Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 619 токтомуна |
Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын кароонун тартибин белгилейт.
2. Ушул Жобонун максаты болуп Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн улутташтыруу жана мурдагы менчик ээлеринин мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүүнү камсыздоочу укуктук механизмди түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы чечиминин 2-пунктун аткаруу саналат.
3. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлгөн Комиссияга өздөрүнүн мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.
4. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча), юстиция, мамлекеттик финансыны башкаруу, экономика, ички иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик мүлктү башкаруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүк борборунун жетекчилери, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) киришет.
5. Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
2-глава. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө арызды тариздөөнүн жана берүүнүн тартиби
6. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
- улутташтырылган мүлктүн аталышы;
- улутташтырылган мүлктүн качан жана кантип сатып алынгандыгы;
- улутташтырылган мүлктү сатып алуунун негизи;
- улутташтырылган мүлктү сатып алуу менен байланышкан башка маалыматтар.
7. Арызга төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
- мурдагы менчик ээсинин ким экендигин ырастаган документ;
- эгерде улутташтырылган мүлк уюм болуп эсептелсе, уюштуруучу документтери менен бирге юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк;
- улутташтырылган мүлктү алууга укук белгилөөчү документтер;
- улутташтырылган мүлктү алууга төлөм документтери.
Мурдагы менчик ээлери улутташтырылган мүлктү сатып алгандыгын күбөлөндүргөн башка маалыматтарды жана материалдарды берүүгө укуктуу.
3-глава. Комиссиянын ишинин тартиби жана ыйгарым укуктары
8. Комиссия өзүнүн ишин жыйындарды өткөрүү жолу менен уюштурат. Комиссиянын жыйындары эгерде ага Комиссиянын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет.
9. Комиссиянын чечимдери "макул" же "каршы" добуш берүү жолу менен жыйынга катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин добушу менен кабыл алынат жана төраганын, Комиссиянын жыйынга катышкан бардык мүчөлөрүнүн колу коюлган протоколдор түрүндө таризделет.
10. Комиссия Комиссиянын ишинин регламентин иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.
11. Комиссиянын жумушчу органы болуп катчылык эсептелет, анын функциялары Комиссиянын ишин уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка камсыздоону жүзөгө ашырган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
12. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- улутташтырылган мүлктүн мурдагы менчик ээлеринин кайрылууларын (ага тиркелген материалдарды) кароого, суроо берүүгө, жоопторду угууга, жыйында берилген жана айтылган бардык маалыматтарды баалоого;
- өзүнүн жыйындарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрүн чакырууга, аларга суроо берүүгө жана алардын сүйлөгөн сөздөрүн угууга;
- укук коргоо органдарына, анын ичинде прокуратура органдарына, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга суроо-талаптарды жөнөтүүгө жана алар боюнча жоопторду алууга, аларды кароого жана баалоого;
- зарылдыкка жараша жумушчу топторду түзүүгө, көз карандысыз адистерди жана эксперттерди тартууга;
- мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга же мүлктүк укуктарды калыбына келтирүүдөн баш тартууга.
13. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө арызды Комиссиянын катчылыгында катталган күндөн тартып үч айдын ичинде Комиссия карайт.
Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан кошумча маалыматтарды жана документтерди алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда Комиссия арызды кароо процессин үч айдан ашык эмес мөөнөткө токтотуп турууга укуктуу.
Арызда көрсөтүлгөн фактыларга карата тиешеси бар иштер боюнча тергөө органдары сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерүүнү демилгелеген учурда Комиссия арызды кароо процессин сотко чейинки өндүрүш аяктаганга чейин токтотуп турат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-июнундагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү же мүлктүк укуктарды калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими
14. Мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү же мүлктүк укуктарды калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө Комиссия кабыл алган чечимдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимин кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун Комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө Комиссиянын катчылыгы иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде белгиленген тартипте макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.
16. Улутташтырылган мүлктү кайра берүү жөнүндө же кайра берүүдөн баш тартуу жөнүндө, компенсация төлөө жөнүндө же компенсация төлөөдөн баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.