ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

Редакция04.12.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 4-декабры № 563

"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө

 

"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Долбоордун катышуучулары өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Регламенттин жоболорун жетекчиликке алышсын.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор өздөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев