Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 6-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин түзүү жана жарыялоо тартибин жөнгө салат.
Ушул Жобо ошондой эле Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмегин түзүү жана жарыялоо тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) компетенттүү органдар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, финансылык чалгындоо органы;
2) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;
3) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
4) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
5) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары - БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төмөнкү резолюциялары:
а) террористтик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү (1267 (1999), 1269 (1999), 1333 (2000), 1363 (2001), 1373 (2001), 1390 (2001), 1452 (2002), 1455 (2003), 1526 (2004), 1617 (2005), 1730 (2006), 1735 (2006), 1822 (2008), 1904 (2009), 1988 (2011), 1989 (2011), 2082 (2012), 2083 (2012) жана аларды өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюциялар);
б) массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү (1718 (2006), 1874 (2009), 2087 (2013), 2094 (2013), 2270 (2016), 2231 (2015), 2321 (2016), 2356 (2017) жана аларды өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюциялар);
6) террористтик иш - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
7) экстремисттик иш - "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги
§ 1. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзүү жана жаңылоо тартиби
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзүүгө жана жаңылоого жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды аныктоо жана идентификациялоо Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары жана финансылык чалгындоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган документтердин биринин негизинде финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт жана жаңыланат.
6. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган негиздердин бири келип чыкса же бар болсо, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары бир жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн негиз болуп саналган документтин жана идентификациялык карточкасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен тийиштүү кат жиберет.
7. Жеке жана юридикалык жактарды, топторду, уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жеке же юридикалык жак үчүн же топ жана уюм үчүн идентификациялык карточканы толтурат.
Идентификациялык карточканын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана анын расмий сайтында жайгаштырылат.
8. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары идентификациялык карточкаларды жана документтерди электрондук кол тамганы колдонуу менен байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберет. Кийин идентификациялык карточкалардын жана документтердин түп нускалары жеткирип берүү маалында ага контролу жок жетүүгө мүмкүндүк берилбеген чараларды сактоо менен чабарман же почта байланышы аркылуу финансылык чалгындоо органына жиберилет.
9. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн финансылык чалгындоо органына кайрылуу жиберилгендиги жөнүндө жеке же юридикалык жакка, топко жана уюмга билдирбөөгө тийиш.
10. Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органы тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн негиз болуп саналган документти алган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
11. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн негиз болуп саналган документтер болгондо кабыл алат.
12. Жактарды, топторду жана уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн негизги критерийлер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) террористтик жана экстремисттик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, пландаштырууга, жүзөгө ашырууда жардамдашууга же даярдык көрүүгө же жүзөгө ашырууга түз же кыйыр катышуу;
2) террористтик жана экстремисттик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну жүзөгө ашыруучу жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр менчигинде же контролунда туруу же болбосо ушул жосундарды жүзөгө ашырган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенүү.
13. Финансылык чалгындоо органы чечимди Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилүүгө жаткан жеке же юридикалык жактарга, топторго жана уюмдарга маалымат бербестен кабыл алат.
Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органынын буйругу менен таризделет.
14. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген маалыматтар толук эмес же так эмес болгон учурда финансылык чалгындоо органы керектүү маалыматты белгиленген тартипте кошумча сурап алууга укуктуу.
Кошумча маалымат үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана эл аралык уюмдарга кайрылуу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары ушул суроо-талапты эки жумуш күндүн ичинде аткарат.
15. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду аныктоо, идентификациялоо жана Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн каалаган мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан, уюмдардан каалаган маалыматты суроого жана алууга укуктуу.
16. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жеке же юридикалык жак үчүн же болбосо топ жана уюм үчүн тийиштүү идентификациялык карточкасын тиркөө менен, ошондой эле "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган документтердин биринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө жана жетиштүү негиздерди көрсөтүү менен жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө эл аралык суроо-талапты жибере алат.
Идентификациялык карточканын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана анын расмий сайтында жайгаштырылат.
Эл аралык суроо-талапты кароо тартиби ушул Жобонун 10 жана 11-пункттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген сайын жаңы редакцияда чыгып турат. Муну менен бирге жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү датасы көрсөтүлөт.
§ 2. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди даттануу тартиби
18. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларда чыгарылат.
19. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар аларды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди финансылык чалгындоо органына даттана алышат.
Финансылык чалгындоо органынын кабыл алган чечими менен макул болбогон учурда жалпы жарандык сот өндүрүшү тартибинде сотко даттана алышат.
20. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке жана юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун жазуу жүзүндөгү кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
Кайрылууну чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууну чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим финансылык чалгындоо органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууда коюлган маселелерди чечүү башка компетенттүү органдардын компетенциясына кирген учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күнүнөн тартып беш жумуш күндүн ичинде тийиштүү компетенттүү органдарга жиберилет.
21. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жак, топ жана уюм "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6, 7 жана 8-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди төмөнкү органдарга даттана алат:
1) чет мамлекеттердин жогору турган сотторуна - чет мамлекеттин сотунун өкүмүнүн (чечиминин) негизинде Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактар;
2) чет мамлекеттин компетенттүү органына же эл аралык уюмга - чет мамлекет, эл аралык уюм же алар ыйгарым укук берген орган тарабынан түзүлгөн террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактар;
3) чет мамлекеттин компетенттүү органына же эл аралык уюмга же болбосо эл аралык сотторго - чет мамлекеттин компетенттүү органынын же эл аралык уюмдун расмий эл аралык суроо-талабынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактар.
22. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгаруу жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органы тарабынан кабыл алынат жана финансылык чалгындоо органынын буйругу менен таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин жарыялоо тартиби
24. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги финансылык чалгындоо органынын расмий сайтынын "Тизмектер" бөлүмүнө жарыяланат жана жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги электрондук маалымат базасы түрүндө жана финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган файлдардын форматтарында жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинин түзүмү жана форматы финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
25. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинин жаңыланган редакциясы жана Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө финансылык чалгындоо органынын буйругу ушул буйрукка кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланат.
26. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыялоо расмий жарыялоо деп эсептелинет.
27. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинин жаңы редакциясы жарыялангандыгы жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналдары боюнча тийиштүү маалымат жиберилет.
3-глава. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги
§ 1. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегин түзүү тартиби
28. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитеттери тарабынан түзүлөт жана жаңыланат.
§ 2. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү тартиби
29. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитеттери тарабынан түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жакты же юридикалык жакты, топту жана уюмду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
30. Террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактарды, топторду жана уюмдарды аныктоо жана идентификациялоо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен белгиленген критерийлерге ылайык жана тартипте Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары жана финансылык чалгындоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү жөнүндө чечимди БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен белгиленген тийиштүү критерийлерге шайкеш келген негиздүү жана жетиштүү негиздер болгондо кабыл алат.
32. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн критерийлер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) террористтик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, пландаштырууга, жүзөгө ашырууда жардамдашууга же даярдык көрүүгө же жүзөгө ашырууга түз же кыйыр катышуу;
2) террористтик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну жүзөгө ашыруучу жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр менчигинде же контролунда туруу же болбосо ушул жосундарды жүзөгө ашырган же БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектеринде каралган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенүү.
33. Жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн финансылык чалгындоо органы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитетине төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берет:
1) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен белгиленген толтурулган стандарттык формалар;
2) жеке же юридикалык жактын, топтун жана уюмдун жетиштүү жана так идентификациялык маалыматтары, мүмкүн болушунча атайын кабарлоого чыгаруу үчүн Интерполго керектүү маалыматтары;
3) жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн толук жана анык негиздерди камтыган иштин жагдайларын (купуя маалыматтарды кошпогондо) баяндаган документ;
4) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн демилгечи жөнүндө маалыматтарды жарыялоо мүмкүн экендигин жана мүмкүн эместигин көрсөтүүчү документ.
34. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду аныктоо, идентификациялоо жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине жактарды, топторду жана уюмдарды киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн каалаган мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан, уюмдардан каалаган маалыматты суроого жана алууга укуктуу.
§ 3. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегинен чыгаруу жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди даттануу тартиби
35. Жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1730 (2006) резолюциясына ылайык түзүлгөн Байланыш борборуна даттанылат.
36. ИГИЛ (ДАИШ) жана "Аль-Каидага" карата БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине аттары/аталыштары киргизилген жеке же юридикалык жак, топ жана уюм тизмектен чыгаруу жөнүндөгү өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1904 (2009) резолюциясына ылайык түзүлгөн Акыйкатчынын кеңсесине кайрыла алат.
37. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегинен чыгаруу жөнүндө кайрылуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2253 (2015) резолюциясынын II тиркемесинде жана аны өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюцияларда каралган жол-жобого ылайык каралат.
38. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Комитеттери тарабынан түзүлгөн тизмектерден жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду чыгаруу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитети тарабынан жүзөгө ашырылат.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тизмектерине киргизүү критерийлерине шайкеш келбеген же жооп бербеген жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду чыгаруу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитетинин чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу бул Комитеттин веб-сайтына жайгаштырылат.
39. Финансылык чалгындоо органы өз расмий сайтында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгаруу үчүн арыздарды берүү жол-жоболору жөнүндө толук маалыматты жарыялайт.
§ 4. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегин жарыялоо тартиби
40. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги электрондук маалымат базасы түрүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин расмий сайтында жарыяланат жана жайгаштырылат.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги жайгаштырылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин расмий сайтынын баракчасынын дареги финансылык чалгындоо органынын расмий сайтынын "Тизмектер" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
Баракчанын дарегине өтүүдө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинин актуалдуу (жаңыланган) версиясы ачылууга тийиш.
41. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги түздөн түз Кыргыз Республикасында колдонулат жана финансылык чалгындоо органынын чечими менен бекитилбейт.
42. Финансылык чалгындоо органы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги жөнүндө тийиштүү кабарламаларды электрондук почта боюнча таратууга болгон шилтемеге жазылууну жүзөгө ашырат жана мындай кабарламаны алууда тийиштүү маалыматты жумуш күндүн бир саатынын ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий сайтынын жаңылыктар бөлүгүнө жарыялоону камсыздайт.
43. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинин жаңы редакциясы жарыялангандыгы жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналдары боюнча тийиштүү маалымат жиберилет.
4-глава. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмеги
§ 1. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегин түзүү жана жаңылоо тартиби
44. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органы Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегин (мындан ары ушул главада - Тизмек) түзүүгө жана жаңылоого жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
45. Тизмек "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган документтердин биринин негизинде финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт жана жаңыланат.
46. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жеке жана юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды аныктоо жана идентификациялоо Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана финансылык чалгындоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
47. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган негиздердин бири келип чыкса же бар болсо, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары бир жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына Тизмекке киргизүү үчүн негиз болуп саналган документтин жана идентификациялык карточкасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен тийиштүү кат жиберет.
48. Жеке жана юридикалык жактарды, топторду, уюмдарды Тизмекке киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жеке же юридикалык жак үчүн же топ жана уюм үчүн жеке же юридикалык жактын же топтун жана уюмдун идентификациялык карточкасын толтурат.
Идентификациялык карточканын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана анын расмий сайтында жайгаштырылат.
49. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары идентификациялык карточкаларды жана документтерди электрондук кол тамганы колдонуу менен байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберет. Кийин идентификациялык карточкалардын жана документтердин түп нускалары жеткирип берүү маалында ага контролу жок жетүүгө мүмкүндүк берилбеген чараларды сактоо менен чабарман же почта байланышы аркылуу финансылык чалгындоо органына жиберилет.
50. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары Тизмекке киргизүү үчүн финансылык чалгындоо органына кайрылуу жиберилгендиги жөнүндө жеке же юридикалык жакка, топко жана уюмга билдирбөөгө тийиш.
51. Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Тизмекке киргизүү жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органы тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын кайрылуусун жана Тизмекти түзүү үчүн негиз болуп саналган документти алган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
52. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Тизмекке киргизүү жөнүндө чечимди Тизмекти түзүү үчүн негиз болуп саналган документте аталган негиздүү жана жетиштүү негиздер болгондо кабыл алат.
53. Жактарды, топторду жана уюмдарды Тизмекке киргизүү үчүн критерийлер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) же аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды пландаштырууга, жасоого жардамдашууга же даярдык көрүүгө же жасоого түз же кыйыр катышуу;
2) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) же аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын түз же кыйыр менчигинде же контролунда туруу же болбосо кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) же аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенүү.
54. Финансылык чалгындоо органы чечимди Тизмекке киргизилүүгө жаткан жеке же юридикалык жактар, топтор жана уюмдар менен макулдашпастан кабыл алат.
Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Тизмекке киргизүү жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органынын буйругу менен таризделет.
55. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан берилген маалыматтар толук эмес же так эмес болгон учурда финансылык чалгындоо органы керектүү маалыматты белгиленген тартипте кошумча сурап алууга укуктуу.
Кошумча маалымат үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана эл аралык уюмдарга кайрылуу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары ушул суроо-талапты эки жумуш күндүн ичинде аткарат.
56. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду аныктоо, идентификациялоо жана Тизмекке киргизүү үчүн каалаган мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан, уюмдардан каалаган маалыматты суроого жана алууга укуктуу.
57. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жеке же юридикалык жак үчүн же болбосо топ жана уюм үчүн тийиштүү жеке же юридикалык жактын же топтун жана уюмдун идентификациялык карточкасын тиркөө менен, ошондой эле "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 2-бөлүгүндө аталган документтердин биринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө же жетиштүү негиздерди көрсөтүү менен жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Тизмекке киргизүү жөнүндө эл аралык суроо-талапты жибере алат.
Идентификациялык карточканын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана анын расмий сайтында жайгаштырылат.
Эл аралык суроо-талапты карап чыгуу ушул Жобонун 51 жана 52-пункттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
58. Тизмек ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген сайын жаңы редакцияда чыгып турат, муну менен бирге жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Тизмекке киргизүү датасы көрсөтүлөт.
§ 2. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегинен чыгаруу жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди даттануу тартиби
59. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар Тизмектен "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда чыгарылат.
60. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар аларды Тизмекке киргизүү жөнүндө чечимди финансылык чалгындоо органына даттана алышат.
Финансылык чалгындоо органынын кабыл алган чечими менен макул болбогон учурда жалпы жарандык сот өндүрүшү тартибинде сотко даттана алышат.
61. Финансылык чалгындоо органы Тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун жазуу жүзүндөгү кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
Кайрылууну чечүү үчүн атайын текшерүүлөрдү жүргүзүү, кошумча материалдарды суратып алуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууну чечүү мөөнөттөрү демейдегиден башкача тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул жөнүндөгү чечим финансылык чалгындоо органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууда коюлган маселелерди чечүү башка компетенттүү органдардын компетенциясына кирген учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күнүнөн тартып беш жумуш күндүн ичинде тийиштүү компетенттүү органдарга жиберилет.
62. Эл аралык суроо-талаптын негизинде Тизмекке киргизилген жеке же юридикалык жак, топ жана уюм чечимди тийиштүү чет мамлекеттин компетенттүү органына же сотуна даттанат.
63. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
64. Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Тизмектен чыгаруу жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органы тарабынан кабыл алынат жана финансылык чалгындоо органынын буйругу менен таризделет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтары бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегин жарыялоо тартиби
65. Тизмек финансылык чалгындоо органынын расмий сайтынын "Тизмектер" бөлүмүнө жарыяланат жана жайгаштырылат.
Тизмек электрондук маалымат базасы түрүндө жана финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган файлдардын форматтарында жайгаштырылат.
Тизмектин түзүмү жана форматы финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
66. Тизмектин жаңыланган редакциясы жана Тизмекке өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизүү жөнүндө финансылык чалгындоо органынын буйругу ушул буйрукка кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланат.
67. Тизмек финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналдары боюнча тийиштүү маалымат жиберилет.
5-глава. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмеги
68. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы, ошондой эле ушул ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактардын тизмеги (мындан ары ушул главада - Тизмек) финансылык чалгындоо органы тарабынан кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү максатында түзүлөт.
69. Тизмек жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана финансылык чалгындоо органынын маалымат базасынын маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
70. Жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана пробация боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенцияларынын чегинде кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн кылмыш жазасын өтөгөн жеке жак жөнүндө жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн соттолгон пробациянын кардары жөнүндө маалыматты ушул жак жазасын өтөп бүткөн датадан жана пробацияны колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына жиберишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
71. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
72. Тизмек финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
Тизмектин жаңыланган редакциясы жана Тизмекке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө финансылык чалгындоо органынын буйругу, ушул буйрукка кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий сайтында электрондук түрдө жарыяланат.
73. Тизмек финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналдары боюнча тийиштүү маалымат жиберилет.
6-глава. Корутунду жоболор
74. Ушул Жободо каралган тизмектерди колдонуу маселелери боюнча финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин контролдоону тийиштүү текшерүүчү органдар өз компетенцияларынын алкагында жүзөгө ашырат.
75. Финансылык чалгындоо органы финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жана башка жеке жана юридикалык жактардын тизмектерди колдонуусуна мониторинг жүргүзөт.
76. Финансылык чалгындоо органы зарыл учурда тизмектерди колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет жана аларды өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.