Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 635
Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө механизмин бекитүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 7-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 "Мамлекеттик зайымдык каражаттарды бөлүүнүн, эсепке алуунун жана кайтарууну камсыз кылуунун тартиби жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январындагы N 1 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |