Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры № 637
"Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Аксай айыл аймагынын Миң-Булак айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш айылы деп аталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа айылы деп аталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун айылы деп аталсын.
9-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий айылы деп аталсын.
10-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы айылы деп аталсын.
11-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз айылы деп аталсын.
12-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак айылы деп аталсын.
13-берене.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой айылы деп аталсын.
14-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал айылы деп аталсын.
15-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият айылы деп аталсын.
16-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад айылы деп аталсын.
17-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак айылы деп аталсын.
18-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой айылы деп аталсын.
19-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө айылы деп аталсын.
20-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагымын Жаш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш айылы деп аталсын.
21-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Таш-Булак айылы деп аталсын.
22-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон айылы деп аталсын.
23-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон айылы деп аталсын.
24-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо айылы деп аталсын.
25-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман айылы деп аталсын.
26-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Он Эки-Мойнок калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Он Эки-Мойнок айылы ден аталсын.
27-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Өрнөк калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Өрнөк айылы деп аталсын.
28-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек айылы деп аталсын.
29-берене.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак айылы деп аталсын.
30-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш айылы деп аталсын.
31-берене.
Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш айылы деп аталсын.
32-берене.
Жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун, Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий, Оро-Башы, Тармал-Саз, Узун-Булак, Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой, Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал, Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият жана Пахта-Абад, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак, Бөрү-Токой, Желе-Дөбө, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш жана Таш-Булак, Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон, Бостон, Чоң-Кыштоо, Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман, Он Эки-Мойнок жана Өрнөк, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш жана Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш айылдарынын чек араларынын баяндалышы бекитилсин.
33-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-декабрындагы № 637 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун, Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий, Оро-Башы, Тармал-Саз, Узун-Булак, Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой, Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал, Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият жана Пахта-Абад, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак, Бөрү-Токой, Желе-Дөбө, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш жана Таш-Булак, Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон, Бостон, Чоң-Кыштоо, Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман, Он Эки-Мойнок жана Өрнөк, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш жана Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конуштары айыл болуп эсептелбейт. Бул калктуу конуштарда жашаган жарандарды каттоону камсыздоо, статистикалык маалыматтарды тактоо сыяктуу маселелерди чечүү үчүн аталган калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү зарыл.
Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак калктуу конушу райондун борборунан 27 км жана айыл аймагынын борборунан 28 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 66,8 га. Калктуу конушта 148 кожолукта 585 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 башталгыч мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 мечит.
Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк калктуу конушу райондун борборунан 28 км жана айыл аймагынын борборунан 35 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 56,3 га.
Калктуу конушта 147 кожолукта 725 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 бала бакча.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт калктуу конушу райондун борборунан 57 км жана айыл аймагынын борборунан 3 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 90 га. Калктуу конушта 120 кожолукта 620 киши жашайт. Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө калктуу конушу райондун борборунан 16 км жана айыл аймагынын борборунан 10 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 251,0 га. Калктуу конушта 240 кожолукта 1440 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Кудук калктуу конушу райондун борборунан 22 км жана айыл аймагынын борборунан 14 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 171,4 га. Калктуу конушта 150 кожолукта 900 киши жашайт. Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Өндүрүш калктуу конушу райондун борборунан 26 км жана айыл аймагынын борборунан 19 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 59,7 га. Калктуу конушта 120 кожолукта 720 киши жашайт, 1 фельдшердик-акушердик пункт бар.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Сары-Талаа калктуу конушу райондун борборунан 33 км жана айыл аймагынын борборунан 24 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 69,8 га. Калктуу конушта 60 кожолукта 360 киши жашайт, азыркы учурда социалдык объекттер жок.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун калктуу конушу райондун борборунан 9 км жана айыл аймагынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 193,4 га. Калктуу конушта 378 кожолукта 1250 киши жашайт. Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 китепкана.
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий калктуу конушу райондун борборунан 35 км, айыл аймагынын борборунан 13 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 53,3 га. Калктуу конушта 69 кожолукта 128 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт.
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Оро-Башы калктуу конушу райондун борборунан 35 км, айыл аймагынын борборунан 9 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 117,2 га. Калктуу конушта 113 кожолукта 659 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 орто мектеп;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт.
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Тармал-Саз калктуу конушу райондун борборунан 25 км, айыл аймагынын борборунан 35 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 18,2 га. Калктуу конушта 25 кожолукта 120 киши жашайт. Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Узун-Булак калктуу конушу райондун борборунан 50 км, айыл аймагынын борборунан 25 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 24,9 га. Калктуу конушта 23 кожолукта 127 киши жашайт Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Нарын облусунун Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой калктуу конушу райондун борборунан 75 км, айыл аймагынын борборунан 4,5 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 66,3 га. Калктуу конушта 40 кожолукта 131 киши жашайт. Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал калктуу конушу райондун борборунан 20 км, айыл аймагынын борборунан 9 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 128,5 га. Калктуу конушта 250 кожолукта 701 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт.
Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият калктуу конушу райондун борборунан 5 км, айыл аймагынын борборунан 7 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 85,49 га. Калктуу конушта 300 кожолукта 1500 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт;
- 1 маданият үйү.
Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Пахта-Абад калктуу конушу райондун борборунан 4 км, айыл аймагынын борборунан 3 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 89,2 га. Калктуу конушта 230 кожолукта 1580 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт бар.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак калктуу конушу райондун борборунан 117 км, айыл аймагынын борборунан 7 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 40,8 га. Калктуу конушта 28 кожолукта 140 киши жашайт. Калктуу конушта социалдык объекттер жок.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Бөрү-Токой калктуу конушу райондун борборунан 110 км, айыл аймагынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 33,7 га. Калктуу конушта 31 кожолукта 156 киши жашайт, бир башталгыч мектеп бар.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Желе-Дөбө калктуу конушу райондун борборунан 115 км, айыл аймагынын борборунан 8 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 20,3 га. Калктуу конушта 50 кожолукта 343 киши жашайт, азыркы учурда социалдык объекттер жок.
Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш калктуу конушу райондун борборунан 15 км, айыл аймагынын борборунан 3 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 115,1 га. Калктуу конушта 201 кожолукта 1857 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 1 бала бакча;
- 1 мечит.
Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Таш-Булак калктуу конушу райондун борборунан 30 км, айыл аймагынын борборунан 15 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 86,7 га. Калктуу конушта 172 кожолукта 960 киши жашайт. Калктуу конушта 1 мечит бар.
Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон калктуу конушу райондун борборунан 5 км, айыл аймагынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 143 га. Калктуу конушта 400 кожолукта 2500 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 2 жалпы билим берүү мектеби;
- 3 мечит.
Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Бостон калктуу конушу райондун борборунан 3 км, айыл аймагынын борборунан 3 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 280,6 га. Калктуу конушта 1010 кожолукта 5400 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 1 мечит.
Ош облусунун Ноокат районунун Гүлстан айыл аймагынын Чоң-Кыштоо калктуу конушу райондун борборунан 30 км, айыл аймагынын борборунан 30 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 63,4 га. Калктуу конушта 60 кожолукта 600 киши жашайт. Калктуу конушта 1 мечит бар.
Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман калктуу конушу райондун борборунан 35 км, айыл аймагынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 131,9 га. Калктуу конушта 250 кожолукта 1797 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 2 мечит;
- 2 дүкөн;
- 2 тегирмен;
- 1 май чыгаруучу цех;
- 1 автомектеп.
Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Он Эки-Мойнок калктуу конушу райондун борборунан 35 км, айыл аймагынын борборунан 5 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 88,9 га. Калктуу конушта 200 кожолукта 1382 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 1 мечит;
- 1 май чыгаруучу цех.
Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын Өрнөк калктуу конушу райондун борборунан 40 км, айыл аймагынын борборунан 10 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 114,6 га. Калктуу конушта 275 кожолукта 1500 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 2 мечит;
- 1 май чыгаруучу цех.
Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек калктуу конушу райондун борборунан 7 км, айыл аймагынын борборунан 9 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 67,7 га. Калктуу конушта 560 кожолукта 2608 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 жалпы билим берүү мектеби;
- 1 бала бакча;
- 1 фельдшердик-акушердик пункт бар.
Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак калктуу конушу райондун борборунан 15 км, айыл аймагынын борборунан 3 км алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 87,5 га. Калктуу конушта 278 кожолукта 940 киши жашайт, социалдык объекттер жок.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш калктуу конушу райондун борборунан 15 км, айыл аймагынын борборунан 3 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 173 га. Калктуу конушта 133 кожолукта 527 киши жашайт.
Калктуу конушта төмөнкүлөр бар:
- 1 башталгыч мектеп;
- 2 дүкөн.
Талас облусунун Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушу райондун борборунан 9 км, айыл аймагынын борборунан 12 км алыстыкта жайгашкан, жалпы аянты 65,9 га. Калктуу конушта 84 кожолукта 288 киши жашайт, социалдык объекттер жок.
Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү жөнүндө маселе "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомунда каралган эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык иштелип чыккан, аталган Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен жактырылган.
Бул калктуу конуштар "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл статусун алуу үчүн бардык зарыл болгон критерийлерге туура келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана калктуу конуштардын жашоочуларынын жыйналыштарынын, тиешелүү жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чечимдерин көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк, Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Жаңы-Сырт, Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө, Кудук, Өндүрүш, Сары-Талаа жана Учкун, Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айыл аймагынын Ак-Чий, Оро-Башы, Тармал-Саз, Узун-Булак, Нарын районунун Сары-Ой айыл аймагынын Сары-Ой, Ош облусунун Алай районунун Корул айыл аймагынын Арал, Араван районунун Алля Анаров айыл аймагынын Маданият жана Пахта-Абад, Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын Ара-Булак, Бөрү-Токой, Желе-Дөбө, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Жаш жана Таш-Булак, Гүлстан айыл аймагынын Беш-Коргон, Бостон, Чоң-Кыштоо, Он Эки-Бел айыл аймагынын Мырза-Найман, Он Эки-Мойнок жана Өрнөк, Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын Кашка-Терек жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш жана Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүүгө болот деп эсептейт.