Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү аныктайт.
2. Ушул Жобо эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларына таралат.
3. Токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараны токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Консультациялык-координациялык кеңеш менен бирге ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Консультациялык-координациялык кеңеш жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Консультациялык-координациялык кеңештин чечими сунуштама мүнөзүндө болот.
2. Максаттары жана милдеттери
6. Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын аймактарында токойлорду башкаруунун жаңы ыкмаларынын практикалык тажрыйбасын эске алуу менен токой тармагын акырындап реформалоонун ыкмаларын жана багыттарын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын токой тармагынын узак мөөнөттүү туруктуу иштөөсүн башкаруудагы жана уюштуруудагы жаңы ыкмаларды киргизүү.
7. Жогоруда аталган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын токой секторундагы азыркы учурдагы кырдаалды талдоо жана ага баа берүү;
- токой жана чектеш мыйзамдарды жакшыртуу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- токойлорду жана персоналды туруктуу башкарууну финансылоо үчүн эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларына каражаттарды бөлүштүрүүдөгү жана пайдалануудагы ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү аркылуу токой чарбасын финансылык башкаруудагы жаңы ыкмаларды сыноо жана киргизүү;
- токой чарбаларынын чарбалык жана контролдук жөнгө салуучу функцияларын бөлүштүрүү жолу менен токой чарбасын башкаруудагы азыркы менеджментти киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын чарбалык ишин жүргүзүүнүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жекече өнөктөштүктүн принциптерине негизделген жаңы ыкмаларын киргизүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбасын башкарууда "жашыл экономика" принциптерин киргизүү;
- токой реформасынын негизги багыттарын, аны ишке ашыруунун мөөнөттөрүн жана методдорун аныктоо.
8. Башкаруунун түзүмдөрүн кайра уюштуруунун, эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуунун жана узак мөөнөттүү пландаштыруунун негизинде контролдук функцияларды күчөтүүнүн эсебинен алдыга коюлган максаттарга жетүүнү камсыздоо болжолдонот.
9. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Долбоордун этаптарын ырааттуу ишке ашырууну сактоо максатында токойлорду башкаруудагы жаңы ыкмаларды сыноону өткөрүү мезгилинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын жетекчилери жагындагы кадрдык маселелерди чечүү Консультациялык-координациялык кеңештин сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
11. Токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мезгилинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ишинде төмөнкү ыкмалар каралууга тийиш:
- токой, аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдаштыкта бюджеттик каражаттарды (анын ичинде атайын каражаттарды) реформалоонун максаттарына ылайык, анын ичинде реформалоо процессинде бошотулгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте так пайдалануу;
- региондун токойлорун туруктуу башкарууга адаптациялоо үчүн токой чарбасынын ички түзүмдөрүн оптималдаштыруу, анын ичинде штаттык ырааттаманы, функциялык милдеттерди жана персоналды башкаруу процессин кайра караштыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токойлорду туруктуу башкарууга жетишүү үчүн эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын мамлекеттик мүлкүн натыйжалуу башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлердин эмгектик катышуусунун коэффициентинин жана жекече эмгектик салымына баа берүүнүн эсебинин негизинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусунун өлчөмүн аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ишинин натыйжалуулугун эң майнаптуу камсыздоо чөйрөсүнө ресурстарды, анын ичинде акча каражаттарын жумшоо;
- кызмат көрсөтүүлөр чыгымдарын жабуу жана токой чарбасынын объекттерин күтүү үчүн, ошондой эле токой өсүмдүктөрү жана токой чарбалык иш-чараларды жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кирешелерди башкаруу;
- субъекттерге токой чарбалык жана токой өсүмдүктөрү иштеринин айрым түрлөрүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик-жекече өнөктөштүк принциптеринин негизинде аткарууга берүү;
- мыйзамда белгиленген тартипте туристтик-рекреациялык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көрсөтүү;
- токой, аңчылык чарбасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдаштыкта эксперименттик (пилоттук) токой чарбалардын аймактарында иштеген субъекттердин финансылык чарбалык иш-пландарын бекитүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы № 515, 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларын башкаруунун интеграцияланган пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой пайдалануу жана чарбалык иштен түшкөн бардык кирешелер белгиленген тартипте тиешелүү казыналык эсепте эске алынууга жана жайгаштырылууга тийиш.
14. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбалары Консультациялык-координациялык кеңештин алдында өздөрүнүн иши жөнүндө дайыма отчет берип турушат, жер-жерлерде токой секторун реформалоонун максаттары жана милдеттери жөнүндө маалыматтык өнөктүктү жүргүзүшөт.