Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-марты № 191
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы №11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана финансылык отчеттуулуктун аудитин андан ары реформалоо жана жаңылоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү тиркелгендер бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясы;
- 2-тиркемеге ылайык 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы N 191 токтомуна 1-тиркеме |
2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн СТРАТЕГИЯСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Киришүү
2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн ушул стратегиясы (мындан ары - Стратегия) Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдерде өркүндөтүүнүн максаттарын жана негизги багыттарын, ошондой эле каралган иш-чараларды финансылык камсыздоону жана ишке ашыруунун механизмдерин аныктайт.
Өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу, анын тышкы соода жана башка тышкы экономикалык байланыштары компаниялардын финансылык отчеттуулугуна эл аралык рыноктун катышуучуларынын канчалык деңгээлде ишенерине жараша болот. Ушуга байланыштуу, корпоративдик финансылык отчеттуулукту реформалоонун маанилүү багыттарынын бири болуп финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын колдонуу жана финансылык отчеттуулуктун аудитинин сапатын жөнгө салуу аркылуу корпоративдик финансылык отчеттуулукка карата ишенимди бекемдөө эсептелет.
Ошол эле учурда ишканалардын ээлеринин жана рыноктун керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмдүү болгон чакан жана орто ишканалардын финансылык отчеттуулугуна коюлуучу жөнөкөйлөтүлгөн талаптар - Кыргыз Республикасындагы ишканалардын ушул сегментинин өнүгүшүнүн жана өсүшүнүн олуттуу элементи болуп саналат.
2. Корпоративдик финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин өнүгүүсүнүн учурдагы абалы жана көйгөйлөрү
2.1. Кыргыз Республикасында финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жана аудиттин эл аралык стандарттары: котормонун жана жарыялоонун көйгөйлөрү
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн жана айкын таламдагы субъекттер үчүн финансылык отчеттуулукту түзүүнүн методологиялык негизи болуп көз каранды эмес эл аралык уюм - Лондон шаарындагы Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш (International Accounting Standards Board (IASB)) иштеп чыгуучу Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (мындан ары - ФОЭС) саналат.
Өз кезегинде, "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 470 "Кыргыз Республикасындагы аудиттин эл аралык стандарттары жөнүндө" токтомуна ылайык Нью-Йорк шаарындагы Бухгалтерлердин эл аралык федерациясынын эл аралык аудитордук практика боюнча комитети тарабынан басып чыгарылган Аудиттин эл аралык стандарттары (мындан ары - АЭС) кабыл алынган.
ФОЭС жана АЭС англис тилинде басылат. ФОЭСтин жана АЭСтин жогоруда аталган эл аралык уюмдар тарабынан жактырылууга, расмий кабыл алынууга жана жарыяланууга тийиш болгон орус тилиндеги котормолору бар. Мындан тышкары, ФОЭС жана АЭС мезгил-мезгили менен өзгөрүүгө учурап же жаңы стандарттар менен толукталып турат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченемдик укуктук актылар алардын тексттерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган басма сөзгө же электрондук басылмага басуу аркылуу мамлекеттик жана расмий тилдерде расмий жарыяланууга тийиш.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ФОЭСти жана АЭСти расмий түрдө кабыл алуунун жана жарыялоонун тартиби иштелип чыккан эмес.
Дүйнөлүк тажрыйбада, ошондой эле стандарттардын өздөрүнүн принциптерине ылайык чарбакер субъекттер ФОЭС менен шайкештикте финансы отчетун түзөт деп, ал эми аудитордук уюм АЭСке шайкеш, толук жана ушул мезгилде иштеп жаткан стандарттарды колдонуунун негизинде кызмат көрсөтөт деп эсептелинет.
Ошондуктан, ФОЭСти жана АЭСти сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары декларативдик мүнөзгө ээ болгондуктан, толук өлчөмдө ишке ашпай, ошондой эле жогоруда аталган стандарттардын акыркы редакцияларын өз учурунда жарыялоо жана которуу камсыздалбай жатат.
2.2. Кыргыз Республикасынын бардык чарбакер субъекттери үчүн ФОЭС боюнча финансылык отчеттуулуктун талаптарын белгилөө бөлүгүндө укуктук базанын жана милдеттүү аудитти жөнгө салуунун көйгөйлөрү
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айкын таламдары бар субъекттер ФОЭСти сактоо менен, башка компаниялар - Лондон шаарындагы ФОЭС боюнча комитеттин фондусу кабыл алган чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (мындан ары - ЧОИ үчүн ФОЭС) боюнча финансылык отчетту даярдоого милдеттүү.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш болгон чарбакер субъекттердин тизмеси аныкталган. Мындан тышкары, бул Мыйзамдын жоболоруна ылайык АЭСке ылайык аудитордук иштин жөнгө салынышына жана көзөмөлүнө финансылык отчеттуулуктун аудитинин бардык түрлөрү (милдеттүү жана милдеттүү эмес аудит, коштоочу кызмат көрсөтүүлөр) кирет.
ФОЭСке ылайык финансылык отчетторду даярдоо ишкананын финансылык отчеттуулугунун максаттарына, өлчөмүнө, ишкананын мындай финансылык отчетторду түзүү мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле мындай финансылык отчетторду аудиттен өткөрүүдөгү ашыкча талаптарга карабастан, чакан жана орто ишканаларга, айрыкча чакан компанияларга олуттуу финансылык оорчулукту келтирет.
Өз кезегинде, демилгелүү аудиттин кызматтарын көрсөтүүчү аудитордук уюмдарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатка ылайыксыз жана Кыргыз Республикасындагы, ошондой эле чет өлкөдөгү олуттуу ишкердик операциялардын жүзөгө ашырылышына жолтоо болот.
2.3. Корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу жагында институционалдык түзүмдүн абалы жана көйгөйлөрү
Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй корпоративдик финансылык отчеттуулуктун жогорку деңгээлин камсыздоо компанияларда милдеттүү аудит өткөрүү, аудиттик ишти контролдоонун так тутумун түзүү жана компаниялар тарабынан пруденциалдык көзөмөлдөө үчүн мамлекеттик органдарга финансылык отчеттуулукту берүү аркылуу жетишилет.
Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу боюнча институционалдык тутум Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын (мындан ары - Финкөзөмөл), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын, салык органдарын, бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик коомдук бирикмелерин камтыйт. Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик коомдук бирикмелеринде бухгалтер-практиктердин ыктыярдуу мүчөлүгү бар.
Финкөзөмөл каржылоонун деңгээлинин төмөндүгү; кошумча каражаттарды тартуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкерлерди жалдоо мүмкүнчүлүгүн чектеген мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысынын төмөндүгү; бухгалтердик эсепти жана аудитти, аудиттик ишти көзөмөлдөөнү өнүктүрүү маселелери менен алектенген бөлүмдөрдүн штаттык санынын төмөндүгү сыяктуу тоскоол болуучу факторлорго туш болуп жатат.
2.4. Кыргыз Республикасында бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик квалификациясынын абалы жана көйгөйлөрү
Учурда ФОЭС менен АЭСтин негизинде өткөрүлүүчү "Дипломдуу иштеп жаткан бухгалтер" (САР)/Дипломдуу иштеп жаткан эл аралык бухгалтер" (CIPA) деген курстар өздөрүнүн окуу программаларына Бишкек финансы-экономикалык академиясын, Борбордук Азиядагы Америка университетин интеграциялады. Окутуучулары ФОЭС жана АЭС боюнча атайын билимге ээ болгон айрым университеттерде САР/CIPA тастыктамаларын алуу үчүн экзамендерге даярданып жаткан студенттерди колдоочу факультативдик программалар сунушталууда. Ошентсе да, билим берүү мекемелеринин бардыгы эле өздөрүнүн окуу программаларын корпоративдик финансылык отчеттуулукту түзүүнүн учурдагы талаптарына ыңгайлаштыра алган жок. Бизнес-коомчулугу "Бухгалтердик иш, финансылык отчеттуулукту талдоо жана аудит" адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрдү кызматка жалдоо учурундагы алардын кесиптик даярдыгынын төмөндүгү менен байланышкан кыйынчылыктарды белгилөөдө.
ФОЭС жана АЭС боюнча орус тилиндеги китептер, окуу китептери жана маалыматтык материалдар жетишпейт; алардын кыргыз тилиндеги басылмалары жок.
"Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аудиторлор жыл сайын квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча окууга милдеттүү. Бирок аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурула элек.
2.5. Финансылык маалыматты айкындоонун көйгөйлөрү жана ФОЭС маселелери, алардын өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоо
Финансылык маалыматтардын коомчулукка жеткиликтүүлүгү өлкөнүн экономикасынын айкындуулугуна жана транспаренттүүлүгүнө көмөк көрсөтөт. Ошондой эле финансылык маалыматтар эл аралык рейтингдик компаниялар жана консалтинг компаниялары тарабынан да талап кылынат. Коомчулукка маалыматтарды берүүнүн жакшы ойлонулган жана ишке ашырылган программасы сапаттуу корпоративдик финансылык отчеттуулукка болгон суроо-талаптарды жогорулатат жана аудиттин сапатын жакшыртат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ар кандай чарбакер субъекттер үчүн салык жана башка мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдарга (мисалы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Финкөзөмөлгө жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна) финансылык отчеттуулукту берүүнүн зарылчылыгын, ошондой эле басма сөздө, электрондук форматта жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жолу менен финансылык маалыматтарды ачык-айкындоону белгилейт.
Бирок жогоруда белгиленген талаптар бирин-бири кайталагандыктан, ишкердик ишке ашыкча милдеттенмелер жүктөлүүдө.
3. Стратегиянын максаттары жана милдеттери
Корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана анын сапатын жогорулатуу боюнча ишенимди чыңдоого багытталган Кыргыз Республикасындагы корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу саясатын реформалоо жана жаңылоо бул Стратегиянын башкы максаты болуп саналат.
Стратегиялык максаттарга жетишүү төмөнкүдөй милдеттерди аткаруу аркылуу камсыздалат:
- укуктук базаны жаңылоо;
- институционалдык потенциалды чыңдоо;
- бухгалтерлердин жана аудиторлордун билимин жаңылоо;
- корпоративдик финансылык отчеттуулуктун коомдук реестрин түзүү;
- коомчулукка маалымат берүү.
4. Стратегиянын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу
4.1. Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоонун механизмдерин аныктоо жана иштеп чыгуу Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоо боюнча маселелерди чечүү максатында төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылууга тийиш:
1) ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий жарыялоого укук берген келишимге кол коюу үчүн ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти расмий иштеп чыккандар менен байланыш түзүү;
2) мамлекеттик тилге ЧОИ үчүн ФОЭСти которуу боюнча жана иштеп чыккандар белгилеген жол-жоболорду жүргүзүүгө расмий уруксат алуу;
3) ЧОИ үчүн ФОЭСти мамлекеттик тилге которуу жана аларды расмий жарыялоо.
4.2. ФОЭС боюнча финансылык отчеттуулукту даярдоого карата талаптарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында демилгелүү аудитти жөнгө салууну кайра карап чыгуу
ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС жана бухгалтердик эсептин улуттук стандарттары боюнча финансылык отчеттуулукту даярдоого коюлуучу мыйзамдык талаптар ишканаларды классификациялоонун чектик көрсөткүчтөрүнүн жана чен белгилеринин жаңы тутумуна негиздениши керек. Финансылык отчеттуулуктун талап кылынган комплектилерине жана милдеттүү аудиттин талаптарына киргизилүүчү түзөтүүлөр ишканалардын маанилүүлүгүн жана өлчөмүн чагылдыруу багытында ишке ашырылууга тийиш.
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар каралган:
1) ишканаларды классификациялоонун чектик көрсөткүчтөрүнүн жана чен белгилеринин жаңы тутумун иштеп чыгуу жана талкуулоо, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кызыкдар тараптар менен макулдашуу;
2) финансылык отчеттуулуктун милдеттүү аудитин жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салууга көңүл буруу максатында "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы долбоорун иштеп чыгуу;
3) аудиторлордун кесиптик жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча жана аны менен байланышкан минималдуу төлөмдөргө коюлуучу талаптарды иштел чыгуу;
4) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.3. Корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу жагында институционалдык потенциалды күчөтүү
Корпоративдик финансылык отчеттуулук үчүн тиешелүү институционалдык негизди өнүктүрүүнүн негизги стратегиясы төмөнкүлөрдү караштырат:
- кесиптик уюмдарга болгон көзөмөлдөө функцияларын кошуу менен Финкөзөмөлдүн негизги функцияларын сактап калуу;
- аудиттин сапатын контролдоо боюнча функцияларды өзүн жөнгө салуучу уюмдарга өкүлдөө боюнча ченемдик укуктук актынын долбоору иштелип чыксын.
Бухгалтерлердин жана аудиторлордун кесиптик уюмдары бухгалтердик эсеп жана аудитордук иш жөнүндө мыйзамдарда каралган жөнгө салуучулук функцияларына ээ болууга тийиш. Кесиптик уюмдар кесиптик тастыктамалоо программасын ишке ашыруулары жана аудиттин сапатын контролдоонун механизмдерин иштеп чыгуулары тийиш. Бул үчүн аудиторлор кесиптик уюмдарга милдеттүү мүчө болуп киргизилиши керек.
Финкөзөмөлдү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын жана салык органдарын кошуу менен мамлекеттик жөнгө салуучуларга жана көзөмөлдөөчү органдарга методологиялык жана техникалык жардамдар керек: финансылык отчеттуулуктун стандарттарын сактоону камсыздоо жана чарбакер субъекттердин милдеттүү аудиттен өтүшү боюнча мыкты жыйынтыктарга жетишүү; ишкердиктин чыгымдарын төмөндөтүү максатында финансылык отчеттуулукту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатындагы алардын иштерин координациялоочу механизмдерди түзүү үчүн.
Коюлган милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүдөй иш-чаралар каралган:
1) мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен өзүн жөнгө салуучу уюмдардын ортосунда жөнгө салуучулук функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн схемасын иштеп чыгуу, талкуулоо жана макулдашуу;
2) корпоративдик финансылык отчеттуулукту жөнгө салуучулардын иштерин координациялоонун механизмдерин иштеп чыгуу, талкуулоо жана макулдашуу;
3) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
4) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.4. Кыргыз Республикасында бухгалтерлерге жана аудиторлорго билим берүүнү жаңылоо
ФОЭСтин негизинде (САР/CIPA тастыктамалоосу) кесиптик тастыктамалоону айрым жогорку окуу жайлардын программаларына интеграциялоо боюнча демилге Кыргыз Республикасындагы бухгалтерлерге жана аудиторлорго билим берүүдөгү жетишилген ийгиликтердин бири болуп саналат. Башка жогорку окуу жайларга андан ары интеграциялоо үчүн окуу программаларын жаңылоо, окуу материалдарын жана китептерди сатып алуу жана окутуучуларды окутуу боюнча иш-чараларды каржылоодо өбөлгө катары жардам сунушталышы керек.
Буга байланыштуу төмөнкүдөй иш-чаралар каралган:
1) ФОЭСтин негизинде кесиптик тастыктамалоону башка жогорку окуу жайлардын программаларына интеграциялоо маселелери боюнча жолугушууларды, "тегерек столдорду" уюштуруу жана өткөрүү;
2) көндүмдөрдү калыптандыруу боюнча семинарларды уюштуруу жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары үчүн практикалык сабактарды өткөрүү, ФОЭСти жана АЭСти колдонуу үчүн керектүү көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн сабак өтүүнүн стандартташтырылган методдорун пайдалануу боюнча кеңештерди берүү;
3) Кыргыз Республикасынын жождорунун окуу стандарттарына билим берүүнүн эл аралык стандарттары киргизилсин.
4.5. Финансылык отчеттуулуктун коомдук реестрин түзүү жана коомчулукту маалымдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу
Коомчулуктун, айрыкча инвесторлордун, насыя берүүчүлөрдүн жана аманат салуучулардын финансылык маалыматка жетишин камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын бирин-бири кайталоочу функцияларын жоюу, ишкердиктин чыгымдарын кыскартуу максатында кагаз жүзүндө жана электрондук форматта Кыргыз Республикасынын компанияларынын финансылык отчеттуулугунун мамлекеттик (коомдук) реестри (мындан ары - реестр) түзүлүүсү боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл. Реестрдин коомго жеткиликтүүлүгү камсыздалышы керек.
Реестрди иштеп чыгуу төмөнкүдөй иш-чараларды карайт:
1) финансылык отчеттуулуктун башка өлкөлөрдө колдонулуп жаткан реестрлеринин тажрыйбаларын окуп-үйрөнүү жана талдоо;
2) Кыргыз фондулук биржасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, салык органдары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сыяктуу мекемелерге кошулууну камтыган реестр үчүн макулдашылган спецификациялоону иштеп чыгуу;
3) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
4) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 618 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бул Стратегиянын кабыл алынышына байланыштуу финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана финансылык отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында финансы жана бизнес чөйрөсүндө иштеген журналисттер менен айрым иштер жүргүзүлүшү керек; ФОЭСтин жана ЧОИ үчүн ФОЭСтин негизинде сапаттуу корпоративдик финансылык отчеттуулуктун артыкчылык маселелери боюнча, капиталдын наркын төмөндөтүү, инвестициялык ишенимди жогорулатуу жана өлкөнүн бүткүл экономикасын чыңдоо бөлүгүндө компаниялардын жетекчилери жана менеджерлери үчүн практикалык сабактарды жана семинарларды өткөрүү зарыл.
Ушул багытта төмөнкүдөй иш-чаралар ишке ашырылышы керек:
1) финансы жана бизнес маселелерин чагылдыруучу журналисттер үчүн аларды ФОЭСтин негиздерине жана принциптерине окутуу, аларга ФОЭСтин өзгөчөлүктөрүн жана артыкчылыктарын түшүндүрүү максатында семинарларды өткөрүү;
2) коммерциялык уюмдардын жетекчилеринин жана менеджерлеринин, соода палаталарынын мүчөлөрүнүн арасында ФОЭСтин негизинде сапаттуу финансылык отчеттуулуктун артыкчылыктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
5. Финансылык ресурстар жана булактар
Бул Стратегиянын ишке ашырылышын каржылоону эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен жүзөгө ашыруу пландалууда.
6. Киргизүүнүн жана мониторингдин механизмдери
Бул Стратегияны башкаруу, киргизүү жана мониторинг процесстерин консультанттардын жардамы менен Финкөзөмөлгө караштуу долбоор аркылуу ишке ашырылат.
Бул Стратегияны киргизүү процессинде финансылык каражаттардын пайдаланылышына жана алынган жыйынтыктарга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүшү керек.
Бул Стратегиянын конкреттүү чараларынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруудагы өсүштөрдү көзөмөлдөөнүн натыйжалуу куралы болуп калат жана төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- бул Стратегиянын артыкчылыктарын алдыга жылдыруу процессине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча озунган чечимдерди кабыл алууга;
- корпоративдик финансылык отчеттуулуктун жалпы өнүгүшүнө алардын тийгизген таасирин баалоого.
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 191 токтомуна 2-тиркеме |
2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлгөн натыйжалар/индикаторлор | Каржылоонун булактары |
1 | I. Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү | ПРАФОнун алкагында | ||||
Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти жарыялоого уруксат алуу | 1.1. Кыргыз Республикасында ФОЭСти, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭСти кабыл алуу жана жарыялоо жөнүндө макулдашууга кол коюу | 2018-ж. декабры | Мамфин-көзөмөл | Кыргыз Республикасында ФОЭС, ЧОИ жана АЭС үчүн ФОЭС стандарттарын пайдалануу боюнча автордун укуктук материалдарын калыбына келтирүүгө, басып чыгарууга жана таркатууга уруксат алынды | ||
1.2. ЧОИ үчүн ФОЭСти мамлекеттик тилге которуу боюнча иштеп чыккандар белгилеген жол-жоболорду жүргүзүү жана расмий уруксат алуу | 2020-ж. октябры |
| ЧОИ үчүн ФОЭС мамлекеттик тилге которулду | |||
2 | ФОЭС боюнча финансылык отчеттуулукту даярдоо боюнча талаптарды кайра кароо жана милдеттүү аудитти өткөрүү | 2.1. Ашыкча мамлекеттик жөнгө салууну төмөндөтүү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү милдеттүү аудиттин финансылык отчеттуулукту жөнгө салуу жана финансылык отчеттуулуктун милдеттүү аудитин камсыз кылуу максатында "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу | 2019-ж. декабры | Мамфин-көзөмөл | Жаңы редакциядагы "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды | ПРАФОнун алкагында |
3 | Коомго жеткиликтүү корпоративдик финансылык отчеттуулуктун коомдук реестрин түзүү боюнча механизмин иштеп чыгуу | 3.1. Кыргыз Республикасына жарактуу корпоративдик финансылык отчеттуулуктун коомдук реестринин моделин издөө жана иштеп чыгуу | 2020-ж. октябры | Мамфин-көзөмөл | Финансылык отчеттуулуктун реестрин түзүү үчүн мыйзамдардагы чектөөлөрдү баалоо жөнүндө отчет даярдалды | ПРАФОнун алкагында |
II. Бухгалтерлерге жана аүдиторлорго билим берүүнү жаңылоо | ||||||
4 | Билим берүүнүн эл аралык стандарттарга ылайык кадрларды даярдоо системасын модернизациялоо үчүн университеттерге жардам берүү | 4.1. Кыргыз Республикасынын окуу жайларында бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү адистерди даярдоочу программаны өркүндөтүү | 2020-ж. октябры | Мамфин-көзөмөл/Билим берүү жана илим министрлиги | Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын окуу программаларын бухгалтердик билим берүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык жаңылоо. Бухгалтердик билим берүүнүн эл аралык стандарттары жаатындагы билимдердин деңгээли жогорулатылды | ПРАФОнун алкагында |
5 | Финансы жана бизнес чөйрөсүндө адистешкен журналисттерди окутуу жана тажрыйба алмашуу жолу менен бизнес коомчулугу үчүн сапаттуу финансылык отчеттуулуктун артыкчылыгы жөнүндө маалымдоолорду жогорулатуу | 5.1. Экономикалык журналистика мектебин түзүү | 2020-ж. сентябры | Мамфин-көзөмөл | Финансы жана бизнес чөйрөсүндөгү журналисттердин тобу окутулду. Журналисттер үчүн окуу китеби иштелип чыкты. Материалдар ЖМКда жарыяланды | ПРАФОнун алкагында |
5.2. Ишенимдүү финансылык отчеттун оң таасири жөнүндө бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнүн маалымдуулугун жогорулатуу | Кызыкдар тараптардын (ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС) тиешелүү топторунун муктаждыктарын эске алуу менен тренерлерди даярдоонун модулу иштелип чыкты жана тренерлер үчүн тренинг өткөрүлдү. (ФОЭС, ЧОИ үчүн ФОЭС) Кызыкдар тараптардын тиешелүү топторунун муктаждыктарын эске алуу менен модулдар иштелип чыкты жана 12 семинар өткөрүлдү | |||||
Кыскартылган аталыштардын тизмеси:
ФОЭС | - | Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты; |
ЧОИ үчүн ФОЭС | - | кичи жана орто ишкердик субъекттер үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты; |
АЭС | - | Аудиттин эл аралык стандарты; |
ПРАФО | - | Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчеттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоор; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
Мамфинкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы; |
ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары. |