Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 387 токтомуна ылайык, аталган токтомдун 2-пунктунда каралган жоболорду кошпогондо КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры № 593
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 594 "Адвокаттардын мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча эмгегине акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
2-тиркеме
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укуктуу адамдарга (мындан ары - алуучу) жарандык/административдик иштер боюнча көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокаттарга акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча ишке ашырылат:
1) квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдын статусу жана/же кирешеси тастыктала электе жарандык/административдик иш боюнча квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, суроо-каттарын жиберүү, арыз берүүчү менен маектешүү, консультациялар) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
2) доо/арыз/даттануу түзүү, доого/арызга/даттанууга каршылык билдирүүнү жазуу боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштен чыгуу, алуучу менен маектешүү) - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
3) жарандык/административдик ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо учурунда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
4) жарандык/административдик иш боюнча доо, даттануулар сотко келип түшкөн күндөн тартып биринчи инстанциядагы сотто эки айдан көп каралган учурда, адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
5) жарандык/административдик ишти апелляциялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
6) жарандык/административдик иш сотко келип түшкөн күндөн тартып апелляциялык инстанцияда эки айдан көп каралган учурда, адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
7) жарандык/административдик ишти кассациялык инстанцияда кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
8) жарандык/административдик иш боюнча кассациялык даттануу сотко келип түшкөн күндөн тартып кассациялык инстанцияда эки айдан көп каралган учурда, адвокаттын сот отурумуна ар бир катышуусу - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
9) жарандык/административдик ишти кайра ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
10) кайра ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча жарандык/административдик иш келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашык кайра каралган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттын соттун отурумуна катышуусу - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
11) сот жарандык/административдик ишти жаңы карап чыгууга жибергенде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү (иштин материалдары менен таанышуу, талдоо жана иш боюнча позиция иштеп чыгуу, алуучу менен маектешүү, процесстик документтерди түзүү, сот отурумдарына катышуу) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
12) жарандык/административдик иш боюнча сот актыларын аткаруу баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштери боюнча алуучуга көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокаттарга акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча жүргүзүлөт:
1) шектелген адам түн ичинде, дем алыш же майрам күндөрү кармалганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
2) шектелген адам күндүз кармалганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
3) соттордо бөгөт коюу чарасын колдонууда, жазык өндүрүшүн жүргүзгөн мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
4) квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдын статусу жана/же кирешеси тастыктала электе жазык иши, жоруктар жөнүндө иши боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
5) жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүштө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч, жазык иши эки айдан көп, жоруктар жөнүндө иштер 20 күндөн көп каралган учурда, иштин узактыгын жана татаалдыгын эске алып, ар бир кийинки ай үчүн - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
6) биринчи инстанциядагы сот баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч, жазык иши эки айдан көп, жоруктар жөнүндө иштер 15 күндөн көп каралган учурда, иштин узактыгын жана татаалдыгын эске алып - ар бир кийинки ай үчүн - 10 (өн) эсептик көрсөткүч;
7) апелляциялык сот инстанциясынын баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч, жазык иши, жоруктар жөнүндө иштер эки айдан көп каралган учурда сот отурумуна ар бир кийинки катышуу үчүн - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
8) кассациялык инстанция баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдө - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
9) өкүмдү аткаруу баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү, анын ичинде адвокаттын иш менен таанышуусу - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
10) көп эпизоддуу (үч же андан көп) оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөө баскычында, соттун биринчи жана экинчи инстанцияларында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатка төлөнүүчү үстөк акы - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
11) жаңы же кайра ачылган жагдайлар боюнча иштерди кайра козгоо баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч.
3. 1 жана 2-пункттарда белгиленген акы төлөө тарифтерине адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүсү менен байланышкан (командировка менен байланышкан чыгымдардан сырткары, административдик-аймактык бирдиктин чегинде жол киреге сарпталган транспорттук чыгымдар, канцелярдык буюмдарды сатып алуу, байланышка акы төлөө ) бардык чыгымдар кирет.