Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 436 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме | ||
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 17 токтомуна) |
Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр) (мындан ары - башкы тескөөчүлөр) тарабынан программалык негизде бюджетти аткаруунун алкагында бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту (мындан ары - натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет) түзүү жана берүү процессин аныктайт.
2. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр профилдик, стратегиялык, экономикалык жана финансылык бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын өкүлдөрүнөн бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна (мындан ары - натыйжалуулук индикаторлору) ведомстволук мониторинг боюнча жумушчу топту (мындан ары - жумушчу топ) түзүшөт. Жумушчу топту статс-катчы жетектейт. Статс-катчынын кызмат орду түзүлбөгөн мамлекеттик органдарда жумушчу топту бул органдардын аппарат жетекчилери башкарат.
3. Башкы тескөөчүлөр отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жумушчу топ түзүү жөнүндө ведомстволук актынын көчүрмөсүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара байланышты жүргүзүүчү жооптуу кызматкердин байланышуу маалыматтарын жиберет.
4. Бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө маалымат башкы тескөөчү бекиткен Программалык бюджетти аткаруу боюнча иш-чаралар планына ылайык жарым жылдык жыйынтык боюнча учурдагы жылдын 10-августунан кечиктирилбестен, натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жылдык жыйынтыктар боюнча отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-мартынан кечиктирилбестен Коллегиянын жыйындарында же аппараттык жыйындарында каралат.
5. Башкы тескөөчүнүн аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү тийиштүү бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту ведомствонун программалык бюджетинде аныкталган башкы тескөөчүнүн программаларынын тиешелүү менеджерлерине беришет.
6. Бюджеттик программалардын менеджерлери тиешелүү бюджеттик программа боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту түзүшөт жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетту түзүү үчүн жооптуу башкы тескөөчүнүн түзүмдүк бөлүмүнө жылына эки жолу беришет:
- учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн - 5-августка чейинки мөөнөттө;
- отчеттук жыл үчүн - отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө.
Натыйжалуулук индикаторлоруна жетиштүү жөнүндө отчетторго Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган Бюджетти программалык негизде түзүү, кароо жана аткаруу тартибине ылайык бекитилген тиешелүү отчеттук мезгил үчүн программалык бюджетти аткаруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат тиркелет.
7. Башкы тескөөчүнүн натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту түзүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмү башкы тескөөчүнүн бюджеттик программаларынын менеджерлери тарабынан берилген натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду жалпылайт жана тиешелүү мезгил үчүн натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылына эки жолу берет:
- учурдагы жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн - 1-сентябрга чейинки мөөнөттө;
- отчеттук жыл үчүн - отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө. Отчетко тийиштүү отчеттук мезгил үчүн Программалык бюджетти аткаруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу жөнүндө жыйынды маалымат тиркелет.
8. Башкы тескөөчүлөр натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду ушул Тартиптин 1, 1-1, 1-2, 2 жана 3-тиркемелерине ылайык формалар боюнча түшүндүрмө жазуу менен түзүшөт. Аларды толтурууда электрондук таблицалардын шрифттеринин форматтарын өзгөртүүгө жол берилбейт.
9. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттор мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз түрүндө жана электрондук сактагычтарда берилет.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду 7 жумуш күндүн ичинде карайт жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык келбеген учурда толуктап иштеп чыгууга жиберет.
11. Башкы тескөөчү тиешелүү сын-пикирлерди жана сунуштарды алгандан кийин 7 жумуш күн ичинде натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторду толуктап иштеп чыгат жана толукталып иштелип чыккан натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
12. Берилген натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет боюнча суроолор болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башкы тескөөчүдөн бюджеттик программанын аткарылышын мониторингдөө жана талдоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты сурайт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча маалыматты башкы тескөөчү суроо-талап жиберилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде берет.
13. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттор башкы тескөөчүнүн расмий сайтында "Бюджеттик документтер" деген атайын бөлүгүндө жарыяланууга тийиш.
2-глава. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттун мазмуну
14. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчет төмөнкү элементтерди камтыйт:
1) бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча отчеттук мезгилде жетишилген натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанилери жөнүндө маалыматтар жана "Тиешелүү мезгилге карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган пландык/такталган маанилер менен натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанилерин ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык салыштыруу. Бюджеттик программалар жана/же бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанилери пландалган/такталган маанилерден четтеген учурда башкы тескөөчү ушул Тартиптин 1-1-тиркемесине ылайык формада мындай четтөөлөрдүн объективдүү/субъективдүү себептеринин тизмесин жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетко карата түшүндүрмө жазууда объективдүү (башкы тескөөчүдөн көз карандысыз) жана субъективдүү (башкы тескөөчүдөн көз каранды) себептерин деталдуу аргументтеген негиздемени берүүгө милдеттүү;
2) бюджеттик программаларды жана бюджеттик чараларды аткарууга иш жүзүндөгү чыгымдар жөнүндө маалыматтар жана аларды "Тиешелүү мезгилге карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган пландык/такталган маанилер менен ушул Тартиптин 1-тиркемесине жана 1-2-тиркемесине ылайык форма боюнча салыштыруу. Кайсы бир бюджеттик программалар жана/же бюджеттик чаралар боюнча каржылоонун иш жүзүндөгү көлөмдөрү пландан бир кыйла четтеген учурда башкы тескөөчү натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетуна түшүндүрмө жазууда мындай четтөөлөрдүн себептерин негиздейт;
3) натыйжалуулук индикаторлоруна жетиштүү жөнүндө отчетко карата түшүндүрмө жазуу;
4) бюджеттик программалардын/чаралардын ар бир натыйжалуулук индикатору боюнча өзүнчө эсептөөлөр;
5) тиешелүү отчеттук мезгил үчүн программалык бюджетти аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат, ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча.
15. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетко карата түшүндүрмө жазууда төмөнкүлөр берилет:
- сектордун учурдагы абалы жөнүндө маалымат;
- программалык бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө баяндама маалымат жана бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторуна жетишүү жөнүндө маалымат;
- натыйжалуулук индикаторунун максаттуу маанилерин аткаруунун натыйжасында жетишилген натыйжаларга талдоо;
- бюджеттик программалар жана/же бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторунун иш жүзүндөгү маанилеринин пландалган/такталган маанилерден четтөөсүнө таасир берген себептерге талдоо;
- финансылык эмес активдердеги өзгөрүүлөр;
- программаны колдонуу багытталган максаттуу топторго жүргүзүлгөн мамлекеттик саясатты талдоо;
- пландалган/такталган маанилерден конкреттүү бюджеттик программалар жана/же бюджеттик чаралар боюнча иш жүзүндөгү каржылоонун көлөмүндөгү четтөөлөрдү талдоо;
- экономикалык натыйжалуулуктун эсептөөлөрү жана динамикасы, муну менен отчеттук мезгил ичиндеги натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанисинин ага жетүүгө жумшалган иш жүзүндөгү чыгымдар менен катышы түшүнүлөт. Өткөн мезгилдер үчүн маалыматтар болгон учурда отчеттук маалыматтар өткөн мезгилдеги маанилер менен салыштырылат, маалыматтардын динамикасына талдоо жасалат;
- социалдык натыйжалуулуктун эсептөөлөрү жана динамикасы, муну менен отчеттук мезгил ичиндеги натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанисинин бюджеттик программаны ишке ашырууга жумшалган иш жүзүндөгү чыгымдар менен катышы түшүнүлөт. Өткөн мезгилдер үчүн маалыматтар болгон учурда отчеттук маалыматтар өткөн мезгилдеги маанилер менен салыштырылат, маалыматтардын динамикасына талдоо жасалат;
- экологиялык натыйжалуулуктун эсептөөлөрү жана динамикасы, муну менен отчеттук мезгил ичиндеги натыйжалуулук индикаторлорунун иш жүзүндөгү маанисинин бюджеттик программаны ишке ашырууга жумшалган иш жүзүндөгү чыгымдар менен катышы түшүнүлөт. Өткөн мезгилдер үчүн маалыматтар болгон учурда отчеттук маалыматтар өткөн мезгилдеги маанилер менен салыштырылат, маалыматтардын динамикасына талдоо жасалат.
16. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетко түшүндүрмө жазууда төмөнкүдөй кырдаалдар пайда болсо башкы тескөөчү аларга кеңири түшүндүрмө берет:
- бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун пландык маанилерине жетишилген, ал эми тийиштүү бюджеттик программанын бардык же бир нече бюджеттик чаралары боюнча жетишилбеген кырдаалдарды, ошондой эле бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун пландык маанилерине жетишилбеген, ал эми аларга тийиштүү бюджеттик чаралар боюнча жетишилген кырдаалдарга негиздеме;
- бир бюджеттик программа боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун пландык маанилери бир кыйла аткарылбаган жана бир бюджеттик программанын ичиндеги башка бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун пландык маанилери ашык аткарылгандыгы байкалган кырдаалдарга негиздеме;
- натыйжалуулуктун көпчүлүк индикаторлорунун пландык маанилери бир кыйла ашык аткарылган кырдаалдарга негиздеме.
17. Натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетко түшүндүрмө жазууда натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү үчүн ар бир бюджеттик чара боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү даражасынын жалпы бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүүгө, сектордогу/тармактагы абалга тийгизген иш жүзүндөгү таасирине талдоо жасалат.
18. Бул Тартиптин 15-пунктунда саналган жогоруда аталган факторлорду талдоонун натыйжасы боюнча башкы тескөөчү натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчеттун түшүндүрмөсүндө чыгымдардын ошол эле көлөмдөрү менен мамлекеттик каражаттарды үнөмдөөгө же тиешелүү бюджеттик программалар/чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине көбүрөөк жетишүүгө багытталган төмөнкүдөй сунуштарды берүүгө тийиш:
1) бюджеттик чараларды жана натыйжалуулук индикаторлорун түзөтүү боюнча сунуштар, тиешелүү негиздемелер менен бюджеттик программаларды/чараларды токтотуу же жаңыларын демилгелөө;
2) бюджеттик ассигнованиелерди айрым бюджеттик чаралардын жана алдыдагы мезгилге карата бюджеттик программалардын ортосунда өзгөртүү/кайра бөлүштүрүү боюнча сунуштар, пландалып жаткан натыйжаны негиздөө менен;
3) иштин натыйжаларын эсепке алуу менен ассигнованиелерди ведомстволук уюмдардын ортосунда бөлүштүрүүнүн колдонуудагы принциптерин талдоонун негизинде, ассигнованиелерди ведомстволук уюмдардын ортосунда бөлүштүрүү/кайра бөлүштүрүү боюнча сунуштар;
4) түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун контролдоонун жана пландалган натыйжаларга жетишүүнү контролдоонун негизинде бюджеттик чыгымдарды мониторингдөө механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштар;
5) башкы тескөөчүнүн максаттарына жана милдеттерине ылайык келтирүү, ички ведомстволук координациялоону, маалыматтык агымдардын түзүмүн жана чечимдерди кабыл алуу механизмин жакшыртуу максатында башкы тескөөчүнүн уюштуруу түзүмүн, штаттык санын өзгөртүү боюнча сунуштар, бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын аткарылышы жана натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү үчүн жеке жоопкерчиликти киргизүү менен;
6) айрым бюджеттик чыгымдардын үнөмдүүлүгүн, анын ичинде ведомстволук мекемелерде үнөмдүүлүктү жогорулатуу боюнча иш-чаралар:
- энергияны жана ресурстарды үнөмдөө боюнча иш-чаралар;
- стратегиялык пландоо механизмдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар;
- маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча иш-чаралар;
- адам ресурстарын башкаруу механизмдерин өркүндөтүү боюнча иш-чаралар;
- мамлекеттик финансыны жана мамлекеттик сатып алууларды башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча сунуштар;
- натыйжалуулук индикаторлорунун маанилерин жыйноону жакшыртуу, анын ичинде мамлекеттик статистикалык орган тарабынан кошумча көрсөткүчтөрдү жыйноону уюштуруу, ошондой эле натыйжалуулук индикаторлорунун маанилерин топтоону автоматташтыруу боюнча сунуштар.
19. Натыйжалуулук индикаторлорун эсептөө методикасы жана натыйжалуулуктун ар бир индикатору боюнча маалымат булактары ушул Тартиптин 2-тиркемесинде берилген форма боюнча чагылдырылат. Форма башкы тескөөчүнүн бюджеттик программаны/чараны ишке ашыруу үчүн жооптуу болгон, ошол натыйжалуулук индикатору тийиштүү түзүмдүк же ведомстволук бөлүмү тарабынан толтурулат. Анан форма талкуулоо жана добуш берүү үчүн жумушчу топко берилет.
20. Натыйжалуулук индикаторлорун эсептөө методикасы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- натыйжалуулук индикаторунун аталышы (кыска, так жана түшүнүүгө оңой);
- индикаторду өлчөө бирдиги;
- индикаторго аныктама (индикатордун мазмунунун кыскача мүнөздөмөсү);
- индикаторлордун маанилерин топтоо үчүн маалымат булагы (мезгилдүү отчет, каттоо, бир жолку изилдөө, бухгалтердик отчет, финансылык отчет, социологиялык сурамжылоо, ведомстволук маалымат ж.б.);
- маалыматты, отчетту алуу методу (процесстин ырааттуулугуна жана маалыматты топтоо өзгөчөлүгүнө кыскача баяндама);
- натыйжалуулук индикаторун эсептөөнүн формуласы;
- объект/максаттуу топ жана байкоого алынуучу бирдик.
3-глава. Натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетүү жоопкерчилиги
21. Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү, системалуу мониторинг жүргүзүү, бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү боюнча отчетторду өз учурунда, туура жана сапаттуу берүү жоопкерчилиги башкы тескөөчүнүн/тескөөчүнүн жетекчисине жүктөлөт.
22. Башкы тескөөчүлөр натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту бербеген жана/же сапатсыз берген учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик мыйзамды бузгандыгы үчүн башкы тескөөчүлөрдүн жетекчилерине тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө жогору турган тиешелүү мамлекеттик органга сунуш киргизүүгө укуктуу.
23. Башкы тескөөчүлөр өз ыйгарым укуктарынын чегинде мониторингдин жана талдоонун негизинде натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу маанилерине жетүү боюнча өз учурунда чара көрүшөт.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган натыйжалуулук индикаторуна жетишүүгө мониторингин жасайт, башкы тескөөчүлөр берген натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетторго жана башка коштолуучу маалыматтарга талдоо жүргүзөт, бюджеттик программаларды/чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынтык корутундуну түзөт.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык башкы тескөөчүлөр боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө жыйынды маалыматты түзөт. Жыйынды маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилет жана республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу тиешелүү отчеттордо чагылдырылат.
26. Бюджеттик программаларды/чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынтыктоочу корутунду учурдагы бюджеттик мезгилдин бюджетине өзгөртүүлөрдү, кезектеги бюджеттик жылдын жана кийинки эки болжолдонуучу жылдын бюджеттеринин долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизүү жөнүндө, анын ичинде тиешелүү бюджеттик программаларды ишке ашырууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн негиз болот.
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзүлгөн мониторингдин жана натыйжалуулук индикаторуна жетишүүнү талдоонун жыйынтыгында өз ыйгарым укуктарынын чегинде бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өз учурунда чараларды көрөт.
"УМББ" эскертүүсү:
Берилген Тартиптин расмий текстинде 14-п. баштап пункттардын нумерация бузулган.
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн тартибине 1-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын, бюджеттик чаралардын жана жумшалган чыгымдардын натыйжалуулук индикаторлорунун пландык/такталган маанилерине жетишүү жөнүндө ОТЧЕТ
Министрлик/ведомство (бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн/тескөөчүлөрдүн толук аталышы) _____________________________________________________________
Бюджеттик программалар/ Бюджеттик чаралар | Жооптуу бөлүм | Натыйжалуулук индикаторунун аталышы | Өлчөө бирдиги | Натыйжалуулук индикаторлорунун мааниси | Каржылоо (миң сом) |
| ||||||||
отчеттук өткөн жыл | Отчеттук мезгил | отчеттук өткөн жыл | Отчеттук мезгил |
| ||||||||||
X-1 | x | X-1 | X |
| ||||||||||
план | такт. | факт | факт/ такт. (%) | план | такт. | факт | факт/ такт. (сом.) | факт/ такт. (%) | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||
1-программа. Программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.1. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.3. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2-программа. Программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.1. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.3. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Каржылоо БАРДЫГЫ: |
|
|
|
|
|
|
| |||||||
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн тартибине 1-1-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын/чаралардын натыйжалуулук индикаторлорунун пландык/такталган маанилеринен четтөөнүн себептери жөнүндө КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Министрлик/ведомство (башкы тескөөчүнүн/тескөөчүнүн толук аталышы) ____________________________________________________________________________
Бюджеттик программалар/ Бюджеттик чаралар | Натыйжалуулук индикаторунун аталышы | Өлчөө бирдиги | Натыйжалуулук индикаторлорунун мааниси | Натыйжалуулук индикаторлорунун пландык/такталган маанилеринен четтөөлөрдүн себептеринин кыскача негиздемеси | |||||
Отчеттук жылдан мурунку жыл | отчеттук мезгил | ||||||||
X-1 | x | ||||||||
план | такт. | факт | факт/ такт. (%) | субъективдүү себептердин тизмеси | объективдүү себептердин тизмеси | ||||
1 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
1-программа. Программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.1. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.3. Бюджеттик чаранын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Каржылоо БАРДЫГЫ: |
|
|
| ||||||
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн тартибине 1-2-тиркеме |
Форма
Код | Программанын аталышы | Бюджеттик каражаттар | Атайын эсепте топтолгон каражаттар | Бардыгы | |||||||||
анын ичинде: | анын ичинде: | ||||||||||||
план | такт. план | факт | четтөө. (%) | план | такт. план | факт | четтөө. (%) | план | такт. план | факт | четтөө. (%) | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 6 | 7 | 8 |
| (3+6) | (4+7) | (5+8) |
|
| Пландоо, башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттик чаралардын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
| 0,0 | 0,0 | 0,0 |
| 0,0 | 0,0 | 0,0 |
|
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн тартибине 2-тиркеме |
Форма
Бюджеттик программалардын жана бюджеттик чаралардын натыйжалуулук индикаторлорун ЭСЕПТӨӨ МЕТОДИКАСЫ
Башкы тескөөчүнүн аталышы ______________________________________________________________
Бюджеттик программанын/чаранын аталышы _________________________________________________
Натыйжалуулук индикаторунун аталышы _____________________________________________________
Өлчөө бирдиги |
|
Индикатордун аныктамасы | (Индикатордун мазмунуна мүнөздөмө) |
Индикатордун маанилерин жыйноо үчүн маалыматтар булагы(*) |
|
Маалыматты жыйноонун, отчеттун методу |
|
Натыйжалуулук индикаторун эсептөөнүн формуласы |
|
Объект/максаттуу топ жана байкоо бирдиги |
|
Эскертүү:
(*) Мезгилдүү отчет, каттоо, бир жолку изилдөө, бухгалтердик отчет, финансылык отчет, социологиялык сурамжылоо, ведомстволук маалымат, башкалар (кеңири көрсөтүү).
|
| Бюджеттик программалардын натыйжалуулук индикаторлоруна жетишүү жөнүндө отчетту берүүнүн тартибине 3-тиркеме |
Форма
Тиешелүү отчеттук мезгил үчүн программалык бюджетти аткаруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө МААЛЫМАТ
Бюджеттик программанын/ чаранын/иш-чаранын аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Кызматкерлердин саны | Каржылоо булактары | Каржылоо суммасы(*) | Жетишилген натыйжалар |
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
(*) Иш-чараларды аткаруу жооптуу аткаруучулардын кызматтык милдеттерине кирген учурда бул графада "Кызматтык милдеттердин алкагында" деп көрсөтүүгө жол берилет.