Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 625
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2,116-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренесинде:
а) он экинчи абзацы "мамлекеттик органдардын бөлүмчөлөрү" деген сөздөрдөн кийин ", ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"аскер кызматына чакыруу иш-чаралары - чакыруу кагазын жиберүү жана алуу, райондук (шаардык) аскер комиссариатынын чакыруусу, чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, жыйноо пункттарында аскер бөлүктөрүн комплекттөө үчүн аскердик командаларды түзүү, аларды Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер бөлүктөрүнө жиберүү;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толукталсын:
"угуучулар - окутуучу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларында окуп жаткан офицердик курамдагы аскер кызматчылары;";
2) 3-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Медициналык же башка атайы даярдыгы бар" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүгүнүн он биринчи абзацындагы "жана старшиналардын" деген сөздөр алып салынсын;
3) 4-беренесинде:
а) 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
экинчи абзацындагы "(курсант)" деген сөз алып салынсын;
үчүнчү абзацындагы "жана старшиналар" деген сөздөр алып салынсын;
4) 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "(старшиналар)" деген сөз алып салынсын;
5) 21-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "Жыйырма беш" деген сөздөр "Жыйырма эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы "коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине" деген сөздөр "республикалык бюджеттин пайдасына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы, мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдак кызматтан өткөн жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.";
6) 25-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Жарандардын жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруусу. Аскердик окуу жайларда окуп жаткан жарандар менен аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттарды түзүү
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруу укугу берилет.
Жогорку аскердик окуу жайларына өтүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
а) курсанттар катары:
- тапшыруу мезгилине карата он жети жашка толгон, бирок жыйырма бир жаштан ашпаган жарандар;
- тапшыруу мезгилине карата жыйырма төрт жашка толо элек аскер кызматын өтөгөн жарандар, мөөнөттүү аскер кызматын жана контракт боюнча аскер кызматын жоокер, сержант жана прапорщик кызматтарында өтөп жаткан аскер кызматчылары;
б) угуучулар катары - офицердик курамдагы аскер кызматчылары.
Чакыруу жана контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары, аскердик даярдык боюнча кошумча программалары бар билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жогорку аскердик окуу жайларына тапшырууга артыкчылыктуу укукка ээ.
Аскердик окуу жайларына тандоо тартибин жана аял аскер кызматчылары менен комплекттөөгө жол берилген аскердик-каттоо адистиктеринин тизмегин жана жогорку аскердик окуу жайларында окуу убагында аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары аркылуу жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруучу адамдарды тандоонун тартиби жана жогорку аскердик окуу жайларында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
2. Курсанттын аскер кызматын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп, аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматкерлерин копшогондо, аны жогорку аскердик окуу жайга кабыл алган дата эсептелет.
3. Жогорку аскердик окуу жайларга кабыл алынганда курсанттар контракт түзүшөт (аскер кызматчыларынын ичинен курсанттар - жаңы контракт) жана аскердик кызмат орундарга дайындалышат (улуттук коопсуздук органдарын кошпогондо).
Жогорку аскердик окуу жайларга окууга бир жылга жана андан ашык мөөнөткө жиберилген офицерлер, окуу жөнүндө жана аскердик окуу жайларды аяктагандан кийин үч жылдын ичинде аскер кызматын милдеттүү өтөө тууралуу жаңы контракт түзүшөт.
4. Жогорку аскердик окуу жайларга өтпөгөн же алардан чыгарылган аскер кызматчылары, 18 жашка толо элек адамдарды кошпогондо, эгерде алардын чакыруу убактысын жылдырууга укугу болбосо же аскердик кызматка чакыруудан бошотулса, мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөө үчүн кошуундарга жана бөлүктөргө жиберилишет.
5. Жогорку аскердик окуу жайларын бүткөн курсанттарга "лейтенант" аскердик наамы ыйгарылат.
Окуу мөөнөтү беш жылдан ашык болгон жогорку аскердик окуу жайларында окуган курсанттарга "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы 5-курсту аяктагандан кийин ыйгарылат. Аталган аскер кызматчыларына кезектеги аскердик наамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте ыйгарылат.";
7) 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жоокерлерге, сержанттарга жана старшиналарга" деген сөздөр "жоокерлерге жана сержанттарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 30-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "жоокердик, сержанттык жана старшиналык" деген сөздөр "жоокердик жана сержанттык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9) 36-беренесинде:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын;
"Прапорщиктердин запаста болуусунун чектүү курагы элүү беш жашты түзөт.";
б) 5-бөлүгүндө;
экинчи абзацындагы "(старшиналардын)" деген сөз алып салынсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"прапорщиктерге жана офицердик курамдагы адамдар үчүн - кырк беш жашка чейинкилерди кошкондо.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|