Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | ||
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 635 токтомуна) |
Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө тартибин жөнгө салат.
2. Бюджеттик кредиттөөнүн максаты туруктуу экономикалык өсүш үчүн экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоого, инфратүзүмдү жана калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуучу коммуналдык системасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга каражаттарды берүү болуп саналат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
агент - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан чыгуучу бюджеттик кредиттерди башкарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мекеме;
бюджеттик кредитти администрациялоо - бюджеттик кредиттерди тариздөө, эсептөө, мониторинг жана кайтарылышын камсыз кылуу;
өнбөс карыз - өндүрүп алуу мүмкүн эмес деп таанылган кредитордун төлөнбөгөн талаптарынын суммасы;
бюджеттик кредиттөө - Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен регламенттелген бюджеттик кредиттерди берүү, колдонуу, администрациялоо жана кайтаруу боюнча иш;
бюджеттик кредит - бюджеттик каражаттарды алуучуларга кайтарып берүү, мөөнөттүүлүк жана акы төлөө шарттарында республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары;
карыздык милдеттенме - баалуу кагаздар, кредиттик макулдашуулар, кредиттик келишимдер, келишүүлөр жана башка милдеттенмелер боюнча кагаз жана/же электрондук түрдө белгилүү бир акча каражаттарын карызга алуунун же болбосо тиешелүү суммаларды же келишимде айтылган товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын ордун толугу менен же жарым-жартылай толтуруу милдеттенмеси менен товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу фактысын белгилөөчү милдеттенмелердин бардык түрлөрү;
карыз - берилген бюджеттик кредит боюнча белгиленген датага карай төлөнбөгөн калдыктын суммасы, анын ичинде карыздын негизги суммасы боюнча мөөнөтү өткөн, мөөнөтү келген жана мөөнөтү келүүчү төлөмдөр, эсептелген пайыздар жана финансылык санкциялар (бышмана);
зайымчы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык бюджеттик кредиттерди алган жана түзүлгөн кредиттик келишимдин шарттарына ылайык милдеттенме алган юридикалык жактар, айылдык товар өндүрүүчүлөр жана жеке ишкерлер;
арыз берүүчү - бюджеттик кредит алууга талапкер жак;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруучулук функцияларды аткарууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
бюджеттик кредиттерди башкаруу - бюджеттик кредиттөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик финансыны майнаптуу башкарууга багытталган иш;
кредитор - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
кредиттик агент - бюджеттик кредиттерди администрациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген финансы-кредиттик уюм;
кредиттик келишим - бюджеттик кредит берүү максатында түзүлүүчү жана аларды пайдалануу жана кайтаруу боюнча шарттарды камтыган, кредитордун жана зайымчынын укуктарын жана милдеттенмелерин аныктаган юридикалык документ;
мөөнөтү келүүчү төлөмдөр - кредиттик келишимде белгиленген, кредит боюнча аныкталган датага карата төлөө мөөнөтү келе элек төгүмдөрдүн суммасы;
мөөнөтү келген төлөмдөр - кредиттик келишимде коюлуп, кредит боюнча аныкталган датада кайтаруу мөөнөтү келген жана төлөө мөөнөтү өтө элек төгүмдөрдүн суммасы;
милдеттенмени аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо - милдеттенмени аткаруудан толук баш тартуу же милдеттенменин бир бөлүгүн гана, же келишимдин шарттарына же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык сапатта аткарбоо;
карыздын негизги суммасы - кредиттик келишимге ылайык колдонуу үчүн эсептелген пайыздарды, финансылык санкцияларды (бышманаларды) жана башка комиссиялык төлөмдөрдү эсепке албастан кредиттин алынган жана төлөнбөгөн суммасы;
тармактык мамлекеттик орган - экономиканын тийиштүү тармагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга компетенттүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
бюджеттик кредитти өздөштүрүү мезгили - алынган бюджеттик кредит боюнча анын берилген максатына ылайык иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зайымчы акча каражаттарын колдонгон мезгил убактысы;
мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөр - кредиттик келишимде белгиленген датага карата кредит боюнча төлөө мөөнөтү өтүп кеткен төгүмдөрдүн суммасы;
пайыздык ставка же колдонгондугу үчүн пайыз - кредиттин негизги суммасына карата пайыздык туюнтмада белгиленген мезгил убактысына эсептелип көрсөтүлгөн акы;
айылдык товар өндүрүүчүлөр - негизги ишинин түрү айыл чарба азыктарын өндүрүү (өстүрүү) болгон юридикалык же жеке жактар;
эсептен чыгаруу - зайымчыны кредиттик келишим боюнча алынган милдеттенмелери аткаруудан бир жолку бошотуу же кредитордун зайымчыга карата талап кылуу укугунун токтотулушу;
бюджеттик кредиттин мөөнөтү - зайымчы бюджеттик кредитти алган, колдонгон жана төлөгөн мезгил аралыгы;
товардык-материалдык ресурстар - чийки зат же эмгектин буюм-зат түрүндөгү продуктулары, анын ичинде жабдуу, айыл чарба жана өнөр жай техникалары, запастык тетиктер, күйүүчү-майлоочу материалдар, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана азыктары, минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, медициналык, ветеринардык жана дары-дармек каражаттары;
реструктуралаштыруу - бюджеттик кредиттин колдонуу жана төлөө шарттарын өзгөртүү;
финансылык санкциялар (бышмана) - милдеттенмени аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда кредиторго төлөөгө же берүүгө милдеттүү болгон мыйзамдарда же келишимде аныкталган акчалай суммасы же келишимде белгиленген башка баалуулуктар.
2. Бюджеттик кредиттөөнүн негизги жоболору
4. Бюджеттик кредиттер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана ушул Жобонун ченемдерине ылайык республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдарда аныкталган максаттарга берилет.
5. Бюджеттик кредиттер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн кредиттик келишимдин негизинде юридикалык жактарга, айылдык товар өндүрүүчүлөргө жана ишкерлерге экономиканын артыкчылыктуу тармактарын колдоого, инфратүзүмдү жана калктын жашоо тиричилигин камсыз кылуучу коммуналдык системаны өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн инновациялык системаны түзүүгө багытталган долбоорлорду (мындан ары - долбоорлор) ишке ашырууга берилет.
6. Бюджеттик кредиттер бюджеттик кредиттөөнүн принциптерине ылайык акча түрүндө, ошондой эле товардык-материалдык ресурстар түрүндө берилет.
7. Бюджеттик кредиттөөнүн принциптери:
- максаттуу багыты - республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдарда же кредиттик келишимде аныкталган максаттарга бюджеттик кредитти пайдаланууну караштырат;
- кайтарымдуулук - бюджеттик кредитти кредиттик келишимге ылайык төлөөнү милдеттендирүүнү караштырат;
- мөөнөттүүлүк - бюджеттик кредитти колдонуунун жана төлөөнүн мөөнөтүн аныктоону караштырат;
- акы төлөө - зайымчы тарабынан бюджеттик кредитти колдонгондугу үчүн пайыз төлөөнү караштырат;
- камсыз кылынгандык - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген ыкмалар менен милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо үчүн берилген активдердин жетиштүү болушун караштырат;
- жеңилдетилгендик - бюджеттик кредиттерди берүүнүн жеңилдетилген шарттарын, анын ичинде пайыздык ставканын өлчөмүн жана кредиттин негизги суммасын жана/же кредитти колдонгондугу үчүн пайыздарды төлөөдөн зайымчы бошотулган мезгилдин аралыгын караштырат.
8. Бюджеттик кредиттөөнүн негизги критерийлери:
1) бюджеттик кредиттөө аркылуу каржыланган долбоорлорду жүзөгө ашыруунун экономикалык жана социалдык натыйжалуулугу;
2) бюджеттик кредиттерди алуучулардын төлөөгө жөндөмү, анын ичинде:
- буга чейин берилген бюджеттик кредиттер боюнча зайымчынын төлөө мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген зайымчынын бюджетке болгон салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча мөөнөтү өткөн карызынын жоктугу;
- камсыздоону берүү мүмкүнчүлүгү.
9. Бюджеттик кредиттер төмөнкүлөргө берилбейт:
- юридикалык жактардын уставдык капиталдарына катышууга, зайымчынын банктагы жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги кредиттери боюнча карыздарын төлөөгө, зайымчылардын чарбалык ишиндеги чыгымдарды жабууга;
- Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарына ылайык белгиленген кирешенин булагы кайтарымдуулукка кепилдик берген учурлардан тышкары экономикалык пайда алып келбеген же чыгымдарын актоо бюджеттик кредитти администрациялоого талаптагыдай мүмкүнчүлүк бербеген долбоорлорду ишке ашырууну каржылоого.
10. Бюджеттик кредиттердин акыркы алуучулары айылдык товар өндүрүүчүлөр жана ишкердик иш менен алектенбеген жеке жактар болгон мамлекеттик программалар боюнча бюджеттик кредиттерди берүү, табигый кырсыктардын кесепетинде жабыр тарткан субъекттерди колдоо боюнча мамлекеттик программалардан тышкары кредиттик агенттер аркылуу ишке ашырылат.
3. Бюджеттик кредиттөөнүн субъекттери
11. Бюджеттик кредиттөөнүн субъекттери болуп кредитор, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, агент, кредиттик агент жана зайымчы эсептелет.
12. Бюджеттик кредиттерди берүү боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
13. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнү жана анын бюджеттик кредиттөө бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылат.
14. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атынан Агент бюджеттик кредиттөө боюнча операцияларды жүзөгө ашырат. Агенттин функциялары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо менен аныкталат.
15. Агент бюджеттик кредиттердин реестрин жүргүзөт жана аны кайтарып алууну камсыз кылат.
Бюджеттик кредиттердин реестрине төмөнкүдөй маалыматтар кирет:
- зайымчынын аталышы/аты-жөнү;
- долбоордун аталышы жана максаты;
- берилген бюджеттик кредиттердин суммасы, мунун ичинде алардын өздөштүрүлгөн суммалары жана өздөштүрүлбөгөн суммаларынын калдыктары;
- кредиттөөнүн шарттары;
- бюджеттик кредитти төлөө суммасы, мунун ичинде карыздын негизги суммасы, эсептелген пайыздар жана туумдар (финансылык санкциялар) боюнча төлөө суммасы;
- зайымчылардын карыздык абалы, анын ичинде бюджеттик кредит боюнча мөөнөтү келүүчү, мөөнөтү келген жана мөөнөтү өткөн төлөмдөр;
- бюджеттик кредиттердин камсыздалуу абалы;
- өнбөс карыздардын суммасы.
16. Кредиттик агентке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык ыйгарым укук берилген учурда экономиканын тиешелүү чөйрөсүндө бюджеттик кредиттерди администрациялоо боюнча жумушту жүргүзөт.
17. Зайымчы кредиттик келишимдин шарттарын аткарат.
4. Бюджеттик кредиттөө аркылуу каржылануучу долбоорлордун тизмесин түзүү
18. Мамлекеттик программаларды ишке ашырууга багытталган бюджеттик кредиттөө аркылуу каржылануучу долбоорду иштеп чыгуу, тармактык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Иштин конкреттүү түрүн мамлекеттик колдоого багытталган бюджеттик кредиттөө аркылуу каржылануучу долбоорлор арыз берүүчү тарабынан иштелип чыгат.
19. Долбоорлордо төмөнкүлөр камтылышы керек:
- долбоордун максаты жана милдеттери;
- долбоорду ишке ашырууну баяндап жазуу жана схемасы;
- долбоорду ишке ашыруунун этаптары жана мөөнөттөрү;
- долбоорду каржылоо булактарын баяндап жазуу;
- бюджеттик кредиттин муктаждыктарынын эсептери;
- долбоор ишке ашканда күтүлүүчү жыйынтыктар;
- долбоордун чыгымынын акталышынын мөөнөттөрү жана бюджеттик кредитти жабуу механизминин эсептери;
- долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктарынын майнаптуулугун баалоо үчүн индикаторлор;
- долбоордогу тобокелдиктерди жана коркунучтарды, ошондой эле аларды азайтуу боюнча чараларды баяндап жазуу;
- техника-экономикалык негиздеме.
20. Республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттөө үчүн тармактык мамлекеттик орган жана арыз берүүчүлөр тарабынан иштелип чыккан долбоорлор, курамы экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген долбоорлорду тандап алуу боюнча комиссиянын кароосуна киргизилет.
21. Республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттөө үчүн долбоорлорду тандап алуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) өзүнүн ишин ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттөө үчүн долбоорду тандап алуу боюнча комиссия жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
22. Комиссия долбоорлорду тандап алгандан кийин, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, бюджеттик кредиттөө аркылуу каржылануучу Долбоорлордун тизмесин түзүү жол-жобосун жүргүзөт (мындан ары - Түзүү жол-жобосу). Түзүү жол-жобосу төмөндөгү этаптардан турат:
1) киргизилген долбоордун реестрин түзүү;
2) долбоорду Кыргыз Республикасынын фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кеңешине (мындан ары - Өкмөттүн Кеңеши) макулдашууга киргизүү;
3) Өкмөттүн Кеңеши тарабынан макулдашылган долбоорлордун реестрин түзүү.
23. Түзүү жол-жобосунун бардык этаптары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
5. Бюджеттик кредиттөө боюнча тийиштүү жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүү жана аны аткаруу
24. Өкмөттүн Кеңеши ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган киргизген долбоорлорду карайт жана алар ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик кредиттөөнүн критерийлерине туура келсе, орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча көрсөткүчтөрдүн алкагында жактырат.
25. Долбоорлор бюджеттик кредиттөөнүн критерийлерине туура келбеген учурда, Өкмөттүн Кеңеши долбоорду кайра иштеп чыгууга кайтарат же долбоорду кабыл албай коёт
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик кредиттөөгө каралып жаткан каражаттарды эсепке алуу менен тийиштүү жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзөт. Бюджеттик кредиттерди берүүгө каражаттардын көлөмү жана алардын кайтаруу суммасы, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында каралган тартипте тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен аныкталат.
27. Көрсөтүлгөн максаттарга тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими кабыл алынат жана анда бюджеттик кредитти берүү, колдонуу, администрациялоо жана төлөө шарттары аныкталат, алар төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
- зайымчынын аталышы/аты-жөнү;
- кредиттик агенттин аталышы (бюджеттик кредит эгерде кредиттик агент аркылуу берилген учурда);
- бюджеттик кредиттин суммасы жана валютасы (товардык-материалдык ресурстардын акча эквивалентиндеги суммасы);
- бюджеттик кредиттин максаты;
- бюджеттик кредитти колдонуу, администрациялоо жана төлөө шарттары;
- бюджеттик кредитти камсыздоо боюнча талаптар.
28. Бюджеттик кредиттөө боюнча республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктары, Өкмөттүн Кеңеши тарабынан өз компетенциясынын чегинде тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн каралууга тийиш.
29. Бюджеттик кредиттөө боюнча республикалык бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктарынан болуп төмөндөгүлөр саналат:
- бюджеттик кредит берүү;
- бюджеттик кредиттерди кайтаруу;
- долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалары.
6. Бюджеттик кредитти берүү
30. Кредит алууга талапкер арыз берүүчүлөр, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык бюджеттик кредитти тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документтерди беришет.
31. Төлөө жөндөмүн аныктоо ушул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн методикага ылайык жүргүзүлөт.
32. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген материалдарды эки жумалык мөөнөттүн ичинде карап чыгат жана кароонун жыйынтыктары жөнүндө арыз берүүчүгө билдирет. Материалдар дал келбеген учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган милдеттүү түрдө аныкталган жетишпегендиктерди жоюу боюнча сунуштарды көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде жиберет.
33. Кароонун жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бюджеттик кредит бөлүү жөнүндөгү сунуштарды, каржылоо булактарын милдеттүү түрдө көрсөтүп киргизет, алар төмөндөгүлөрдү камтыйт:
- бюджеттик кредиттин суммасы;
- бюджеттик кредитти кайтаруунун мөөнөттөрүн;
- бюджеттик кредитти пайдалангандык үчүн пайыздык коюмдар;
- кредит боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына кошуп эсептелүүчү финансылык санкциялар (бышманалар) боюнча коюмдардын өлчөмү;
- бюджеттик кредиттин камсыздалуусун баяндап жазуу жана баалоо, ошондой эле бюджеттик кредиттин камсыздалуусунун жоктугу же жетишсиздиги тууралуу сунуштарды.
34. Кредиттик келишимдер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлөт. Кредиттик келишимдердин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик кредит берүү жөнүндөгү чечимине ылайык иштелип чыгат.
35. Кредиттик келишим ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
36. Кредиттик келишимге бюджеттик кредитти берүү жана колдонуу шарттары жана ыкмасы, төлөө графиги, бюджеттик кредит боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыздоонун ыкмалары жана өлчөмдөрү, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттарын аткарбагандыгы жана/же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги камтылат.
37. Пайыздык ставканын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан жогору эмес жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган пайыздык ставкадан төмөн эмес белгиленет.
38. Бюджеттик кредитти берүүнүн ыкмалары:
- зайымчынын төлөм документтерин төлөө;
- зайымчынын алыш-бериш эсебине бир убакта которуу же болбосо зайымчы тарабынан тийиштүү документтердин берилүүсүнө жараша которуунун графигине ылайык бөлүп которуу;
- товардык-материалдык ресурстарды берүү.
39. Зайымчынын алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу же зайымчыга товардык-материалдык ресурстарды жиберүү кредиттик келишим жана бюджеттик кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо жөнүндө келишим түзүлгөндөн жана катталгандан кийин жүзөгө ашырылат.
40. Зайымчыларга товардык-материалдардык ресурстарды берүү товардык коштомо кагаз менен жана өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы түрүндө, ал эми акча каражаттарын которууда - төлөм тапшырмасы түрүндө таризделет.
41. Бюджеттик кредиттик каражаттар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебинен которулган учурдан баштап, ал эми товардык-материалдык ресурстар түрүндө кредит бөлүнгөн учурда, товардык-материалдык ресурстар жөнөтүлгөн күндөн баштап, тиешелүү документтердин негизинде бюджеттик кредиттин мөөнөтү эсептелет. Кредиттик келишимдин шарттары менен каралган учурларда, бюджеттик кредиттин мөөнөтү кредиттик келишимдин шарттарына ылайык эсептелет.
7. Бюджеттик кредитти майнаптуу жана максаттуу пайдаланууну контролдоо
42. Бюджеттик кредиттөө жолу менен мамлекеттик инвестициялык саясаттын ишке ашырылуусунун майнаптуулугун контролдоо экономикалык божомолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Майнаптуулукту баалоо индикаторлору экономикалык божомолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
43. Агент жана/же кредиттик агент майнаптуулукту баалоо индикаторлоруна ылайык маалыматты экономикалык божомолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
44. Бюджеттик кредитти максаттуу пайдалануу агент же кредиттик агент тарабынан көзөмөлдөнөт.
45. Бюджеттик кредитти максаттуу пайдаланууну контролдоо отчётторду жана каражаттарды иш жүзүндө колдонгондугу жөнүндө документтерди текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдоонун татаалдыгына же тийиштүү тармак боюнча атайын билимдер талап кылынгандан улам контролду жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогон учурда, иш жүзүндө аткарылган иштерди текшерүү тийиштүү тармакта кесиптик тажрыйбасы бар эксперттердин жана адистердин катышуусу менен жүзөгө ашырылат.
46. Зайымчылар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, агенттин же кредиттик агенттин талабы боюнча финансы-экономикалык жана өндүрүштүк иш жөнүндө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётторду жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
47. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган мекемелерден сырткары, ар бир жылдын 1-январына карата бюджеттик кредиттер боюнча карызы он миң эсептик көрсөткүчтөн ашкан юридикалык жак болуп эсептелген зайымчылар, тийиштүү жылдын 1-июлуна чейин, финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө аудитордук корутундуну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же агентке берүүгө милдеттүү.
48. Белгиленген мөөнөттөрдө аудитордук корутундуну бербөө, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте карыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөтүү жол-жобосун демилгелөөгө алып келет.
8. Милдеттенмелерди аткаруу
49. Кредиттик келишимдин шарттарын аткаруу боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле алынган бюджеттик кредитти максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча жоопкерчиликти зайымчы тартат.
50. Милдеттенмелер кредиттик келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, тиешелүү түрдө жана белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш.
51. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде каралган учурлардан тышкары, милдеттенмени аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
52. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде каралгандан башка учурларда, кредиттик келишимдин шарттарын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт.
53. Бюджеттик кредиттер боюнча карызды кайтаруу зайымчылар тарабынан кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон мөөнөттүү милдеттенмелерге (кайтаруу графигине) ылайык жүргүзүлөт.
54. Эгерде кредиттик келишимдин шарттарында башкача каралбаса, зайымчы милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
55. Акчалай каражаттарды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө, акчалай каражаттар зайымчынын эсебине которулган күндөн баштап, ал эми кредиттер товардык ресурс түрүндө бөлүнсө - эгер кредиттик келишимде башкача айтылбаса, алар зайымчыга өткөрүп берилген күндөн баштап жүргүзүлөт.
56. Бюджеттик кредиттерди пайдалангандыгы үчүн пайыздарды эсептеп чыгарууда, базалык мезгилдин негизи катары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминде же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарында башкача каралбаса, ар бир айдагы күндөрдүн иш жүзүндөгү саны менен 365 күнгө барабар болгон календардык жылдын узактыгы кабыл алынат.
57. Кайтаруу мөөнөтү келип жеткен күнгө карата кайтарылбаган төлөмдөр, ошол күндөн кийинки күндөн баштап төлөө мөөнөтү өткөн төлөмдөр деп эсептелет.
58. Эсептелген пайыздардын жана финансылык санкциялардын (бышманалардын) суммасы, зайымчыга жиберилген карызды салыштырып текшерүү актыларында, кабарламаларда, доо-талаптарда жана башка финансылык документтерде көрсөтүлөт.
59. Бюджеттик кредиттерди акча каражаттары менен кайтаруу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген тартипте, казыналык система аркылуу өткөрүлгөн төлөм документинин негизинде эсепке алынат.
9. Милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун ыкмалары
60. Зайымчынын милдеттенмелерин аткаруу үстөк айып, күрөө, мүлктү кармоо, кепилдик, шерт пул жана башка Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен камсыз кылынат.
61. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) кошуп эсептөөнүн шарттары кредиттик келишимдин шарттарында көрсөтүлөт.
62. Күрөө келишимин тариздөө, ушул Жобонун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн, аныкталган форма боюнча жүргүзүлөт.
63. Кепилчилик келишимин тариздөө, ушул Жобонун 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча жүргүзүлөт.
64. Кепилдик келишимин тариздөө, ушул Жобонун 7-тиркемесиндеги формага ылайык жүргүзүлөт.
65. Күрөө мүлкүнүн наркын баалоону мүлктүн ушундай түрлөрүнүн базардагы наркы боюнча, кредит алууга өтүнмө түзүлгөн күнгө карай физикалык жана моралдык эскиришин эске алып, суроо-талаптын жана тобокелдиктин төмөндөтүүчү коэффициентин колдонуу менен агент ишке ашырат.
Суроо-талаптын жана тобокелдиктин коэффициенттеринин чоңдук чектери ушул Жобонун 8-тиркемесине ылайык аныкталат.
66. Күрөө мүлкүнүн реалдуу базар наркын баалоо, экспертиза жүргүзүү укугуна уруксаты бар эксперттерди тартуу менен жүргүзүлөт.
67. Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун бир нече ыкмаларын караштырган келишимдерди тариздөөгө жол берилет.
68. Милдеттүү камсыздоо боюнча ушул Жобонун талаптары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, менчик укугунда турган бүткүл активин мурда күрөөлүк камсыздоого берген юридикалык жактарга (ишкананын мүлк комплекси катары күрөө), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда колдонулбайт. Ошону менен бирге юридикалык жактардын активдеринин наркы мурда алынган кредиттин суммасын жана бюджеттик кредит алуу үчүн өтүнмөдө көрсөтүлгөн сумманы жабуусу керек.
69. Бюджеттик кредит кредиттик агент аркылуу берилген учурларда, милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу кредиттик агент аныктаган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
10. Бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзүү
70. Бюджеттик кредиттерге мониторинг жүргүзүүнүн максаты зайымчылар тарабынан кредиттик келишимдердин шарттарын сактоо, бюджеттик кредиттерди максаттуу пайдалануу жана бюджеттик кредиттерди кайтарып берүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
71. Агент же кредиттик агенттер жылына бир жолудан кем эмес бюджеттик кредиттердин мониторингин жүргүзүшөт.
72. Мониторинг төмөнкүдөй жол менен жүргүзүлөт:
- кредитти (негизги сумманы жана пайдаланууга пайыздарды) өз убагында тындырууну көзөмөлдөө;
- кредиттин камсыздоосу бар экендиги жөнүндө фактыны белгилөө жана анын абалын текшерүү;
- зайымчынын финансылык абалын көзөмөлдөө;
- кредиттер боюнча көзөмөлдөгү карыздардын сапатын жана көлөмүнүн түзүмүн талдоо;
- көйгөйлүү зайымчыларды аныктоо жана аларды чечүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу.
Бюджеттик кредиттердин мониторингинин жыйынтыктары боюнча көйгөйлүү зайымчылар аныкталган учурда, агент бекитилген нускамага ылайык тиешелүү иштерди жүргүзөт.
73. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же агент зайымчынын финансылык-чарбалык иши жөнүндө, анын ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды суратууга жана алууга ыйгарым укуктуу:
- зайымчынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банктардан, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан алардын филиалдарынан жана өкүлчүлүктөрүнөн зайымчынын эсептери жөнүндө;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча;
- зайымчынын макулдугу менен финансылык-кредиттик уюмдардан жана кредиттик бюролордон зайымчынын кредиттик милдеттенмелери бар экендиги жөнүндө;
- менчигинин түрүнө карабастан бюджеттик кредитти пайдалануу мезгилинде зайымчы менен бүтүм түзгөн коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө.
11. Бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо
74. Кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана көлөмдөрдө милдеттенмелерди аткаруунун мүмкүндүгүн жокко чыгарган финансылык кыйынчылыктар түзүлгөндө же ал жеткис күчтүн (форс-мажор) таасири болгондо бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Бул учурда зайымчы тарабынан көрүлгөн чаралар, анын ишин стабилдештирүүгө жана кредиттик келишим боюнча алынган милдеттенмелерди андан ары аткарууну активдештирүүгө багытталууга тийиш.
75. Бюджеттик кредитти реструктуризациялоо боюнча сунуштарды кароо үчүн зайымчы же тармактык мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карыздарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү жөнүндө сунушту жана мындай өзгөртүүнүн зарылдыгын негиздеген материалдарды киргизет.
76. Бюджеттик кредиттер боюнча карызды реструктуризациялоо жөнүндө сунушка төмөнкүлөр тиркелет:
- мөөнөтүн болжолдуу пролонгациялоонун бүтүндөй мезгилине карата бюджеттик кредиттер боюнча зайымчынын жылдык күтүлгөн финансылык көрсөткүчтөрүн чагылдырган бизнес-план;
- тиешелүү формаларды тиркөө менен акыркы 3 жыл ичиндеги финансылык отчёттор;
- милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо жөнүндө сунуштар.
Күрөө менен камсыздоо жетишсиз болгон учурда же мурда бюджеттик кредиттер күрөөсүз негизде берилген болсо, күрөө менен камсыздоо жөнүндө сунуш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча берилет.
77. Бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо боюнча берилген материалдарды кароонун жыйынтыгында негиздер болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду даярдайт.
78. Киргизилген сунуш ушул Жобонун талаптарына ылайык келбеген учурда, ошондой эле зайымчынын финансылык-экономикалык абалы канааттандыраарлык болбосо жана анын өнүгүүсүнүн келечеги жок болсо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган терс корутунду (баш тартуу) даярдайт.
79. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорунда бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде төмөнкүлөр каралат:
- карызды жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүү;
- кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставканы өзгөртүү;
- жеңилдетилген мезгилди берүү;
- аткаруу мөөнөттөрүн узартуу жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка негиздүү сунуштарды берүү.
80. Бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоодо, кредиттерди кайтаруунун чектелген мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
- карыздын калдыгы 1,0 млн. сомго чейин болсо - 5 жылдан ашык эмес;
- карыздын калдыгы 1,0 млн. сомдон 10,0 млн. сомго чейин болсо - 10 жылдан ашык эмес;
- карыздын калдыгы 10,0 млн. сомдон 20,0 млн. сомго чейин болсо - 15 жылдан ашык эмес;
- карыздын калдыгы 20,0 млн. сомдон 50,0 млн. сомго чейин болсо - 20 жылдан ашык эмес;
- карыздын калдыгы 50,0 млн. сом жана андан жогору болсо - 25 жылдан ашык эмес.
81. Эгерде зайымчыга көз каранды болбогон себептерден улам, жумуш шарттары өзгөрүлсө (өлкөдөгү экономикалык кырдаалдын начарлашы, форс-мажор), бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка төмөндөө жагына өзгөрүлөт. Мында пайдалангандыгы үчүн чегерилген сумманын кредиттик келишим боюнча негизги карыздын суммасына дал келбеген кырдаалы түзүлдү.
82. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставкалардын өлчөмүн төмөндөтүү боюнча кредиттик келишимдин шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө анын өлчөмү жылдык 2,5 пайыздан кем болбоого тийиш.
83. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик кредиттер боюнча бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн башка пайыздык ставкаларды колдонууга жол берилет. Ошону менен бирге рекредиттелген кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын өлчөмү Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларда белгиленген пайыздык ставкалардан кем болбошу керек.
84. Төлөмдөрдүн мезгилдүүлүгүн өзгөртүүнү караштырган карызды тындыруунун графигин өзгөртүү зайымчынын ишиндеги сезондуулукту, сатуу рыногунун, чийки заттарды, комплекттөөчүлөрдү жеткирүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана башка факторлорду эске алуу менен жүргүзүлөт.
85. Форс-мажордук шарттар түзүлгөндүгүнө байланыштуу, кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды кароо мамлекеттик органдардын мындай шарттардын түзүлгөндүгүн ырастоочу актыларынын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же тиешелүү райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары берген өтүнмөнүн жана негиздеме-маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт.
86. Кредиттик келишимдин өзгөрүлгөн шарттарын агент же кредиттик агент колдонуудагы кредиттик келишимдерге кошумча макулдашуулар түрүндө тариздейт.
12. Милдеттенмедеги жактарды алмаштыруу
87. Кредиттик келишимдин негизинде кредиторго таандык болгон талап кылуу укугу кредитор тарабынан өткөрүп берүү жөнүндө бүтүм боюнча башка жакка өткөрүлүп берилүүгө же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын негизинде башка адамга өтүшү мүмкүн.
88. Эгерде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же кредиттик келишимде башка белгиленбесе, кредитордун укуктарынын башка жакка өтүшү үчүн зайымчынын макулдугу талап кылынбайт.
89. Карызды башка жакка өткөрүүгө кредитордун же кредитордун атынан талап кылуу укугу берилген органдын макулдугу менен гана жол берилет, ал кайрадан түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарында эске алынат.
90. Зайымчынын карызын анын укук мурастоочусуна кайра тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жак кайра түзүлгөндө (кошулганда, бириккенде, бөлүнгөндө, бөлүп чыгарылганда, кайта уюшулганда ж.б.) жүргүзүлөт.
91. Юридикалык жакты кайра түзүүдө анын карызы бөлүштүрүү балансына жана өткөрүү актысына ылайык кайра таризделет. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминде башка каралбаса, жаңы юридикалык жак менен келишимдик мамиле милдеттенменин аткарылышын милдеттүү түрдө камсыздоо аркылуу (күрөө коюу же башка ыкма менен) кайра түзүлүүчү юридикалык жак менен болгон кредиттик келишимде аныкталган шарттарда таризделет.
92. Жаңы жак үчүн кредит берүүнүн шарттарын өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде гана жол берилет.
93. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенменин аткарылышынын ишенимдүүлүгү жогорулаган учурда зайымчынын карызы башка жакка өткөрүлүп берилет. Финансылык абалы ушул пункттун талаптарына жооп бербеген жакка карызды өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
94. Ушул Жобого ылайык зайымчы өзүнүн карызын башка жакка өткөргөн учурда кредиттик келишим боюнча зайымчынын милдеттенмеси өткөрүлгөн карыздын суммасына тең суммада аткарылат.
13. Бюджеттик кредиттөө боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик
95. Мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдүн суммасына финансылык санкциялар (бышманалар) алар түзүлгөн күндөн тартып чегериле баштайт.
96. Финансылык санкциялар (бышманалар) бюджеттик кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздын эки эсе өлчөмүндө белгиленет.
97. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) чегерүү төмөнкү учурларда токтото турулат:
- жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу менен ырасталган, ал жеткис жана күтүлбөгөн күчтөрдүн, анын ичинде эпидемиянын, өрттүн, жарылуунун, авариянын, суу ташкынынын, кургакчылыктын, жер титирөөнүн, табигый-климаттык жана техногендик кыйроолордун аракеттеринин натыйжасында милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылышына таасир этүүчү өзгөчө жана алдын алууга болбогон жагдайлардын пайда болуу факты (форс-мажор) - форс-мажор жагдайы түзүлгөн күндөн тартып анын кесепеттерин жоюуга зарыл болгон мезгил ичинде, бирок ал 1 жылдан ашык эмес;
- жеке жак каза болгондо - зайымчы каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып анын мураскери (укук мураскору) аныкталганга чейин.
98. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) чегерүү төмөнкү учурларда токтотулат:
- бюджеттик кредит боюнча соттук актыда көрсөтүлгөн суммадагы төлөө мөөнөтү өтүп кеткен карызды өндүрүү жөнүндө соттук актынын мыйзамдуу күчүнө кирген күнүнөн тартып;
- чегерилген финансылык санкциялардын (бышманалардын) суммасы кредиттик келишим боюнча карыздын негизги суммасынан 20%дан ашкан учурда;
- юридикалык жак жоюлган учурда.
99. Финансылык санкцияларды (бышманаларды) чегерүүнү токтотуу же токтото туруу зайымчыны кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруудан бошотпойт.
100. Бюджеттик кредиттөөнүн шарттары бузулган учурда агент же кредиттик агент бюджеттик кредит боюнча карызды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу.
101. Карызды мөөнөтүнөн мурда өндүрүп алуу жол-жобосу төмөнкүдөй учурларда демилгеленет:
- эгерде кредиттик келишимде бюджеттик кредитти бөлүп тындыруу каралса, зайымчы бюджеттик кредиттин кезектеги бөлүгүн кайтаруу үчүн 180 күндөн ашык белгиленген мөөнөттү бузган учурда;
- күрөө берүүчү тарабынан камсыз кылуучу келишимдин шарттары сакталбаган жана күрөө предметин тескөө жөнүндө эрежелер бузулган учурда;
- зайымчы тарабынан бюджеттик кредиттин максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук жаратылганда же чектөө аракети жасалганда;
- кредиттин иш жүзүндө пайдаланылышы жөнүндө отчётторду жана баштапкы документтерди текшерүүдө бюджеттик кредитти максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда.
102. Эгерде кабарлаган учурдан тартып 180 күн өткөндөн кийин зайымчы карыздарын жоюу боюнча чараларды көрбөсө, кредиттик агент бюджеттик кредит боюнча карызды мөөнөтүнөн мурда өндүрүүгө киришет.
103. Карызды мөөнөтүнөн мурда өндүрүү жол-жобосун демилгелөөдө бюджеттик кредитти кайтаруу мөөнөттөрү кредиттик келишимдин шарттарына карабастан демилгелеген күнү токтоосуз башталат.
14. Бюджеттик кредитти соттук жана соттон тышкары тартипте кайтаруунун өзгөчөлүктөрү
104. Зайымчы бюджеттик кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө кредитордун талаптарын аткарбаган учурда, агент же кредиттик агент тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Жобонун талаптарына ылайык карызды соттук тартипте мажбурлап өндүрүү чаралары көрүлөт.
105. Карызкорлор менен бюджеттик кредиттер боюнча сот актысын ыктыярдуу аткаруу жөнүндө макулдашуу түзүүгө уруксат берилет.
106. Сот актысын ыктыярдуу аткаруу агент же кредиттик агент менен зайымчынын же субсидиардык жоопкерчилик тартуучу адамдын ортосунда кол коюлган макулдашуу менен бекитилүүгө тийиш. Сот актыларынын кепилденген аткарылышын мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонбой, бир кыйла үнөмдүү ыкма менен камсыздоо макулдашуу түзүүнүн максаты болуп саналат.
107. Сот актысын ыктыярдуу аткаруу жөнүндө макулдашууну түзүү зайымчыны Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтен бошотпойт.
108. Агент же кредиттик агент жарашуу макулдашуусун түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот аркылуу бекитүүгө укуктуу.
109. Жарашуу макулдашуусунун милдеттенмелерин аткаруунун тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү зайымчынын мурда алган милдеттенмелеринин шарттарына салыштырмалуу жеңилдетилбеген болууга тийиш.
110. Эгерде ушул Жобонун 104-пунктунда каралган аракеттер жетишсиз болсо жана милдеттенмелердин аткарылбай калышы сакталуу бойдон калса, агент же кредиттик агент Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттин алдында милдеттенмеси бар зайымчыга банкроттук жол-жобосун демилгелейт. Бул учурда агент же кредиттик агент зайымчыга банкроттук жол-жобосун демилгелөө ниети жөнүндө кабарлоого тийиш. Билдирүүдө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгы көрсөтүлөт жана билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде бул зайымчы милдеттенмелерди аткарбаган учурда банкроттук жол-жоболорду белгилөө үчүн агенттин сотко кайрылары жөнүндө эскертүүсү камтылууга тийиш.
111. Зайымчынын банкроттугунда кредитордун талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
112. Күрөөнү соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу күрөө жөнүндө келишимдин негизинде же кредиттик келишимдин шарттары бузулган учурларда күрөөнү соттон тышкаркы тартипте ээликтен ажыратуу шарттарын камтыган макулдашуунун негизинде жүргүзүлөт.
113. Күрөөнү соттон тышкаркы тартипте өндүрүп алуу жол-жобосун демилгелөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана күрөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15. Бюджеттик кредитти мүлк менен тындыруунун өзгөчөлүктөрү
114. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, зайымчыны жоюу же анын банкроттугу (кудуретсиздиги) боюнча аткаруу өндүрүшүнүн процесстеринде агент же кредиттик агент карызкордун (күрөө берүүчүнүн) мүлкүн, анын ичинде жалпы элдик торукта сатылбай калган мүлкүн жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте, ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн, күрөө жана банкроттук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнө калтырууга укуктуу. Мында, мүлк акыркы торукта (аукциондо, конкурста) аныкталган нарк боюнча кабыл алынат.
115. Агент же кредиттик агент зайымчынын, күрөө берүүчүнүн же үчүнчү жактын мүлкүн бюджеттик кредит боюнча карызды тындыруунун эсебине кабыл алууга укуктуу. Мында мүлк ушул Жобонун 65-пунктуна ылайык жүргүзүлгөн баалоо боюнча кабыл алынат.
116. Ушул Жобонун 114 жана 115-пункттарында көрсөтүлгөн мүлктү кабыл алууда зайымчынын кредиттик келишим боюнча милдеттенмеси кабыл алуу учурундагы мүлктүн наркынын суммасына аткарылат, ага ылайык агенттин же кредиттик агенттин талаптары кабыл алынган мүлктүн суммасына жараша канааттандырылат.
117. Кредитордук талаптарды канааттандыруу жана бюджеттик кредит боюнча зайымчынын милдеттенмелерин аткаруу учурлары болуп: кыймылсыз мүлк боюнча - менчик укугун мамлекеттик каттоо күнү, кыймылдуу мүлккө карата - каттоо органдарында кыймылдуу мүлктү каттоо күнү жана өткөрүп берүү/өткөрүп алуу актысы түзүлгөн күн саналат.
118. Агент же кредиттик агент мүлктү кредитордук талаптарды канааттандыруу максатында кабыл алган учурларда, мындай мүлк Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ээликтен ажыратылууга тийиш.
119. Бюджеттик кредитти тындыруунун эсебине кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктү ажыратуунун натыйжасында түшкөн акча каражаттары (мындан ары - түшкөн каражаттар) бюджеттик кредитти тындырууга багытталат.
120. Мүлк агент же кредиттик агент тарабынан мүлктү кабыл алуу учурундагы наркынан жогору наркта ээликтен ажыратылган учурда, түшкөн каражаттардын айырмасы ушул Жобонун 128-пунктунда каралган чыгымдардын ордун толтурууга сарпталат.
Ушул Жобонун 128-пунктунда каралган чыгымдардын ордун толтуруудан кийинки калган каражаттардын калдыгы республикалык бюджеттин кирешесине киргизилүүгө тийиш.
121. Эгерде кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктүн кабыл алуу учурундагы наркы бюджеттик кредиттер боюнча талаптардын өлчөмүнөн жогору болсо, кредитордук талаптарды канааттандыруу учурунда пайда болгон айырма мүлктүн ээликтен ажыратылган жана акча каражаттарынын республикалык бюджетке түшкөн күнүнөн тартып 30 күн ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мүлктүн менчик ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш. Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлк мамлекеттик менчикке айландырылган учурда, төлөнүп берилүүчү айырма тийиштүү жылга республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүндө эске алынышы керек.
Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлк мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратылган учурда, кредитордук талаптарды канааттандыруу убагында пайда болгон нарктагы айырма мүлктүн менчик ээсине ажыратуу мөөнөтүнүн ичинде акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша төлөнүп берилет.
122. Ушул Жобонун 121-пунктунда көрсөтүлгөн нарктагы айырма агенттин же кредиттик агенттин ушул Жобонун 126-пунктунда каралган чыгымдарын эсептен чыгаруу менен, мүлктүн менчик ээсине бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн милдеттенмелери жок болгон шартта төлөнүп берилет.
123. Мүлктү кабыл алган күндөн тартып 120 күндүн ичинде аны ээликтен ажыратууга мүмкүн болбогон учурда, кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлк мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратылат. Мында мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө кулактандыруу аталган мөөнөттүн ичинде кеминде үч жолу республикалык маанидеги гезиттерде жана кеминде үч жолу жергиликтүү маанидеги гезиттерде милдеттүү түрдө жарыяланышы керек.
124. Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктү мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратууда мөөнөтүн узартып ээликтен ажыратуунун шарттарын көрсөтүп, республикалык жана жергиликтүү маанидеги гезиттерде мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат.
125. Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктү мөөнөтүн узартып төлөө менен ээликтен ажыратууда ээликтен ажыратуунун чектелген мөөнөттөрү белгиленет:
- наркы 1,0 млн. сомго чейин болгондо - 3 жылдан ашык эмес;
- наркы 1,0 млн. сомдон 5,0 млн. сомго чейин болгондо - 5 жылдан ашык эмес;
- наркы 5,0 млн. сомдон жана андан жогору болгондо - 10 жылдан ашык эмес.
126. Банкроттук процессинде ачык тооруктарда сатылбай калган карызкордун (күрөө берүүчүнүн) мүлкүн кабыл алууда агент же кредиттик агент кабыл алынган мүлктү түшкөн арыз боюнча мөөнөтүн узартып төлөө менен сатып өткөрөт.
127. Мүлктү ээликтен ажыратууга же мамлекеттик менчикке айландырууга чейинки чыгымдар агенттин же кредиттик агенттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.
128. Төмөнкүлөр мүлккө сарпталган чыгымдар болуп саналат:
- мүлктү баалоого чыгымдар;
- мүлккө менчик укугун каттоого чыгымдар;
- укук ырастоочу документтерди тариздөөгө чыгымдар;
- салыктарга чыгымдар;
- мүлктү демонтаждоого жана ордунан көчүрүү боюнча чыгымдар;
- мүлктү кайтарууга жана сактыгын камсыздоого чыгымдар;
- торуктарды жана аукциондорду уюштурууга жана өткөрүүгө чыгымдар;
- мүлктү оңдоого, анын ичинде сырдоого, калибрлөөгө, калыбына келтирүүгө, бузук жерлерин оңдоого чыгымдар.
129. Кабыл алынган (өндүрүлгөн) мүлктү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттүн ичинде ээликтен ажыратууга мүмкүн болбогон учурда, мындай мүлк Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык мамлекеттик менчикке өткөрүлүүгө тийиш.
16. Кайтарымсыз карыздарды таануунун өзгөчөлүктөрү
130. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздар өндүрүп алууга кайтарымсыз деп таанылат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү учурларда эсептен чыгарылууга тийиш:
- юридикалык жак мүлкүнүн жоктугу же жетишсиздиги боюнча жоюлганда;
- юридикалык жак, жеке ишкер банкроттук процесси боюнча жоюлганда;
- соттун чечими же бюджеттик кредитти төлөө милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу милдеттенмелер токтотулганда;
- укук мураскору же мураскери болбогон жеке жак каза болгондо;
- жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо жана ал каза болгон, дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
- биргелешкен же субсидиардык жоопкерчилиги бар адамдардын кредитордун талаптарын канааттандыруу үчүн күрөө жана башка мүлкү жетишсиз болгондо жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жеке жакка карата соттун айыптоо өкүмүнүн күчүнө кириши.
131. Юридикалык жак мүлкүнүн жоктугу же жетишсиздигинен жоюлган учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө кайтарымсыз деп таанылат:
- жоюу балансынын көчүрмөсү;
- юридикалык жактардын реестринен чыгарып салуу жөнүндө ыйгарым укуктуу каттоо органынын чечиминин көчүрмөсү.
Кредитордун талап кылуу укуктарын токтотуу аркылуу аталган карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
132. Юридикалык жак, жеке ишкер банкроттук процессинде жоюлган учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө кайтарымсыз деп таанылат:
- тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жакты, жеке ишкерди банкрот деп таануу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- юридикалык жакты банкрот деп жарыялоо жана соттон тышкаркы тартипте атайын администрациялоону жүргүзүү жөнүндө кредиторлордун чогулушунун чечиминин көчүрмөсү;
- администратордун корутунду отчётунун көчүрмөсү;
- тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн администратордун корутунду отчётун бекитүү тууралуу соттун чечиминин көчүрмөсү;
- мамлекеттик реестрден чыгарып салуу жөнүндө ыйгарым укуктуу каттоо органынын чечиминин көчүрмөсү.
Кредитордун талап кылуу укуктарын токтотуу аркылуу аталган карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жана банкроттук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
133. Соттун чечими же бюджеттик кредитти төлөө милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу милдеттенмелер токтотулган учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө кайтарымсыз деп таанылат:
- тиешелүү соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн милдеттенмелердин токтотулгандыгы же бюджеттик кредитти төлөө милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндүгү жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- жарандык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карыз фактысын аныктоо же карызды өндүрүү боюнча зайымчыга карата колдонулган чараларды камсыздоону чагылдырган агенттин же кредиттик агенттин маалымкаты.
Кредитордун талап кылуу укуктарын токтотуу аркылуу аталган карыздарды эсептен чыгаруу соттун чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
134. Укук мураскору же мураскери болбогон жеке жак каза болгон учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө кайтарымсыз деп таанылат:
- жеке жактын каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- анын укук мураскору же мураскери болбогондугу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
- анын укук мураскору же мураскеринин жоктугу же мүлктү мурастоодон баш тарткандыгы жөнүндө мамлекеттик нотариалдык конторанын маалымкаты.
Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан зайымчыны бир жолку бошотуу аркылуу аталган карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
135. Жеке жактын мүлкү жок же жетишсиз болгондо жана ал каза болгон, дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө кайтарымсыз деп таанылат:
- жеке жакты каза болгон, дайынсыз жоголгон же аракетке жөндөмсүз деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- анын укук мураскору же мураскери болбогондугу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
- анын укук мураскору же мураскеринин жоктугу же мүлктү мурастоодон баш тарткандыгы жөнүндө мамлекеттик нотариалдык конторанын маалымкаты.
Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан зайымчыны бир жолку бошотуу аркылуу аталган карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
136. Субсидиардык жоопкерчилиги бар адамдардын кредитордун талаптарын канааттандыруу үчүн күрөө жана башка мүлкү жетишсиз болгондо жазык сот өндүрүшү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жеке жакка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда бюджеттик кредиттер боюнча карыздар төмөнкү документтердин негизинде өндүрүүгө кайтарымсыз деп таанылат:
- жеке жакка карата соттун өкүмүнүн көчүрмөсү;
- анын укук мураскорунун (мураскери) жоктугу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкаты;
- анын укук мураскорунун (мураскери) жоктугу жөнүндө мамлекеттик нотариалдык конторанын маалымкаты.
Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан зайымчыны бир жолку бошотуу аркылуу аталган карыздарды эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
17. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды эсептен чыгаруу механизмин киргизүүнүн өзгөчөлүктөрү
137. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын негизинде бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу аларды эсептен чыгаруунун зарылдыгы (төлөмдүн мөөнөтүнүн өтүшү, төлөөчүнүн жоктугу, кредит берүүчүнүн жана кредит алуучунун келишкендиги) жөнүндө жобону аныктоочу тиешелүү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
138. Зайымчы же тармактык мамлекеттик орган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бюджеттик кредиттин карызын эсептен чыгаруунун зарылдыгы жөнүндө негизделген сунуштарды киргизет.
139. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу болгон учурда тармактык мамлекеттик орган тиешелүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдайт.
140. Зайымчы жок болгон учурда (каза болгон жана соттолгон субъекттер) бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды жоюу жөнүндө сунушту ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган демилгелейт.
18. Ачык-айкындуулукту камсыздоонун жана чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү
141. Ачыктыкты, ачык-айкындуулукту жана элге жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн бюджеттик кредиттөө боюнча материалдарды жана кредиттөө боюнча каралып жаткан долбоорлорду ай сайын жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштыруу аркылуу агентке же кредиттик агентке маалыматтык компанияны жүргүзүү жоопкерчилиги жүктөлөт.
142. Расмий сайттарда жарыялоо үчүн агенттин же кредиттик агенттин документтеринин тизмеси:
1) бюджеттик кредиттөө аркылуу ишке ашырылуучу долбоор өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- долбоордун максаттарын жана милдеттерин;
- долбоорду ишке ашыруунун баяндалышын жана схемасын;
- долбоорду ишке ашыруунун этаптарын жана мөөнөттөрүн;
- долбоорду каржылоо булактарынын баяндалышын;
- долбоордон күтүлүүчү жыйынтыктарын.
2) долбоорду ишке ашыруу тууралуу маалымат өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бюджеттик кредиттерди алган зайымчылардын аталышын;
- берилген бюджеттик кредиттердин көлөмүн;
- бюджеттик кредиттерди берүүнүн шарттарын;
- тындырылган суммалардын көлөмүн.
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттөө үчүн долбоорлорду тандап алуу боюнча комиссия жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Республикалык бюджеттен бюджеттик кредиттөө үчүн долбоорлорду тандап алуу боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тиешелүү критерийлер менен алардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыгы боюнча долбоорлорду тандап алуу үчүн түзүлөт.
2. Комиссиянын курамы экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. Комиссия анын төрагасынан, төраганын орун басарынан жана мүчөлөрүнөн турат. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, бизнес коомчулугунун жана жарандык сектордун өкүлдөрү кирет. Мында комиссиянын курамындагы бизнес коомчулугунун жана жарандык сектордун өкүлдөрү ар бир эки жылда кайрадан бекитилип турат.
3. Комиссия 9 адамдан турат. Мында бизнес коомчулугунун жана жарандык сектордун өкүлдөрүнүн комиссиянын курамындагы үлүшү 25 пайыздан кем эмести түзөт.
4. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган комиссиянын катчылыгы болуп саналат.
5. Катчылык комиссиянын чечимдеринин долбоорлорун даярдайт жана анын уюштуруу жана методологиялык ишин камсыз кылат.
2. Комиссиянын милдеттери жана функциялары
6. Комиссиянын милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) бюджеттик кредиттөө үчүн долбоорлорду тандап алуу;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык стратегиясына долбоорлордун ылайык келүүсүн карап чыгуу жана текшерүү.
7. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка ылайык долбоорлордун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
2) коюлган максатка долбоордун жетише алаарлыгын баалоо;
3) долбоорлорду кредиттөө үчүн республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүн аныктоо;
4) долбоорду ишке ашыруунун майнаптуулугун жакшыртуу үчүн айрым көрсөткүчтөр боюнча сунуштарды киргизүү;
5) долбоорлордун майнаптуулугун төмөнкү критерийлер боюнча баалоо:
социалдык майнаптуулук - долбоор ишке ашырылып жаткан аймакта жашаган жана/же долбоорду ишке ашырууга катышып жаткан калк үчүн пайдасы менен бааланат, ал болсо эмгек акы деңгээлинин көтөрүлүшүн, инфратүзүмдүн өнүгүүсүн жана долбоорду ишке ашырууга байланыштуу башка социалдык көрсөткүчтөр менен чагылдырылат;
экономикалык майнаптуулук - дисконттолгон таза кирешенин, инвестициянын рентабелдүүлүгүнүн көрсөткүчү, кирешелүүлүктүн ички ченинин жана өзүн-өзү актоо мөөнөтүнүн өлчөмдөрү менен аныкталат;
салыктык майнаптуулук - долбоорду ишке ашыруудан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшкөн салыктардын көлөмү менен ченелет;
бюджеттик майнаптуулук - долбоорду республикалык бюджеттен толугу менен же жарым-жартылай каржылаган учурда, чогултулган салыктык жыйымдардын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга болгон катнашы менен аныкталат;
экологиялык майнаптуулук - долбоор ишке ашырылып жаткан жердеги экологиялык абалы менен аныкталат, мында долбоорду ишке ашыруунун ошол жердин айлана-чөйрөсүнө тийгизген таасиринин деңгээли изилденет;
6) республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен долбоорлорду тандап алуу боюнча корутунду берүү.
3. Комиссиянын уюштуруучулук иши
8. Комиссиянын жыйыны, анын курамынын 2/3 кем эмес мүчөлөрү катышканда укук ченемдүү болот. Комиссиянын катышпаган мүчөлөрү үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
9. Комиссиянын чечимдери чогулушка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, төрага добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
10. Комиссиянын жыйыны кварталда жок дегенде бир жолу өткөрүлөт.
11. Комиссиянын төрагасы болуп экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, төраганын орун басары - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү саналат.
12. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда төраганын милдетин анын орун басары аткарат.
13. Комиссиянын жыйындары ачык өткөрүлөт жана төрага менен макулдашуу боюнча башка адамдар да чакырылышы мүмкүн.
14. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет жана комиссиянын төрагасы, ал жок болгондо - төраганын орун басары кол коёт.
15. Тандап алынган долбоорлорду комиссия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлордун тизмегин түзүү үчүн өткөрүп берет.
4. Комиссиянын укуктары
16. Өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
1) долбоорлорду кароонун жүрүшүндө түшүндүрүп чечмелөө үчүн белгиленген тартипте арыз ээлеринен кошумча маалыматты талап кылууга жана алууга;
2) долбоордун талаптарына ылайык келбеген арыздарды кабыл албай коюуга;
3) оң корутундуларды берүүгө жана бюджеттик кредиттөө аркылуу каржылануучу долбоорлордун тизмесин андан ары түзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлорду киргизүүгө;
4) техникалык же башка атайын багыттар боюнча долбоорлорду талдоо жана баалоо үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун кызматкерлерин, ошондой эле тиешелүү тармактардан консультанттарды жана эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
5) комиссиянын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү, сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
6) комиссиянын компетенциясына кирген маселелер менен байланыштуу документтерге виза коюуга.
5. Комиссиянын жоопкерчилиги
17. Комиссия төмөнкүлөр үчүн жооптуу болот:
1) ушул Жободо каралган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай жана өз убагында аткаруу үчүн;
2) Комиссиянын чечимдеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу үчүн.
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Республикалык бюджеттен бюджеттик кредитти алуу үчүн зарыл болгон документтердин ТИЗМЕСИ
1. Юридикалык жактар үчүн:
- кредит алуу үчүн арыз;
- техникалык-экономикалык негиздеме же бизнес-план;
- гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн каттоо жана уюштуруу документтеринин (устав, каттоо жөнүндө күбөлүк, патент, уюштуруу келишими) көчүрмөлөрү;
- жетекчинин жана башкы бухгалтердин паспортторунун, кызматка дайындоо жөнүндө буйруктарынын көчүрмөсү;
- тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоосунун көчүрмөлөрү;
- салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
- салык кызматынын мөөрү менен ырасталган, ФОЭСтин белгиленген формасына ылайык акыркы үч жылдагы финансылык отчёттору жана кирешелер жөнүндө декларациясы;
- күрөөгө коюлган жана колдонуудагы мүлккө менчик ээсинин укугун тастыктаган документтердин (сатып алуу - сатуу келишими, инвентаризациялык көктөмөсү, колдонуу укугу жөнүндө акт) көчүрмөлөрү;
- берилип жаткан мүлк (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) чектөөдө жана күрөөдө турбагандыгы жөнүндө каттоо кызматтарынан маалымкат;
- сатып алуучулар жана жеткирүүчүлөр менен контракттардын (келишимдердин) көчүрмөлөрү, банктагы алыш-бериш эсеби жөнүндө маалымкат;
- финансылык-кредиттик уюмдарга карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
- кредит алууга жана күрөө коюуга уюштуруучулардын уруксаты (макулдугу).
2. Айылдык товар өндүрүүчүлөр жана ишкерлер үчүн:
- кредит алуу үчүн арыз;
- арыз ээсинин/кепилдик берүүчүнүн паспортторунун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- зайымчынын/кепилдик берүүчүнүн нике жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- жубайлардын (жубайынын), балдарынын паспортторунун же балдарынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- кредит алууга жубайлардын (жубайынын) нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу;
- арыз ээсинин/кепилдик берүүчүнүн жашаган жеринен жана үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
- арыз ээсинин/кепилдик берүүчүнүн иштеген жеринен, акыркы 12 айдагы айлык акысын, ээлеген кызматын жана эмгек стажын көрсөтүү менен маалымкат;
- күрөөгө коюлган жана колдонуудагы мүлккө менчик ээсинин укугун тастыктаган документтердин (сатып алуу - сатуу келишими, инвентаризациялык көктөмөсү, колдонуу укугу жөнүндө акт) көчүрмөлөрү;
- финансылык-кредиттик мекемелерге карызы жок/бар экендиги жөнүндө маалымкат;
- берилип жаткан мүлк (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) чектөөдө жана күрөөдө турбагандыгы жөнүндө каттоо кызматтарынан маалымкат;
- кошумча кирешелери бар экендигин ырастаган документтер.
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Арыз ээсинин/зайымчынын төлөө жөндөмүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
1. Арыз ээсинин/зайымчынын (айылдык товар өндүрүүчүнүн, ишкердин) төлөөгө жөндөмүн аныктоо
Арыз ээсинин төлөө жөндөмүн талдоонун максаты кредиттин өлчөмү, аны төлөө мөөнөттөрү жаатындагы кредит берүүнүн алгылыктуу шарттарын аныктоо болуп саналат.
Арыз ээсинин/зайымчынын кредитти төлөө жөндөмүн аныктоо үчүн анын кирешелерин жана чыгымдарын иликтөө сунуш кылынат. Кирешелер, эрежеде, үч багыт боюнча аныкталат:
- эмгек акыдан алынган кирешелер;
- аманаттардан жана баалуу кагаздардан түшкөн кирешелер;
- башка кирешелер.
Чыгашалардын негизги беренелерине киреше жана башка салыктарды, алименттерди төлөө, мурда алынган кредиттер жана мөөнөтүн узартып бөлүп төлөө менен сатып алган товарлар боюнча ай сайынкы төлөмдөр, өмүрүн жана мүлктү камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, коммуналдык төлөмдөр ж.б. кирет.
Кредит алуу үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын кредитти төлөө жөндөмүн ырастоочу төмөнкүдөй документтерди берет:
- иштеген жеринен эмгек акысы жөнүндө маалымкатты (кармап калуунун өлчөмүн жана түрлөрүн көрсөтүү менен);
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр боюнча китепчесин, батир акысы;
- банктардагы салымдар боюнча кирешелерди ырастоочу башка документтерди;
- арыз ээсинин кирешелерин ырастоочу башка документтерди.
Жогоруда аталган документтердин негизинде арыз ээсинин төлөө жөндөмүнө талдоо жүргүзүлөт, орточо айлык кирешелер, анын эмгек акысын, банктагы салымдары, баалуу кагаздар боюнча пайыздарды жана башка кирешелерин эсепке алуу менен аныкталат. Орточо айлык чыгашалар төлөнүүчү киреше салыгынын жана башка салыктардын, эмгек акыдан чегерүүлөрдүн (алименттерди, мурда берилген ссудаларды төлөө ж.б.), батир акысын жана коммуналдык кызматтар үчүн төлөөлөрдүн жана башка чыгымдардын өлчөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталат.
Ушундай эле ыкма менен арыз ээсинин/зайымчынын кепилдик берүүчү адамынын төлөө жөндөмү талдалат.
Документтерди жана кепилдик берүүчүнү талдоонун натыйжасында алынган маалыматтар боюнча кирешелери, чыгымдары жана пайдасы аныкталат. Алынган маалыматтардын негизинде арыз ээсинин/зайымчынын негизги карызды жана пайыздарын төлөө мүмкүндүгү, ал эми кепилдик берүүчүнүн - зайымчы төлөй албаган учурда, аларды төлөп берүү мүмкүнчүлүгү талдоого алынат. Бул үчүн:
- суралган кредит боюнча негизги карызды жана пайыздарын арыз ээсинин/зайымчынын ай сайын төлөй турган суммасы аныкталат;
- негизги карыздын жана алар боюнча пайыздардын ай сайын төлөй турган суммасынын ай сайынкы таза кирешенин суммасына карата катышы катары аныкталуучу кредитке жөндөмүнүн коэффициенти каралат:
Kk = Mп / D, мында:
Mп - кредит боюнча ай сайын төлөөнүн суммасы;
D - бир айлык кирешенин суммасы.
Коэффициент арыз ээсинин/зайымчынын ай сайын кредитти төлөп туруу жөндөмүн аныктайт. Коэффициенттин чоңдугу 0,24 ашык эмес;
- кирешелердеги жогоруда аталган чыгымдардын үлүшүн, анын ичинде кредитти төлөө боюнча чыгымдарды аныктай турган коэффициент эсептелет.
Кдр = (Мп + Мр) / Д, мында:
Mр - кредит боюнча төлөөдөн тышкары, арыз ээсинин/зайымчынын ай сайынкы чыгымдарынын суммасы;
Коэффициент жогоруда аталган чыгымдардын жана кредитти тындыруу боюнча чыгымдардын кардардын бюджетине болгон таасиринин деңгээлин көрсөтөт. Эгерде коэффициент 0,50 ашпаса, кредит берилет.
Коэффициенттерди эсептөөдө, сот органдары, эрежеде, аткаруу барагы боюнча жарандардын кирешелеринин 50 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү суммаларды өндүрүп алуу чечимин чыгара турганы эске алынат. Кредитке жөндөмүнүн коэффициентинин чоңдугу арыз ээсинин/зайымчынын кирешелеринин бааланган салыштырма салмагынан салыктарды, коммуналдык төлөмдөрдү жана башка ушул сыяктуу туруктуу чыгымдардан 50 пайызды кемитүү жолу менен эсептелип чыгат.
2. Арыз ээсинин/зайымчынын (юридикалык жактын) төлөө жөндөмүн аныктоо
Юридикалык жактын ишенимдүү финансылык абалы анын кредитке жөндөмүнүн жана төлөө жөндөмүнүн негизи болуп саналат, башкача айтканда чарбалык келишимдерге ылайык төлөө талабын өз убагында канааттандыруу, кредитти жана пайыздарды кайтаруу, кызматкерлерге эмгек акыларын төлөө, бюджетке төлөмдөрдү жана салыктарды төлөө жөндөмү.
Ушундан улам, финансылык абалды баалоо, кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун жана аны берүүнүн шарттарын аныктоо, кредитти кайра түзүмдөштүрүү (реструктуризациялоо, башкача айтканда, кредит берүүнүн негизги шарттарын өзгөртүү) жөнүндө чечимди кабыл алуу, берилген ар бир кредит жана көзөмөлдө турган бардык карыздын көлөмүнүн сапаты боюнча агент кабыл алган тобокелдиктерди баалоо максатында жүргүзүлөт.
Баа берүүнүн жыйынтыгы болуп юридикалык жактын финансылык абалынын сапаты жөнүндө тыянак саналат: жакшы, орточо (канааттанарлык) же жаман (канааттанардык эмес) финансылык абал. Юридикалык жактын финансылык абалын баалоонун методикасы, тобокелдиктерди сандык жана сапаттык жактан талдоо жүргүзүүгө негизделет.
Тобокелдиктерди сандык талдоо, тобокелдиктердин финансылык коэффициенттерин мүнөздөөчү алардын төмөнкүдөй топторун баалоону болжолдойт:
- ишкананын активдеринин өтпөй калуу тобокелдигин (өтүмдүүлүк коэффициентин);
- ишкананын финансылык туруктуулугун төмөндөтүү тобокелдигин (өз каражаттарынын жана зайымдык каражаттардын катышынын коэффициенти, өз каражаттары менен камсыз болуунун коэффициенти).
Тобокелдиктердин сапаттык талдоосун жүргүзүүдө сандык көрсөткүчтөрдө берилиши мүмкүн болбогон маалымат каралат. Мындай талдоону жүргүзүү үчүн зайымчылар тарабынан берилген маалыматтар, ошондой эле маалымат базаларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын (алардын аныктыгын оңдоп-түзөө мүмкүндүгү менен) маалыматтары колдонулат.
Жаңыдан түзүлгөн юридикалык жакка кредит берүү жөнүндө маселе каралып жаткан учурга, ошол юридикалык жактын учурдагы финансылык абалына түз коркунучтардын жоктугуна байланыштуу юридикалык жактын финансылык абалы "орточо" деп алынат.
1) Юридикалык жактын финансылык абалын баалоодо өтүмдүүлүктүн жана финансылык туруктуулуктун коэффициенттери колдонулат.
а) Өтүмдүүлүктүн жана төлөө жөндөмүнүн көрсөткүчтөрү.
Юридикалык жактын финансылык абалын кыска мөөнөттүү келечекке карап баалоодо өтүмдүүлүк жана төлөө жөндөмүнүн көрсөткүчтөрү баалоонун критерийлери катары каралат, мындайча айтканда кыска мөөнөттүү милдеттенмелер боюнча эсептешүүлөрдү өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүү жөндөмү колдонулуп бааланат.
1-таблица
Арыз ээсинин/зайымчынын (юридикалык жактын) кыска мөөнөттүү келечекте төлөө жөндөмүн аныктоо методикасы
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөөнүн формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Өтүмдүүлүктүн көрсөткүчтөрү | Күнүмдүк өтүмдүүлүктүн коэффициенти | Жүгүртмө активдер/Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Күнүмдүк милдеттенмелердин бир сомуна күнүмдүк активдердин канча сому туура келе тургандыгын көрсөтүү менен активдердин өтүмдүүлүгүнө жалпы баа берет. Бул көрсөткүчтү эсептөөнүн логикасы: ишкана кыска мөөнөттүү милдеттенмелерди негизинен күнүмдүк активдердин эсебинен тындырат, демек эгерде күнүмдүк активдер чоңдугу боюнча күнүмдүк милдеттенмелерден ашып кетсе, ишкана ийгиликтүү иштеп жаткан катары каралат | >2 |
Тез өтүмдүүлүктүн коэффициенти | (Жүгүртмө активдер/ТМЗ/Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Өзүнүн маанилик мазмуну боюнча бул коэффициент күнүмдүк өтүмдүүлүк коэффициентине окшош. Бирок күнүмдүк активдердин тар болгон чөйрөсүнөн эсептелип чыгарылат, эсептөөдөн алардын эң аз өтүмдүү бөлүгү - өндүрүштүк запастар алынып салынат. Мындай алып салуунун логикасы камдыктардын өтө аз өтүмдүүлүгүндө гана эмес, андан да маанилүүсү өндүрүштүк камдыктарды аргасыз саткан учурда түшүрүп ала турган акча каражаттары, аларды сатып алуу чыгымдарынан кыйла төмөн болушу мүмкүн. Ошондуктан ишкананын кыска мөөнөттүү милдеттенмелерден, товардык-материалдык камдыктарын сатууга барбай туруп, төлөп кутулуу жөндөмүн аныктоо ушунчалык маанилүү болуп саналат | >1 | |
Абсолюттук өтүмдүүлүктүн коэффициенти | Акча каражаттары/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Абсолюттук өтүмдүүлүктүн коэффициенти ишкананын өтүмдүүлүгүнүн эң катуу критерийи болуп саналат жана зарыл болуп калган учурда, башка активдерди пайдаланууга барбай туруп, колдо болгон акча каражаттарын пайдалануу менен гана, кыска мөөнөттүү карыздык милдеттенмелердин канча бөлүгүн ошол замат тындыруу мүмкүн экендигин көрсөтөт | >0,2 | |
Төлөө жөндөмүнүн көрсөткүчтөрү | Өздүк жүгүртмө каражаттардын чоңдугу | Жүгүртмө активдер/кыска мөөнөттүү милдеттенмелер | Бул көрсөткүч ишкананын жүгүртүлүүчү активдеринин курамында болгон өздүк жүгүртүү каражаттарынын чоңдугун аныктайт. Өздүк жүгүртүү каражаттарынын көбөйүшү ишкананын ишкердик активдүүлүгүнүн жогорулашы жөнүндө айтып турат, ал эми алардын азайышы, тескерисинче, анын активдүүлүгүнүн төмөндөшүн билдирет |
|
Төлөө жөндөмүнүн көрсөткүчтөрү | Өздүк капиталдын манёврдүүлүгү | Өздүк жүгүртмө каражаттардын чоңдугу/өздүк капиталдын чоңдугу | Бул коэффициент компаниянын өздүк капиталынын кайсы бөлүгү, күнүмдүк иш-аракеттерди каржылоого пайдаланып жаткандыгын, башкача айтканда жүгүртүү каражаттарына салынгандыгын жана кайсы бөлүгү капиталдаштырылгандыгын көрсөтөт | >0 |
Өздүк жүгүртүү каражаттары менен камсыз болуунун коэффициенти | Өздүк жүгүртмө каражаттар/жүгүртмө активдер | Финансылык жактан компаниянын күнүмдүк иш-аракеттери кыска мөөнөттүү активдердин жана пассивдердин туруктуу трансформациясында көрүнөт. Ийгиликтүү иштеп жаткан ишкананын кандай болбосун активдеринин эки каржылоо булагы бар: өздүк жана тартылган. Эгерде ишканада өздүк жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги байкалса, бул ишкананын, эрежеде, балансынын түзүмү канааттанарлык эмес, финансылык абалы туруксуз. Өздүк жүгүртүү каражаттарынын болушу уюмдун финансылык туруктуулугунун бирден бир маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, өздүк жүгүртүү капиталынын жоктугу уюмдун бардык жүгүртмө каражаттары карыз булактарынын эсебинен түзүлгөндүгүн айгинелеп турат | >0,1 |
б) Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү.
Юридикалык жактын финансылык абалынын негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири узак мөөнөттүү келечек жагынан алганда анын туруктуулугу болуп саналат. Чарбакер субъекттин өзүнүн узак мөөнөттүү зайымдары боюнча өз убагында жооп берүү жөндөмү, анын узак мөөнөттүү келечектеги финансылык туруктуулугун айгинелеп турат. Бул жагынан алганда, дүйнөлүк эсепке алуу жана аналитикалык тажрыйба ишкананын финансылык туруктуулугуна баа берүү үчүн бир катар көрсөткүчтөр системасын иштеп чыккан.
2-таблица
Арыз ээсинин/зайымчынын (юридикалык жактын) узак мөөнөттүү келечекте кредитке жөндөмүн аныктоо методикасы
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөөнүн формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү | Автономиянын коэффициенти | Өздүк капитал/баланстын жыйынтыгы | Коэффициент ишкананын пассивдериндеги өздүк каражаттардын үлүшүн чагылдырат жана менчик ээлери, ошондой эле кредиторлор үчүн кызыгууга татырлык. Пассивдердеги өздүк каражаттардын үлүшү зайымдык каражаттардын үлүшүнөн ашык болууга тийиш деп эсептелет. Автономиянын жогорку коэффициенти финансылык тобокелдикти азайтат жана сырттан кошумча каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок чоңдугу өтө эле ири болсо, кредиттик ресурстарды тартуу менен иштеп билбегендигинен кабар бериши мүмкүн. Коэффициенттин өзгөрүүсү ишкананын ишинин кеңейүүсүн же кыскаруусун көрсөтүшү мүмкүн | >0,5 |
Финансылык туруктуулуктун көрсөткүчтөрү | Өздүк жана зайымдык каражаттардын катнашынын коэффициенти (капиталдаштыруунун коэффициенти) | Милдеттенмелердин чоңдугу/өздүк капитал | Бул коэффициенттин төмөнкүдөй интерпретациясы бар: өздүк каражаттын сарпталган ар бир сомуна зайымдык каражаттардын канча сому туура келет жана финансылык туруктуулуктун тобокелдигинин жетишээрлик жогорку деңгээли тууралуу айтып турат |
|
Узак мөөнөттөгү салымдардын түзүмүнүн коэффициенти | Узак мөөнөттүү милдеттенмелер/жүгүртүүдөн тышкары активдер | Узак мөөнөттөгү салымдардын түзүмүнүн коэффициентин эсептөөнүн негизги идеясы, узак мөөнөттүү кредиттер жана зайымдар негизги каражаттарды жана башка капиталдык салымдарды каржылоого пайдаланылат деген божомолго негизделет. Ошентип негизги каражаттардын жана башка жүгүртүүдөн тышкары активдердин кайсы бөлүгү (%) тышкы инвесторлордун эсебинен каржылана тургандыгын көрсөтөт |
| |
Финансылык леверидждин деңгээли | Узак мөөнөттүү милдеттенмелер/өздүк капитал | Бул коэффициент ишкананын финансылык туруктуулугунун негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири болуп эсептелет, анын экономикалык чечмелөөсү, төмөнкүдөй: өздүк каражаттардын бир сомуна зайымдык капиталдын канча сому туура келет |
|
2) Юридикалык жактын ишинин натыйжалуулугун баалоодо - рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү колдонулат.
Рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү юридикалык жактын ишине салынган каражаттардын жалпы натыйжалуулугуна баа берүү үчүн иштелип чыккан.
3-таблица
Арыз берүүчүнүн/зайымчынын (юридикалык жактын) ишинин рентабелдүүлүгүн аныктоонун методикасы
Көрсөткүчтүн аталышы | Коэффициенттер | Эсептөөнүн формуласы | Кыскача мүнөздөмө | Чеги |
Рентабелдүүлүктүн көрсөткүчтөрү | Активдердин рентабелдүүлүгү | Таза пайда/жыйынды активдер | Коэффициент активдердин ар бир сомуна канча сом таза пайда алынгандыгын көрсөтөт. Эгерде активдердин рентабелдүүлүгү узак мөөнөттүү кредиттер үчүн пайыздык ставкадан азыраак болсо, анда ишкананы жакшы иштеп жатат дешке болбойт |
|
Сатуулардын рентабелдүүлүгү | Таза пайда/түшкөн акча | Коэффициент сатып өткөрүлгөн продукциянын ар бир сомуна ишкана алган таза кирешенин чоңдугун көрсөтөт |
| |
Өздүк капиталдын рентабелдүүлүгү | Таза пайда/өздүк капитал | Коэффициент өздүк капиталдын канчалык натыйжалуу колдонулуп жаткандыгын көрсөтүп турат жана айрыкча фонддук биржадагы акциялардын котировкасына таасир тийгизе тургандыктан акционерлер үчүн абдан маанилүү |
|
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
№ ______ кредиттик келишим
__________________________ (шаар, айыл) |
| "__" __________________ (датасы жазуу жүзүндө) |
Мындан ары "Кредитор" деп аталуучу _________________________________________________,
(органдын аталышы)
_________________________________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү жана №, берилген дата)
________________________________________________________________ атынан бир тараптан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
жана мындан ары "Зайымчы" деп аталуучу ____________________________________________,
(субъекттин аталышы, турган жери)
_________________________________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү, № жана берилген дата)
_____________________________________________________________ атынан экинчи тараптан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Кредиттик келишимди (мындан ары - Келишим) түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Келишим ________________________________________________________________
(чечимдин аталышы, № жана берилген дата)
ылайык түзүлдү.
1.2. Ушул Келишимдин предмети болуп ___________________________________________ үчүн
(кредиттин максаты)
_________________________________________________________________________________
(суммасы (цифралар жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
________________________________________________________________ түрүндө Зайымчыга
(кредиттин түрү, көлөмү жана сумма)
кредит берүү болуп саналат.
2. Келишимдин шарттары
2.1. Кредит максаттуу пайдалануу, камсыз болуу, мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында берилет.
2.2. Кредит күрөө менен камсыздалып берилет.
2.3. Кредиттин пайыздык ставкасы жылына ______ пайыз. Акча каражаттарын пайдалануу үчүн пайыздарды эсептөө акча каражаттары зайымчынын эсебине которулган датадан тартып жүргүзүлөт, ал эми кредиттер товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүнгөн учурда - эгер кредиттик келишимде башкача айтылбаса, алар зайымчыга берилген күндөн тартып эсептелет.
2.4. Кредитти төлөө мөөнөтү _______________________________ болуп белгиленет.
(дата)
Карызды төлөө ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон мөөнөттүү милдеттенмелерге (төлөө графигине) ылайык жүргүзүлөт.
2.5. Кайтаруу акча каражаттарын:
_________________________________________ алыш-бериш эсебине которуу менен жүргүзүлөт.
БИК: __________________________________________________________________________
Төлөөчүнүн банкы: _____________________________________________________________
Алуучу: _______________________________________________________________________
Максаты: ______________________________________________________________________
Төлөм коду: ___________________________________________________________________.
2.6. Кредит ушул Келишимди камсыздоо үчүн нотариалдык конторада күрөө жөнүндө келишим таризделгенден жана ал мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон өткөндөн кийин берилет (айрым учурларда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык).
3. Кредитордун милдеттери
3.1. Кредитор ушул келишимдин шарттарында ____________________________________ үчүн
(кредиттин максаты)
_________________________________________________________________________________
(суммасы (цифралар жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
_________________________________________________________ түрүндө Зайымчыга кредит
(кредиттин түрү, көлөмү жана сумма)
берүүгө милдеттенет.
4. Зайымчынын милдеттери
4.1. Ушул Келишимге кол коюлган учурдан тартып ____________ мөөнөттө ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөө жөнүндө келишимди нотариалдык тариздөөгө жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон өткөрүүгө.
4.2. Алынган кредитти максаттуу багыты боюнча гана пайдаланууга, кредитти башка жактарга берүүгө тыюу салынат.
4.3. Кредитти ______________________________________________________________________
(кредиттин түрү (товардык-материалдык ресурстар)
түрүндө алууда ____________________________________________________________________
(тараптардын аталышы)
ортосунда өткөрүп берүү-өткөрүп алуу актысы жана төмөнкү документтер таризделет (тизме көрсөтүлөт):
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________.
4.4. Кредитордун биринчи талабы боюнча отчетту жана алардын финансы-экономикалык жана өндүрүштүк иши жөнүндө, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берүүгө.
4.5. Кредит боюнча карызды ушул Келишимдин 2.5-пунктунда аталган алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөөгө.
4.6. Төлөмдүн мөөнөтү кечиктирилген учурда Зайымчы мөөнөтү кечиктирилген суммадан жылдык ____ пайыз өлчөмүндө финансылык санкцияларды (үстөк айып) төлөйт.
4.7. Юридикалык жактын жетекчилиги алмашкан учурда жаңы жетекчи беш күндүн ичинде анын жетекчи болуп дайындалгандыгы жөнүндө тиешелүү документтерди берүүгө милдеттүү.
4.8. Почта жана банктык реквизиттери, ошондой эле юридикалык дареги өзгөргөн учурда зайымчы беш күндүн ичинде жаңы реквизиттерди билдирүүгө милдеттүү.
4.9. Ар бир жылдын 1-январына карата карыздын салыштырып текшерүү актысын түзүүгө.
4.10. Ар бир жылдын 1-январына карата бюджеттик кредиттер боюнча жүз миң эсептик көрсөткүчтөн ашык карызы бар зайымчы - юридикалык жак (мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган мекемелерден тышкары) тийиштүү жылдын 1-июлуна чейин финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө аудитордук корутундуларды Кредиторго берүүгө милдеттүү. Аудитордук корутундуларды белгиленген мөөнөттөрдө бербөө Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте карыздарды мөөнөтүнөн мурда өндүрүү жол-жобосун демилгелөөгө алып келет.
5. Кредитордун укуктары
5.1. Ушул Келишимди жана күрөө жөнүндө келишимди тариздөөдө Зайымчы анык эмес маалымат берсе жана күрөө жөнүндө келишимди нотариалдык конторада өз убагында тариздөөдөн баш тартса кредитти берүүнү токтотууга.
5.2. Бюджеттик кредиттин калдыгын төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда өндүрүүгө:
- эгерде Келишимде бюджеттик кредитти бөлүп-бөлүп төлөө каралса, бюджеттик кредиттин кезектеги бөлүгүн кайтаруу үчүн белгиленген 180 күндөн ашык мөөнөт зайымчы тарабынан бузган учурда;
- күрөө берүүчү тарабынан Келишимди камсыз кылуучу шарттар сакталбаган жана күрөө предметин тескөө жөнүндө эрежелер бузулган учурда;
- кредиттин максаттуу пайдаланылышын контролдоо мүмкүндүгүнө зайымчы тоскоолдук кылганда же чектөөгө аракет жасаганда;
- бюджеттик кредитти максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда;
- аудитордук корутундуларды белгиленген мөөнөттөрдө бербеген учурда (бул ченем мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган мекемелерден сырткары, ар бир жылдын 1-январына карата бюджеттик кредиттер боюнча зайымчылар болгон жана жүз миң эсептик көрсөткүчтөн ашкан карызы бар юридикалык жактарга жайылтылат).
5.3. Зайымчыга кабарлабастан берилген кредиттин максаттуу пайдаланылышын, күрөө предметинин сандык жана сапаттык абалын текшерүүгө.
5.4. Ушул Келишимдин 2.4-пунктунда аталган мөөнөттө Зайымчы кредит төлөө боюнча өз милдеттерин аткарбаган учурда, Кредитор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүп алууну күрөөгө айландырат.
5.5. Зайымчыдан ушул келишимдин шарттарын тиешелүү түрдө аткарууну талап кылууга.
6. Зайымчынын укуктары
6.1. Зайымчы төмөнкүлөргө укуктуу:
- карызынын учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды алууга;
- карыздын бир бөлүгүн же карыздын бардык суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөгө;
- ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылгандан кийин камсыздоону кайра сурап алууга.
7. Өзгөчө жагдайлар
7.1. Финансылык санкцияларды (үстөк айып) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотула турат:
- ал жеткис жана күтүлбөгөн күчтөрдүн, анын ичинде эпидемиянын, өрттүн, жарылуунун, авариянын, суу ташкынынын, кургакчылыктын, жер титирөөнүн, табигый-климаттык жана техногендик кыйроолордун таасиринин натыйжасында милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө жана алдын алууга болбогон жагдайлар жаралган фактылар (форс-мажор) пайда болгондо - форс-мажордук жагдайлар жаралган күндөн тартып форс-мажордун кесепеттерин жоюу үчүн зарыл мезгилдин ичинде, бирок 1 жылдан ашык эмес;
- жеке жак каза болгондо - зайымчы каза болгондугу жөнүндө күбөлүк берилген күндөн тартып анын мураскору (укук улантуучусу) аныкталганга чейин.
7.2. Финансылык санкцияларды (үстөк айып) кошуп эсептөө төмөнкү учурларда токтотулат:
- бюджеттик кредит боюнча төлөө мөөнөтү кечиктирилген карызды өндүрүү жөнүндө соттук акты чыгарылган күндөн баштап, соттук актыда көрсөтүлгөн суммада;
- кошуп эсептелген финансылык санкциялардын (үстөк айып) суммасы кредиттик келишим боюнча карыздын негизги суммасынын 20 пайызынан ашкан учурда.
7.3. Ушул келишимге кол койгон жакка доо коюуга мүмкүн болбогон жагдайлар (кайра уюштуруу, жоюу же каза болуу) келип чыккан учурда, ушул келишим боюнча шарттарды анын укук улантуучусу аткарууга тийиш.
8. Корутунду жоболор
8.1. Ушул Келишимдин шарттарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди тараптар доо-талаптарды жиберүү жолу менен карашат. Макулдашуу жетишилбеген учурда талаш-тартыш соттук тартипте каралууга тийиш.
8.2. Ушул Келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана тараптар милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
8.3. Күрөө жөнүндө келишим жана күрөөлүк камсыздоо жөнүндө документтер ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
8.4. Ушул Келишимдин шарттары тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуулары боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
8.5. Ушул Келишимди нотариалдык тариздөө боюнча чыгымдар Зайымчынын эсебинен жүргүзүлөт.
8.6. Ушул Келишим 4 (төрт) нускада түзүлдү: 2 нускасы - Кредиторго, 1 нуска - Зайымчыга жана 1 нускасы күрөө жөнүндө келишимди тариздөө үчүн нотариалдык конторага берилет.
9. Тараптардын реквизиттери
Кредитор: _________________________________________ (органдын аталышы/аты-жөнү)
Дареги: ___________________________________ __________________________________________ __________________________________________ (ээлеген кызматы) __________________________________________ (аты-жөнү) __________________________________________ (колу)
| Зайымчы: _________________________________________ (субъекттин аталышы)
Дареги: __________________________________ _________________________________________ _________________________________________ ОКПО _________________________________________ ИСН _________________________________________ (паспорттук маалыматтары) _________________________________________ (аты-жөнү) _________________________________________ (ээлеген кызматы) _________________________________________ (колу)
|
М.О. | М.О. |
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Форма
№ ______ күрөө жөнүндө келишим
__________________________ (шаары, айылы) |
| ________________________________ (датасы жазуу жүзүндө) |
Биз төмөндө кол койгон, ________________________________________________ негизинде
(документтин түрү жана №, берилген дата)
иштеген ________________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
бир тараптан ___________________________________________________________________
(органдын аталышы)
мындан ары "Күрөө кармоочу" деп аталуу менен,
______________________________________________________________________ негизинде
(Устав, ишеним каттын, паспорттун № жана датасы)
иштеген ________________________________________________________________ атынан
(аты-жөнү)
_________________________________________________________________ экинчи тараптан
(субъекттин аталышы, турган жери)
мындан ары "Күрөө берүүчү" деп аталуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздүк:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ушул Келишим _______________________________________________________ ылайык
(берүү жөнүндө чечимдин аталышы, № жана датасы)
"Күрөө берүүчүгө" _______________________________________________________________
(суммасы (цифралар жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
________________________________________________________________________ түрүндө,
(товардын аталышы, көлөмү жана баасы)
_____________________________________________________ чейин кайтаруу мөөнөтү менен
кредит берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо үчүн "Күрөө берүүчү" төмөнкү мүлктү күрөөгө берет:
________________________________________________________________________ таандык,
(менчик ээсинин аты-жөнү)
баалоо наркы _____________________________________________________________ болгон
(суммасы (цифралар жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
_______________________________________________________________________________
(толук аталышы)
1.2. Күрөөгө коюлган мүлккө болгон укуктар төмөнкү документтер менен ырасталат:
_______________________________________________________________________________
(аталышы, № жана датасы)
1.3. Күрөөгө коюлган мүлктү тараптар:
_____________________________________________________________________ баалашат.
(суммасы (цифралар жана жазуу жүзүндө), валютанын түрү)
1.4. Күрөөгө коюлган мүлк "Күрөө берүүчүнүн" ээлигинде жана пайдалануусунда калат.
1.5. Ушул Келишимди түзүү учуруна карата күрөөгө коюлган мүлк ижарага берилген, күрөөгө коюлган, талаш-тартышта жана камакка алынган эмес.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. "Күрөө берүүчү" төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугусуз күрөөгө коюлган мүлктү башка жактарга бекер бербөөгө, күрөөгө койбоого, алмаштырбоого, ошондой эле кандайдыр башкача жол менен тескөөгө;
- күрөөгө берилген мүлктү күтүү үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылууга;
- ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим колдонулган учурда күрөөдөгү мүлктүн сакталышына жана техникалык абалына жеке жоопкерчилик тартууга;
- Күрөө кармоочунун өкүлдөрүнө күрөөгө коюлган мүлктүн болушун, санын, абалын жана аны күтүү шарттарын текшерүү максатында анын турган жерине кирүүгө уруксат берүүгө;
- күрөөгө коюлган мүлктүн жоголушу же бузулушу боюнча коркунучтар пайда болгондугу жөнүндө Күрөө кармоочуга токтоосуз кабарлоого;
- күрөө предмети жок болгон учурда аны калыбына келтирүүгө же күрөө предметин наркы жоголгон күрөө предметинин төмөн эмес буюм менен алмаштырууга же макулдашылган төлөө мөөнөттөрүнө карабастан карызды (карыздын тиешелүү бөлүгүн) төлөөгө;
- Күрөө кармоочуга берилген мал өлгөн, жоголгон, уурдалган учурда малдын башын калыбына келтирүүгө;
- күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларына белги коюу менен, күрөөдөгү мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салуу жолу менен тиешелүү каттоо органдарында каттоодон өткөрүүгө.
2.2. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө милдеттенет:
- Зайымчы ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарган учурда карызды төлөө жөнүндө кол коюлган салыштырып текшерүү актысынын негизинде күрөөгө берилген мүлктү ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салууга;
- Күрөө берүүчүнүн талаптарын күрөөгө коюлган мүлктүн эсебинен канааттандырган учурда кредит боюнча карыздын жалпы суммасын жана мүлктү сатуу жол-жобосу менен байланышкан чыгымдарды кошкондо, Күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыргандан кийин калган сумманын айырмасын кайтарып берүүгө.
3. Тараптардын укуктары
3.1. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
- күрөөдөгү мүлктүн абалын текшерүүгө;
- тиешелүү мүлккө базардын конъюнктурасы өзгөргөн учурда тараптардын макулдашуусу боюнча күрөөгө коюлган мүлктүн наркын өзгөртүүгө;
- күрөө предмети жоголгон, бузулган жана талап кылынбай калган учурда, күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууну же күрөө предметин алмаштырууну талап кылууга;
- Күрөө берүүчү кредиттик келишимди аткаруу боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбаган учурда карызды толук көлөмдө акча каражаттары же башка өтүмдүү мүлк менен өндүрүүгө;
- күрөө предметин сатуудан түшкөн сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда жетпеген сумманы Күрөө берүүчүнүн башка мүлкүнөн талашсыз түрдө алууга;
- күрөө предмети өзүм билемдик менен орунсуз жок кылынган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Күрөө берүүчүнү жоопко тартууга.
3.2. Күрөө берүүчү күрөө предметине анын мүнөзүнө жана багытына ылайык элик кылууга жана колдонууга укуктуу.
4. Өзгөчө шарттар
4.1. Ушул Күрөө жөнүндө келишимге кол койгон Күрөө берүүчүгө талап коюу мүмкүн болбогон жагдайлар келип чыккан учурда (каза болгон, камакка алынган жана башка жагдайлар) ушул Күрөө жөнүндө келишимдин шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын укук улантуучусу (мураскору) тарабынан аткарылууга тийиш.
5. Келишимдин колдонулуу мөөнөтү
5.1. Ушул келишим ал нотариалдык күбөлөндүрүлгөн учурдан тартып күчүнө кирет жана ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат.
5.2. Ушул Келишимдин 4.1-пунктунда аталган жагдайлар келип чыккан учурда ушул Келишимдин колдонулуу мөөнөттөрү жана милдеттенмелери токтотулбайт.
6. Башка шарттар
6.1. Ушул Келишимдин шарттары тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.
6.2. Ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган учурда күрөө ээликтен ажыратууга тыюу салууну алып салбастан, Күрөө кармоочу менен макулдашуу боюнча башка кийинки милдеттенмелерди да камсыздашы мүмкүн.
6.3. Күрөө берүүчү ушуну менен, ушул Келишимде аталган күрөө предметин ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин, ошондой эле кредиттик келишимдин шарттарына кандай болбосун өзгөртүүлөр киргизилген учурда күрөөгө берүүгө жана калтырууга өзүнүн макулдугун ырастайт.
6.4. Өндүрүп алууну мүлккө айландыруу учурунда ушул Келишимди тариздөө боюнча, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү сатууга байланышкан чыгымдар Күрөө берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
6.4. Ушул Келишимден келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө умтулушат жана макулдашууга жетише албаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сотто каралууга тийиш.
6.5. Ушул Келишим ___________________ нускада түзүлдү.
7. Тараптардын даректери жана реквизиттери
Күрөө кармоочу: _________________________________________ (органдын аталышы) __________________________________________ (документтин түрү жана №, берилген дата)
__________________________________________ (аты-жөнү) __________________________________________ (ээлеген кызматы) __________________________________________ (колу)
| Күрөө берүүчү: _________________________________________ (субъекттин аталышы) _________________________________________
Дареги: __________________________________ _________________________________________ _________________________________________ ОКПО _________________________________________ ИСН _________________________________________ Паспорту _________________________________________ (аты-жөнү) _________________________________________ (колу)
|
М.О. | М.О. |
201__-ж. "__" ______________. Ушул келишим мен ___________________________________,
нотариалдык конторасынын _______________________________________________________
мамлекеттик нотариусу тарабынан күбөлөндүрүлдү.
Келишимге тараптар менин көзүмчө кол коюшту, тараптардын ким экендиги жана алардын аракетке жөндөмдүүлүгү аныкталды, ошондой эле:
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
мүлктүн таандыгы текшерилди, зарыл болгон документтер тиркелет.
Реестрде № ______ болуп катталды.
Мамлекеттик алым алынды ________________________________
Мамлекеттик нотариус ____________________________________
Тыюу салуу
201__-ж. "__" _____________. Мен _________________________________________________
_______________________________________________________________________________
мамлекеттик нотариалдык конторанын _____________________________________________,
мамлекеттик нотариусу тарабынан "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесинин негизинде ушул Күрөө жөнүндө келишим күбөлөндүрүлгөндүгүнө байланыштуу күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн
төмөнкү мүлктү:
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
күрөө жөнүндө келишим токтотулганга чейин ээликтен ажыратууга тыюу салынат.
Реестрде № _____ болуп катталды.
Мамлекеттик алым алынды ___________________________
Мамлекеттик нотариус _______________________________
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Форма
Кредиттик келишимге кепилдик берүү КЕЛИШИМИ
_______________________ (шаары, айылы) |
| "___" __________________________ (жылы, күнү жана айы жазуу жүзүндө жазылат) |
Ушул Кепилдик берүү келишими __________________________________________ негизинде
(документтин түрү)
иштеген _________________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
____________________________________________________________________ (мындан ары
(органдын аталышы)
"Кредитор") бир тарап менен ______________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү)
_________________________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
__________________________________________________ (мындан ары "Кепилдик берүүчү")
(субъекттин аталышы)
экинчи тараптын ортосунда түзүлдү.
Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Келишимдин предмети
1.1. Кепилдик берүүчү Карызкор _________________________________________ тарабынан
(мындан ары - Карызкор)
негизги карызды, пайыздарды төлөөнү, финансылык санкцияларды (үстөк айып) жана чыгымдардын ордун толтурууну кошкондо, ________________________ (датасы, №) кредиттик келишим (мындан ары - Негизги келишим) боюнча милдеттенмелердин толук көлөмдө өз убагында аткарылышы үчүн Кредитордун алдында Карызкор менен бирдей жоопкерчилик тартууга милдеттенет.
1.2. Кепилдик берүүчү Негизги келишимдин бардык шарттары менен таанышты жана макул.
2. Тараптардын милдеттери
2.1. Кепилдик берүүчү ушул Келишимдин 1.1-пунктунда аталган Негизги келишим боюнча милдеттенмелердин Карызкор тарабынан аткарылышы үчүн Кредитордун алдында Карызкордой эле деңгээлде жооп берүүгө милдеттенет.
2.2. Эгерде Негизги келишимдин _____ пунктунда белгиленген төлөө мөөнөттөрү келген учурда Карызкор тарабынан Негизги келишимдин _____ пунктунда айтылган _____ сом өлчөмүндөгү сумма жана бул сумма боюнча ____ сом өлчөмүндөгү ____ пайыздар жана бардыгы ____ сом Кредиторго төлөнбөсө, Карызкор төлөмдүн мөөнөтүн кечиктиргендиги жөнүндө Кепилдик берүүчүгө өз убагында билдирүүгө милдеттенет.
2.3. Кепилдик берүүчү төлөө мөөнөтү келген учурдан тартып _____ күндүн ичинде Кредиторго Карызкор тарабынан төлөнбөгөн сумманы, ошондой эле Негизги келишимдин _____ пунктунда белгиленген үстөк айыпты төлөөгө милдеттүү. Эгерде Кепилдик берүүчү төлөмдү Негизги келишимдин _____ пунктунда белгиленген мөөнөттөрдү сактоо менен төлөсө, үстөк айып төлөнбөйт.
2.4. Эгерде Кепилдик берүүчү ушул Келишимдин 2.3-пунктуна ылайык өз милдеттерин аткарбаса, Кепилдик берүүчү төлөмдү кечиктирген ар бир күнү үчүн Кредиторго ________________________________ өлчөмүндөгү үстөк айыпты (мөөнөтү кечиктирилген суммадан пайызды) кошумча төлөйт.
2.5. Карызкор төлөмдү белгиленген мөөнөттөрдө төлөөгө мүмкүндүктүн жоктугу жөнүндө Кепилдик берүүчүгө өз убагында кабарлабаган учурда гана Кепилдик берүүчүгө үстөк айыпты төлөп берет.
2.6. Негизги келишим боюнча милдеттенмелерди толук көлөмдө аткаргандан кийин, Кепилдик берүүчү Карызкорго кайра талап коюуга укуктуу.
3. Кепилдик берүү мөөнөттөрү
3.1. Эгерде Кредитор Негизги келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып ______ айдын ичинде Кепилдик берүүчүгө доо койбосо, кепилдик берүү токтотулат.
3.2. Негизги келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келген күн болуп Негизги келишимде көрсөтүлгөн төлөө графигинин шарттарына ылайык Негизги келишим аткарылууга тийиш болгон күн саналат.
3.3. Кепилдик берүү менен камсыздалган милдеттенмелерди токтотпостон кепилдик берүүнү токтотууга жол берилбейт.
3.4. Үстөк айыпты эсептөө (ушул Келишимдин 2.3 жана 2.4-пункттары) Кредитор доо койгон учурга карата жүргүзүлөт.
4. Өзгөчө шарттар
4.1. Кепилдик берүүчү өз милдеттенмесин белгиленген мөөнөттөрдө аткарбаган учурда, Кредитор ушул Келишимде белгиленген тартипте Кепилдик берүүчүдөн акча каражаттарын өндүрүүгө укуктуу.
4.2. Кепилдик берүүчү камсыз кылынган милдеттенмени талаптагыдай аткарбоонун натыйжасында келип чыккан чыгымды Кредиторго төлөп берүүгө милдеттүү.
5. Кошумча шарттар
5.1. Карызкор Негизги келишимдин бир нускасын Кепилдик берүүчүгө берүүгө милдеттүү.
5.2. Кепилдик берүүчү Карызкор үчүн Негизги келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө милдеттенме-тапшырманы Кредиторго берүүгө милдеттүү.
6. Тараптардын юридикалык даректери жана колдору
Кредитор _________________________________________ (органдын аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги ___________________________________ Алуучу банк: ______________________________ Алыш-бериш эсеби: ________________________ БИК: _____________________________________ _________________________________________ (кызмат орду) _________________________________________ (аты-жөнү) _________________________________________ (колу) М.О. | Кепилдик берүүчү _________________________________________ (субъекттин аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги ___________________________________ Алуучу банк: ______________________________ Алыш-бериш эсеби: ________________________ БИК: _____________________________________ _________________________________________ (кызмат орду) _________________________________________ (аты-жөнү) _________________________________________ (колу) М.О. |
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 7-тиркеме |
Форма
№ _____ кепилдик келишими
________________________ (шаары, айылы) |
| ____-жылдын "__" ______________ (дата жазуу жүзүндө жазылат) |
Ушул Кепилдик келишими ______________________________________________ негизинде
(документтин түрү)
иштеген _______________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
________________________________________________________ (мындан ары "Кредитор")
(органдын аталышы)
бир тарап менен ______________________________________________ негизинде иштеген
(документтин түрү)
барган _________________________________________________________________ атынан
(ээлеген кызматы, аты-жөнү)
____________________________________________________________ (мындан ары "Кепил")
(субъекттин аталышы)
экинчи тараптын ортосунда түзүлдү. Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Келишимдин предмети
Кепил карызкор _______________________________________________________ тарабынан
(аталышы)
________________________________________ кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер
(датасы, №)
аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда негизги карызды, пайыздарды төлөөнү, финансылык санкцияны (үстөк айып) жана чыгымдардын ордун толтурууну кошкондо, карызкордун Кредитордун алдындагы милдеттенмелери Кепил тарабынан толук көлөмдө аткарыла тургандыгына милдеттенет.
2. Келишимди аткаруунун тартиби
2.1. Кепил Кредитордун жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган учурдан тартып ___ календардык күндүн ичинде Кредитордун тиешелүү эсебине төлөм тапшырмалары менен акча каражаттарын которуу аркылуу карызкордун милдеттенмелерин аткарууга милдеттенет.
2.2. Ушул Келишим ______________________________________________________________
(сумма цифралар жана жазуу жүзүндө, валюта)
сом суммасындагы кепилдик акча каражаттары менен камсыз кылынат.
2.3. Ушул Келишим Кепилдин түздөн-түз, шартсыз жана кайтарылып алынгыс акчалай милдеттенмелери болуп саналат. Бул келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
3. Келишимдин колдонулуу мөөнөтү
3.1. Ушул Келишим ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана карызкордун милдеттенмелерин аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып үч айдын ичинде Кредитор тарабынан Кепилге доо коюлган шартта, _________________________________________ (датасы, №) кредиттик келишим боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин колдонулат.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Кепил ушул Келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышы үчүн Кредитордун алдында өзүнүн бардык мүлкү менен жооп берет.
5. Кошумча шарттар
5.1. Ушул Келишимге киргизилүүчү бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор эки тараптын тең белгиленген тартипте таризделген жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана жарактуу болуп саналат.
5.2. Кепилдин атынан ушул Келишимге кол коюучу адам анын ушул Келишимди түзүүгө укугун ырастаган документтин түп нускасын берет. Бул документтин түп нускасы же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ушул Келишимдин тиркемеси болуп саналат.
5.3. Ушул Келишимге ылайык кепилденген сумманы төлөө Кредитордун биринчи жазуу жүзүндөгү талабынан кийин жүргүзүлүшү керек.
5.4. Ушул Келишим ага кол коюлган учурдан тартып кредит үчүн милдеттенмелер боюнча акыркы төлөмгө чейин, кредиттик келишимдин бардык мөөнөтүнүн ичинде колдонулуучу Кепилдин мыйзамдуу анык милдеттенмеси болуп саналат.
5.5. Ушул Келишим эки тараптуу тартипте, эки нускада, ар бир тарап үчүн бирден түзүлөт.
6. Тараптардын юридикалык даректери жана колдору
Кредитор _________________________________________ (органдын аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги __________________________________ Алуучу банк: _____________________________ Алыш-бериш эсеби: _______________________ БИК: ____________________________________ _________________________________________ (кызмат орду) _________________________________________ (аты-жөнү) _________________________________________ (колу) М.О. | Кепилдик берүүчү _________________________________________ (субъекттин аталышы)
Кыргыз Республикасы Дареги ___________________________________ Алуучу банк: ______________________________ Алыш-бериш эсеби: ________________________ БИК: _____________________________________ _________________________________________ (кызмат орду) _________________________________________ (аты-жөнү) _________________________________________ (колу) М.О. |
|
| Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого 8-тиркеме |
Суроо-талаптын коэффициентинин жана бюджеттик кредитти камсыздоо тобокелдигинин чектүү чоңдуктарын аныктоо МЕТОДИКАСЫ
Кредиттик тобокелдикти азайтуу жана бюджеттик кредитти талаптагыдай камсыз кылуу максатында, рыноктогу суроо-талапты жана сунуштарды эске алуу менен өтүмдүүлүк даражасын жана камсыздоо абалын аныктоо үчүн төмөнкүдөй корректировкалар колдонулат:
1. Өтүмдүүлүккө карата корректировка - рыноктогу суроо-талаптын жана сунуштун ылайыктыгы, турган жеринин (шаар, район, айыл) престижи, транспорттук жеткиликтүүлүгү (борбордон алыстыгы) эске алынат, кыймылсыз мүлктөргө карата 0,1ден 1,0 чейинки коэффициент колдонулат:
№ | Өтүмдүүлүк даражасы | Мүлктөрдүн мүнөздөмөсү | Колдонуу коэффициенти |
1 | Өтүмдүүлүгү жогорулар | Рынокто ар дайым талап кылынган, республикалык жана облустук маанидеги шаарларда турган | 0,9-1,0 |
2 | Өтүмдүүлөр | Рынокто ар дайым талап кылынган, өзөктүү магистралдарда жайгашкан, республикалык жана облустук маанидеги шаарларда жана шаарларга жакын жайгашкан айылдарда, ошондой эле райондук маанидеги шаарларда жана айылдарда турган | 0,6-0,8 |
3 | Жакшы өтүмдүүлөр | Рынокто жакшы талап кылынган, райондук маанидеги шаарларга жана айылдарга жакын жайгашкан айылдарда, ошондой эле айыл округдарынын борбордук айылдарында турган | 0,4-0,5 |
4 | Өтүмдүүлүгү начарлар | Рынокто талап кылынбаган, алыскы айылдарда жана райондук маанидеги, ошондой эле транспорт менен жетүүгө кыйын айылдарда жайгашкан | 0,1-0,3 |
2. Техникалык абалына карата корректировка - чыгарылган жылы, техникалык абалы, физикалык жактан эскириши жана эксплуатацияланышы, запастык бөлүктөрдүн, аспаптардын, агрегаттардын ж.б. комплекттүүлүгүнүн болушу эске алынат, кыймылдуу мүлктөргө карата 0,05тен 1,0 чейинки коэффициент колдонулат:
№ | Абалынын даражасы | Мүлктөрдүн мүнөздөмөсү | Колдонуу коэффициенти |
1 | Жаңы | Жаңы, эксплуатациялана элек, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген жана азыркы учурдагы технологиялык прогресске толук туура келген | 0,9-1,0 |
2 | Жакшы | Эксплуатацияланган, өтө жакшы абалда, оңдоону жана кошумча каражаттарды талап кылбаган, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген жана колдонуудагы технологиялык системасынын түйүндөрүндө пайдаланылган | 0,7-0,8 |
3 | Канааттанардык | Эксплуатацияланган, бир аз оңдоону же айрым майда бөлүктөрүн алмаштырууну талап кылган, жумушчу абалда, бир аз эскирген катары колдонуудагы технологиялык тутумдун түйүндөрүндө пайдаланылган | 0,5-0,6 |
4 | Шарттуу жарактуу | Эксплуатацияланган, олуттуу оңдоону же башкы бөлүктөрүн алмаштырууну талап кылган, эскирген катары колдонуудагы технологиялык системасынын түйүндөрүндө пайдаланылган | 0,2-0,4 |
5 | Канааттандырарлык эмес | Эксплуатацияланган, капиталдык оңдоону же негизги бөлүктөрүн жана агрегаттарын алмаштырууну талап кылган, эскирген катары колдонуудагы технологиялык системасынын түйүндөрүндө пайдаланылбаган | 0,05-0,1 |
3. Сатууга карата корректировка - 0,5тен 0,7 чейинки коэффициент колдонулат, сунушталган баасынын жана сатып алуу баасынын айырмасына карата оңдоо эске алынат.