Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 649
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Тулендыбаев П.Р., Макеев Н.К., Гайпкулов И.Т., Арапбаев А.А., Примов У.Б., Сыдыков Б.У., Жамалдинов З.И., Абжалиев А.Т., Мамашова А.Т., Бекешев Д.Д., Исаева Д.Ш. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 649 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Тулендыбаев П.Р., Макеев Н.К., Гайпкулов И.Т., Арапбаев А.А., Примов У.Б., Сыдыков Б.У., Жамалдинов З.И., Абжалиев А.Т., Мамашова А.Т., Бекешев Д.Д., Исаева Д.Ш., тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Негиздеме-маалымкатка ылайык жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоору камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана башкаруу функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карамагына берүү максатында иштелип чыккан.
Алсак, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн "б" пунктчасы менен "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына өзгөртүүлөр киргизилип жатат, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн "чыгымдарынын" эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 11-беренесине ылайык Социалдык фонддун бюджети - мамлекеттик социалдык жана пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү милдеттерди каржылык камсыз кылуу жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн багытталган акча каражаттарын түзүү жана чыгымдоо формасы экендигин эске алуу керек.
Ошондой эле аталган Кодекстин 37-беренеси менен Социалдык фонддун бюджетинин кирешелерин түзүү булактары белгиленген.
Аталган Кодекстин 76-беренесине ылайык Социалдык фонд камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнайт жана топтойт, Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоо фондунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун чыгашаларын каржылоону камсыз кылат, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз убагында жана толук келип түшүүсүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын туура сарптоону контролдойт.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеке киреше булактарынын болушу Социалдык фонддун бюджетинин өз алдынчалуулугунун негизи болуп эсептелет.
Ушундан улам мыйзамдын долбоору менен сунушталган Социалдык фонд камсыздандыруу төгүмдөрүнүн "чыгымдарынын" эсебин гана жүргүзө тургандыгы тууралуу ченем Социалдык фонддун бюджетинин түзүлүшүнө терс таасирин тийгизе тургандыгын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн "б" пунктчасын алып салуу, ошондой эле Социалдык фонддун компетенциясынан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо функцияларын алып салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн "в" пунктчасы менен "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн онунчу абзацына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда, ага ылайык Социалдык фонд "ыйгарым укуктуу салык орган тарабынан түзүлгөн маалыматтарды эске алып" жылына бир жолу камсыздандырылган адамдарды жеке камсыздандыруу эсептеринен пенсиялык топтоолору жөнүндө маалымат менен камсыз кылууга милдеттүү.
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Социалдык фонд милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече эсепке алууну жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат. Өздүк камсыздандыруу эсептеринде камтылган маалыматтар купуя маалыматтардын категориясына кирет жана пенсия алуу укугун жана өлчөмүн аныктоо үчүн негиз болот ошондой эле пенсияларды чектөөдө, кайра эсептөөдө жана төлөп берүүдө колдонулат.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Социалдык фонд камсыздандырылган жарандардын жеке камсыздандыруу эсептериндеги пенсиянын топтоо бөлүгүнө милдеттүү камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоону жүзөгө ашырат. Топтомо каражаттар ай сайын эсептелген жана чегерилген, алынган инвестициялык кирешени эске алып жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн онунчу абзацын колдонуудагы редакцияда калтыруу сунушталууда.
3. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 24-беренелерин күчүн жоготту деп таануу сунушталууда.
Ошону менен бирге мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда, ага ылайык салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу, салык жана бажы саясатын жүргүзүү боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча саясатты жөнгө салуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда.
Мындан сырткары мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 4-бөлүгү менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 24-беренелеринин ченемдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде кароо сунушталууда.
Ошону менен бирге мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси менен сунушталган өзгөртүүлөр аталган Кодекстин укуктук жөнгө салуунун предмети болуп саналбай тургандыгын белгилөө абзел. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздери "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Ошону менен бирге "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу, камсыздандыруу салымдарын жыйноо, камсыздандыруу салымдарын эсептөөнү жана төлөөнү контролдоону жүзөгө ашыруу, ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы экендигин белгилөө зарыл.
Ошондой эле "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияларды жана жөлөкпулдарды чектөө жана төлөп берүү боюнча функциялар Социалдык фонддо сакталаарын белгилөө керек.
Мындан сырткары мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексин жаңы редакциядагы 40-1-берене менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү дегенде милдеттүү социалдык камсыздандыруунун тийиштүү түрү боюнча камсыздандырууну алууга камсыздандырылган адамдардын укуктарын ишке ашырууну финансылык камсыздоо максатында уюмдардан жана жеке адамдардан алынган милдеттүү пенсиялык камсыздандырууга, убактылуу жумушка жөндөмсүздүк жана энеликке байланыштуу учурларда милдеттүү медициналык камсыздандырууга милдеттүү төлөмдөрдү түшүнөбүз.
Ошону менен бирге "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик социалдык эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун, майыптыгынын, карыгандыгынын, баккан адамынан айрылгандыгынын жана анын өлүмүнүн натыйжасында камсыздандырылган адамдар өздөрүнүн иштеп тапканын же кирешесин жоготкон учурда жумуш берүүчүлөр менен жарандардын милдеттүү камсыздандыруу салымдарынын эсебинен камсыз кылуунун мамлекет тарабынан кепилденген түрлөрүнүн системасы болуп эсептелерин белгилеп кетмекчибиз. Камсыздандыруу салымы - камсыздандыруучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу үчүн камсыздоочуга төгүп берүүгө милдеттүү болгон акы. Пенсиялар, жөлөкпулдар камсыздоочунун каражаттарынан төлөнөт.
Убактылуу жумушка жөндөмсүздүк жана энеликке байланыштуу милдеттүү социалдык камсыздандыруу бүгүнкү күндө милдеттүү социалдык камсыздандыруунун түрү катары каралган эмес, камсыздандыруу мүнөзүндө эмес, анткени убактылуу жумушка жөндөмсүздүк жана энеликке байланыштуу учурлар боюнча жөлөкпулдар иш берүүчүнүн жеке каражаттарынан жана республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылана тургандыгын белгилөө зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун аталган ченеми кабыл алынса иш берүүчүнүн жана кызматкердин каражаттарынын эсебинен милдеттүү социалдык камсыздандыруу фондун түзүү жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын жогорулатуу зарылдыгы келип чыгат, бул бизнес коомчулугунун нааразычылыгына алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары төлөөчүлөр категориялары боюнча, туумдардын, финансылык санкциялардын өлчөмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинен айырмаланган ченемдерди камтыйт, мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда бир катар ченемдерди, ошондой эле салык кызматында болгон маалыматтык системаны колдонууга жараксыз болуп калат, натыйжада аларды практикада колдонууда кыйынчылыктар пайда болот.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу аталган Мыйзамдын 22-беренесинин 3-пунктуна камсыздандыруу салымдарын төлөөчүлөр ыйгарым укуктуу органга эсептешүү ведомостун көрсөтүү жөнүндө ченемди белгилөө бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү менен "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22 жана 24-беренелерин колдонуудагы редакцияда калтырууну сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Социалдык фонд Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну жүзөгө ашырган, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу тутумунун өз алдынча башкаруу принцибинде иштеген аткаруучу орган болуп саналат.
Аталган Мыйзамдын 2-беренесине ылайык Социалдык фонд Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактарды эсепке алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн бардык категориялары боюнча маалыматтар банкын жүргүзүүнү; камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоону жана өз учурунда Пенсиялык фондго, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фондго, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна өткөрүп берүү функцияларын аткарат.
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Социалдык фонддун акчалай каражаттары мамлекеттик бюджеттин курамына кирбейт, алынып коюлбайт жана салык, салыктык эмес төлөмдөр жана комиссиялык жыйымдар салынбайт. Социалдык фонд өзүнө таандык болгон акчалай каражаттарга өз алдынча ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо функцияларын Социалдык фондго калтыруу максатка ылайыктуу, ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн "а" пунктчасындагы "жыйноо жана" деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунун 3-беренеси менен сунушталып Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана башкаруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын карамагына өткөрүп берүү менен байланышкан максаттарга жетүүдө жетишсиз болуп санала тургандыгын белгилейбиз.
Мында камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноону башкаруу боюнча функциялар салык кызматынын органдарынын карамагына өткөрүлүп берилээрин эске алып, салык кызматынын органдары тарабынан салык жана камсыздандыруу текшерүүлөрүн башкаруу боюнча төмөнкүдөй жол-жоболук маселелерди шайкеш келтирүү зарыл:
- текшерүүгө бирдиктүү жазма буйрукту алуу, ошондой эле текшерүүнүн башталышынын даталары боюнча айкалышуусу, текшерүүлөрдүн мезгили, текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жыштыгы жана текшерүүлөрдүн бирдиктүү актысын түзүү боюнча;
- салык төлөмдөрүнүн жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толук эмес жана кечиктирип которулушу үчүн айып санкцияларын колдонуу боюнча;
- салык төлөөчүлөр жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү текшерүүлөрдүн санын азайтууну жана башкарууну жеңилдетүүнү камсыз кылуу үчүн отчетторду берүү боюнча;
- уюмдар кайра уюштурулганда же төлөөгө жөндөмсүз болгондо, жоюлганда, банкрот болгондо карыздарды жоюу боюнча;
- өнбөс беренелер боюнча карыздарды эсептен чыгаруу, милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу ыкмалары боюнча;
- милдеттенмелердин аткарылышынын мөөнөтүн узартуу, жылдыруу;
- камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартиби жана мөөнөттөрү бузулгандыгы жөнүндө салык органынын чечимдерин чыгаруу;
- салык органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге даттануу жол-жоболорунун тартибин белгилөө.
Социалдык чегерүүлөр маселелери боюнча текшерүүлөр "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында жүргүзүлөт, ага ылайык текшерүүлөрдү дайындоонун, жүргүзүүнүн жана аяктоонун тартиби салык мыйзамдарынын талаптарынан, анын ичинде текшерүүлөрдүн түрлөрү, аны жүргүзүүнүн, пландоонун мөөнөттөрү жана негиздери боюнча олуттуу айырмаланат.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү караштырган ченемдерди шайкеш келтирүү боюнча аталган мыйзамдын долбоорун жеткире иштеп чыгууну сунуштайт:
- салык кызматынын органдары тарабынан салык жана камсыздандыруу текшерүүлөрүн башкаруу боюнча укуктук ченемдердин шайкештигин;
- уюмдар кайра уюштурулганда же төлөөгө жөндөмсүз болгондо, жоюлганда, банкрот болгондо карыздардын жоюлушун, өнбөс береселер боюнча карыздардын эсептен чыгарылышын;
- салык милдеттенмелеринин жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу ыкмалары;
- телефондук жана электрондук маалымдоо, ошондой эле салык кызматынын органдары тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноону башкарууда салык кызматынын органдарынын Социалдык фонд органдары менен өз ара аракеттенүүнүн электрондук ыкмаларын регламенттөө технологияларын киргизүү;
- камсыздандыруу төгүмдөрүнүн туура эсептелишине, өз убагында төлөнүшүнө жана которулушуна жоопкерчиликти караган "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин шайкештиги;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо функцияларын салык кызматынын органдарына өткөрүп берүүдө төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чоңдугу жөнүндө маалымдардын тактыгын текшерүү (биргелешип салыштыруу).
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин экинчи абзацы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирүү тапшырмасы берилүүдө.
Ушуга байланыштуу бул мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын, анын ичинде коомдук талкуулоо, тийиштүү мамлекеттик органдар жана уюмдар менен макулдашуу жол-жобосун эске алуу менен өзүнүн чечимдерин кабыл алынган Мыйзамдын ченемдерине шайкеш келтирүүгө белгилүү бир убакыт талап кылынарын белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталууда:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.".
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда баяндалган сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.