Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 601
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы, жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 248-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-статья менен толукталсын:
"23-1-статья. Транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин укуктары жана милдеттери
1. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- төмөнкүдөй маалыматтарды акысыз (бекер) негизде алууга:
транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тартиби жөнүндө;
жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте транспорт каражатынын мамлекеттик каттоосунун цифра жана (же) тамга түрүндөгү номердик белгисин тандоого.
2. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамдын 14 жана 24-беренелеринде көрсөтүлгөн учурларда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда транспорт каражатын каттатууга (кайра каттатууга);
- транспорт каражатын утилге чыгарууга же жоготууга байланыштуу, же Кыргыз Республикасынын аймагынан туруктуу жерге чыгарып кетүүнүн алдында транспорт каражатын мамлекеттик каттоодон чыгаруу үчүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылууга;
- транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоонун жана эсепке алуунун эрежелеринде транспорт каражатын милдеттүү түрдө берүү каралган учурларда аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берүүгө;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү эрежени бузгандыгы фото, видео-жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен жазылып калгандагы айып пул түрүндө жаза салуу тууралуу токтомдор өз убагында аткарылбаганда айып пулдардын суммаларын төлөөгө.".
2) 24-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Транспорт каражаттарын каттоого жана каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө төмөнкүдөй учурларда тыюу салынат:
- жаңы транспорт каражаттары үчүн Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуучу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген сертификаттар жок болсо;
- ушул Мыйзамдын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган транспорт каражаттарын кайра каттоого бергенде;
- тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу каттоо документтери жок болсо же жасалма (жалган) документтерди көрсөтсө;
- транспорт каражатын жасоочу тарабынан жазылган номердик агрегаттардын маркировкасы жасалмаланса, жашырылса, өзгөртүлсө жана (же) жок кылынса, анын натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүн болбосо - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин;
- транспорт каражатынын маркировкалык идентификациялык белгиси салынган, каттоо документтеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен көрсөтүлгөн конструкциялык курамдык бөлүгү алмаштырылса;
- транспорт каражаты издөөдө болсо.
Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып калган эреже бузуулар үчүн айып пулдар боюнча автоматташтырылган маалымат системасында транспорт каражатынын ээсинин карызы бар экени тууралуу маалымат болсо, транспорт каражатынын ээси транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоонун алдында ал эреже бузуулар үчүн айып пулду төлөөсү зарыл.";
3) 25-статьясында:
а) мамлекеттик тилдеги текстинин 1-бөлүгүндөгү (айдоочулук ишти аткарууга карама-каршы келбеген чектөөлөрү болбогон" деген сөздөр "айдоочулук ишти аткарууга карама-каршы келген, анын ичинде ушул статьянын 3-бөлүгүндө каралган чектөөлөрү болбогон" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
- тогузунчу, он биринчи жана он бешинчи абзацтарындагы "категория" деген сөздөр "ички категория" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он үчүнчү абзацындагы "С1" категориясы" деген сөз "С1" ички категориясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- он сегизинчи абзацындагы "С1Е" категориясы" деген сөз "С1Е" ички категориясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
в) төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып калган эреже бузуулар үчүн айып пулдар боюнча автоматташтырылган маалымат системасында транспорт каражатынын ээсинин карызы бар экени тууралуу маалымат айдоочулук күбөлүктү берүүдөн баш тартууга негиз болот.";
4) 26-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-берене. Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча негизги талаптар
1. Тиешелүү категориядагы (ички категориядагы) транспорт каражаттарын башкарууга укукту медициналык көрсөткүчтөрү боюнча тиешелүү категориядагы (ички категориядагы) транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда теориялык жана практикалык сынактарды тапшырган, тиешелүү категориядагы (ички категориядагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программасы боюнча окутуучу (билим берүүчү) уюмдарда тиешелүү окуудан (кайра окуудан) өткөн жарандар алышат.
2. Тиешелүү категориядагы (ички категориядагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программалары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде окутуучу (билим берүүчү) уюмдар тарабынан иштелип чыгат.
3. Тиешелүү категориядагы (ички категориядагы) транспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөтмөлөр менен чектөөлөр жана медициналык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-жыл, № 4, 285-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бузуу жасаган учурда он алты жаш курагына толгон жеке адам (жаран, чет өлкөлүк адам, жарандыгы жок адам) бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.";
2) 28-беренесинде:
а) экинчи бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) транспорт каражаттарын атайын токтотуучу жайларга мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) транспорт каражатын айдоодон четтетүү.";
3) 31-беренесинде:
а) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-1-берене. Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуу";
б) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жабдыктардын башка түрлөрү рулдук башкарууну жана газдын педалын бөгөттөө үчүн колдонулат (мотоцикл, трицикл, квадроцикл жана башка мототранспорттор үчүн)";
в) 5-бөлүгү "дөңгөлөктөргө блокираторлорду" деген сөздөрдөн кийин "же жабдыктардын башка түрлөрүн" деген сөздөр менен толукталсын;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-берене менен толукталсын:
"31-1-берене. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү
2. Адамдар транспорт каражатын башкаруудан төмөнкүдөй учурларда четтетилет:
1) эгер транспорт каражатын башкарган адамда төмөнкүлөр жок болсо: транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүгү, тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү;
2) эгер транспорт каражатын башкарган адам жараксыз күбөлүктү алып жүрсө;
3) эгер транспорт каражатын мамлекеттик каттоочу номердик белгилери же алардын бири жок болсо, анын ичинде алар стандарттуу эмес (жасалма) болсо же башка транспорттук каражатка берилген болсо;
4) эгер транспорт каражатынын кузовунун жана шассисинин номери ошол транспорт каражатты каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга туура келбесе;
5) эгер транспорт каражатын башкарып бараткан адамды мас абалда деп эсептөөгө жетиштүү негиздер бар болсо;
6) эгер транспорт каражатынын орнотулган жабдыктары же кайра жабдылышы ченемдик талаптарды бузуу менен жасалса, анын ичинде, эгерде транспорт каражаты атайын үндүү (көп үндүү) сигнализация же жаркылдоочу жарык сигнал менен жабдылса, же айнегине пайдаланууга тыюу салынган пленка капталса же кузовуна реклама жайгаштырылса;
7) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда чоң габариттүү же оор салмактуу транспорт каражаттарын башкарууда габариттин, жүк менен бирге огуна келүүчү салмактын жана массанын параметрлеринин уруксат берилген талаптары бузулса;
8) ушул Кодекстин 19-главасында каралган эреже бузуулар болгон учурда, ушул Кодекстин 342-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген айыптарды төлөө мөөнөтү бузулса.
3. Адамды транспорт каражатын башкаруудан четтетүү четтетүүнүн баардык себептери толугу менен жоюлганга чейин анын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу жана жол бербөө аркылуу колдонулат.
4. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын кызматкери бузуу жөнүндө протоколго тийиштүү жазууну жазат, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган учурда өзүнчө протокол түзүлөт жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү кошумча укуктук чара колдонуу жөнүндө токтом чыгарылат.
5. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарын убактылуу сактоо үчүн атайын (айыптык) токтотуучу жерлерге алып барышат, ал жерде иш боюнча чечим чыгарылганга жана транспорт каражатын башкарууга негиз болгон себептери жоюлганга чейин сакталып турат.";
5) 19-главанын эскертүүсү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-эскертүү. Ушул главанын беренелеринде транспорт каражаттары деп автомобилдердин, тракторлордун бардык түрлөрү жана башка өзү жүрүүчү машиналар, троллейбустар, ошондой эле мотоциклдер жана башка транспорт каражаттары түшүнүлөт.
2. Ушул Кодекстин 119 жана 120-1-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик менчикте турган объекттерге карата ички иштер жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарда, ал эми муниципалдык менчикте турган объекттерге карата - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларында каралат.
3. Ушул Кодекстин 121, 122, 122-2-129, 131 жана 132-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда каралат.
4. Ушул Кодекстин 130-135-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда каралат.
5. Ушул Кодекстин 122-1, 133 жана 134-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.
6. Ушул Кодекстин 121-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.";
6) төмөнкүдөй мазмундагы 119-1-берене менен толукталсын:
"119-1-берене. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүүнүн эрежелерин бузуу
1. Жолдордо жумуштарды аткаруунун, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүүнүн, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо эрежелери менен белгиленген башка талаптарды аткарбоо, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабыркагандын саламаттыгына жеңил зыян келтирген, транспорт каражатына, жүктөргө, жолдорго, жолдогу жана башка курулмаларга же башка мүлккө зыян келтирген жол-транспорт кырсыгына дуушарланткан иштер -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
7) төмөнкүдөй мазмундагы 120-1-берене толукталсын:
"120-1-берене. Жолдун өтүүчү бөлүгүнүн астында жайгашкан жер алдындагы коммуникациялардын кароочу кудуктарын күтүүнүн эрежелерин бузуу
1. Жолдун өтүүчү бөлүгүнүн астында жайгашкан жер алдындагы коммуникациялардын кароочу кудуктарын күтүүнүн эрежелерин бузуу, ошондой эле жер астындагы коммуникациялардын жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына алып келген жана ошонун натыйжасында жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген бузуктарын оңдоого чара көрбөө, -
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабыркагандын саламаттыгына жеңил залал келтирген, транспорт каражатынын, жүктөрдүн жана башка мүлктүн бузулушуна дуушарланткан бузуулар, -
6-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
8) 121-беренеде:
а) 4 жана 5-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
4. Транспорт каражатын жасалма же жалган мамлекеттик каттоочу номердик белгиси (белгилери) менен башкаруу, ошондой эле транспорт каражатын мамлекеттик каттоочу номердик белгисин идентификациялоого тоскоолдук жараткан же аны өзгөртүүгө, же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөрдү жана материалдар колдонулган мамлекеттик каттоочу номердик белгиси (белгилери) менен башкаруу, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
5. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ыйгарым укуктуу адамдын эксплуатациялоого болбоочу техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн, же белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол бергендиги, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
9) төмөнкүдөй мазмундагы 122-1 - 122-2-беренелер менен толукталсын:
"122-1-берене. Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринде каралган тиешелүү документтерди көрсөтпөөсү
Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелеринде каралган тиешелүү документтерди көрсөтпөөсү, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
"122-2-берене. Транспорт каражатынын айдоочуларынын жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү жана бул фактынын мындан ары аныкталуусу, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
10) 123-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"123-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу
1. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу,-
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40 км/сааттан көп эмес ашуусу,-
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60 км/сааттан көп эмес ашуусу,-
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын транспорт каражатынын кыймылынын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу,-
4-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 123-1-берене менен толукталсын:
"123-1-берене. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу
1. Жол белгилеринин же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо, токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу, анын ичинде маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу; жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу, айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү, техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарынан пайдалануусу (шашылыш, кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарган атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); коопсуз дистанцияны, интервалды сактабагандык же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштыруу эрежелерин бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналына же болбосо жөнгө салуучунун жаңсоосуна карабай аткарбоо; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрдөн өтүү эрежелерин бузуусу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө же ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипедчендин жолунда жөө жүрүүчүнүн кыймылына артыкчылыктарды бербөө; транспорт каражатынын айдоочусунун жол кесилиштеринен өтүү эрежелерин бузуусу же светофордун тыюу салуучу сигналында же болбосо жөнгө салуучунун жаңсоосунда өтүп кетүүсү; каршы өтүүнүн тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүүнүн эрежесин бузуу же болбосо маневр жасоо; автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан тиричилик таштандыларды же башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө); тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу, -
2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Каршы өтүүнүн тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежесин бузуу; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтотуу эрежелерин бузуусу; кыймылдаткычтын газ иштетип чыгаруучу системасынын үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү максатында кайра жабдуу же ага тете жабдууларды орнотуу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.
4. Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузуу, -
жеке жактарга 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде тургандыгына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан, жөнгө салуучунун сигналынын жана буйругунун талаптарына баш ийүүгө милдеттүү.
Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жарык берүүчү маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу менен ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Мындай артыкчылыкты алар өздөрүнө жол бошотуп берип жатканына ынанганда гана пайдаланышы керек.";
12) 128 жана 129-беренелери төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"128-берене. Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү
1. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалдагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалдагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү, -
7-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Айдоочунун алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас экендигин белгиленген тартипке ылайык ырастоодон баш тартуусу, -
8-категориядагы айып пул салууга алып келет.
129-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу
1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Сыртына ыкчам кызматтардын автомобилдерине түшүрүлүүчү атайын жарык сызыктарынын схемаларын мыйзамсыз түшүрүп алган же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган же болбосо ар кандай түрдөгү жазуулар, сүрөттөр, фотографиялар, ошондой эле жарнактар түшүрүлгөн транспорт каражатын башкаруусу, -
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
3. Айдоочунун маңдайкы жана/же алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же аларда көшөгөлөр пайдаланылган же айнектеринде күзгү сымал күңүрттөө жабылган транспорт каражатын башкаруусу,-
3-категориядагы айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүчүлүгү (күңүрттөө) Бажы союзунун Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек.
Ушул ченем Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тизмедеги атайын автомашиналарга жайылтылбайт.";
13) 303-беренесинин 2-бөлүгү "Бул маалыматтар" деген сөздөрдөн кийин "кагаз түрүндөгү сактагычта же электрондук формада түзүлгөн, электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн" деген сөздөр менен толукталсын;
14) 305-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"305-берене. Атайын техникалык каражаттар
1. Метрологиялык сыноодон өткөн жана тиешелүү сертификаты бар өлчөөчү приборлор атайын техникалык каражаттар болуп эсептелет.
2. Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоо үчүн колдонулуучу фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттар автоматташтырылган маалыматтык системага интеграцияланышы керек.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө аталган атайын техникалык каражаттардын көрсөткүчтөрү бузуулар жөнүндө протоколдо жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдо белгиленет.
4. Атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөткүчтөрү ушул Кодекстин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомдо чагылдырылат.";
15) 309-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бузуулар жасалса, ыйгарым укуктуу орган кагаз түрүндөгү сактагычта протокол түзөт же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн бузуулар жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн.";
16) 310-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жазуу түрүндөгү формасы менен катар электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн бузуулар жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн.";
17) 329-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "иш боюнча" деген сөздөрдөн кийин "кагаз түрүндөгү сактагычта же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында" деген сөздөр менен толукталсын;
18) төмөнкүдөй мазмундагы 331-1 - 331-4-беренелер менен толукталсын:
"331-1-берене. Бузуу жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу
1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда бузуу жөнүндө иштер боюнча документтер (аныктамалар, протоколдор, токтомдор, буйруктар) бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн катышуучуларына "Почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган заказдык почта жөнөтмөсү аркылуу ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан жиберилет же болбосо ыйгарым укуктуу кызмат адамы жеке өз колуна тапшырат.
2. Бузуу жөнүндө иш боюнча документ төмөнкүдөй учурлардан кийин документти жеткирип берүү тапшырмасы берилген тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын адамдары тарабынан аны жеткиргендиги тууралуу билдирилген мезгилден тартып тапшырылды деп эсептелет:
1) бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлгөн адамга жеке тапшыргандан кийин;
2) жаш курагы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине, ошондой эле бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын катталган жеринде жашаган башка адамдарга жеке тапшыргандан кийин.
"331-2-берене. Бузуу жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартуу
1. Бузуу жөнүндө иш боюнча документ түзүлгөн адам же жаш курагы жеткен үй-бүлө мүчөсү, ошондой эле бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын катталган жеринде жашаган башка адамдар бузуу жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартса, документти алып барган адам аны жөнөткөн ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) кайра алып келип, документке тиешелүү белги коёт. Мындай учурда бузуу жөнүндө иш боюнча документ расмий тартипте тапшырылды деп эсептелет.
2. Бузуу жөнүндө иштер боюнча документ даректелген адамдын документти кабыл алуудан баш тартуусу ишти кароо же айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо үчүн тоскоол боло албайт.
331-3-берене. Кабарландыруу
Ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) кабарландыруу аркылуу бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун күнү жана орду, айрым процесстик иштер тууралуу билдирет, аларды ишти кароого же башка процесстик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга катышууга чакырат.
331-4-берене. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүш жүргүзүүнүн өзгөчөлүгү
1. Жоопкерчилиги ушул Кодексте каралган бузуулар аныкталганда фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен атайын техникалык каражаттардан алынган маалыматтар (сертификацияланган программалык камсыздоо аркылуу электрондук форматта реалдуу мезгил режиминде) бузуу жасаган адамсыз электрондук токтом түзүү (толтуруу) үчүн ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык системасына (маалымат базасына) жиберилет. Реалдуу мезгил режиминде бузуулар жөнүндө электрондук токтом түзүлгөндөн (толтурулгандан) кийин ал "Электрондук колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук колтамгасы менен бекитилет.
2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарынын негизинде транспорт каражатынын ээсине карата бузуулар жөнүндө токтом түзүлөт (толтурулат).
3. Ушул Кодекстин 19-главасында каралган маалыматтарга кошумча бузуулар жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) бузууларды табуу үчүн пайдаланылган атайын техникалык каражаттардын (бузуулар жасалган фактыны далилдеген жана ээси (менчик ээси) тууралуу маалыматтарды ырастаган фото жана видео материалдар) жардамы менен алынган маалыматтар;
2) бузуулар жөнүндө электрондук токтомго байланыштуу өтүнүч каттарды берүүнүн тартиби;
3) айыптын суммасы жана аны төлөөнүн тартиби.
4. Ушул Кодексте каралган бузуулардын фото материалдары жана видео жазуулары бузуу жөнүндө тиешелүү иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин сакталат.
5. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган мурдагы эле бузуулар үчүн бузуулар жөнүндө токтомду кайталап түзүүгө тыюу салынат. Бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттар иштеген жерлерде электрондук токтом гана толтурулат.
6. Өзүнө карата бузуулар жөнүндө токтом түзүлүп жаткан адам аны менен макул болбосо, ыйгарым укуктуу органга өтүнүч кат менен кайрыла алат. Өтүнүч кат бузуулар жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып 10 күндүн ичинде жеке өзүнө тапшырылышы, почта же Интернет маалыматтык-коммуникациялык түйүнү аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.";
19) 342-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "бузуучу тарабынан" деген сөз алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул Кодекстин 19-главасында каралган жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо чөйрөсүндө бузууларды жасагандыгы үчүн салынган, республикалык бюджетке чегерилген айып пулдун суммасынын 25 пайызы ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-пунктунун талаптарына ылайык аныкталган бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдан сырткары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртууга жана алардын кызматкерлерин материалдык өбөлгөлөөгө жумшалат.
Ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-пунктунда белгиленген тартипте аныкталган бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдун суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлөт жана пайдаланылат.".
20) төмөнкүдөй мазмундагы 345-1-берене менен толукталсын:
"345-1-берене. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүү
1. Транспорт каражатын башкарган адамдын мас абалында экендигинин ачык белгилери болсо, анын мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулат. Эгерде бул адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мас абалын аныктоодон баш тартса же болбосо мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбосо, ал медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет.
2. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протокол түзүлөт, анын көчүрмөсү тиешелүү чаралар көрүлүп жаткан адамга берилет.
3. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) протокол толтурулган орду, күнү жана убактысы;
2) протокол толтурган адамдын кызматы, аты-жөнү;
3) мас абалын күбөлөндүрүүгө негиздер;
4) транспорт каражатын башкарган адам тууралуу маалыматтар;
5) транспорт каражатынын тиби, маркасы, үлгүсү, мамлекеттик каттоо номердик белгиси жана идентификациялоонун башка белгилери жөнүндө маалыматтар.
4. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протоколго аны түзгөн кызмат адамы, ошондой эле өзүнүн мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулган же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилген айдоочу кол коёт. Айдоочу протоколго кол коюудан баш тартса, бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Айдоочу протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмө же эскертүү берүүгө, ошондой эле ага кол коюудан баш тартуунун себептерин көрсөтүүгө укуктуу. Мындай түшүндүрмөлөр жана эскертүүлөр протоколго тиркелет. Протоколдун көчүрмөсү айдоочуга берилет.
5. Мас абалын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө акт тиешелүү протоколго тиркелет.
Транспорт каражатын башкарган айдоочунун мас абалында деп ойлоого жеткиликтүү негиздер болсо, ал мас абалын аныктоо боюнча күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Аталган адамдарды мындай күбөлөндүрүүгө жиберүүнүн тартибин жана аны күбөлөндүрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти