Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 618
2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 "2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
4-главасында:
- 4.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.1. Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоонун механизмдерин аныктоо жана иштеп чыгуу Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоо боюнча маселелерди чечүү максатында төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылууга тийиш:
1) ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоого укук берген келишимге кол коюу үчүн ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий иштеп чыккандар менен байланыш түзүү;";
2) мамлекеттик тилге ЧОИ үчүн ФОЭСти которуу боюнча жана иштеп чыккандар белгилеген жол-жоболорду жүргүзүүгө расмий уруксат алуу;
3) ЧОИ үчүн ФОЭСти мамлекеттик тилге которуу жана аларды расмий жарыялоо.";
- 4.2-пунктунда:
2-пунктчасындагы "аудитордун көз каранды эместигине шек туулган учурларда гана" деген сөздөр алып салынсын;
4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.3-пунктунда:
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- аудиттин сапатын контролдоо боюнча функцияларды өзүн жөнгө салуучу уюмдарга өкүлдөө боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыксын.";
1-пунктчасындагы "кесиптик" деген сөз "өзүн жөнгө салуучу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.4-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Кыргыз Республикасынын жождорунун окуу стандарттарына билим берүүнүн эл аралык стандарттары киргизилсин.";
- 4.5-пунктунда:
биринчи абзацы "коомдук реестрин түзүү" деген сөздөрдөн кийин "боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацындагы "киргизүү" деген сөз "иштеп чыгуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасындагы "жана жөнгө салуучулук таасирдеги талдоо" деген сөздөр алып салынсын;
4 жана 5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул Стратегиянын кабыл алынышына байланыштуу финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана финансылык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында финансы жана бизнес чөйрөсүндө иштеген журналисттер менен айрым иштер жүргүзүлүшү керек; ФОЭСтин жана ЧОИ үчүн ФОЭСтин негизинде сапаттуу корпоративдик финансылык отчеттуулуктун артыкчылык маселелери боюнча, капиталдын наркын төмөндөтүү, инвестициялык ишенимди жогорулатуу жана өлкөнүн бүткүл экономикасын чыңдоо бөлүгүндө компаниялардын жетекчилери жана менеджерлери үчүн практикалык сабактарды жана семинарларды өткөрүү зарыл.";
- 5-главасындагы "300 млн. сом өлчөмүндөгү" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-главасынын биринчи абзацындагы "чет өлкөлүк" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 26-декабрында N 106 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 токтомуна 2-тиркеме |
2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлгөн натыйжалар/индикаторлор | Каржылоонун булактары |
1 | I. Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү | ПРАФОнун алкагында | ||||
Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти жарыялоого уруксат алуу | 1.1. Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти кабыл алуу жана жарыялоо жөнүндө макулдашууга кол коюу | 2018-ж. декабры | Мамфин-көзөмөл | Кыргыз Республикасында ФОЭС, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭС стандарттарын пайдалануу боюнча автордун укуктук материалдарын калыбына келтирүүгө, басып чыгарууга жана таркатууга уруксат алынды | ||
1.2. ЧОИ үчүн ФОЭСти мамлекеттик тилге которуу боюнча иштеп чыккандар белгилеген жол-жоболорду жүргүзүү жана расмий уруксат алуу | 2020-ж. октябры |
| ЧОИ үчүн ФОЭС мамлекеттик тилге которулду | |||
2 | ФОЭС боюнча финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча талаптарды кайра кароо жана милдеттүү аудитти өткөрүү | 2.1. Ашыкча мамлекеттик жөнгө салууну төмөндөтүү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү милдеттүү аудиттин финансылык отчеттуулукту жөнгө салуу жана финансылык отчеттуулуктун милдеттүү аудитин камсыз кылуу максатында "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу | 2019-ж. декабры | Мамфин-көзөмөл | Жаңы редакциядагы "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | ПРАФОнун алкагында |
3 | Коомго жеткиликтүү корпоративдик финансылык отчеттуулуктун коомдук реестрин түзүү боюнча механизмин иштеп чыгуу | 3.1. Кыргыз Республикасына жарактуу корпоративдик финансылык отчеттуулуктун коомдук реестринин моделин издөө жана иштеп чыгуу | 2020-ж. октябры | Мамфин-көзөмөл | Финансылык отчеттуулуктун реестрин түзүү үчүн мыйзамдардагы чектөөлөрдү баалоо жөнүндө отчет даярдалды | ПРАФОнун алкагында |
II. Бухгалтерлерге жана аүдиторлорго билим берүүнү жаңылоо | ||||||
4 | Билим берүүнүн эл аралык стандарттарга ылайык кадрларды даярдоо системасын модернизациялоо үчүн университеттерге жардам берүү | 4.1. Кыргыз Республикасынын окуу жайларында бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү адистерди даярдоочу программаны өркүндөтүү | 2020-ж. октябры | Мамфин-көзөмөл/Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын окуу программаларын бухгалтердик билим берүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык жаңылоо. Бухгалтердик билим берүүнүн эл аралык стандарттары жаатындагы билимдердин деңгээли жогорулатылды | ПРАФОнун алкагында |
5 | Финансы жана бизнес чөйрөсүндө адистешкен журналисттерди окутуу жана тажрыйба алмашуу жолу менен бизнес коомчулугу үчүн сапаттуу финансылык отчеттуулуктун артыкчылыгы жөнүндө маалымдоолорду жогорулатуу | 5.1. Экономикалык журналистика мектебин түзүү | 2020-ж. сентябры | Мамфин-көзөмөл | Финансы жана бизнес чөйрөсүндөгү журналисттердин тобу окутулду. Журналисттер үчүн окуу китеби иштелип чыкты. Материалдар ЖМКда жарыяланды | ПРАФОнун алкагында |
5.2. Ишенимдүү финансылык отчеттун оң таасири жөнүндө бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн маалымдуулугун жогорулатуу | Кызыкдар тараптардын (ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС) тиешелүү топторунун муктаждыктарын эске алуу менен тренерлерди даярдоонун модулу иштелип чыкты жана тренерлер үчүн тренинг өткөрүлдү. (ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС) Кызыкдар тараптардын тиешелүү топторунун муктаждыктарын эске алуу менен модулдар иштелип чыкты жана 12 семинар өткөрүлдү | |||||
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
ФОЭС | - | Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты; |
ЧОИ үчүн ФОЭС | - | кичи жана орто ишкердик субъекттер үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты; |
АЭС | - | Аудиттин эл аралык стандарты; |
ПРАФО | - | Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоор; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары.". |