Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 387 токтомуна ылайык, аталган токтомдун 2-пунктунда каралган жоболорду кошпогондо КҮЧҮН ЖОГОТОТ
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 токтомуна) |
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардамды алууга укуктуу адамдарга (мындан ары - алуучу) адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн акы төлөөнүн тартибин жөнгө салат.
2. Алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча адвокаттардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору (мындан ары - Борбор) менен келишим түзгөн адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт.
2-глава. Адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби
3. "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алуучуга жазык, жарандык же административдик иш боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Борбордун координатору (мындан ары - координатор) адвокатты дайындайт.
Координатордун чечими менен дайындалган адвокат жазык, жарандык же административдик сот өндүрүш баскычы аяктагандан кийин, беш жумуш күндүн ичинде квалификациялуу юридикалык жардам боюнча адвокат тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын регистрин (мындан ары - регистр) түзүп, аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен бекитилген формага ылайык квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча отчет (мындан ары - отчет) менен чогуу, кабыл алуу - өткөрүү актысы боюнча координаторго тапшырат.
Регистрдин тартиби жана формасы Адвокаттар кеңеши менен бирдикте иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан бекитилет.
4. Координатор адвокаттан регистрди жана отчетту алгандан кийин беш жумуш күндөн кеч эмес, жазык, жарандык же административдик иш боюнча алуучуга көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка акы төлөө тууралуу чечим кабыл алат.
5. Координатор адвокатка акы төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечимди төмөнкү учурларда кабыл алат:
1) эгерде, адвокат алуучуга квалификациялуу юридикалык жардамды координатордун чечиминин негизинде эмес, өзүнүн демилгеси боюнча көрсөтсө;
2) эгерде, адвокат регистрди, отчетту жана/же жазык, жарандык же административдик сот өндүрүшүнүн баскычына катышкандыгын тастыктаган процесстик документтерди тапшырбаса.
6. Эгер жазык, жарандык же административдик иштер боюнча адвокат алуучуга көрсөткөн квалификациялуу юридикалык жардам адвокатка көз каранды болбогон себептер боюнча толук көлөмдө көрсөтүлбөй калса (алуучунун квалификациялуу юридикалык жардамды андан ары алуудан баш тартуусу, алуучу квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн анык эмес маалымат бергенде, алуучунун квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун жокко чыгарган каржылык абалы өзгөргөндө, адвокатты алмаштырганда, адвокат же квалификациялуу юридикалык жардамды алуучу ооруганда жана/же өлгөндө) анда адвокаттын акысы ал иш жүзүндө көрсөткөн юридикалык жардамдын стадиясы үчүн төлөнөт.
7. Адвокатка акы төлөө же төлөөдөн баш тартуу тууралуу координатордун чечиминин бир нускасы тиешелүү иш боюнча регистрге көктөлөт, экинчи нускасы чечим чыгарылган күнү адвокатка жиберилет.
8. Алуучуга көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка акы Борбор тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт.
9. Борбор адвокаттын акысын адвокаттын алыш-бериш эсебине акыны төлөө тууралуу чечим чыгарылгандан кийин он жумуш күндөн кеч эмес убакытта төлөйт.
Киреше салыгын кармап калуу жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр салыктар жөнүндө мыйзамдарда жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу салымдарынын тарифтерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартип боюнча жүргүзүлөт.
10. Адвокатты командировкага жиберүү менен байланышкан чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
11. Адвокатты командировкага жөнөтүү координатордун чечиминин негизинде жана командировка күбөлүгүн берүү менен жүргүзүлөт. Адвокат координаторго командировкага жөнөтүү жөнүндө жүйөлүү арызы менен кайрылат.
Эгерде белгилүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутумунун адвокаты жок болсо, координатор адвокатты бир административдик-аймактык бирдиктен башкасына командировкага жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Командировка менен байланышкан адвокаттын чыгымдарын төлөө тууралуу чечим адвокат тастыктоочу документтерди тапшыргандан кийин, координатор тарабынан үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 587 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Адвокаттын командировка менен байланышкан чыгымдары координатордун чечими чыккандан он жумуш күндүн ичинде Борбор тарабынан төлөнөт.
13. Алуучуга көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка акы төлөө тууралуу жана адвокаттын чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө чечимдердин аткарылышын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги контролдойт.