Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 576
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 576 токтому менен жактырылган |
"Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Байбакпаев тарабынан демилгеленген "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренеси менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузган күнөөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, административдик, тартиптик жана материалдык жоопкерчиликке тартыла тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Бирок Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары боюнча "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүү, өндүрүү, сатуу жана пайдалануу үчүн жоопкерчилик каралбагандыгын белгилөө зарыл.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 179-1 жана 489-беренелеринде жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренесинде кайтарылуучу жана белгиленбеген жерлерде турмуш-тиричиликтин булгай турган калдыктарын таштоо үчүн гана жоопкерчилик каралган.
Ошону менен бирге 2019-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жогото тургандыгына көңүл буруу керек:
- "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы № 124 "Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жаңы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө 1 жылдык мөөнөткө убактылуу мораторий киргизүүнүн маселесин кароо сунуш кылынсын, буга жогоруда аталган ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жана соттук чечимдерди аткаруу боюнча өндүрүштүн жоболорун тактоо жана "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу максатында мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгуу кирбейт.
2. Бажы бирлигинин ББ 005/2011 "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине ылайык таңгактар ар кандай түрлөргө, анын ичинде полимердик деп бөлүнөт. Алсак, полимердик таңгактарга полимер материалдарынын ар кандай түрлөрү, анын ичинде полиэтиленден жасалган пакеттер кирет, ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун бүткүл тексти боюнча "полиэтилен пакеттер" деген сөздөрдү "полимер плёнкаларынан жасалган пакеттер" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
3. Ошондой эле, мыйзамдын долбоорунун түзүмүн жана мазмунун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
Долбоордун преамбуласы боюнча "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык преамбула (киришүү) - ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтыла тургандыгын белгилейбиз. Преамбулага ченемдик көрсөтмөлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ошондой эле, "пластикалык таңгак", "тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН)" сыяктуу терминдер долбоордун текстинде кездешпегендиктен, аларды мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинен алып салууну сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып, баяндалбай тургандыгын эске алуу менен мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин же 6-беренесин алып салууну сунуштайбыз, анткени алар бири-бирин кайталап жатат.
4. Мыйзамдын долбоору ишкердикти жөнгө салууга багытталгандыктан "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык долбоорго жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүү талап кылынат.
5. Негиздеме-маалымкатка ылайык мыйзамдын долбоорун кабыл алуудан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун зарылчылыгы келип чыгат, ушуга байланыштуу долбоордун 7-беренесинин 2-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мыйзамдын долбоорунун тиешелүү түзүмдүк элементтерин белгиленген бир мөөнөттө аткаруу жөнүндө тапшырма берүүнү караган ченем менен алмаштыруу зарыл.
6. Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда мыйзам колдонууда кыйынчылыктар келип чыгышы мүмкүн, анткени аны ишке ашыруу механизми каралган эмес. Бүгүнкү күндө "Ысык-Көл" биосфералык аймагында полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүнү контролдой ала турган кандайдыр бир экологиялык посттор жок.
Ошондой эле полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин чарбада жана турмуш-тиричиликке өзүнчө пайдалануудан тышкары, алар Ысык-Көл облусунун аймагында ар кандай тамак-аш азыктарын жана азык-түлүктөрдү таңгактоодо жана сатууда пайдаланыла тургандыгын белгилөө керек.
Мындан тышкары бүгүнкү күндө республикада 87 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары иштеп жатат, ал жерлерде полиэтилен пакеттери жана пластик идиштери менен булгоо тобокелдиги бар. Буга байланыштуу республиканын бүткүл аймагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү мамиле кылуунун зарылдыгы келип чыккандыктан, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу маселесин кароону сунуштайбыз.
Ошондой эле сунуш кылынып жаткан мыйзамдын долбоорунун жоболорун ишке ашыруунун комплекстүү толук механизмин, ошондой эле полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда аталган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.