Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 13-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тизмегин, террористтик ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибин, анын ичинде эл аралык суроо-талаптарды даярдоо, жиберүү, аткаруу жана каттоо тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынан тышкары мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) эл аралык суроо-талап - террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын суроо-талабы;
2) эл аралык кызматташтык - террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары менен чет мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташтык;
3) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) контролдо турган жактар - Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдарынын контролунда (көзөмөлүндө) турган финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар;
5) өз ара пайдалуу принцип - ага ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен өз ара пайдалуу, тең укуктуу негизде жана ар бир тараптын эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмесинин негизинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырган эл аралык мамилелердин жалпыга таанылган принциби;
6) каражаттар - төмөнкү активдердин бири:
а) акча каражаттары жана ар кандай финансылык активдер;
б) экономикалык ресурстар, анын ичинде нефть жана башка жаратылыш ресурстары;
в) сатып алуу ыкмасына карабастан мүлктүн ар кандай түрү (материалдык же материалдык эмес, кыймылдуу же кыймылсыз);
г) жогоруда көрсөтүлгөн мүлккө же активдерге укук же үлүш берүүчү, ар кандай формадагы, анын ичинде электрондук же санариптик формадагы укуктук документтер же өбөлгөлөр;
д) банктык кредиттер жана банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык алынуучу/берилүүчү акча каражаттары жана (же) башка мүлк, акча жана эсептешүү чектери, почта которуулары, акциялар, баалуу кагаздар, облигациялар, банктык траттар же аккредитивдер жана мындай каражаттардан же активдерден алынуучу же алар өндүрүүчү ар кандай пайыздар, дивиденддер жана киреше;
7) максаттуу финансылык санкциялар - террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын тоңдуруу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга ар кандай каражаттарга же финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү (түз же кыйыр) чектөө.
3. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул Жобонун 2-пунктунда аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
4. Эл аралык кызматташтык эл аралык өз ара мамилелер маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине (мындан ары - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими) жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык ушул Жобонун 9-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен эл аралык келишими жок болгон учурда эл аралык кызматташтык өз ара пайдалуу принципте, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өз ара пайдалуу принципте эл аралык суроо-талапты чет мамлекеттин компетенттүү органына жиберүүдө суралуучу тарапка келечекте анын эл аралык суроо-талабын карап чыгууга жазуу жүзүндө кепилдик берет.
Сураган тарап өз ара пайдалуу принциптеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын эл аралык суроо-талабын келечекте кабыл алууга жана карап чыгууга жазуу жүзүндө кепилдик бергенде гана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өз ара пайдалуу принциптеги чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабын карап чыгат.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы чет мамлекеттин компетенттүү органдары менен эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн кыйла натыйжалуу механизмдерди колдонот, зарыл болгон учурда чет мамлекеттердин кызыкдар компетенттүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коюуну өз убагында жана белгиленген тартипте чараларды көрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабынын негизинде жүзөгө ашырылат.
7. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары эл аралык суроо-талапты алганда же өз демилгелери боюнча маалыматтар жана документтер менен алмашышат.
8. Мамлекеттик сырды (мамлекеттик сырларды) түзгөн маалыматтарды алмашуу тартиби, коргоо шарттары жана чаралары Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык келишимдери менен аныкталат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары
9. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары болуп төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийликтин органдары саналат:
1) Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, баалуу металлдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, юстиция чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - текшерүүчү органдар);
3) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, бажы органдары, улуттук коопсуздук органдары (мындан ары - укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары);
4) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, сот актысын же аткаруу документин аткаруу бөлүгүндө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Финансылык чалгындоо органынын эл аралык кызматташтыгы
10. Финансылык чалгындоо органынын чет мамлекеттердин компетенттүү органдары, анын ичинде финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташтыгы төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) ушул Жобонун 70-пунктуна ылайык өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес маалыматтардан же документтерден тышкары, финансылык чалгындоо органынын карамагында болгон же Кыргыз Республикасынын аймагында алууга мүмкүн болгон каалаган маалыматтарды же документтерди алмашуу (алуу жана жиберүү);
2) террористтик ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды жүзөгө ашыргандыгын күбөлөндүргөн жетиштүү негиздер (шектенүүлөр) болгон учурда, чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнө маалыматты жиберүү (өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча);
3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына жана эл аралык суроо-талаптарга ылайык максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу;
4) ушул Жободо каралган жана (же) эл аралык өз ара мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген эл аралык кызматташтыктын белгиленген түрлөрүнө катышуу;
5) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жараша сүйлөп чыгуу сөзүнүн текстин алдын ала макулдашуу менен өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын атынан чыгып сүйлөө;
6) террористтик ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды аныктоого жана тергөөгө, ошондой эле ушул кылмыштуу жосундарга катышы бар жеке же юридикалык жактарды жана бенефициардык ээлерин аныктоого көмөк көрсөтүү.
11. Финансылык чалгындоо органынын чет мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрү менен эл аралык кызматташтыгы "Эгмонт" финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн эл аралык тобунун уставдык документтерине ылайык да жүзөгө ашырылат.
12. Финансылык чалгындоо органы өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын эл аралык суроо-талаптарга болгон жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзөт.
4-глава. Текшерүүчү органдардын эл аралык кызматташтыгы
13. Текшерүүчү органдардын чет мамлекеттердин тийиштүү контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгы төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) ушул Жобонун 70-пунктуна ылайык өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес маалыматтардан же документтерден тышкары, текшерүүчү органдардын карамагында болгон же Кыргыз Республикасынын аймагында алууга мүмкүн болгон каалаган маалыматтарды же документтерди алмашуу (алуу жана жиберүү);
2) финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо (көзөмөлдөө) чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле эл аралык суроо-талаптын негизинде финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин текшерүү;
3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышуу;
4) ушул Жободо каралган жана (же) эл аралык өз ара мамилелер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген эл аралык кызматташтыктын белгиленген формаларына катышуу.
14. Текшерүүчү органдардын чет мамлекеттердин тийиштүү контролдоочу (көзөмөлдөөчү) органдары менен эл аралык кызматташтыгы маалыматтын төмөнкүдөй түрлөрүн алмашуу жолу менен жүзөгө ашырылат:
1) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу менен байланышкан текшерүү (көзөмөлдөө) иши чөйрөсүндөгү маалымат;
2) текшерүүчү органдарга жеткиликтүү контролдо турган жактар жөнүндө маалымат (иши, иш бедели, башкаруу түзүмү, бенефициардык ээлери, кесиптик жарамдуулугу жана ак ниеттүүлүгү жөнүндө);
3) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө контролдо турган жактардын ички контролдоо программалары, саясаты жана жол-жоболору жөнүндө маалымат;
3) текшерүү (көзөмөлдөө) иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат;
4) кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө, банк эсеби жана башка эсептер же иштиктүү мамилелер жөнүндө жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалымат.
15. Текшерүүчү органдар өз компетенцияларынын чегинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын эл аралык суроо-талаптарга болгон жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзүшөт.
5-глава. Башка маалыматтарды алмашуу боюнча эл аралык кызматташтык
16. Финансылык чалгындоо органы жана текшерүүчү органдар өз компетенцияларынын чегинде бенефициардык ээлери жана коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө маалымат алмашуу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырышат.
17. Финансылык чалгындоо органы жана текшерүүчү органдар өз компетенцияларынын чегинде бенефициардык ээлер жана коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө маалыматты берүү тууралуу эл аралык суроо-талаптарга, анын ичинде чет мамлекетте жашаган бенефициардык ээлерди издөө жөнүндө суроо-талаптарга болгон чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзүшөт.
6-глава. Укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын эл аралык кызматташтыгы
18. Укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары өз компетенцияларынын чегинде эл аралык кызматташтыкты төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырышат:
1) ушул Жобонун 70-пунктуна ылайык өткөрүлүп берилүүгө тийиш эмес маалыматтардан же документтерден тышкары, укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын карамагында болгон же Кыргыз Республикасынын аймагында алууга мүмкүн болгон каалаган маалыматтарды же документтерди алмашуу (алуу жана жиберүү);
2) террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды жүзөгө ашыргандыгын күбөлөндүргөн жетиштүү негиздер (шектенүүлөр) болгон учурда, чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалыматты жиберүү (өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча);
3) террористтик ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды аныктоого жана тергөөгө, ошондой эле ушул кылмыштуу жосундарга катышы бар жеке же юридикалык жактарды аныктоого көмөк көрсөтүү;
4) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышуу;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген эл аралык кызматташтыктын белгиленген формаларына катышуу.
19. Укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары өз компетенцияларынын чегинде эл аралык суроо-талаптарга болгон чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзөт.
7-глава. Өз ара укуктук жардам маселелери боюнча эл аралык кызматташтык
20. Укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары, Башкы прокуратура жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти өз компетенцияларынын чегинде изин суутпай издөө иши, тергөө, соттук териштирүү жана сот актысын аткаруу, чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен тийиштүү маалымат алмашууну кошуп, анын ичинде ушул Жобонун 24-пунктунда каралган мүлктү издөө, камакка алуу жана конфискациялоо максаттарында маалымат алмашуу баскычтарында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырышат.
21. Укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана предикаттык кылмыштар менен байланышкан жазык иштерине биргелешкен тергөө жүргүзүү үчүн чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргелешкен тергөө топторун түзө алышат.
22. Террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана предикаттык кылмыштар менен байланышкан жазык иштери боюнча маалымат топтоо, тергөө, соттук териштирүү жана сот актысын аткаруу, анын ичинде жактарды өткөрүп берүү (экстрадиция) баскычтарында өз ара укуктук жардам Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык же болбосо өз ара пайдалуу принципте жүзөгө ашырылат.
23. Жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
24. Конфискациялоо жөнүндө эл аралык суроо-талап келип түшкөндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары өз компетенцияларынын чегинде издөөнү, камакка алууну жана конфискациялоону камсыздоо үчүн баардык мүмкүн болгон чараларды көрүшөт:
1) кылмыштуу кирешелерди, кылмыш куралдарын;
2) кылмыштуу кирешелерге которулган же айландырылган каражаттарды же башка мүлктү;
3) мыйзамдуу булактардан алынган каражаттарды же башка мүлктү, эгерде кирешелер аралаш кирешелердин аныкталган наркынын өлчөмүндө мындай каражаттар же башка мүлк менен толук же жарым-жартылай аралашкан болсо;
4) кылмыштуу кирешелер которулган же айландырылган кирешелерден, каражаттардан же башка мүлктөн же кирешелердин өзү сыяктуу эле түрдөгү жана ошондой эле даражадагы аралаш кирешелердин аныкталган наркынын өлчөмүндө кылмыштуу кирешелер аралашкан каражаттардан же башка мүлктөн алынган кирешелерди же башка пайданы;
5) террористтик ишти каржылоо үчүн колдонулган же арналган каражаттарды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте таанылган каражаттарды конфискациялоо жөнүндө сот актысын жана аткаруу документин аткаруу боюнча чараларды көрөт.
25. Конфискациялоону камсыздоо чарасын жокко чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары эл аралык суроо-талапты жиберген чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына күн мурунтан кабарлашат.
26. Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, ушул Жобонун 24-пунктунда аныкталган кылмыштуу кирешелерди, кылмыш куралдарын, каражаттарды же башка мүлктү, кирешелерди же башка пайданы конфискациялоо жөнүндө сот актысын аткаруу тууралуу эл аралык суроо-талапты алган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана Жогорку сотко караштуу Сот департаменти конфискациялоону Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына, жазык-аткаруу мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык жүзөгө ашырат.
27. Эл аралык суроо-талапка ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы чет мамлекеттин соттук актысын таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын соттук актысынын негизинде кылмыштан жабыр тарткандарга компенсация төлөп берүүсү же болбосо мындай каражаттарды же башка мүлктү анын мыйзамдуу менчик ээсине кайтарып берүүсү үчүн конфискацияланган каражаттарды же башка мүлктү чет мамлекетке кайтарып берүү жөнүндөгү маселени карап чыгат.
Ушул маселе боюнча чечим Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынат.
28. Эгерде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан башкача макулдашылбаса, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тийиштүү каражаттарды же башка мүлктү издөөнүн, камакка алуунун, конфискациялоонун жана кайтарып берүүнүн жүрүшүндө келтирилген акылга сыярлык чыгымдарды кармап кала алат.
29. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары конфискациялоонун натыйжасында алынган каражаттарды же башка мүлктөрдү же болбосо конфискацияланган мүлктү сатуудан түшкөн каражаттарды бөлүшүү жөнүндө макулдашууну белгиленген тартипте түзө алышат же ар бир конкреттүү учурда сүйлөшүп бир пикирге келе алышат.
8-глава. Кыргыз Республикасынан тышкары мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтык
§ 1. Каражаттарды издөө жана камакка алуу тартиби
30. Кыргыз Республикасынан тышкары мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды (мындан ары ушул главада - каражаттар) издөө жана камакка алуу изин суутпай издөө иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жазык-процесстик мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же болбосо өз ара пайдалуу принципте Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
31. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы каражаттарды кайра кайтаруу менен байланышкан ар бир конкреттүү иш боюнча стратегиялык иш планын иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары активдерди кайра кайтаруу боюнча байланыштын ар кандай эл аралык каналдарын жана байланышуучу адамдардын тармактарын колдонуу менен каражаттарды издөө жана камакка алуу маселелери боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен маалымат алмашуу боюнча иштерди белгиленген тартипте жүргүзөт.
Маалымат алмашуу консультацияларды өткөрүү, кат жазышуу, телефон, факсимиль, видео жана башка байланыш каражаттарын колдонуу аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жеке жолугушууларды уюштуруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
32. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу байланышуучу кызмат адамдарын (байланыштын офицерлерин) дайындашат.
33. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы каражаттарды издөө жана тоңдуруу максатында финансылык чалгындоо органына суроо-талап жиберет.
34. Финансылык чалгындоо органы каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу байланышуучу кызмат адамдарын (байланыштын офицерлерин) дайындайт.
35. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органынын суроо-талаптарынын негизинде же өз демилгеси боюнча каражаттарды издөө жана тоңдуруу максатында иш жүргүзөт.
Финансылык чалгындоо органы чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына финансылык чалгындоо органы менен чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен аныкталган байланыштын корголгон электрондук каналдары боюнча же болбосо "Эгмонт" тобунун байланыш каналы аркылуу каражаттарды издөө жана тоңдуруу жөнүндө эл аралык суроо-талапты жиберет.
Каражаттарды тоңдуруу жөнүндө эл аралык суроо-талап канааттандырылгандыгы тууралуу чет мамлекеттин компетенттүү органынын жообун алган учурда финансылык чалгындоо органы бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын тийиштүү укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына токтоосуз кабарлайт.
36. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган тартипте тергөө аракеттеринин өндүрүшү (каражаттарды камакка алуу жана башка иш-аракеттер) жөнүндө эл аралык суроо-талапты даярдайт жана жиберет.
Ушул суроо-талап чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына өз ара укуктук жардамдын алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аркылуу жиберилет.
37. Каражаттарды издөө жана камакка алуу максатында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органынын, финансылык чалгындоо органынын жана Башкы прокуратурасынын кызматчыларынан турган ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлөт.
§ 2. Каражаттарды конфискациялоо жана кайра кайтаруу тартиби
38. Каражаттарды конфискациялоо Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында, жазык-аткаруу мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын сотунун актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
39. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органы же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти мыйзамдуу күчүнө кирген каражаттарды конфискациялоо жөнүндө соттун актысын же аткаруу документин алгандан кийин Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган тартипте каражаттарды конфискациялоону жүзөгө ашыруу жөнүндөгү эл аралык суроо-талапты үч жумуш күндүн ичинде даярдайт жана жиберет.
Ушул суроо-талап өз ара укуктук жардамдын алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аркылуу чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жиберилет.
40. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынан жана улуттук коопсуздук органынан же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинен каражаттарды конфискациялоону жүзөгө ашыруу жөнүндөгү эл аралык суроо-талапты алгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде эл аралык суроо-талаптын таризделишинин тууралыгына жана керектүү документтердин бардыгына, ошондой эле мурда жиберилген кайталанган эл аралык суроо-талаптардын жок экендигине текшерүү жүргүзөт.
Эл аралык суроо-талап туура таризделсе жана тиркелген баардык керектүү документтер бар болсо, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы каражаттарды конфискациялоону жүзөгө ашыруу жөнүндөгү эл аралык суроо-талапты белгиленген тартипте чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына кайра жиберет.
41. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган тартипте каражаттарды кайра кайтаруу жөнүндөгү эл аралык суроо-талапты да белгиленген тартипте даярдайт жана жиберет.
42. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы байланыштын ар кандай эл аралык каналдарын колдонуу менен, анын ичинде Дүйнөлүк банк менен БУУ БКБнын биргелешкен демилгесинин - "StAR" (Stolen Asset Recovery - Уурдалган активдерди кайра кайтаруу) жана Активдерди кайра кайтаруу боюнча эл аралык борбордун (ICAR) көмөк көрсөтүүсү аркылуу каражаттарды конфискациялоо жана кайра кайтаруу маселелери боюнча чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен маалымат алмашуу боюнча белгиленген тартипте иштерди жүргүзөт.
43. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы каражаттарды кайра кайтаруу үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен каражаттарды кайра кайтаруу боюнча, анын ичинде биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, консультацияларды, кат жазышууларды жүзөгө ашыруу, телефон, факсимиль, видео жана башка байланыш каражаттарын колдонуу аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жеке жолугушууларды уюштуруу жолу менен да кошумча иштерди жүргүзөт.
44. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу байланышуучу кызмат адамдарын (байланыштын офицерлерин) дайындайт.
45. Каражаттарды конфискациялоо жана кайра кайтаруу жөнүндө эл аралык суроо-талаптарды канааттандыруу тууралуу чет мамлекеттин компетенттүү органынын жообун алган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы каражаттарды Кыргыз Республикасына кайра кайтаруу боюнча мындан ары биргелешип иштөө үчүн бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына, тийиштүү укук коргоо органына же улуттук коопсуздук органына, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына үч жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Каражаттар акча каражаттары түрүндө, каалаган валютада Кыргыз Республикасына кайра кайтарылат.
47. Кайра кайтарылган акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте казыналыкта ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке которулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Кайра кайтарылган акча каражаттары жабыркагандарга келтирилген зыяндын орду толтурулгандан кийин Кыргыз Республикасынын кирешесине айланат жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде эсепке алынат. Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өз кызматчыларын колдоо жана каражаттарды издөө, камакка алуу же тоңдуруу, конфискациялоо жана кайра кайтаруу жол-жоболору менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн кайра кайтарылган каражаттардын жалпы суммасынан 30 пайыздык өлчөмдө Бирдиктүү депозиттик эсепте топтолгон акча каражаттарынан алуу укугуна ээ.
49. Акча каражаттарын кириштөөнүн, эсепке алуунун, топтоонун (сактоонун) жана бөлүштүрүүнүн жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Каражаттарды кайра кайтарууга түздөн-түз катышкан Кыргыз Республикасынын тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына Бирдиктүү депозиттик эсептен каражаттарды берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жеке же юридикалык жак зарыл учурда укуктук статусун же каражаттарга болгон менчик укугун белгилөө жөнүндө чет өлкөлүк сотторго жарандык доо коюулар боюнча иштерди жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Чыгарылып кеткен каражаттардын эсебинен чет мамлекеттин аймагында сатылып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө болгон менчик укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жеке же юридикалык жактын өтүнүчүнүн негизинде чет мамлекеттин сот актысы боюнча Кыргыз Республикасына белгиленет.
Чыгарылып кеткен каражаттардын эсебинен сатылып алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген жеке же юридикалык жактын эл аралык суроо-талабынын негизинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынын конфискацияланат жана сатылат, муну менен бирге соодадан түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасына кайтарылып берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Кайтарылып берилүүчү каражаттарды чет мамлекеттер менен бөлүштүрүү
53. Каражаттар толук же жарым-жартылай кайра кайтарылган учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары каражаттарды кайра кайтарууда жардам көрсөткөн чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабынын негизинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же өз ара пайдалуу принципте каражаттарды бөлүштүрүү мүмкүндүгүн карап чыгат.
Мамлекеттик мүлктү уурдоо жолу менен чыгарылып кеткен жана Кыргыз Республикасына кайра кайтарылып берилген каражаттарды бөлүштүрүү мүмкүн эмес.
54. Каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө маселени карап чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өз кызматчыларынан турган биргелешкен жумуш топту түзөт, ал топ 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү маалыматтары бар актыны даярдайт:
1) чет мамлекеттин компетенттүү органы сураган каражаттардын суммасы;
2) каражаттарды кайра кайтарууда чет мамлекеттердин компетенттүү органдары көрсөткөн жардамдын сапаты;
3) каражаттарды кайра кайтарууда чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына келтирилген нагыз чыгымдардын суммасы;
4) эл аралык келишимдерден көчүрмө;
5) эгерде каражаттарды бөлүштүрүү өз ара пайдалуу принцип боюнча каралса, мурдагы иштер боюнча кызматташттык жөнүндө маалыматтар;
6) каражаттарды толук же жарым-жартылай бөлүштүрүү же болбосо каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө суроо-талапты четке кагуу жөнүндө чечим;
7) каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө оң чечим болгондо пайыздарда жана акчалай түрдө (улуттук же чет өлкөлүк валютада) которуу үчүн керектүү каражаттардын жыйынтык суммасы.
55. Биргелешкен жумуш топтун актысына жумуш топтун мүчөлөрүнүн колу коюлат, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери же алардын орун басарлары тарабынан бекитилет жана тийиштүү чечимди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.
Актынын формасы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын биргелешкен буйругу менен бекитилет.
56. Каражаттарды толук же жарым-жартылай бөлүштүрүү же болбосо каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө суроо-талапты четке кагуу жөнүндө кабыл алынган чечим тууралуу чет мамлекеттин компетенттүү органына маалымдоо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан аткарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 4. Маалымат базасын жүргүзүү
57. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасына кайра кайтарылууга жаткан жана кайра кайтарылган каражаттардын суммасын эсепке алууну электрондук маалымат базасы түрүндө жүргүзөт.
Маалымат базасына жазык иштери боюнча маалыматтар, анын ичинде соттолгон жактар жөнүндө жана кылмышты жасагандыгы үчүн издөө жарыяланган жактар жөнүндө маалыматтар да киргизилет.
58. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы издөөдө жүргөн жактар жөнүндөгү болгон маалыматтарды (турган жери, анкета маалыматтары, башка маалыматтар), байланыштын эл аралык каналдары боюнча (Интерпол, Европол жана башка) алынган маалыматтарды кошо, анын ичинде электрондук форматта финансылык чалгындоо органына беришет.
9-глава. Эл аралык суроо-талаптарды даярдоо, жиберүү, аткаруу жана каттоо тартиби
59. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын эл аралык суроо-талабы мамлекеттик же расмий тилде, зарыл учурда англис тилине которуу менен таризделет.
60. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ар бир эл аралык суроо-талабы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) сураган жана суралуучу тараптардын компетенттүү органдарынын аталышын жана дарегин;
2) суроо-талаптын предметин жана негизин;
3) иш боюнча фактылардын же белгилүү маалыматтын кыска же толук мазмунун жана кылмыштын классификациясын;
4) Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларынын тексттерин;
5) аныктоого жаткан жагдайлардын баяндалышын, ошондой эле суралган документтердин тизмегин;
6) маалыматты колдонуунун максатын жана (же) тапшырмасы боюнча суроо-талап жиберилүүчү орган көрсөтүлөт;;
7) купуялуулукту сактоо жөнүндөгү маалыматты;
8) алынган маалыматты колдонуунун чектөөсүн;
9) суроо-талапты аткаруу мөөнөтүн;
10) зарыл болгон учурда жана мүмкүндүгүнө жараша төмөнкү маалыматтарды:
а) фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туулган жери жана жарандыгы жөнүндө маалыматтарды, жашаган жеринин жана барган жеринин дарегин, жеке жактын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин маалымдаректерин; юридикалык жактын расмий аталышын, анын мамлекеттик каттоо номерин, юридикалык дарегин жана/же жайгашкан жерин;
б) суроо-талаптын объектиси болуп саналган кирешелер же мүлк жөнүндө маалыматтарды (алардын жайгашкан жерин, тийиштүү жак же жактар жана кылмыш менен байланышын, ошондой эле бул мүлккө же кирешелерге болгон башка жактардын укуктары жөнүндөгү каалаган алынган маалыматтарды);
в) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өтүнүчү боюнча аткаруу зарыл болгон конкреттүү жол-жобону.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Каражаттарды тоңдуруу жөнүндө эл аралык суроо-талап кошумча төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) каражаттарды тоңдуруу үчүн негизди;
2) тоңдурулууга жаткан каражаттардын түрүн жана суммасын;
3) кылмыштын классификациясын;
4) ушул каражаттардын кылмышка кандай тиешеси бардыгынын түшүндүрмөсүн;
5) анын атынан каражаттарга ээлик кылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон каалаган жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы байланыштын түшүндүрмөсүн;
6) мындай далилдердин ишенимдүүлүгүн күбөлөндүргөн далилдерди жана каалаган маалыматтарды;
7) каражаттарды тоңдуруу мөөнөтүн.
62. Конфискациялоо жөнүндө чечимди аткаруу тууралуу эл аралык суроо-талап кошумча төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) конфискациялоо жөнүндөгү чечимдин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же компетенттүү орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана анын кайсы бөлүгү аткарылууга тийиш экендиги жөнүндө маалыматты;
2) үчүнчү жактардын конфискациялоого жаткан каражаттарга же башка мүлккө болгон укуктарын билдирүү мүмкүндүгүн тастыктаган документтерди.
Конфискациялоо жөнүндө чечимди аткаруу тууралуу эл аралык суроо-талапка жазык иши боюнча чыгарылган Кыргыз Республикасынын сот актысынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана зарыл учурда анын чет тилиндеги расмий котормосу тиркелет.
63. Каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык суроо-талап кошумча төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) жазык ишинин аталышын жана Кыргыз Республикасынын кабыл алынган сот актысын;
2) жасалган кылмыштын иш жүзүндөгү жагдайлары жөнүндөгү маалыматтарды, анын квалификациясын, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин тийиштүү беренесинин текстин, ошондой эле ушул кылмыш келтирген зыяндын өлчөмү жөнүндөгү маалыматтарды;
3) издөөнү, камакка алууну жана конфискациялоону талап кылган каражаттарды, ушул каражаттарды толук көлөмдө идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарын тиркөө менен;
4) ушул каражаттардын кылмышка кандай тиешеси бардыгынын түшүндүрмөсүн;
5) алардын атынан каражаттарга ээлик кылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон каалаган жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы байланыштын түшүндүрмөсүн;
6) далилдер жана мындай далилдердин ишенимдүүлүгүн күбөлөндүргөн каалаган маалыматтар;
7) кылмыштуу кирешелер менен байланышкан кылмыштуу кирешелер же мүлктөр катарында ушул каражаттар конфискациялоого туура келгендиги тууралуу маалыматты же болбосо кылмышты жасоо каражаттарын же аларга карата эквиваленттүү наркын баалоонун негизинде чыгарыла турган чечимди;
8) Кыргыз Республикасына кайра кайтарылууга жаткан каражаттардын суммасын же көлөмүн.
Жогоруда аталган маалыматтар тизмеги толук болуп саналбайт жана каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык суроо-талап жиберилген чет мамлекеттин компетенттүү органынын талаптарына ылайык толукталат.
64. Эгер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен чет мамлекеттин компетенттүү органы башкача макулдашпаса, эл аралык суроо-талапка Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси же анын орун басары кол коёт жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
65. Эл аралык суроо-талап келип түшкөндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчилиги милдеттүү түрдө эл аралык суроо-талаптарды аткаруунун артыкчылыктарын жана ушул Жобонун 10-главасында каралган мөөнөткө ылайык алардын аткарылышын контролдоону белгилейт.
66. Бир нече чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан жиберилген жана бир эле ошол жагдайды козгогон суроо-талаптар көп болгон учурда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы зарыл учурда чет мамлекеттин компетенттүү органы менен алдын ала кеңешип, суроо-талаптардын кайсынысы биринчи кезекте аткарылууга жаткандыгын өз алдынча аныктайт.
67. Эл аралык суроо-талап келип түшкөндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ушул суроо-талаптын негиздүүлүгүнө талдоо жүргүзөт.
Эгерде суроо-талапта көрсөтүлгөн маалыматтар аларды аткаруу үчүн жетишсиз болсо, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аны берүү үчүн акыркы мөөнөттү белгилөө менен кошумча маалыматты сурай алат.
68. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана эл аралык уюмдарга тийиштүү маалымат берет.
Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жибериле турган маалыматта Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан мындай маалыматты жайылтууга алдын ала уруксат берилген же мындай маалыматты ачыкка чыгаруу же билдирүү боюнча юридикалык милдеттенмеси болгон учурларды кошпогондо, берилүүчү маалыматтар ошол маалыматты берген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын алдын ала макулдугусуз жана суроо-талапта көрсөтүлбөгөн максаттарга колдонулбастыгын көрсөтөт.
69. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы эл аралык суроо-талапты жиберген чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына төмөнкүлөрдү маалымдайт:
1) суроо-талап боюнча көрүлгөн иш-аракеттер жана суроо-талап сыяктуу эле өз демилгеси менен да көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжалары жөнүндө;
2) алардын себептерин көрсөтүү менен суроо-талапты (анын бөлүгүн) аткаруудан баш тартуу, кийинкиге калтыруу жана аткаруу шарттары жөнүндө;
3) суроо-талап боюнча камсыздоо чараларын жокко чыгарууну автоматтык түрдө талап кылган мыйзамдардын ошол жоболору жөнүндө.
70. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы төмөнкү негиздердин бири боюнча эл аралык суроо-талапты канааттандыруудан баш тартат:
1) эгерде эл аралык суроо-талапта келтирилген фактылар жана жагдайлар террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана предикаттык кылмыштар менен байланышы жок болсо;
2) эгерде маалыматты берүү Кыргыз Республикасындагы тергөөнүн жүрүшүнө же сот өндүрүшүнө таасир этсе;
3) эгерде бериле турган маалымат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына зыян келтирсе;
4) эгерде эл аралык өз ара мамилелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине карама-каршы келсе;
5) эгерде чет мамлекеттин компетенттүү органы бериле турган маалыматтын корголушун камсыздоого жазуу жүзүндө кепилдик бере албаса.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы баш тартуу үчүн негиздерин көрсөтүү менен эл аралык суроо-талапты аткаруудан баш тартуу жөнүндө сураган чет мамлекеттин компетенттүү органына кабарлайт.
71. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
1) эгерде суроо-талапты аткаруу изин суутпай издөө иш-чараларын өткөрүүгө, тергөөгө же соттук териштирүүгө зыян келтире турган болсо, суроо-талапты аткарууну кийинкиге калтыра алат же чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен макулдашып же алар сактоо керек деп тааныган шарттарда суроо-талапты жарым-жартылай аткара алат;
2) банк, коммерциялык, салык сырына жана башка финансылык сырга же каалаган укуктук артыкчылыктарга шылтоолоп маалыматты берүүдөн же эл аралык суроо-талапты аткаруудан баш тартпоого тийиш;
3) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен чет мамлекеттин компетенттүү органынын ортосунда болгон түрүндөгү же статусундагы айырмачылыкка шылтоолоп эл аралык суроо-талапты аткаруудан баш тартпоого тийиш;
4) эл аралык суроо-талапты өз убагында жана сапаттуу аткаруу максатында суралган маалыматты берүү үчүн күчүн жумшоого милдеттүү;
5) эл аралык суроо-талапты алууда алынган маалыматты пайдалануу тартиби жөнүндө чет мамлекеттин компетенттүү органына билдирүүгө милдеттүү;
6) эл аралык суроо-талаптын жообун алууда анын суроо-талабы боюнча алынган маалыматтын сапаты жана пайдалуулугу жөнүндө чет мамлекеттин компетенттүү органына билдирүүгө милдеттүү;
7) эл аралык суроо-талаптардын жана аларда камтылган маалыматтардын, ошондой эле берилген маалыматтын купуялуулугун белгиленген тартипте камсыздоого милдеттүү. Купуялуулугун сактоо жөнүндө талаптарды аткаруу мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бул жөнүндө эл аралык суроо-талапты жөнөткөн чет мамлекеттин компетенттүү органына токтоосуз билдирүүгө тийиш.
72. Эл аралык суроо-талаптарды аткаруу менен байланышкан чыгымдар республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен жабылат.
73. Эл аралык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган маалыматтар эл аралык суроо-талапта же эл аралык суроо-талаптын жообунда көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонулат.
Бул маалыматты мамлекеттик органдарга же үчүнчү тараптарга берүү же ушул маалыматты башында макулдашылбаган административдик, тергөө же сот максаттарына колдонуу маалыматты берген чет мамлекеттин компетенттүү органынан уруксат алынгандан кийин гана жүзөгө ашырылат.
74. Эл аралык суроо-талаптар Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими менен аныкталган байланыштын корголгон электрондук каналдары боюнча келип түшүүсү жана жиберилүүсү мүмкүн.
75. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жиберилген жана алынган суроо-талаптарды, ошондой эле аларга болгон жоопторду ведомстволук эсепке алууну, анын ичинде электрондук форматта да жүргүзөт.
76. Жиберилген жана алынган суроо-талаптарды, ошондой эле аларга болгон жоопторду борборлоштурулган эсепке алууну финансылык чалгындоо органы жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилген статистикалык форма боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жөнүндөгү маалыматты квартал сайын финансылык чалгындоо органына берип турушат.
Финансылык чалгындоо органынын суроо-талабына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ага жиберилген жана алынган суроо-талаптар, ошондой эле аларга болгон жооптор жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүү.
10-глава. Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу мөөнөттөрү
77. Эгерде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен чет мамлекеттердин компетенттүү органдары башкача макулдашпаса, эл аралык суроо-талаптар мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок ушул главада көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирилбей аткарылат.
78. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын эл аралык суроо-талаптарды аткаруу мөөнөтү суроо-талапты алгандан кийин 20 жумуш күндү түзөт.
Тышкы маалымат базаларынан маалыматты издөө же үчүнчү тараптарга кайрылуу зарыл болгон учурда, жооп суроо-талапты алгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде берилет.
Эгер 30 жумуш күн өткөнгө чейин тышкы суроо-талаптардан жыйынтык чыкпаса, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары карамагында болгон маалыматты беришет же толук жообун берүү мөөнөттөрү жөнүндө билдиришет.
79. Жазык иштери боюнча укуктук жардам берүү жөнүндө эл аралык суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында кароо мөөнөтү түздөн-түз аткаруучу аны каттаган учурдан тартып 10 жумуш күндөн ашык болбоого тийиш.
Материалдардын көлөмү чоң болсо же аларды жеткире иштеп чыгуу керек болсо, эл аралык суроо-талапты кароо мөөнөтү Кыргыз Республикасынын башкы прокурору же эл аралык келишимдердин колдонулушун көзөмөлдөөнү тейлеген анын орун басары тарабынан 30 суткага чейин узартылышы мүмкүн. Муну менен бирге, аталган жактар кабыл алынган чечим жөнүндө сураган тарапка кабарлашат.
11-глава. Корутунду жоболор
80. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары өз компетенцияларынын чегинде ушул Жобо күчүнө кирген датадан тартып алты айдын ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды аныкташат:
1) Кыргыз Республикасынан тышкары мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттардын, анын ичинде акчалай эквиваленттин жалпы суммасын;
2) каражаттарды чыгарып кетүүгө катышкан жеке жана юридикалык жактардын тизмегин.
Жогоруда аталган маалымат Кыргыз Республикасына кайра кайтарып келүүгө туура келген каражаттардын суммасын эсепке алуу үчүн финансылык чалгындоо органына электрондук маалымат базасы түрүндө берилет.
81. Террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин таануу жана колдонуу маселелери боюнча эл аралык кызматташтык эл аралык келишимдерге, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык же өз ара пайдалуу принципте жүзөгө ашырылат.