Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-январы № 8
Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу кызмат ордуна талапкерлерди тандоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 9-ноябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу жөнүндө жободо:
- 1.3-пунктунда:
экинчи абзацындагы "консулдук округдун" деген сөздөр "келген мамлекеттин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "65" деген цифралар "75" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 2.2-пунктунун төртүнчү абзацындагы "консулдук патентти" деген сөздөр "ыйгарым укуктарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2.4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-январындагы N 3 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |