
12 - бир жылдагы айлардын саны.
§ 2. Окуу учурунда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченемдерин эсептөө
18. Окуу учурунда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченемдерин эсептөө материалдарды жана аспаптарды сатып алууга түзүлгөн сарптоолорду эске алуу менен жүргүзүлөт, ал лабораториялык иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле өндүрүштүк окуу учурунда пайдаланылат.
19. Окуу учурунда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченемдери 2018-жылдын баасында жумушчу кадрларды негизги кесипке даярдоо боюнча 1 окуучуга эсептөө менен жүргүзүлөт.
20. Окуу учурунда чыгымдалуучу материалдарга чыгымдардын ченеми төмөнкүлөрдү сатып алууларды камтыйт:
- окуу куралдарын (көрсөтмө куралдар, аудио жана видеоматериалдар, методикалык материалдар);
- окуу жана лабораториялык сабактар үчүн материалдарды (чыгымдоо материалдары, реактивдер, өндүрүштүк окуу боюнча устакана үчүн приборлор жана аспаптар);
- өндүрүштүк окуу жана практикалык иштер үчүн материалдарды жана товарларды.
3-таблицада жылына бир окуучуга эсептегенде кесиптер боюнча окуу учурунда чыгымдалуучу материалдардын суммасы берилген.
3-таблица
Жылына бир окуучуга эсептегенде кесиптер боюнча окуу учурунда чыгымдалуучу материалдар (2018-жылдын баасы боюнча, сом)
Кесиптердин аталышы | Окуу мөөнөтү | Бир окуучуга чыгымдардын ченеми (сом) |
Курулуш | 10 ай | 5252 |
3 жыл | 4144 | |
Жеңил өнөр жай | 10 ай | 3545 |
3 жыл | 4096 | |
Коомдук тамактануу, тамак-аш азыктарын өндүрүү | 3 жыл | 4500 |
10 ай | 3465 | |
Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар | 10 ай | 3316 |
3 жыл | 1026 | |
Байланыш жумушчуларынын иштери жана кесиптери | 10 ай | 3776 |
Транспорт | 10 ай | 4778 |
2 жыл | 4697 | |
3 жыл | 2778 | |
Туризм жана тейлөө чөйрөсү | 10 ай | 3319 |
3 жыл | 4552 | |
Көркөм жана зер буюмдарын өндүрүү. Элдик кол өнөрчүлүк буюмдары | 2 жыл | 3447 |
10 ай | 6051 | |
Полиграфия өндүрүшү | 10 ай | 3588 |
Металл иштетүү | 10 ай | 6581 |
3 жыл | 7696 | |
Айыл чарбасы жана кайра иштетүүчү өнөр жай | 10 ай | 4067 |
2 жыл | 2560 | |
3 жыл | 2996 | |
Кен казуу өнөр жайы | 10 ай | 2076 |
3 жыл | 3986 | |
Электр станцияларынын жана тармактардын жабдууларын эксплуатациялоо жана оңдоо | 3 жыл | 3225 |
10 ай | 1622 |
§ 3. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченемин эсептөө
21. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдерге ылайык аныкталат.
22. Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатуунун мезгилдүүлүгү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык 5 жылда бир жолу аныкталган.
23. Бир окуучуга эсептегенде окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми ченемдик мамлекеттик кесиптик лицейлерде квалификациясын жогорулатууга иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын окуучулардын жалпы санына бөлүү менен аныкталат.
4-таблицада окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын эсеби берилген.
4-таблица
Бир окуучуга эсептегенде окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга чыгымдар
№ | Чыгымдардын түрлөрү | Чыгымдар (сом) | Саны | Баардыгы (сом) |
1 | Жол кире | 195 | 2 | 390 |
2 | Суткалык | 275 | 10 | 2750 |
3 | Жашоо | 275 | 10 | 2750 |
4 | Бир кызматкерге жыйынтыгы |
|
| 5890 |
5 | Жылына квалификациясын жогорулатуу курсуна жиберилген окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын саны |
|
| 540 |
6 | Окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга баардык чыгымдар |
|
| 3181000 |
7 | Мамлекеттик кесиптик лицейлерде окуган окуучулардын саны |
|
| 24545 |
8 | Жылына 1 окуучуга эсептегенде окуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми (сом) |
|
| 130 |
§ 4. Окуучулардын тамактануусуна чыгымдардын ченемин эсептөө
24. Ченемге 3 жылдык мөөнөттө окуган окуучулардын тамактануу чыгымдары кирет.
25. Окуучулардын тамактануусуна чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтому менен бекитилген тамактанууга эсептелген акчалай ченемдердин жана бир жылдагы окуу күндөрүнүн орточо санынын негизинде төмөнкүдөй аныкталган:
- окуу топторунун окуучулары үчүн - 240 күн;
- реабилитациялык топтордун окуучулары жана жетим балдар үчүн - 365 күн.
26. Мамлекеттик кесиптик билим берүү лицейлеринде окуу жылы 1-сентябрдан башталып 30-июнда аяктайт жана 40 окуу жуманы түзөт (каникулдук убакытты эсепке албаганда).
5 жана 6-таблицаларда бир окуучунун тамактануусуна чыгымдар берилген.
5-таблица
Бир окуучуга эсептегенде тамактанууга чыгымдар
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Окуу мөөнөтү | ||
3 жыл | |||
1-курс | 2-курс | 3-курс | |
Жылына тамактанууга күндүн орточо саны | 240 | 240 | 240 |
Күнүнө 1 окуучуга тамактануунун ченеми (сом) | 30 | 30 | 30 |
Жылына 1 окуучуга эсептегенде тамактанууга чыгымдардын ченеми (сом) | 5760 | 5760 | 5760 |
6-таблица
Реабилитациялык топтор жана жетим балдар үчүн бир окуучуга эсептегенде тамактанууга чыгымдар
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Окуу мөөнөтү | |||||
|
| 10 ай | 2 жыл | 3 жыл | |||
|
| 1-курс | 2-курс | 1-курс | 2-курс | 3-курс | |
1 | Жылына тамактануу күндөрүнүн орточо саны | 365 | 365 | 365 | 365 | 365 | 365 |
2 | Күнүнө 1 окуучуга тамактануунун ченеми (сом) | 110 | 110 | 110 | 110 | 110 | 110 |
3 | 1 окуучуга эсептегенде жылына реабилитациялык топтор жана жетим балдар үчүн тамактанууга жумшалуучу чыгымдардын ченеми (сом) | 40150 | 40150 | 40150 | 40150 | 40150 | 40150 |
§ 5. Окуучуларга стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө
27. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин окуучуларына стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченемин эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-июнундагы № 261 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын студенттерине жана окуучуларына стипендиялардын өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому менен бекитилген ченемдердин жана эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.
Бир окуучуга эсептегенде стипендия төлөөгө чыгымдарды эсептөө 7-таблицада келтирилген.
7-таблица
Бир окуучуга эсептегенде стипендия төлөөгө чыгымдарды эсептөө
1 | Баардык окуучулар (чел.), анын ичинде стипендия алуучулар (адам) | 23251 13342 |
2 | Стипендиянын орточо өлчөмү (сом) | 200,0 |
3 | Стипендиялык фонд (миң сом) | 32020,8 |
4 | Жетим балдар/реабилитациялык топтордун баардык окуучулары (адам) | 852 |
5 | Жетим балдар жана реабилитациялык топтордун окуучулары үчүн стипендиянын өлчөмү (сом) | 624 |
5 | Стипендиялык фонд (миң сом) | 6379,8 |
6 | Жылына 1 окуучуга эсептегенде окуу топторунда стипендия төлөөгө ченемдер (сом) | 1308 |
7 | Жылына 1 окуучуга эсептегенде жетим балдар жана реабилитациялык топтордун окуучулары үчүн стипендия төлөөгө чыгымдардын ченеми (сом) | 7488 |
§ 6. Реабилитациялык топтордогу окуучуларга жана жетим балдарга чыгуу жөлөкпулуна чыгымдардын ченемдерин эсептөө
28. Реабилитациялык топтордун окуучуларынын жана жетим балдардын ичинен мамлекеттик кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-декабрындагы № 618 "Жетим балдар жана баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн башка социалдык аялуу категориялары үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык 3000 сом өлчөмүндөгү чыгуу жөлөкпулу менен камсыз кылынат.
§ 7. Учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын ченемин эсептөө
29. Учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын ченеми бир окуучуга эсептегенде мамлекеттик кесиптик лицейлерге учурдагы оңдоо жүргүзүү каражаттарына болгон керектөөнү белгилөө менен аныкталат.
30. Мамлекеттик кесиптик лицейлерге учурдагы оңдоо жүргүзүү каражаттарына керектөө негизги курулуш материалдарын, коштоочу материалдарды жана инвентарларды сатып алууга чыгымдарды түз калькуляциялоо методу менен аныкталат.
31. Мамлекеттик кесиптик лицейлерге учурдагы оңдоо жүргүзүүгө эсептөөлөр чыгымдардын орточо иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлөт.
Бир окуучуга эсептегенде мамлекеттик кесиптик лицейлерге учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдар 8-таблицада берилген.
8-таблица
Бир окуучуга эсептегенде мамлекеттик кесиптик лицейлерге учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдар (2018-жылдын баасы боюнча, сом менен)
№ | Чыгымдардын түрлөрү | Бир окуучуга эсептегенде чыгымдар (сом) |
1 | Сыр, акиташ сатып алууга чыгымдар | 115500 |
2 | Коштоочу курулуш материалдарын сатып алууга чыгымдар | 23303 |
3 | Коштоочу инвентарларды сатып алууга чыгымдар | 2880 |
4 | Баардык чыгымдар | 141683 |
5 | Мамлекеттик кесиптик лицейлердин долбоордук кубаттуулугу (окуучулардын саны) | 460 |
6 | Жылына 1 окуучуга эсептегенде учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын ченеми | 308 |
§ 8. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө чыгымдарды төлөө ченемдерин эсептөө
32. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө чыгымдардын ченемдерин эсептөө бир окуучуга эсептегенде аянттын (кв.метр) орточо ченемин жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү түрлөрү боюнча жылытуучу аянттын 1 кв. метринин орточо наркын аныктоого карата түзүлгөн.
33. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөргө чыгымдарды камтыйт:
- жарыктандырууга;
- сууга;
- байланышка;
- электрдик жылытууга;
- борбордук жылытууга (жылуулук энергия);
- аралаш жылытууга (меш жана электр менен).
34. Бир, окуучуга аянттын орточо ченеми мамлекеттик кесиптик лицейлердин имараттарынын техникалык мүнөздөмөлөрүнүн (паспортунун) маалыматтарынын негизинде төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- бир окуучуга аянттын орточо ченеми;
- имараттардын аянты;
- лицейдин долбоордук кубаттуулугу боюнча окуучулардын саны.
Мамлекеттик кесиптик лицейлерде имараттардын түрлөрү боюнча бир окуучуга аянттын орточо ченеми 9-таблицада келтирилген.
9-таблица
Бир окуучуга аянттын (кв.м) орточо ченеми
№ | Бир окуучуга аянттын (кв.м) орточо ченеми | 11,0 |
1 | анын ичинде: |
|
2 | Окуу-административдик имарат (кв.м) | 3,5 |
3 | Өндүрүштүк мастерскойлор (кв.м) | 1,7 |
4 | Жатакана (кв.м) | 2,0 |
5 | Ашкана (кв.м) | 0,7 |
6 | Калган имараттар (кв.м) | 2,9 |
35. 1 кв. метрдин орточо наркы мамлекеттик кесиптик лицейлердин жылытуучу жайларынын жалпы аянтына коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бекитилген чыгымдарды бөлүү жолу менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин орточо наркы;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бекитилген чыгымдар;
- кесиптик лицейлердин жылытылуучу имараттарынын аянты.
36. Бир окуучуга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин орточо наркы 10-таблицада келтирилген.
10-таблица
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча бир окуучуга 1 кв. метрдин орточо наркы
№ | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү | 1 кв. метрге орточо наркы (сом) |
1 | Жарыктандыруу | 26 |
2 | Суу | 19 |
3 | Байланыш | 7 |
4 | Электрдик жылытуу | 227 |
5 | Борбордук жылытуу | 243 |
6 | Аралаш жылытуу | 232 |
37. Бир окуучуга эсептегенде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө чыгымдардын ченеми аянттын (кв.м) орточо ченемин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв.м орточо наркка көбөйтүү жолу менен аныкталат жана ал төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү бюджеттик каржылоонун ченеми;
- 1 окуучуга аянттын ченеми;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча 1 кв. метрдин наркы.
1 кв. метрдин наркы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Бир окуучуга эсептегенде мамлекеттик кесиптик лицейлерде жылытуунун түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченеми 11-таблицада келтирилген.
11-таблица
Бир окуучуга эсептегенде жылытуунун түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченеми
№ | Жылытуунун түрлөрү | Суммасы (сом) |
1 | Жылына 1 окуучуга эсептегенде электрдик жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченеми | 3058 |
2 | Жылына 1 окуучуга эсептегенде борбордук жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченеми | 3233 |
3 | Жылына 1 окуучуга эсептегенде аралаш жылытуу менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченеми | 3118 |
§ 9. Чыгымдардын ченемин эсептөө
38. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин кесиптер, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча бир окуучуга эсептегенде чыгымдардын ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- i-кесип, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоонун ченемдери;
- i-кесип, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча бир окуучуга эсептегенде персоналдын эмгегине акы төлөөгө чыгымдардын ченемдери;
- i-окуу мөөнөтү жана курсу боюнча бир окуучуга эсептегенде стипендия төлөөгө чыгымдардын ченеми;
- i-окуу мөөнөтү жана курсу боюнча бир окуучуга эсептегенде тамактанууга чыгымдардын ченеми;
- i-кесип, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча бир окуучуга эсептегенде чыгымдалуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченемдери;
- бир окуучуга эсептегенде окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченемдери;
- бир окуучуга эсептегенде жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө мамлекеттик кесиптик лицейлерди учурдагы оңдоого чыгымдардын ченемдери;
- бир окуучуга эсептегенде мамлекеттик кесиптик лицейлерди жылытуу түрлөрү боюнча коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө чыгымдардын ченемдери.
39. Бюджеттик каржылоо ченемдери мамлекеттик кесиптик лицейлердин жайгашкан жери (шаар, айыл) боюнча бөлүштүрүү менен кесиптер, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча эсептелет.
40. Каржылоонун шарттарын өзгөртүүдө (эмгек акыны, стипендияны жана окуучулардын тамактануу ченемдерин жогорулатуу, инфляциянын деңгээлине чыгымдардын индексациясы) мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоонун ченеми кайра каралат жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- i-кесип, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоонун ченеми;
- i-кесип, окуу мөөнөтү жана курсу боюнча учурдагы жылга мамлекеттик кесиптик лицейлерде эмгек акы төлеөгө чыгымдардын ченеми;
- келерки жылга билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларынын болжолдонуучу өсүш индекси;
- i-окуу мөөнөтү жана курсу боюнча учурдагы жылга мамлекеттик кесиптик лицейлерде стипендияларды төлөөгө чыгымдардын ченеми;
- i-окуу мөөнөтү жана курсу боюнча учурдагы жылга окуу жана социалдык стипендиялардын өлчөмүнүн болжолдонуучу өсүшү:
- i-окуу мөөнөтү жана курсу боюнча учурдагы жылга мамлекеттик кесиптик лицейлерде тамактанууга чыгымдардын ченемдери;
- i-окуу мөөнөтү жана курсу боюнча учурдагы жылга тамактануунун акчалай ченемдеринин өлчөмүнүн болжолдонуучу өсүшү;
- i-окуу мөөнөтү жана курсу боюнча учурдагы жылга мамлекеттик кесиптик лицейлерде эмгек акыга, стипендия төлөөгө, тамактанууга чыгымдарды кошпогондо, чыгымдардын ченеми;
- келерки жылга инфляциянын болжолдонуучу индекси.