Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 16
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин аткаруу үчүн, Жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-февралындагы N 7 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтарынын ТИЗМЕСИ
№ | Кызматтын аталышы | Кызматтын арналышы | Кызматты түзүү базасы | Кызматтын жетекчилиги |
1 | Коомдук тартипти сактоо кызматы | Коомдук тартипти сактоо, өзгөчө мааниге ээ болгон объекттерди жана категорияланган объекттерди коргоо; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо; өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө калктын чыгымынын эсебин алуу | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызматтын штабынын начальниги - министрдин орун басары |
2 | Медициналык кызмат | Табигый кырсыктардын райондорунда, өндүрүштүк ири аварияларда жана катастрофаларда, катастрофалык суу каптоо жана согуш аракеттеринин зоналарында жабыр тарткан калкка адамдардын ден соолугун калыбына келтирүү, аларды эмгекке жарамдуу кылуу, майыптыкты жана өлүмдү азайтуу максатында медициналык жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтүү; Жарандык коргонуунун медициналык кызматынын түзүмдөрү жана мекемелери үчүн медициналык мүлктүн жана дары-дармектердин резервин түзүү боюнча жетекчилик кылуу; жалпыга таралуучу жугуштуу оорулардын пайда болушунун жана таралышынын алдын алууга багытталган санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү; калктын санитардык бейпилдигин камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын жагымсыз санитардык кесепеттерин жоюу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызматтын штабынын начальниги - министрдин орун басары |
3 | Транспорт кызматы | Аварияларда, катастрофаларда жана башка табигый кырсыктарда, ошондой эле согуштук аракеттер жүргөн учурда калкты бөлүп жайгаштыруу жана эвакуациялоо; транспорттун бардык түрлөрү менен ташуу (Жарандык коргонуу түзүмдөрүн ташуу, медициналык эвакуацияны камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн материалдарды ташып жеткирүү); эвакуациялык жолдордогу жүрүүнүн абалын жакшы кармоо, өткөрүү мүмкүндүгүн кеңейтүү; Жарандык коргонуу иш-чараларын өткөрүү үчүн пайдаланылуучу автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү оңдоо жана калыбына келтирүү | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызматтын штабынын начальниги - министрдин орун басары |
4 | Өсүмдүктөрдү жана суу ресурстарын коргоо кызматы | Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын шарттарында республикада өсүмдүктөрдү, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн объекттеринде өсүмдүк өстүрүүнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана өткөрүүнү жетектөө; республикада өзгөчө кырдаалдардын коркунучундагы жана келип чыгуусундагы кырдаалды болжолдоо жана алардын фитосанитардык жагдайга тийгизген таасири. Керектөөчүлөргө суу берүү боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштуруу жана контролдоо, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын шарттарында гидротехникалык курулмалардын коопсуздугун камсыздоо | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызматтын штабынын начальниги - министрдин орун басары |
5 | Жаныбарларды коргоо кызматы | Мал чарбасында эпизоотиялык бейпилдикти жана жаныбарлардан алынган азыктардын коопсуздугун камсыздоо; согуш жана тынчтык мезгилинде эт, эт азыктарын, сүт, сүт азыктарын жана жаныбарлардан алынган азыктарды, ошондой эле тоют, тоют кошулмаларын, өндүрүүчү, сактоочу жана сатуучу мекемелерде айыл чарба жаныбарларын коргоо иш-чараларын жүргүзүү жолу менен ветеринардык-санитардык көзөмөлдөө; өзгөчө кырдаалдарда ветеринардык чалгындоо, тазалоо, жабыр тарткан жаныбарларды дарылоо, мал чарба азыктарын жугушсуздандыруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | Кызматтын начальниги - директор кызматтын штабынын начальниги - директордун орун басары |
6 | Социалдык коргоо кызматы | Өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча ыкчам иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү. Жабыр тарткан адамдардын тизмесин тактоо боюнча иштерге катышуу. Жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо жана аларды социалдык жактан коштоо. Жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жана балдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик социалдык жардам жана ыкчам социалдык жардам берүү боюнча чараларды көрүү. Гуманитардык жардамды кабыл алуунун тартибин жана бөлүштүрүүнү эсепке алууну координациялоо | Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги | Кызматтын начальниги - министр, кызматтын штабынын начальниги - министрдин орун басары |
7 | Энергия менен жабдуу жана жарыкты чүмбөттөө кызматы | Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө Жарандык коргонуунун иш-чараларын энергия менен камсыздоо; согуш мезгилинде республиканын аймактарында жарыкты чүмбөттөө иш-чараларын өткөрүүнү уюштуруу жана контролдоо. Жарандык коргонуунун иш-чараларын өткөрүүдө ведомствого караштуу аймактарда оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшөт | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети; "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК; "Электр станциялар" ААК; "Түндүк электр" ААК; "Чыгыш электр" ААК; "Жалал-Абад электр" ААК; "Ош электр" ААК; "Чакан ГЭС" ААК | Кызматтын начальниги - төрага, кызматтын штабынын начальниги - "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын башкармалыгынын төрагасы |
8 | Кабарлоо жана байланыш кызматы | Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн байланыштын бардык түрлөрү менен камсыздоо, кабарлоо жана башкаруу сигналдарын берүүнү техникалык камсыздоо, кабарлоо жана байланыш системаларын эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү уюштуруу, байланыш жана кабарлоо системаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети | Кызматтын начальниги - төрага, кызматтын штабынын начальниги - төраганын орун басары |
9 | Радиациялык-химиялык коргоо кызматы | Айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылышты пайдалануу жана экологиялык коопсуздук, анын ичинде химиялык, биологиялык жана радиациялык коопсуздук чөйрөсүн жөнгө салуу. Калкка, аймактарга жана объектилерге радиоактивдүү жана химиялык заттардын таасирин токтотуу же азайтуу, катуу таасир берүүчү уулуу заттар менен уулануу очогун жоюу иштерин уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Кызматтын начальниги - директор, кызматтын штабынын начальниги - директордун орун басары |
10 | Инженердик кызмат | Бузулган жерлерди жана анын очокторун инженердик чалгындоо; эвакуациялык пункттарды, эвакуацияланган калкты жайгаштыруу жана көчүрүү пункттарын жана Жарандык коргонуу күчтөрү жайгашкан райондорду инженердик жабдуу; бузулуу очокторунда, авариялардын, катастрофалардын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткарууда Жарандык коргонуу күчтөрүнүн аракеттерин инженердик камсыздоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | Кызматтын начальниги - директор, кызматтын штабынын начальниги - директордун орун басары |
11 | Материалдык баалуулуктарды топтоо, сактоо жана чыгаруу кызматы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмалардын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө жана согуштук абалды киргизген, мобилизациялоо учурларындагы же согуш убагындагы мобилизациялык тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону, жаңылоону жана чыгарууну уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду | Кызматтын начальниги - төрага, кызматтын штабынын начальниги - төраганын орун басары |
12 | Коммуналдык-техникалык кызмат | Коммуналдык-техникалык тармактардын туруктуулугу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды пландоо жана аткаруу, Жарандык коргонуунун жарандык уюмдарын даярдоо жана коммуналдык тармактарда кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети. "Кыргызжылуулукэнерго" МИ | Кызматтын начальниги - төрага, кызматтын штабынын начальниги - "Кыргызжылуулукэнерго" МИ башкы директору |