Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 515
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомунун редакциясына ылайык)
Токой ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 367 "Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттагы "тиркемеге" деген сөз "1-тиркемеге" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.".
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен жактырылган Кыргыз Республикасынын токой секторун реформалоонун багыттарын жана ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө жободо:
- "Тиркеме" деген сөз "1-тиркеме" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын:
- 11-пункттун бешинчи абзацындагы "кызматкерлеринин акчалай акысынын" деген сөздөр "кызматкерлеринин эмгек акы фондусунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:
сыйлоо боюнча атайын комиссия жөнүндө типтүү жобону;
эмгек паспортунун типтүү формасын;
эмгекке катышуу коэффициентин эсептөө үчүн эксперименттик (пилоттук) токой чарбалардагы кызматкерлердин эмгегинин натыйжалуулугунун моделдик индикаторлорун;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын сметаларына өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын тиешелүү жылга бекитилген сметаларынын чегинде атайын эсептердин каражаттарынан дем берүүчү фонддорду толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын;
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Жээнбеков |
Тиркеме
Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн УБАКТЫЛУУ ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине сыйлыктын өлчөмүн эсептөөнүн жана дем берүү фондун түзүүнүн убактылуу тартиби (мындан ары - Убактылуу тартип) экспериментти (пилоттоштурууну) жүргүзүү үчүн аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) системасынын эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын кызматкерлерине жайылтылат.
2. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбаларынын кызматкерлерине сыйлык берүү эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине дем берүү фондунан (мындан ары - Фонд) жүргүзүлөт.
2. Фонддун максаттары жана милдеттери
3. Фонддун максаттары токой чарбасынын экономикалык абалын жакшыртуу жана эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын аймагында токойлорду сактоо жана калыбына келтирүү боюнча милдеттерди аткаруу болуп саналат.
4. Фонддун милдети - жүйөлөштүрүү өбөлгөсүнүн негизинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине дем берүү үчүн каражаттардын көлөмүн аныктоо.
3. Фондду түзүү тартиби жана өлчөмү
5. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын фонду тиешелүү чарбанын атайын каражаттарынын эсебинен түзүлөт.
6. Фонддун өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган эксперименттик (пилоттук) токой чарбасы менен макулдашуу боюнча квартал сайын эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ишинин натыйжалуулугуна мониторингдин жыйынтыктары боюнча натыйжалуулуктун финансылык эмес индикаторлорун пайдалануу менен аныктайт.
7. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасы үчүн натыйжалуулуктун финансылык эмес индикаторлору ыйгарым укуктуу орган бекиткен эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын иш жыйынтыктарынын моделдик индикаторлорунан тандоо аркылуу эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет жана бекитилет.
Мында төмөнкүлөр аныкталат:
- финалдык индикаторлор - эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ишинин натыйжалуулугун бүткөрүлүп жаткан (иштердик кварталдык жана жылдык пландарына ылайык) иш-чаралар боюнча, календардык кварталдын же жылдын жыйынтыктары боюнча баалоо үчүн;
- арадагы индикаторлор - иштин жылдык планына ылайык бүткөрүлбөгөн иш-чаралар боюнча (календардык кварталдын жыйынтыктары боюнча) арадагы натыйжаларды баалоо үчүн.
8. Фонддун максимумдук өлчөмү төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:
- отчёттук кварталдын ичинде атайын каражаттардын көлөмүнүн 30%ынан;
- төмөнкү формула боюнча эсептелүүчү Пмакс чоңдугунан:
Пмакс = ЧлХi х ЗПср х 3,
мында:
- ЧлХi - эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлеринин штаттык саны;
- ЗПср - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталуучу республика боюнча орточо бир айлык эмгек акы;
- 3 - кварталдагы айлардын саны.
9. Фонддун өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
Фактор | Квартал | Сумма, миң сом |
Баалануучу кварталга аныкталган 50%га чейинки индикаторлор аткарылган | 1 | 0,8 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
| 2 | 0,5 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
| 3 | 0 |
| 4 | 0 |
Баалануучу кварталга аныкталган индикаторлор 50%дан 80%га чейин аткарылган | 1 | 1 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
| 2 | 0,8 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
| 3 | 0,5 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
| 4 | 0 |
Баалануучу кварталга аныкталган индикаторлор 100%га аткарылган | 1 | 1 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
| 2 | 1 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
| 3 | 1 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
| 4 | 1 х сыйлык фондунун максимумдук өлчөмү |
10. Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө жиберилет:
- 50%дан кем эмес - өндүрүштүк персоналга сыйлык берүүгө;
- 30%дан ашык эмес - администрациялык-башкаруу персоналына сыйлык берүүгө;
- 20%дан кем эмес - чарбалык жана жардамчы персоналга сыйлык берүүгө.
4. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлерине берилүүчү сыйлыктын өлчөмүн эсептөө
11. Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ар бир кызматкерине берилүүчү сыйлыктын өлчөмү ар бир кызматкердин эмгекке катышуу коэффициентин (мындан ары - ЭКК) колдонуу менен белгиленет.
12. ЭКК эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын чечими менен түзүлүүчү сыйлык берүү боюнча атайын комиссия толтурган эмгек паспортторундагы маалыматтардын негизинде квартал сайын аныкталат.
Эмгек паспортторунда эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын ар бир кызматкеринин отчёттук мезгилдин ичиндеги ишинин натыйжалары чагылдырылат.
13. Сыйлык берүү боюнча атайын комиссия жөнүндө жобо жана эмгек паспортунун формасы ыйгарым укуктуу органдын чечими менен бекитилген сыйлык берүү боюнча атайын комиссия жөнүндө типтүү жобонун жана эмгек паспортунун типтүү формасынын негизинде эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын чечими менен бекитилет.
14. Сыйлык берүү боюнча атайын комиссия эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын бөлүнүштөрүнүн жетекчилеринен, кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнөн жана/же эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын 3 кызматкеринен турат.
15. Сыйлык берүү боюнча атайын комиссиянын мүчөлөрү эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлеринин ичинен токой чарбасынын кызматкерлеринин чогулушунда шайланат. Атайын комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо жол-жобосу сыйлык берүү боюнча атайын комиссия жөнүндө жобо менен аныкталат.
16. ЭКК индикаторлордун жыйындысын билдирет, алардын ар бири эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкеринин конкреттүү ар бир кварталдагы иш менен жүктөлүү деңгээлин, иштин натыйжалуулугун, аткаруучулук тартибин чагылдырат.
ЭККны аныктоо үчүн индикаторлор төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш:
- иштин татаалдыгын жана интенсивдүүлүгүн;
- иштин сапатын;
- иштерди аткарууга жаңы мамилелерди иштеп чыгууну жана киргизүүнү кубаттоосун;
- жумушчу орундун абалын;
- административдик жазалардын жоктугун;
- иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүнү;
- аткаруучулук тартипти;
- эмгек тартибин.
17. ЭККны эсептөө үчүн колдонулуучу индикаторлор иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен, ар бир кызмат орду боюнча ыйгарым укуктуу орган бекиткен эксперименттик (пилоттук) токой чарбалардын кызматкерлеринин эмгектеги натыйжалуулугунун моделдик индикаторлорунун негизинде аныкталат.
18. Конкреттүү кызматкер үчүн индикаторлордун тизмегине анын кызматтык милдеттерине мүнөздүү болбогон иштерге баа берүү киргизилбеши керек.
19. Ар бир индикаторго натыйжалуулукту баалоодо анын салмагын (салыштырма маанилүүлүгүн) чагылдырган 0дөн 1ге чейинки үлүштүк салмагы ыйгарылат.
Кызматкердин индикаторлорунун толук тизмегиндеги салмактардын суммасы 1ди түзөт.
Ар бир индикатордун алдын ала баасы эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкеринин ишинин натыйжаларына жараша 0дөн 1ге чейинки аралыкта коюлат.
Индикатордун сунуш кылынган үлүштүк салмагы ыйгарым укуктуу орган бекитүүчү моделдик индикаторлордун тизмегинде көрсөтүлөт.
Эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкеринин эмгегинин жалпы баасы индикаторлордун өлчөнгөн бааларын кошуу аркылуу аныкталат.
Өлчөнгөн Овi индикатору төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
ОВi = ОПi х В,
мында:
Опi - i индикаторду баалоонун алдын ала баасы, упай менен;
В - индикатордун салмагы.
Мисал: жылдын 3-кварталында токойчунун ишин баалоо үчүн упайлар коюлган жана иштин жалпы баасы аныкталган төмөнкүдөй индикаторлор аныкталган:
Индикатор | Салмак | Индикаторду алдын ала баалоо, упай менен | Индикаторду өлчөп баалоо, упай менен |
1 | 2 | 3 | 4 = 2 Î 3 |
Көчөт отургузуу иштеринин планын аткаруу | 0,3 | 0,8 | 0,4 |
Кыюу иштеринин планын аткаруу | 0,2 | 0,6 | 0,24 |
Токойчулуктун аймагында бузуулардын санын кыскартуу | 0,5 | 1 | 0,2 |
Жыйынтыгы | 1 | 2,4 | 0,84 |
Кызматкердин эмгегин жалпы баалоо J (Овj), упай менен | - | - | 0,84 |
20. ЭККj эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын белгилүү бир категориядагы кызматкерлерин баалоону ченемдөө жолу менен төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
ЭККj = ОВj / С,
мында:
ОВj - J кызматкердин ишинин жалпы баасы, упай менен;
С - категориянын бардык кызматкерлерин өлчөп баалоо суммасы, упай менен.
21. Ар бир кызматкердин сыйлыгынын өлчөмү эксперименттик (пилоттук) токой чарбасынын кызматкерлеринин конкреттүү категориясына туура келген Фонддун үлүшүнүн жалпы суммасына ЭККны көбөйтүү жолу менен аныкталат.
Мисал: токой чарбасында беш токойчу иштейт дейли. 2-квартал үчүн сыйлык берүүгө 130 миң сом бөлүнгөн.
Сыйлык берүү боюнча атайын комиссия койгон упайлардын негизинде беш токойчунун ар бири үчүн ЭКК аныкталган.
Сыйлыктын өлчөмү төмөнкүдөй эсептелет:
Индикатор | Баа | ЭКК | Сыйлыктын өлчөмү, миң сом |
1 | 2 | 3 | 4 |
1-токойчу | 0,84 | 0,23 | 29,9 |
2-токойчу | 1,00 | 0,27 | 35,1 |
3-токойчу | 0,65 | 0,18 | 23,4 |
4-токойчу | 0,3 | 0,08 | 10,4 |
5-токойчу | 0,9 | 0,24 | 31,2 |
Жыйынтыгы | 3,69 | 1,00 | 130,0 |