Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-июлундагы № 466 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-декабры № 568
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189, 2022-жылдын 16-майындагы № 252,, 2022-жылдын 14-июнундагы № 316, 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салган механизмдерди өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ушул токтом күчүнө киргенге чейин Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрине киргизилген адамдар жөнүндө маалыматтар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч жылдын ичинде аталган Реестрде камтылат;
- ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталган конкурстук жол-жоболор ушул токтомдо белгиленген өзгөртүүлөрдү эсепке албастан аякталат.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кадрдык иштер жана мамлекеттик кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 18-декабрындагы N 103 жарыяланды
Премьер-министри | М. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9, 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189, 2022-жылдын 16-майындагы № 252, 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 , 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштерин материалдык-техникалык жана башка жактан камсыздоо милдети жүктөлгөн мамлекеттик органдарда мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн сунуштама Баалоо боюнча комиссиянын чечиминин негизинде киргизилет, бирок эң жогорку баа алган адамдардын санынын 5 пайызынан ашпоого тийиш.";
- 33-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө Улуттук резервде турган адамдар кызмат орундарынын башкы тобунун административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурска катыша алышат.
Жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө Улуттук резервде турган адамдар кызмат орундарынын башкы жана жогорку тобунун административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурска катыша алышат.";
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пунктунун үчүнчү абзацындагы "5 жана 6-тиркемелерине" деген сөздөр жана цифралар "5-тиркемесине" деген сөзгө жана цифрага алмаштырылсын;
- 13-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) өтүнмө ушул Жобонун 3-тиркемесинде белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда өтүнмөнү ушул Жободо белгиленген тартипте кайрадан жиберүү үчүн мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарат;";
- 16-пунктунда:
2-пунктчанын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тестирлөө өткөрүү боюнча өтүнмөгө ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча тестирлөөгө катышуучулардын тизмеси тиркелет;";
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын тизмесин, ошондой эле ченемдик укуктук актыларынын тизмесине ылайык болжолдуу суроолордун тизмесин өзүнүн веб-сайтына жайгаштырышат;";
- 24-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Муну менен бирге белгилүү бош кызмат ордуна бардык талапкерлер тестирлөөдөн бир жерде өтүшү керек.";
- 27-пунктундагы:
биринчи абзацтагы "онлайн режиминде" деген сөздөр "тестирлөө аяктагандан кийин эки жумуш күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- ушул Жобонун 3-тиркемесинде:
"бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөргөнгө байланыштуу," деген сөздөрдөн кийин "____ кызмат ордун ээлөөгө (бош кызмат орундун жалпы саны көрсөтүлөт)" деген сөздөр менен толукталсын;
", түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана кызмат орундары көрсөтүлөт, протоколдордун көчүрмөсү" деген сөздөр "(ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- ушул Жобонун 6-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-июнундагы № 316 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)