Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 619
Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүүнү жана менчик ээлеринин мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү мүмкүндүгүн камсыздаган укуктук механизмди түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечиминин 2-пунктун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын - катчылыктын жумушчу органынын функциялары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 378-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
31. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрындагы N 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |